presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Айтматовдун ааламы

"Аты жок" бала каза болду
Харун Токак,
Түркиядагы жазуучулар жана журналисттер фондунун төрагасы
Бөтөн жерде …
Нюрнбергде…
Оорукананын бир бөлмөсү…
Дүйнөдөгү акыркы аялдамасы бул жер…
Кыргыздардын капкараңгы түнүндө аткан таңы бул бөлмөдө батты.
Чыгышта күйгөн жарык батышка барып бул бөлмөдө өчтү.
Бир кылымга жакын көк асманда кайкып учкан куштун акыркы ыры ушул бөлмөдө ырдалды.
Бир өмүргө тете шаркырап аккан суу кайрадан өз ордуна ушул бөлмөдө тартылды.
Океандын чексиз тоодой толкундары ушул бөлмөдө токтоду.
Эч ким жашабаган ээн талааларды жаңырткан үн ушул бөлмөдө басылды.
Адабиятыбыздын чолпон жылдызы ушул бөлмөдө өчтү.
Кош… Кош Гүлсары, Кылым карытар бир күн, Саманчынын жолу, Ак кеме, Чыңгызхандын ак булуту, Биринчи мугалим, Жамийла.
Сары-Өзөктүн талааларында поезддер чыгыштан батышка, батыштан чыгышка байма-бай өтөт, бирок ичинде Чыңгыз Айтматов жок…
Учу-кыйырсыз талааларда жылкылар оттойт, аларды мине турган Айтматов жок…
Ысык-Көл жердин бермети асманды мелтиреп тиктейт, бирок Айтматовду көрө албайт…
Тоонун жели чачтарын дирилдетпейт. Акындар төккөн ырларын угуза алышпайт…
Шекер айылынан учуп чыккан куш эми көк асмандан көрүнбөйт…
Көзгө сайса көрүнгүс караңгыда кыргыздарга жол көрсөткөн жылдыз эми кайра көрүнбөйт…
"Махабат аракетти талап кылат" дечү эле. Ал сүйүктүү Азиясын каптап келген түнөргөн түндөрдө легендарлуу Данкодой болуп, жүрөгүн колуна кармап алып, "менин жүрөгүмдүн жарыгына келгиле" дегендей, артынан келе жаткан адамдарды жүрөгү кайда алып барса, ошол тарапка жөнөгөн.
Адабият күнүнүн cары-кызыл нурлары чет жердеги ала булуттардын арасына сиңип жок болду да, заматта дүйнө жүзү караңгыга сүңгүп кетти.
Адабият дүйнөсү азыр муңдуу жамгыр алдында калды.
Эгин талаасында Жамийла жалгызсырап басып жүрөт.
Жылаңбаш, чачтары агарган, тагдырдын кол жеткис бийиктигине жеткен Сейде колундагы баласы менен эстеликтей болуп катып ал турат.
Найман-Эне өз маданиятынан, дининен алыстаган, маңкуртка айланган баласы үчүн көздөрүнөн жашын шорголотуп ыйлап ал жүрөт.

* * *
Сексен жашта эле, бирок жүрөгү наристе баланын жүрөгүндөй эле.
Ал өзүнүн балалык таза жүрөгү кабыл албаган ар бир нерсеге каршы чыкты. Кыйынчылыктарды, зордукту, согушту, адилетсиздикти кабыл алган жок.
Каршы чыкты, кулдукка, эзилүүгө баш көтөрүп айбат көрсөттү.
"Башка жерде султан болгончо, өз элиңде ултан" болууну тандады.
Балалыгы кыйынчылык менен өттү.
Өспүрүм кезинде эле тоодой жүк мойнуна илинген.
Атасы менен агалары сүргүнгө кеткенде 7-8 жашындагы бала эле.
Апасы жана бир туугандары менен канча жыл бою "мына бүгүн, мына эртең атабыз келет" деп жол карап күтүштү.
Башынан өткөргөндөрүн ачуу күндөрдөн токулган матадан кара көйнөк кийгенсиген Айтматовдун ал күндөр тууралуу өз оозунан чыккан сөздөрүн мисал келтирейин:
"Сүргүндөн агам жазган каттарында таруу салып жибергилечи деп суранчу. Тапшырган жумуштарын кечке чейин бүтүрө албай калсаң, кечки тамак берилбей, ишти бүтүрүү үчүн ооруганга да уруксат берилбей тургандыгын жазаар эле. Атамдан болсо кат келген жок.
Кыштын узун түндөрүндө апам менен Каракыз эжем экөө буудай өндүрүшчү эле.
Апам өмүрү өткөнчө атамдын жолун карап өттү. Төлгөчү аял "Бир күнү жолугасыңар" деп апамдын үмүтүн тутандырып койгон эле.
Бала кезибизде айылдын башынан почточу көрүнгөндө, балдар менен кошо чуркап, анын жолун тороп, бат эле курчап алар элек. Почточу болсо менин же бөбөктөрүмдүн көздөрүнөн көздөрүн ала качып турар эле. Анткени, ал бизге эч бир жакшы кабар алып келчү эмес"
"Илгертен ата-бабаларыбыз алыс жолго кетип баратканда, бир ууч топуракты канжыгасына байлап, топурак тартат деп ырымдашар эле. Жаш келиндер күйөөлөрү согушка аттанганда жаңы нандын бир учунан ага тиштетип, ошол нанды катып коюшар эле, нан тартат деп. Менин атам менен агаларымды топурак да тартпады, нан да тартпады.

