presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Шоу шыбырттары

Алайлык жигит А л е к с
Алайдан чыккан таланттардан Өсөр Козуев, Салима Балтаева, Кыргызбай Осмоновдорду эле билет окшойбуз. Эми анын катарына алайлык жигит Алекс кошулуптур. Америкалыктар, япондор кыргызча сүйлөсө таң калбайбыз да, өзүбүздүн орус жердештерибиз кыргызча сүйлөп, ырдап турса таң калат экенбиз. Алекс менен жолукканда ошондой абалда болдум.

- Алекс, сизди кыргызча ырдап гана тим болбой, кыргызча жакшы сүйлөйт дешет. Тилди кайдан үйрөнгөнсүз?
- Мен өзүм айыл жергесинде, Оштун Алай районунун Гүлчө айылында туулуп- өскөм. Коңшуларым, досторум- баары кыргыздар болучу. Алар менен чогуу жүрүп, чогуу ойноп, кыргыз тилин үйрөнүп алгам. Орус мектепте окусам деле айлана-чөйрөм кыргыз балдар болгондуктан, кыргыз тилинен жалаң "5" ке окучумун.
- Өзүңүз накта эле оруссуз да?
- Ооба. Мен ата- энемден эрте айрылып, таенемдин колунда өсүп калдым.
- Ырды да кыргызча жазып калган турбайсызбы?
- Кыргызча бир топ ырларым бар. Тексттин да өзүм кыргызча жазгам. 17-18 жашымда "Алгачкы махабатым" аттуу ыр жазгам.
- Кыргыз кызды жакшы көрүп калгансыз го.
- Балким… Курбалдаштарымды таң калтыргым келчү. Гитарага кызыкчумун.
- Бишкектин чоң сахнасына чыгуу кыйын бекен?
- Бишкекке чыгыш да оңойго турбайт экен. 2007- жылы Бишкекке келип, шоу-вумен Ассоль Молдокматовага "Оштон келдим эле, далай кыйынчылык башыман өттү, кыргыздардын арасында, жетим өстүм, өзүм эстрада ырчысы болсом деп жүрөм" деп кайрылган болчумун. Ассоль Абдыкалыевна мени түшүнүп, чоң көмөк көрсөттү. Эки-үч ырымды жаздырганга, ырларыма клип тарттырганга жардам берди. Менимче Ассоль айым жардам сурап кайрылгандардын баарын эле куру койбойт. Дагы бир топ курбалдаштарым көмөк берип, "Кыргызстаным" аттуу ырыма клип тарттырдым. Бул ырда Кыргызстандын жети областы тең ырдалат. Биз бөлүнүп-жарылбай, Кыргызстаныбызды бапестеп сакташыбыз керек деген ойдо болдум.
- Группа түзөйүн дейсизби же өзүңүз эле чыгасызбы?
- Азыр өзүм жалгыз эле ырдап жүрөм.
- Үйлөнгөнсүзбү?
- Ооба. Кыргыз кызы Чынарага үйлөнгөм.
- Бишкекте үй-жайыңыздар барбы?
- Ижарада турабыз.
- Алекс деген сценадагы псевдоним болсо керек?
- Ооба. Өзүмдүн толук аты- жөнүм- Деревянченко Александр.
- Кыргыздын элдик болобу, эстрадалык болобу, кайсы ырларын жактырасыз?
- Мага Рысбай Абдыкадыровдун ырлары жагат. Жакында Рысбайдын "Издейм сени" аттуу ырын ырдап чыкканы жатам.

Маектешкен
Айжан Айтышева




Темир "теминип" кайра келет
Кыргыз эстардасынын популярдуу ырчыларынын бири Темир Назаров жубайы Мунара менен баш кошкондон бери Ош шаарында. Ырчы жигиттин айтуусунда, ал учурда эки тармактагы бизнес менен алектенип жаткан экен. Бирок жеке ишкер болуу менен гана чектелбестен ырчылык өнөрүн да өркүндөтүп жаткан Темир, январь айында жаңы репертуарынын бет ачаарын өткөрөт. Көптөн бери Бишкектин тургундары Темирдин ырларына суусап турган. Анын "Кыргыз жери" деген ыры ар бир кыргыздын жүрөгүнөн түнөк таап жаштардын сүймөнчүлүгүнө айланган. Астыда андай ырлардын канчасы турат болду экен дегенибизде аны сыр кылып убакыт келгенде тартууларын билдирди. Кудай буйруса жаңы жылдын келиши менен Темир кайрадан теминип шоу дүйнөнү дагы дүңгүрөтө турган болуп туру. Ал эми ырчынын жеке турмушу да жагымдуу жаңылыктардан куру эмес. Үй-бүлө ээси болуп, жоопкерчиликтин даамын сезе баштаган Темир жакында ата-энесин чет өлкөлүк курорттордун бирине эс алууга жиберээрин кабарлады.

Күнболот
Момоконов



Нурайым Азыкбаева:
"Шыңгыр булактай, тунук чыккан добушту элге тартуулагым келет"
КР эл артисти, композитор, "Энесай" тобунун көркөм жетекчиси, оркестр адам Курмангазы Азыкбаевдин таланттуу уул- кыздары тууралуу биздин өлкөдө гана эмес, чет өлкөлөрдө да жакшы билип калышты.

Курмангазынын кызы, таланттуу скрипкачы Нурайымдын жүрөктөн чыккан мындай кебине күбө болдук:
- Кичине чагымда телевизордон музыканттардын аспаптарда ойногонун көрүп алып, атамдан "Мен да ушундай боломбу?" деп сурай берээр элем. Анткени өзүм дайыма алардай болгум келчү.
Үчүнчү- төртүнчү класска келгенде скрипканы такыр эле таштап салгым келген учурлар да болду. Анткени ал аспапта ойноо мен үчүн оор болучу. Кийин скрипка аябай жагып калды. Алтынчы класска келгенде скрипканын добушу мага жагымдуу сезилип, өзүнө тарта баштады. Скрипкада ойноп жатканда бул аспап сени менен кошо толкунданып жаткандай туюлганын, анын шыңгыр булактай, тунук чыккан добушун элге жеткирүүгө ашыкканымды сөз менен айтып бере албай кетем.
Ушундай сезимдерге бөлөнүп, скрипка үчүн жаралганымды сезип, тырышып аракеттене баштадым. Бирок өзүм каалагандай добушка жетүү аракети ошончолук эмгек турат. Бул менин ички жоопкерчилигимден болсо керек.
Скрипкадан башка комузда, ооз комузда, улуттук аспаптардын баарында ойнойм. Флейтада, анан, албетте, саксофондо ойногонду үйрөнгүм келет. Кыргызстанда саксофондо ойногон профессионал кыздарды кезиктирбейсиң.

Жамийла Ормушева










??.??