presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Бөрүгулов "карышкырдын" баарын чабат

Орозбектен аския
Орозбек Бөрүгулов кыргыз сатириктеринин ичинен ийкемдүүсү, курч тили, акыл курчтугу менен айтылуу сатирик аталарына теңелди. "Квартирант", "Тачкисттин сүйүүсү", "Депутаттыкка талапкер" ж.б. китептерин чыгарды. Сатира жанры Россияда гүлдөп атат, биздин журтта сатиранын акыбалы кыйын. Сатиранын жөнү такыр башка. Ага ар адам башбагып киралбай турган өзүнүн босогосу, төрү бар. Ага эл жазуучумун, эл акынымын дегендер да даап кире албайт. Дагы белгилейли - бул өнөр табийгаттан жалгыз жаралган өнөр, өнө бойго бүткөн шык. Галстук тагынган жаштар көбөйүп, калыстык сураган агалары азайып баратат.

Түгөлбайдын тамашасы
Белгилүү жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков кыргыздын нукура сөздөрүн бүт билчү эле дешет.
Бир жолу…
Акын-жазуучулар жана Түгөлбай. Суроо - жооп. Суроолордун багыттары жалаң жаныбарлардын балдарынын аталышы жөнүндө.
Аңгыча бирөө сурайт:
- Маймылдын баласын эмне дейт?
Анда Түгөлбай:
- Маймылдын баласын "Сулайман" дейт, - дептир жазуучу Сулайман Маймуловду сөөмөйү менен көрсөтүп,


Акындын каты
Таланттуу акын Тургунбай Эргешов студент кезинде атасына кат жазыптыр:
"К" тамгасы каткалаң,
Кыйналып жүрөм ачкадан.
Карызым чачтан көбөйдү,
Кайрылсаңыз акчадан.


Наам жөнүндө талкуу
Атагы таш жарган Рыспай Абдыкадыровдун эмгеги бааланбай жүргөн кез.
Чогулушта кимдир бирөө:
- Биздин өлкөдө эмне үчүн адам өлгөндөн кийин ага ардактуу наам ыйгарылат? - деп чоңдорго кайрылып калат.
Анда көпчүлүктүн арасында олтурган Рыспай:
- Себеби, өлгөн адам көппөйт, - деген экен.


Эсептешүү
Жамбулдун апасы каза болуп, кайгысын бөлүшкөнү куудул достору да барышкан. Куран окулат.
Алакандар жайылаар замат Жакем Абдылдага кайрылат дейт:
- Эй, Абдылда, эсиңдеби?
- Эмне?
- Атам өлгөндө сен келген эмессиң.
- Кхм…
- Эми сенин атаң өлгөндө мен барбайм. Апаң өлгөндө барам.


Трусасын таштаган Бектуруш
Акын Бектуруш Салгаманиге бир күнү аялы жаңы труса сатып берет. Жаңы трусаны кийген эле күнү Бекең жок болуп, үйүнө эртеси келет.
Кечинде жатаар убакта чечинсе эле трусасы жок. Муну көрүп калган аялы катуу кысмакка алат.Ич кийими көңүлдөшүнүкүндө калганын айталбай, аялына аны-муну айтып, жанын жеп кутулат.
Дагы бир-ар жерде түнөп калсам, унутуп кала берип, айыбым ачылып калбасын, - деп сактанган Беке ошондон кийин ич кийим кийгенди такыр таштап коет. Ишенбесеңер, шымын чечип көргүлө, ошондо чоочуп кетесиңер…


"Ии, жакшылап кармап көрсөң!.."
Ноокат районунун борбору Эски Ноокатта "Рахат" деген абройлуу чайкана бар. Аскар Суранов, Эргеш Токуров, обончулар Кудайберген Темиров, Абидин Темиров, жазуучу Мырзаш Аширбеков, журналист Бедел Молдобаев, акын Бектуруш Салгамани болушуп палоого буйрутма берип коюшуп, "Энди аракка канчадан чыгарабыз" дешип турушканда, аларга Ошто жашаган дагы бир жердеши Жамбыл Камчиев капилет кабылып калат.
Куудул Аскар Суранов курсагы жер чийген, лөкүйгөн болук киши да. Жамбыл бардыгы менен кучакташып көрүшүп, соңунда "эң жакын коллегасы" Аскар Суранов менен кучакташпай тек гана колу менен колун кармап, экинчи колу менен курсагын сылай:
- Оо, айы-күнү жетип калган экен да, канча айлык болуп калды? - дейт.
- Анда Аскар Суранов Жамбылдын курсагын кармап турган колун алаасына алып барып тийгизип туруп айтат дейт:
- Ии, жакшылап кармап көрсөң, бир буту тышка чыгып да калган.


