presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Күүнүн башы - Камбаркан

Арман "күүлү" Алдаяр
Күү - үн, добуш, ыргак, кайруу ой менен берилген Кудай аяндары
Өткөн айларда арак чыгарган "Арвин Аюу" компаниясы чоң акциясына россиялык эстрада ырчыларын чакырып, өзүнүн кардарларын катуу кубанттым деп ойлоду. Орустардын айрымдарынын бизди чукча деп ойлоорун эстерине да алышкан жок. Ал ишкерлер улуттук генофондду арак менен суулаганы аз келгенсип, каяктагы орус ырчыларга чоң өлчөмдөгү "пара" берип, кыргыз элинин жан-дүйнөсүн болбогон селкилдек ырлар менен уулады. Өзбектин дагы бир салбыраган ырчы кызы Бишкектин чок ортосундагы оюн- зоок сарайынын артисттик бөлмөсүн заңдап кеткени дегеле эчкимди ойлондурган жок. Биздин карапайым, баео, эчтеке менен иши жок, жакшыраак ыр кайрып койсо тапылдап, бир короо койдой үйүлүп ошолордун суу кечпеген ыр дүйнөсүн тыңшап, котолоп кирип бергенине жетишкен экенбиз дейсиң. Кыргыздын улуу жан дүйнөсүнө суктанып жүргөн казак, өзбек, тажик, азербайжан, орус улутунун М.Ауэзов, М.Эсенбаев, И.Моисеев, Лигачев өңдүү улуу инсандар жөнүндө атайын эмгектерди жазса болот. Кыргыз элине илгертен эле белгилүү болгон кыргыз күү, ыр, дастандарынын адамдын жан дүйнөсүн гана эмес, физикалык денесин сакайтуучу касиеттери баарыбызга белгилүү. Бүгүнкү күндө Жапон өлкөсүндө, Россияда неврологиялык, ар кандай медициналык дары-дармектер таасир бере албаган ооруларды кыргыз күүсүнүн, кыргыз күү аспабынын жардамы менен, үн тасмаларын түн ортосунда жанына коюп беришип, канча жылдан бери ийгиликтүү иштеп жатышкандыгы маалым . Улуттук өнөрүбүздөн көйгөйлүү сөз болсо, чоңдордон кимиси болбосун акчабыз жок деп кол куушурушат. Улуттук күү, ыр, дастан дүйнөлөрүбүздү, кыска метраждуу фильм, клип, компакт дисктерди көркөм, сапаттуу, жогорку деңгээлде жаздырып, ар кайсы тилде түшүндүрмө котормо комментарийлер менен коштоп, чет мамлекетке сатыкка алып чыкса, бул өлкөнү, элди бага турган иш эмеспи. Мындай иш чараларды кыргыз улутундагы, кыргыз өнөрүн жетик түшүнгөн адамдар колго алса, алдыга оңой жылат болчубуз. Себеби, чет мамлекеттегилер бекерге, арзанга ыр, күүлөрдү Франция, Япония, Америка, Норвегияда ушул убакта да саттырып жүрүшкөнү менен биздин өнөр дүйнөбүз, улуу манасчы Саякбай атабыз айткандай алар үчүн "акыл жеткис чытырман токой!" Эларалык белгилүү дарыгер, коомдук ишмер Ж.Назаралиев качанкыга чейин Манас айтып, комуз чертип жүрө беребиз деп макалдатып, дүйнөлүк өнүгүүнүн жолуна түшөлү деген сунуш айтып, кыргыз жаны болгон күү дүйнөсүнө, өлбөс сөзүбүз Манас ырына шек келтирип, ката кетирди. Кыргыздын бир бору- күүсү менен ажырабас жан оту - Манасы, кандай капсалаң, чабыш, кыргын-сүргүндөн жылдыздай чачыраганда бүгүнкүгө Кыргыз Атанын урпактарын аман-эсен алып келгенин билбегендерге кайгырганда не пайда.
Үмөт молдонун саргайган барактарында сакталып жазылып калган, кыргыздын өзүнө ок болуп атылган каны кыргыз баатырлар энесин билбей, атасын тааныбай, жерин сезбей, наадан болуп калганда эсине келтирген жандүйнөлөрүнө чок салып, өзүнүн кандаш элине колундагы куралын жерге түшүрүп, элин-жерин тааныткан "Жүз жигит" күүсү тууралуу жүлүн сыздаткан уламыш бүгүнкү улуттук аң-сезимди дарылоого табылгыс дары го.
