presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


КИТЕПТЕР

  Үн кошуу

Кимисине ишенсек болот:
Кусеин Исаевгеби же Сабыр Аттокуровгобу?
"Аалам" гезитинин редакциясы Чүй районундагы А.Керимбаев атындагы орто мектептин мугалими Чубак Жумалиевдин бизге жазган катын окурмандардын сынына коелу деп чечтик.

"Кыргыз Туусу", "Ачык саясат", "Аалам" ж.б. гезиттерине мударис Кусеин Исаевдин Ачык каты жарыяланды. Анын кыргыз тарыхын объективдүү изилдеп, так чагылдыралы деген чакырыгын баарыбыз колдойбуз. Бирок анын кыргыз коомундагы "манапчылык" башкаруу системасы тээ байыркы замандарда эле болгон деген аргументтери тарыхчы мугалим катары мени эч ынандырган жок. Мударистин Манап деген ат "семиз" дегенди түшүндүрөт деп жазганы, Б.Солтоноевдин 1930 - жылдардагы репрессия доорунда таптык идеологияга ылайыктап Манаптын өзүнө, жалпы эле манаптарга берген мүнөздөмөсүн эч талдабай туруп, XXI кылымдын башында балп этире гезиттерге чыгарышы окумуштуулук деңгээлге эч туура келбей турат. Бизге коңшу жашагандар "Гезитти окугула, мударистин жазганы боюнча силердин түпкү атаңар Манап басмачы, бандит болгон турбайбы" деп бүйүрүбүздү кызыта башташты.
Көрсө тынч жашап аткан эл ичин бузуп, бирин-бирине тукуруу үчүн алардын ата-бабалары жөнүндө мурдагы уруучулук доордо бирин-бири басмырлоо үчүн санжырадагы ойдон чыгарылган жагымсыз сөздөрдү козгоп коюу жетиштүү болот экен. Ушундай сөздү акыл эстүү, өзүн мекенчил-мударис атаган окумуштуу адамдын козгогонуна таңмын. К.Исаевдин тарых маселесин козгоп, бирок тарыхчы окумуштууларды маанисиз аргументтер менен "самопал тарыхчылар" деп сынга алганынан улам бул киши өзү тарыхчы эмес го деген ойго кеткен элем. Чынында эле ошондой экен. Биздин мектептин карыя тарыхчысы Кемел Арзыматов "К.Исаев биз менен катар университеттин экономика факультетин бүтүргөн, негизги билими эсепчи, кийин философ болуп кеткен" деди.
Эгемендүүлүктүн жылдарында адис тарыхчы-окумуштуулардын Кыргызстан тарыхы боюнча жазылган окуу китептери мектептер тарабынан жакшы кабыл алынды. Окуу китептеринде кемчиликтер да бар. "Көч жүрө-жүрө түзөлөт" дегендей окуу китептери да жылдан-жылга толукталып оңолууда.
Мектеп үчүн жазылган окуу китептеринде мурда эзүүчү таптын өкүлү делип эскерүүгө да тыюу салынган далай инсандардын өмүр баяны, эрдиктери, элдик иштери жазылды. Бул жаш муундарды патриоттук рухта тарбиялоодо өз милдетин аткарууда. Алардын ичинде К.Исаев сынга алып, келекелеген Манап бий да бар.
Мугалим катары мен, менин окуучуларым Манап бий, XVII кылымдын башында арка кыргыздарын бийлеген, хан даражасындагы адам, эли-жерин коргоо үчүн түмөн кол баштап, калмак баскынчыларына каршы согушта курман болгон деп билебиз. Бул адамдын тың чыккан урпактары баатыр атасынын жолун улап эл бийлеген. Аларды эл "манаптар" деп атаган. Ушундан улам манапчылык башкаруу тартиби XVII кылымда калыптанып XVIII - XIX кылымдарда өнүккөн деп ишенебиз. Анткени биз колдонгон окуу китептеринде ушундай жазылган. Авторлор муну ойлорунан чыгарбай, тарыхый булактарга таянып жазышса керек.
Төмөндө тарыхчы Сабыр Аттокуровдун "Кыргыздар XIX кылымда" деген китебинин (китеп 2003 - жылы чыккан) "Манаптар" деген кичинекей бөлүмчөсүн толук көчүрүп берейин: Окурмандар Манап жана манапчылык жөнүндө экономист-философ К.Исаев менен тарыхчы С.Аттокуровдун жазгандарын салыштырып, кимисиники туура экендигин талдап алышсын. Аталган китебинин 237-238- беттеринде мындай деп жазат: "XVIII кылымдан тартып чоң бийлердин арасынан манап сословиеси келип чыгат. Санжыра боюнча Манап - тарыхый инсан. Ал Тагай бийдин небереси, Дөөлөстүн уулу. Ал алдуу-күчтүү, өз билгенин бербеген, айтканынан кайтпаган, жолдошту жолдон күткөн, тамакты тандап ичкен, баатыр адам болгон. Ал сарбагыш, бугу урууларын бириктирип, сотту шариат мыйзамы менен жүргүздүрүп, адат-салтты бир калыпка салып, шаан-шөкөттүү жашагандыктан, мындай жүрүш-турушту адат кылган бийлерди калк арасында Манаптай, Манапча деп аташа турган болот. Бара-бара сарбагыш, бугу, черик, солто жана башка урууларынын чоң бийлери манап аталып кетишкен. Бийлер сыяктуу эле алар чоң манап, кичине манап, чала манап болуп бөлүнүшкөн. Манаптар социалдык тепкичтин эң жогорку бөлүгүн түзүшкөн. Бул сословиеге букара уруулардын өкүлдөрү алар менен куда-сөөк болуу менен да өтүшкөн. Чохан Валиханов манаптарды орустардын дворяндарына салыштырган. Манаптар ири жер ээлери жана көп малдуу болушкан. Орус падышачылыгынын администрациясы манап институтун бир аз өзгөртүүлөр менен кабылдаган. Манаптар башкаруу бийлигинен бийлерди ажыратышкан жана аларды толугу менен өздөрүнө баш ийдиришкен. Бара-бара манаптар падыша өкмөтүнүн ортоңку жана төмөнкү тепкичинин кызматчыларына айланышкан. Болуштар ошолордун ичинен чыгышкан. Манаптар ак сөөк сословие катары башкалардан обочолонушкан. Алар бири-бири менен куда-сөөк болуу аркылуу сословиелик тазалыкты, өзгөчөлүктү сактоого аракеттенишкен"


