"Аалам" - спорт

Дүйнө дүңгүрөткөн кыргыздар
Африкада дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар 4 алтын, 3 күмүш, 2 коло медаль утту
Батыш Африканын Того өлкөсүндө өткөн бел кур күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар 4 алтын,3 күмүш жана 2 коло медаль утуп, жалпы командалык эсепте экинчи орунду ээледи.
Африканын Того өлкөсүнүн Ломе шаарында өткөн бел кур күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында 43 мамлекеттин балбандары күч сынашты. Каражаттын тартыштыгына, жолдун алыстыгына байланыштуу Кыргызстандан дүйнөлүк таймашууга тандалган 11 балбан катышып, ийгилик менен келишти.
Дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси жалалабаттык Нурбек Акановдун айтымында Африкадагы күндүн ысыгына байланыштуу күрөш кум үстүндө өткөрүлдү.
- Кум үстүндө күрөшү кыйын экен.Мындайга көнбөгөндүк кылдык.Атаандаштар дагы күчтүү балбандар болду.Айрыкча соңку жылдары биздин түштүк аймактын балбандары өздөрүн көрсөтүп, бул күрөш боюнча таанылууга,мөрөй алууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлуп турат.Айылдагы күрөшкө шыктуу балдарга шарт түзүп берүү зарыл.
Кыргызстандык балбандар дүйнөгө таанылып, жалпы командалык эсепте Орусиядан кийинки экинчи орунду ээледи.Үчүнчү орунду украиналыктар камсыз кылышты.
Бел кур менен күрөшү эки ыкмада:-классикалык жана эркин ыкмада өткөрүлүп жүрөт.Айырмасы классикалык ыкмада бут менен чалууга болбойт.Эркин ыкмасында бут менен чалып,жыгууга да уруксаат берилген.
Африкадагы бел кур күрөш дүйнө чемпионатында эркин ыкмада 81кг салмакта кыргызстандык Асылбек Бөдөшев бардык атаандаштарын жеңип, дүйнө чемпиону аталып, алтын медаль тагынды. Ушул Асылбек да грек-рим күрөшүнөн кыргыз өңүн бүт дүйнөгө таанытып, Азия, дүйнө биринчиликтеринде мөрөй алган.
Ошондой эле эркин ыкмадагы таймашуулардын оор салмагында баш байгени уткан 39 жаштагы Ниязбек Курманкуловдун жеңишинин урматына Кыргыз туусу обого көтөрүлүп, Кыргыз Гимни жаңырды.
Бел кур күрөшүнүн эркин ыкмасында кыргызстандык Нурбек Аканов менен Яна Панова финалга чейин жетип, дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин олжолоп келишти. Яна Панова эркин күрөш боюнча Кыргызстанды даңазалап, Азия чемпионаттарында, Азия оюндарында бир нече ирет алтын, күмүш, коло байге уткан.
Ошондой эле нарындык устат Бакытбек Чороевдин шакирти Элзат Сарыгул кызы Африкадан дүйнө чемпионатынын коло медалын тагынып келди.
Баш байгенин ээси Куралбек Ордобаевдин баамында айылда таланттуу балбандар арбын, аларга машыгууга шарт түзүп берүү зарыл. Куралбек грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү былтыр Уфада өткөн бел кур дүйнө чемпионатында алтын медалдын ээси болгон.
Ошондой эле Того өлкөсүндөгү бел кур күрөшүнүн дүйнө чемпионатынын классикалык ыкмасында 90кг. салмакта кыргызстандык Курал Ордобаев былтыркы чемпиондук наамын сактап,дүйнөнүн эки жолку чемпиону аталды.Кыргызстандын намысын Азия, дүйнө чемпионаттарында грек- рим күрөшүнөн коргоп, мөрөй алып жүргөн Азат Эркинбаев 100кг салмакта күрөшүп, дүйнө чемпиону аталып, алтын медаль тагынып,жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү.
Ал эми 73 кг салмакта кыргызстандык Темирлан Салават уулу Африкада өткөн дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынып келди.Ошондой эле бишкектик Виктор Косарев коло байгелүү болду.

