presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


КИТЕПТЕР

  Эсен болуп, эстей жүр

Сейрек талант Советбек Жумадыловго эстелик коюлду
5- декабрда кыргыз театр жана киносунун залкар таланттарынын бири, Кыргыз эл артисти Советбек Жумадыловдун туулганына 76 жыл болду. Мына ушул күнгө утурлап Ала- Арча көрүстөнүндөгү анын бейитине эстелик тургузулду. Эстеликке залкар актердун ысыккөлдүк жердештери жана Ысык- Көл мамлекеттик акимчилиги демөөрчүлүк кылды.

Советбек Жумадылов агабыз 1932- жылы 5- декабрда Ысык- Көл областынын Ак- Суу районунун Тепке айылында туулган. Кичинекей тепкедей айылдан чыккан талантты кыргыз эли гана эмес,чет өлкөлөрдө да жакшы билишээри маалым. Ал жараткан кайсы гана каармандарды албайлы, "Бакайдын жайыты", "Биринчи мугалим", "Уркуя", "Ысык- Көлдүн кызгалдактары", "Караш- Караш окуясы" ж.б. болобу, ар биринде кайталангыс талант экени көрүнөт. Бирок кандай залкар болбосун, анын артында калган күйөрмандары эмгектерин эскерип, улам кийинки муунга табериктей тартуулап, эскерип турушу керек экен. Турмуштун кыйындыгынанбы же дагы башка себептерденби, айтор башкасын коюп, Советбек Жумадыловго да эстелик тургузулбай келаткан эле. Кечээ жакында анын ысыккөлдүк жердештери жана Ысык- Көл мамлекеттик администрациясы демөөрчүлүк кылып, кеч болсо да эстелиги ачылып, Советбек аганын сөөгүн агартты.
Эстеликтин ачылышына демейдегиден эл көп келиптир. Залкар таланттын элесин эл сагынып да, эстелигинин тургузулушун саргайып да күткөн окшобойбу.

Кыргыз эл артисти, профессор Гүлшара Дуулатова:
"Кагылайын, курсташым, курдашым"
- Советбек Жумадыловдун көзү өткөнүнө сегиз жыл өтүп, кеч болсо дагы жердештери азаматтык кылып, жакшынакай эстелигин ачканына күбө болуп олтурабыз. Буга да шүгүрчүлүк, жердештерине рахмат. Советбектин деле уучу куру эмес, төрт уулу, кызы бар. Консерваторияны бүткөн, музыкалык шыгы бар балдары бар. Анын балдарын аяйм, заман ушундай болуп калды же артисттер, же алардын балдары соода- сатык дегенге шыгы жок экен. Же атасы байлык калтыра албады. Балдар өздөрүнүн үй- бүлөсү менен алек. Советбектин 60 жылдык тоюн белгиледик эле. Эркек үчүн 76 жаш деген эмне, көзү тирүү болгондо бүгүн туулган күнүн чогуу белгилеп отурмак экенбиз.
Советбек менин курдашым, курсташым болучу. Экөөбүз Ташкенттеги Островский атындагы театралдык институттун актердук бөлүмүндө беш жыл чогуу окуганбыз. Кыргызстандан режиссердук бөлүмдө Жалил Абдыкадыров да бар эле. Азыр Советбектин ошол жаш кезин, адамгерчилигин эстеп, көңүлүм жибип олтурат. Жигитчилиги да бар эле. Анын бир окуясын айтып берейин: студентпиз, курчпуз, шарбыз. Ташкенттен Фрунзеге каникулга кетиш үчүн билетибиз жок болсо да Эркин деген курдашым экөөбүз поездге түшүп алдык. (Айтмакчы, кийин Советбек Эркинге үйлөнгөн. Эркин мүчөсү келишкен, сулуу болучу.)Текшерүүчүдөн качып олтуруп, улам бир вагонго киребиз. Бир вагондо карасак эле Советбек менен Жалил олтурат. "Ушинтип билет түгөнүн калыптыр" деп айтсак, билеттерин, орунун бизге берип чыгып кетишкен. Жамбулга жетип калганда экөө тең Отеллодой капкара болуп. чыга келишсе болобу. Эркин экөөбүз күлүп атып, боорубуз калбай калды. Көрсө алар поезддин үстүндө келишиптир, түтүн болуп, чаң болуп. Ал кездерди көп эстеп жүрдүк. Эркин да кийин кайтыш болуп, Советбек андан кийин да үйлөндү.
Советбек экөөбүз студенттик театрда да, профессионал театрда да өнөктөш болдук. Күлсөк бир күлүп, ыйлашсак бир ыйлап, урушсак урушуп, далай күндөрдү өткөрдүк. "Эзопто" ал Эзопту, мен Клеяны ойнодум. Клеяны ойногондон уялгам, анткени ал аябай сулуу аял экен. Аны Офелия Эркинбаева койгон. "Мага Клеяны бербей эле койгулачы, мен уялып атам" десем, Советбек агай болбой, сизди тандады" деп айтты. Эзоп турмуштан тажап, өлүп калган учуру бар . Советбек менен роль ойноо өзүнчө бир керемет эле, анын жанында мени да "сценада Клеядай эле сулуу болуп калдың" деп айтышчу.
"Бетме- бетте" ал - Мырзакул, мен - Сейде , "Азезил адамда" ал- Карымбай, мен -аялы … Советбек кайсы гана жанрдагы роль болбосун, бардык жагынан универсал эле. Башкалар ролун жаттап, апкаарып, даяр болбой жатканда Советбек бир заматта ролуна даяр болуп туруп калчу. "Советбек даяр болсоң баштай берчү" деп шаштырып кирсек, мен даяр болгонум менен, башкаларды күтүшүбүз керек да" дечү эле.
Дагы бир жакшы жери- чыгармачылык жактан кандай кемчилдик кетирип жатканын айтсаң, дал ошондой, сен ойлогондой кылып оңдоп коер эле.
Курсташ деген деле бир туугандай кыйын болот экен. Бир капталым Советбектен кийин эңшериле түштү, андан мурун канча талант кетти… Кайсы бирин айтайын. Өзүмдү сооротконум ошол- биздин мектебибиз, ички дүйнөбүз, профессионалдык чөйрөбүз бир болду. Мен эле эмес, Советбек сыяктуу сейрек таланттарды кыргыз эли эле эмес, чет жердеги көрөрман, күйөрмандары унутпайт болушу керек деп ойлойм. Анын аткаруусундагы чыгармалар кыргыздын алтын фондусунда, урпактардан урпактарга сакталып калаарына ишенем.