"Базарга караганда биздикине киши көп келет"
Акын Бектуруш Салгамани Оштон Ноокатка кетмекчи болуп жүрсө, досу Жамбыл Камчиев жолугуп калып:
- Эртең кет, бүгүн менин коногум болосуң! - деп алып калат.
Ырасында Жамбылдын Оштогу үйүнөн киши үзүлбөйт. Көл, Талас, Бишкек, Нарын, Баткен, Жалалабат, иши кылып кайдан болбосун чыгармачыл киши Ошко барса, сөзсүз аныкына түнөйт эмеспи.
Экөө ээрчишип Жамбылдын үйүнө барышат. Үйдө нан жок экен, Жамбыл баштыгын көтөрүп дүкөнгө жөнөйт.
Жүзүмдүн түбүндө сөрүдө отурган Бектуруш дарбазага жанаша турган эшик, терезелерди карайт. "Эшик сатылат 1000 сом, терезе сатылат 800 сом" деп жазылып коюлган. Таңыркаган Бектуруш аяшы Сайрабүбүдөн сурайт:
- Йе аяш, бу эмне эшик-терезеңерди базарга апарып, анан ушинтип жазбайсыңарбы? - деп.
- Ээ аяш! - дейт анда Жамбылдын зайыбы, - бу досуңуздун кылганы да, базарга караганда биздин үйгө киши көп келет деп ушинтип жазып койгон жазда эле. Күз болду, эч ким албай эле турат экөө тең…


Бала тили бал
Бишкектеги Кузнечный Крепость көчөсүнүн тургуну
Жыпара кичинекей Медербегине кайрылат:
- Уулум, сен чоңойгондо аял аласыңбы?
- Алам.
- Эгер сенин аялың менен мен урушуп кетсем, сен
кимибизге болушасың?
- Сиз эмнеге урушасыз? Урушпаңыз да менин
аялымды?


Жол эрежесин билип туруп…
Мамырасул аке (Ж.Камчиевдин теңтушу) машинасын зуулдата айдап, Бишкектин көчөлөрүнүн биринде бараткан.
"Чур-р-р-р!.."
Тү-үй, ат-та, МАИ!
Эмне эмне кылышым керек? Албетте, токтогондон бөлөк айла жок.
- Са… саламатсызбы?
- Жол эрежесин буздуңуз. Бул көчө менен бул тарапты көздөй жүрүүгө болбойт да. Жолдо бир эмес, үч знак турат го! Же аларды байкаган жоксузбу?
"Знактарды" го-о көрдүм. Бирок, сизди байкабай калган турбайымбы.


Унчукпай жазып жүрө бер да!
- Китептерим да чыгып атат. Ар кайсы журналдарга, гезиттерге да чыгармаларым жарыяланып жүрөт, бирок бир сынчы дагы бирдеме деп пикирин айтпай келатат! - деп калыптыр жазуучу Тойчубай Субанбеков Бектурушка.
- Эч ким унчукпаса, демек, эч кимге зыяны жок экен жазгандарыңдын. Ошон үчүн сен дагы унчукпай жазып жүрө бер да!


Каңырыш уккан кайнене
Аксынын бир айылы. Кайненесинин майда-чүйдө нерселерден бери кийлигише бергенине кыжырланган келин ачуусу менен: "Скотина!" деп жиберет. Муну угуп калган кемпир кошуналарына минтип айтыптыр:
- Келинимди кетирем. Ал мени "дискотека" деди, ботом.


Докторуңар бар го!
Шаардын көчөлөрүнүн биринде айылдаш эки студент жолугушуп калды.
- Кайда баратасың?
- Ооруканага.
- И?
- Оорубатам. Доктурга көрүнөйүнчү.
- Ооруканага убара болбой, өзүңөрдүн окуу жайдын доктуруна эле көрүнбөйсүңбү?
- Бизде доктур жок экен.
- Биздин филфакта илимдин эки доктуру бар дебедиң беле?


"Эртең айтам"
Гинеколог жана жаш келин.
- Боюңузга кайсыл күнү бүттү эле?
- Мм… билбейм… Эртең айтсам болобу?
- Эмнеге?
- Күйөөмдөн сурап ке-лейин.


Күзгүсү жок автобус
Сузактын Октябрь айылы. Автобусту аркалатарда айдоочу артта олтурган жүргүнчүлөргө кайрылды:
- Машина жок бекен? Карап койгулачы.
Айнекке жабышып, сыртты шыкаалаган бир жүргүнчү ишенимдүү унчукту:
- Айдай бериңиз. Машина жок.
Автобус аркалай баштаган. Аңгыча, "тарс" дей түштү.
- Ай, акмак, арт жакта машина жок дебедиң беле?
- Ооба. А, сиз "мотоцикл барбы?" деп сураган жоксуз да.











??.??