Кыргызды кыргыз кылган улуу күү өнөрүнө, сөз өнөрүнө, каада-салтына таазим кылып чөк түшпөй, күндүк сезимден өйдө чыга албай, батыштын салпаяк дейди ырчыларын самаган "новый киргиздер", кыргыздын мүрөк суусунан башат алган улуу өнөрлөрү бүгүн-эртең жер бетин багындырат, ошондо силер элге-жерге батпай, кемчонтойдон да жаман ал-абалда калаарыңар айныксыз чындык. Барды жок кылган, жокту бар кылган азыркы чаң-тополоң окуялар, кимдин ким экенин түшүнүксүз, кыйбас адамды саткындан айырмалай албаганыбыз, "Жан-Ар" дүйнөбүздүн кайра жаралуусун айгинеледи. Акты ак, караны кара, көктү көк деп айырмалаганга гана убакыт берилип бүттү. Мындайда садага чабылчылар, курмандык болчулар, торго түшчүлөр, жоопко тартылчулар, камакта кетчүлөр, түп-оту менен жок болчулар, даражасы көтөрүлчүлөр, сыйлык алчулар, айдалчулар болуп жарандык уруштан туңгуюкка кептелишет. Ойлогондон эрте, сүйлөгөндөн тез иш жүзүнө ашырылат. Болуп келген окуялар миң жолу "Насыйкатта" айтылып, миллион жолу "Көкөй кестиде" сыздап эстетип турат. "Миң уккандан бир көргөн артык" дегендей, эли-жерин коргоо үчүн, өзүн-өзү сактап калуу үчүн кыргыз эли канча уруштун башында туруп, ажалдын отун кечип, комуз кылдарында укмуш күүлөрдүн катарында Карамолдонун айныксыз чеберчилигинин натыйжасында "Эл тилеги тынчтык" күүсүнүн сыйкырдуу кайруулары келтирилген. Кан кечкен кыргыздын тамырынан агып чыккан бул күү "Эл тилеги тынчтык" деген ыргактарында уруш майданында жеңген дагы, жеңилген дагы болбой тургандыгын, жеңишке жеткен айбандык парасаты менен акыры жеңилүүгө дуушар болоорун айтат. Жеңилген болсо адамдык адилети менен акыр-түбү жеңише жетишерин залкар кайруулардын ыргактарына киргизилип, комуз кылдарында согуш апаатынын адамдык асылдык өлүмү жөнүндө эмес, коркунуч сезиминин кыпындай элесин билбеген күрөштүн улуу эрөөлүнө чакырган күү. Калпты, ыпластыкты, наадандыкты, пастыкты тааныбаган кыргыз күүлөрү. Карыбаган, арыбаган алп Убакыт менен эриш-аркак үзөнгүлөш мезгилдердин кыйырында келе жаткан күүлөрүбүздү, ырларыбызды, эне тилибизди, күү аспаптарыбызды аздектеген элибизди кандай мактасак, кандай көкөлөтсөк жарашат.
Ай менен Күндүн нурунан жаралган кыргыз элинин эң эски байыркы замандарда жердеги адамзатын, таалим-тарбияга үйрөтүү боюнча атайын жер бетине пайгамбарлык даражадан дагы жогорку даражада жаратылган Кудай-Киши Кыргыз Атанын эли Кырк уруу Кыргыз Кырк жигит - Кырк кыздын тукумдары асмандан сансыз кылымдар мурун жерге түшүрүлгөн болчу. Ыйык Библиядагы Кудай адамдар деген же Кудайдын балдары болуп ошол кездеги элдин көзүнө көрүнгөнү жазылып турат. Ушул окуялардын, кыргыз элинин үйрөтүүчү, тарбиялоочу өзгөчө эл экендиги кыргыз элинин бир канча жаңы ыйык китеби "Жашыл китепте" жазылганын көп адамдар билген эмес.
Япон элинин атактуу монахы Сжей Терасава билгендей төмөндөгү окуяларды айтып, эми ушу үч миңинчи жылдыкта кыргыз элинин кайталап, кайра улуу милдет-миссиясын аткаруучу убактысы келгенин көзү менен көрүп, ынанганына жана Будданын ыйык китептеринде аян болуп жазылганын айтып, кыргыз күүсүн угуп, Сомати, Соматхи, "Кудай үнү" дегенин көп курдай угуп, эмне дээрибизди билбедик.