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист Эсенбай Калдаров:
"Трагикомедияны мындай мыкты аткаргандар саналуу эле"
- Өз доорунун таланттуу уулдарынын бири- Советбек Жумадыловдун башка артисттерден өзгөчөлүгү- ал театрдын да, кинонун да актерлугун бирдей алып жүргөндүгүндө болду. Советбек агайдын кайсы гана каармандарын албайлы, ал тургай "Акжолтойдогу" мамалак жетелеген кишинин образын алсак да, ар бири кайталангыс. Ушул жерден анын жөнөкөйлүгүн, көргөн ар бир көрөрман аны кинодон эмес, турмушта көрүп, аралашып, бирге жүргөндөй сезет. Бул - актердук чеберчиликтен келип чыгат. Анын тиги же бул ролун бөлүп көрсөтүүгө болбойт, бардыгы тегиз мыкты аткарылган. Өзгөчө трагедия менен комедия, трагикомедияда анын чебердиги баа жеткис. Дүйнөнүн нечен залкарлары жараткан классикалык трагикомедияларды ойноо өтө чоң чеберчиликти, талантты талап кылат. "Отеллону" алалыбы же "Ричар IIIтү" алалыбы, өз кезегинде театр, кино сынчылары анын эмгектерине жогору баа бергени белгилүү.
Трагикомедияны аткарып жүрүп эле бир күнү Лениндин образын жаратып койду. Таланттуу актер актердук шарттуулуктан өтүп кете алгандыгы көрүнгөн.
Советбек Жумадыловдун каармандары көпчүлүк учурда терс каарман болуп эсептелсе да, ал турмушта чоң адамгерчилиги, айкөлдүгү менен белгилүү болду. Жаңы заман келип, рынок өкүм сүрө баштаганда ар бир адам сыяктуу эле Советбек ага да кошо кыйналды. Биз тарткан күндү көрдү. Убагында мен да журналист катары ал ага менен маектешип, далай иликтөөлөрдү жүргүзгөм. Эстелиги ачылганын угуп, мен да сүйүндүм. Биз мындай талантты унутууга акыбыз жок. Анын ар бир эмгеги өзү үчүн эстелик тургузуп койду, кыргыздын атын кыйырга чыгарды. Агабыз биздин жүрөгүбүздө аздектелип жашоого тийиш.

Айгүл Бакеева




а ­е¦Є.НҐй«