Чубак Жумалиев,
Чүй районундагы А.Керимбаев
атындагы орто мектептин тарых сабагынын мугалими,
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги.




Намыскөй баатыр - хан Садыр
Жакшылар шарапаты
Кыргыз элинин XVIII кылымдагы тарыхында, "Бала баатыр", "Эр Садыр" жана "Хан Садыр" деген атак, наамдарга ээ болгон саяк уруусунун өкүлү Арзымат уулу Садырдын (туулган жылы белгисиз, 1780-жылы өлгөн) барандуу орду бар экендиги талашсыз. Антсе да, кыргыз тарыхнаамасында Садыр баатырдын өзгөчө ошол мезгилдеги кыргыздардын казактар менен болгон мамилелердеги анын орду көбүнесе уламыштарга негизделгендиктен өтө чаташкан бойдон калууда. Андыктан бул макалада жаңы архивдик документтердин жана кыргыз менен казак элинде сакталып калган дастан, уламыштарынын негизинде жогоруда аталган жагдайды аныктап тактоого аракет кылдык.
Садыр баатыр, солто уруусунун өкүлү - Коңурбай уулу Жайыл хандын (1709-1774 - жж.) эң ишеничтүү замандаштарынан болгон, себеби, саяктар бир жагынан ханга таяке, анын энеси Садырдын төртүнчү атасы - Каба баатырдын уругунан болсо, экинчи жагынан, жакын кудасы Жайылдын Үсөн деген тун уулу саяк Качике баатырдын кызына үйлөнгөн эле.
1774 - жылдагы казак-кыргыз кагылыштарда Садыр баатыр бийлердин чечими менен Талас өрөөнүндөгү Чоңкапкада эски Шельчжи шаарынын калдыгынын оордуна узундугу 900 метр, туурасы 700 метр болгон, жалпы аянты 60 гектар жерге бекем коргон куруп, казактарга туруштук бергендиктен Абылайга баш ийбеген бойдон калган. Кийин, бул чеп, Садыр Коргон деп тарыхта белгилүү болгон. Ушундай чептери менен бирге, кыргыздар калмактарга каршы ийгиликтүү салгылаштарда көнүгүшкөндүктөн, алардын ошол мезгилдеги жоокердик даярдыктары жакшы деңгээлде болгон. Буларды ырастаган Аблай хандын катчысы Ягуда Усмановдун 27 - январь 1781 - жылы Оренбург губернаторлугуна берген маалыматнаамасында мындай саптар бар "Чынгыз султан Аблайдын уулу - авт.) менен старшина Дат баатырдын айтуусунда, бул кыргыз эли ... казактарга каршы жүргүзгөн жоокердик аракеттердин баардыгында алардан курчураак жана шамдагайыраак". Оренбург губернатору И.А Рейнсдорпко Абылай хандын 2 - март 1779 - жылы жазган катында, орус аскерлеринин ага жардамга берилбегендигине нааразы болуу менен аларды ал кыргыздарга каршы колдонмокмун дейт да, андан ары мындай маалыматтарды келтирген: "Чу, Талас дариялардын жанында көп эмес отурукташып жашашкан кыргыз эли жайгашкан. Алардын коргондору жана жерайдоочулугу бар, куралдары болсо жалаң мылтыктар менен найзалар, орустардыкындай замбиректери жок. Мындан эки жыл мурун (демек 1777 - ж. - авт.) алар... менин сөзүмдү укпастан жакын арадагы көчүп жүрүшкөн кыргыз-кайсактардын казактардын - авт.) бейкуттугун бузуп, зыйан келтирип жатышат. Ал кыргыз элинин башчысы Садыр бий". Бул жерде Абылайдын кыргыз эл башчысын хан дебегени бизге түшүнүктүү. Анткени биринчиден, "Жайылдын кыргынынан" 1774-ж.) кийин ал кыргыздарды баш ийдирдим жана алардын жетекчисин ханын) жок кылдым деген маанайда болгон. Экинчиден, орус архив булактарында Абылайдын өзүн хан титулу менен атабастан, көбүн эсе султан дегени байкалат
1774-жылы Жайыл хан өлгөн соң кыргыздардагы хандык вазипа Арзымат уулу Садырга тийген. Аны кыргыз бийлери ак кийизге отургузушуп, көчмөндөрдүн традициялык жөрөлгөсүн аткарышып, өзүлөрүнө хан деп шайлашкан