Кенжебек Алдаяр,
комузчу
(Уландысы бар)




  Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны

Мирбек Атабеков эмнеге Митя же Султан Садыралиев Сулеш болуп албады?
Ат коюу бул кыргыздын эзелтеден келе жаткан өтө нарктуу, асыл сыпаа жөрөлгөсү. Адам зат өз канынан жаралган баласына уулум келечекте нур жайган, бешенеси ачык адам болсун деп Нурбек, Нуржан, Нураалы деп ат ыроологон. Кызым болсо айдай жүзүн нур чалган, айдай аппак, ак жолу да айдай ачык болсун деп Айпери, Айсулуу, Айнура, Айзат деген аттарды коюшкан. Мындай түшүнүк, каалоо адам заттын акыркы өмүрүнө чейин эч бир бурмалангыс бойдон ички тилектин каалоосу бойдон кете берээринде шек жок. Уул-кыз жакшы чыгып, аты эл аралап макталып, даңкталып айтылса ата-эненин бактысы бар болгону ошол. Балам же кызым менин атымды чыгарып деп тонуна батпай бир семирип алат.
Мына ошол ысымды ар бирибиз моюндагы тумардай туу тутуп, ыйык сактап, аны башка аттарга алмаштырбашыбыз керек. Айылда жүрүп бир аксакалдан кеп уктум. "Алгач атың ким?" деп сураганынан атымды айтсам, башын чайкап калды. "Балээ басып атым ушул чалга да жакпай жатабы" деп, "эмне атым жакпай калдыбы?" десем, "жок балам, атаңдын сага ат дандап, тилек кылып койгонуна таң берип жатам, ошондой эле бол" деп батасын берип, анан, узун сабак кеп айткан. "Ат бул атадан коюлган сенин ким экениңди, затың кандай экенин айтып тура турган белги. Жакшы ат коюу ар бир ата-эненин милдети. Эртеңки сенин бактыңды, ар бир күнүңдү аныктай турган тилек. Ат коюлган күндөн баштап сенин атың периштелердин көкүрөгүнө жетет. Алар эч унутушпайт. Сени атың аркылуу ырыскы береке бешенеңе жазып турушат. Жакшы атты Асан чакырып коюшат. Аллага атыңды угузат. Ал тургай Алланын да сага атыңдан айтып чакыраар күнү бар. Ошондуктан атыңды атаңдай сыйлап, аны бөлөк ысымга которуп же өз атыңдан арданып кесирлик кылба" деген. Аксакалдын ал кебин акылыма салып, көкүрөкө түйүп алдым. Баягы кылган жоруктарымды жолго таштадым. Атымдын ыйык, тилеги жакшы экенин эстеп колум күнгө жетип, болоттой курчуп алам. Кээ бир досторум "атың узак экен Болот деп эле койбойлубу" дешет. "Жок" деп кесе айтам. Акыркы кезде кыргызда түрдүү жасалма аттар көбөйүп кыска ысым модага айланып кетти. Айрыкча жаштар акыркы замандын кишилеринче эч бир укпаган ысымды өздөрүнө ыроолоп андан кандайдыр бир ырахат алат. Бул батыштан келген ооруу. Түпсүз элдердин жазаганы. Эркиндик десе эле эч кимди көзгө илбей, билгенин кыла берген эркиндикти муунтуп алган өлкөлөрдүн жоругу. Ал ооруу бизге да келип тийди. Тийгенде да жөнөнкөй катмарга эмес, маданиятты алып чыгып, элге эргүү беребиз, жыргал тартуулайбыз, ырдап ырахатка чөмүлтөбүз деген ырчы-чоорчуларга келип тийди. Өз аттарын, атасы бар туруп, жети атасын бери кой, өз аталарынын атын, чоң атасынын ысмын ыргытып ийип, чийип салып, түпкүлүгүн шоу чөйрөнүн чөйчөгүнө куюп алды. Маселен, четинен санаганда эле ырчылардын жаңы ысымдары Ома, Сема, Нена, Неля, Омар, Айдин Шер, Бека, деген кыска куйругу жок ысымдар менен кыргызга түшүнүк бербеген аттар менен алмаштырылган. Эмне себеп болуп кетти? Ырчы болушса эле ысымдарын өзгөртүп алыш керекпи? Же алардын аталары жок, инкубатор жол менен жаралгандарбы? Керек болсо атактары чыгып турганда өз аттарын атап, аталарын да атак кылып айттырып алышса ким үчүн сыймык да, ким үчүн урмат болмок. Аны айтып коелу деп акылыбыз деле ашып жткан жери жок, болгону "аталары ыроологон аттарынын кунун качырып, башкаларга үлгү болуп кыргызды түпсүз кылып, аталар керээзин жок кылганга чоң жол ачып жаткан жокпу?" деген гана ойдо каласың. Эмне үчүн ошолор сыяктуу эле сахнага ырдап чыгып жүргөн Мирбек Атабеков менен Мирбек Иманбеков "Митя", Султан Садыралиев "Сулеш" болуп алышкан жок? Демек, жаңы агымдын шоу дүйнөсү сөзсүз эле ысымдарын алмаштырганда гана байып, көтөрүлүп бараткан жок. Ошондой болгону чындык болсо, эчак Киркоров "Филя", Кобзон "Каба" ысымдарына айланып, алардан үлгү алган Бейшекеев "Бейко" го, Сатылганова "Гүлү" гө айланмак. Бул бүгүнкүнүн талабы. Ушинте берсек болот экен деген эртеңки ээрчиме муундун бүт баары атасыз, жетесиз калгандай жерге түкүрүп туруп эле атын алмаштырып алышса анда кыргыздын кырмычык кырган кыйыны деле калбайт. Түпкү атасын эмес жети атасын санап бере албай, мурдунун учунан башканы көрбөгөн көр пендеге айланат. Тарыхыбыздын тамыры кыркылат. Мына ошондо эзелтен ата-бабалар айткан "жетесиз кул" деген ысымга баарыбыз "оптомотический" илинебиз да калабыз. Ошондуктан ойлонолук, кыргыздар.
Күнболот Момоконов










??.??