Өлкөнүн бел кур күрөш федерациясынын президенти Валерий Фуфачевдун айтымында Африканын Того мамлекетиндеги бел кур күрөш дүйнөнүн жетинчи чемпионатында Кыргызстан командалык эсепте экинчи орунду ээледи.
- Кыргызстан мамлекети жалпы командалык эсепте Орусиядан кийинки экинчи орунду ээлеп, дүйнөгө даңаза болуп келди.Африкада күн ысык болуп,дүйнө чемпионатынын таймашуулары кум үстүндө өткөрүлгөндүктөн айрым балбандар көнбөгөндүк кылышты.
Бул бел кур күрөшү келечекте Эл аралык күрөш федерациясынын демилгеси менен олимпиадалык оюндардын программасына да кирип калышы мүмкүн. Себеби, бул күрөш менен дүйнө элинин көбү машыгат, абдан популярдуу болуп, бат таанылып, таасири артты.
Эмдиги жылы бел кур боюнча дүйнө чемпионаты Өзбекстандын борбору Ташкентте өткөрүлмөк болду.Бул бел кур күрөшү менен дүйнө элдеринин көбү машыккандыктан,айрыкча Азия калкына жайылганы эске алынып 2010-жылы Кытайдын Гуанжоу шаарында өтө турган 16-Азия оюндарынын тизмесине киргизилгени турат.

Кабыл Макешов




" Гиннес-29" баскетболдук командасынын жемиштүү 97 упайы
Баскетбол боюнча коммерциялык лиганы ачуу бактысы "Манас" КТУ менен " Гиннес-29" командаларына туш келди. Кадыровдун оюнчулары бардык жагынан
"Манас" түрк университетинин балдарын утуп алышып, жаңы баскетболдук лигадагы алгачкы кадамды жакшы башташты. Оюндун жыйынтыгы : КТУ " Манас" - БК " Гиннес-29" 58:97. Лиганын биринчи оюну спорт сарайынын бош трибунасынын коштоосунда суук залда өттү. Залдын суук болушу оюнчуларды тез кыймылдоого, ал эми анча көп эмес көрүүчүлөрдү дүркүрөтө кол чапканга мажбур кылды. Оюндун биринчи эле минуталарында Кадыровдун шамдагай жигиттери өзүлөрүнүн лидерлигин бекемдеп, ишенимдүүлүк менен 39 упай оодара утуп алышты. Биринчи матчга " Манас" КТУнун студенттери маанайлары пас келишип жыйынтыгы жыргатпай калды. Студенттер кээде оюндун жүрүшүн өзгөртүүгө аракет кылышканы менен майнап чыкпады. Бири бирине топ узатуу өз натыйжасын бербей упай топтоону уланта албай калышты. " Гиннес-29" баскетболдук командасынын жеңиши бул лигада эң мыкты командалардын катарына кошулушуна ишеним туудурат.


Жаңылыш айткан каңырыш
Өткөн саныбызда Кыргыз эл жазуучусу, сыймыктуу агабыз Кеңеш Жусуповдун кайгы азасын бөлүшкөн гүлчамбар кеп айттык эле. Эл-журт сыйлаган мыкты агабызга чын ниеттен көңүл айтсак, сааттай болуп, кабарлагандар калпыс айтып койгон экен. Көрсө Кеңеш абанын өзүнөн кийинки иниси Жапар байке кайтыш болуптур, жаткан жери жайлуу болсун. Ал эми Туратбек иниси Бишкекте эле турат, аман -эсен. Өмүрүңүз узун болот экен. Ага -иниден кечирим сурайбыз.
"Аалам" гезитинин жамааты