Намыскөйлук баатырлыкка жетелейт
Садыр хан "Жайылдын кыргынынан" бир жыл өткөн соң, Абылай хандын колундагы кыргыздардын ак үйлүүлүктө жүргөндөрдүн өз мекенине кайра келгендеринен кийин, бир чети жээни жана кудасы Жайыл баатырдын кунун кууп, кыргыздардын намысын кайтармакка чечкиндүү аракеттенген. 1855-жылы Чокан Валиханов тарабынан кыргыздардан жазылып алынган "Абылай жөнүндө ыр" деген дастанда кыргыздын башчылары катары Эсенкул сарыбагыш менен эр Садыр жөнүндө сөз болот да, андан ары негизги каарман катары экинчиси болгону аныкталат. Анткени казактын ханы Абылай дипломатиялык иштерди Садыр менен жүргүзгөнүн көрөбүз. Абылайдын жиберген элчиси Жоогачка Садырдын берген жообунда мындай саптар бар: "...Айылдаш конбойм ага мен, жоолашам ошол кул менен (кыргызга казак кол башчысынын бала кезинде Абулмамбет хандын малын багып Сабалак - казакча саксагай, орусча - лохматый деген маанидеги лакап ысым менен чоңойгону белгилүү болгон окшойт - авт.). ...Абылай деген кары кул, үч чапты менин үйүмдү (чыны менен эле, ал баштаган кол 1765, 1767, 1774 - жж. келген - авт.) Аны менен турбады, Таштап кетсин жесирди туткундарды - авт.). Бир кылбады миң кылды, кокуй!... Боз баламды кул кылды, Ак өргөмдү күң кылды. Котормочулар "Ак өргөмдү" деген жерин контекске карап "келинимди" деп түшүндүрмө беришкен, казакчасы атаум - мааниси ата үйү, андай болсо ал кантип күң болот, биздин оюбузча сөздүн нукура аталышы Ак ордомду болуп логикалык жактан анын артындагы сөз "түн" - негизинде Ыйык ордомду таладың деген ой болгон. Бул дагы да, Садырдын ошондогу кыргыз коомундагы эң жогорку орунду ээлегендиги жөнүндө кабар берет - авт .). Аны менен тынбады, Кокуй! Абылай деген кары кул. Эми мага кирип келгени, кокуй! Кан кылбай чечсин кийимди, Бырча бырча этермин, Бөздөй өтөөнүн жүнүнөн токулган кийим - авт.) жыртып өтөрмүн, Туулгасын тартып кийермин, Көөдөнүнө сийермин. Айылымды чапкан шол кулдун, Сөөгүнүн өзүн мен, Мунар кылып үйөрмүн".

Дөөлөтбек
Сапаралиев




а ­е¦Є.НҐй«