Требуются массажисты
с опытом работы.
0 555 50 29 59




Сасык тумоосуз сергек күз
"Immunitas" латын тилинен арылуу, бошонуу деп которулат. Байыркы Римде салык төлөөдөн бошотулган жана жеке кол тийбестиги бар жарандарды иммундуу деп аташчу. XIX кылымдын аягында гана врачтар "иммунитет" деген сөздү организмдин кандайдыр бир ооруларга туруктуулугун билдирүү үчүн колдоно башташкан. Кийинчерээк окумуштуулар иммундук системаны тамак сиңирүүчү, нерв жана кан тамыр системасы менен катар эле өз алдынча түшүнүк катары бөлүп чыгышкан. Ал бир бүтүндүктө иш алпарган көптөгөн органдардан, ткандардан жана клеткалардан турат. Организмдин ар кыл инфекцияларга туруштук бералышы иммундук системадагы органдардын иштешине жараша болот.
Иммундук системанын абалына көптөгөн факторлор таасир этет. Алсак: начар экология, стресстер, туура эмес тамактануу. Акырындык менен иммундук система начарлайт, тишиң ооруп же бармагыңды кесип албагандан кийин бул тилекке каршы, дароо эле Байкала калбайт.

Эгерде:
- жылына 4-5 жолудан кем эмес суук тийип ооруп, температураңыз болбосо көптө барып айыксаңыз;
- ар кандай майда-барат нерселер жиниңизди келтирип, кыжаалат кылса;
- уктай албай, чарчап, көңүлүңүз чөгүп, тез ачуулансаңыз;
- өнөкөт оорулардан, аллергиядан жапа чексеңиз;
- аз кыймылдуу жашоо образы менен жашап, дене көнүгүүлөрүн жасабасаңыз, таза абага сейрек чыксаңыз, анда иммунитетиңиз начарлаганы анык. Демек, адаттагыга караганда суук тийгизип же күзгү сасык тумоо менен ооруп калуу коркунучу алда канча күч. Адаттардан арылуу - узак жана татаал процесс. Иммундук системаны калыбына келтирүү узак убакытты талап кылат. Ал эми так ушул учурду кантип оорубай өткөрүүгө болот?

Россиялык окумуштуулар тарабынан атайы кичине балдар үчүн иммундук системаны жөнгө салуучу жаңы препарат - балдар Анаферону иштелип чыккан. Ал интерферондору бар препараттардан заттарды сырттан алып кирбегендиги, организмди өзүнүн интерферондорун иштеп чыгуусун шарттаганы менен айырмаланат. Гомеопатиялык препараттардай эле анда заттардын өтө аз үлүшү бар, мына ошондуктан ал зыянсыз келип, кошумча таасирди жок. Клиникалык изилдөөлөрдүн натыйжасында балдар Анаферонун дарылануу учурунда күнүнө 1 таблеткадан ичүү башка оорулардын пайда болуусуна бир кыйла бөгөт болоору аныкталган. Ал эми оору учурунда аталган дарыны пайдалануу баланы жөтөл, чүчкүрүүдөн арылтып, температурасын төмөндөтүп, дарылануу мезгилин кыскартууга, ошондой эле кайталануучу иммунодефициттен улам келип чыгуучу олуттуу оорулардын алдын алууга мүмкүндүк берет.
Мына ушундон улам препарат балдардын оорусунун алдын алып, илдетти дарылоо үчүн сунушталып, кеңири жайылтылууда. Дарыканаларда атайы чоң кишилер үчүн да Анаферон пайда болду. Анаферонду эмитен иче баштаңыздар, ошондо күз да, кыш да оорусуз, сергек маанайда өтөт.

"Балдар Анаферону" препаратын "Бишкек-БРАНТ" медициналык борборунан алууга болот. Дареги: Бишкек ш., Байтик баатыр көч. 173, (мурдагы Советский көч.), аптека №153. Сурап-билүү телефондору: 66-08-00.