* * *
Айтматовдун атасы айткан саламы кырк жылдан кийин келгенде апалары бул дүйнөдөн көзү өтүп кеткен. Төрт жыл мурда каза болгон эле.
Бул саламдын окуясы да башкача бир окуя.
Бишкектеги оорукананын эки орундуу палатасында атасы менен түрмөдө камерада бирге отурган адам акыркы күндөрүн жашап жаткан.
Жанында жаткан бала окуп жаткан китебин төшөгүнүн үстүнө коюп сыртка чыгып кетет. Карыя ал китепти алып окуйт. "Саманчынын жолу… Ата, мен сен үчүн эстелик тургуза албадым, анткени кайсы жерде жатканыңды билбейм. Атам Төрөкул Айтматовго. Уулуң Чыңгыз" - деген жазууну окуйт. Карыянын денеси ымыр-чымыр боло, балдарынан Чыңгыз Айтматовду тапкыла деп суранат. Ал учурда Айтматов Америкада эле. Карындашы Роза ал карыяга жолугат.
"Атаң Төрөкул эң мыкты адам эле. Менин оозу-мурдумду канжалатып камерага ыргытып кетишет. Көзүмдү араң ачып атаң менин жанымда турганын көрдүм. Ал менин катып калган кандарымды тазалап жаткан экен. Бир күнү атаң "мени эртең алып кеткени жатышат" деди. Эртеси күнү аны алып кетишти. Андан такыр кабар ала алган жокмун. Кетип бара жатканда силерге берип койгула деп кол баштык берген эле. Анын бетинде "Чынгыз", "Ильгиз", "Тала" деген сөздөр жазылуу эле. Балким Талас деп жазайын десе керек, Сайма жиби калбай калган болуш керек.
Кетип бара жаткандагы ойлуу көз карашы менен айткан сөздөрү такыр эстен кетпейт. "Мени эл душманысың деп өлтүргөнү алып кетип бара жатышат. Бул кол баштыкты балдарыма берип кой" - деп капкара чачтарын тарап жүрчү тарагын да ичине салып жатып, "бүгүндөн баштап бул тарактын мага кереги тийбейт",-деди.
Мен болсо Сибирге сүргүндө жүрдүм. Коркконумдан кол баштыкты сууга ыргытып жибердим. Жыйырма беш жылдан кийин гана үйүмө кайта алдым. Аманатты тапшыра албай калгандыгыма күн сайын ичим бышып жашадым. Атаңар силер жөнүндө дайыма кеп кылып турчу".

* * *
Канчалаган чынарларды адамдар түшүнүп-түшүнбөй тамырын кууратышты. Бул кыйын күндөр эсине түшкөндө, "О, Кудай! Мындай күндөрдү адамга эмес, айбанга да бере көрбө!" деп тиленген Чыңгыз Айтматов арабызда жок. Ак кар, көк муздуу мекенинде эгемендүүлүктүн учкундарын чачыраткан Адам жүрөгүбүздү күйүткө күйгүзүп кете берди.
Жаздын бир күнү Стамбулда адабиятыбыздын сырттаны менен жолукканыбызда "Анатолиядан Азияны көздөй "Ак кемеде" жоголгон миллиондогон аты жок балдарды издегени он миңдеген мугалимдер жөнөштү жана мектептерди ачышты" дегенимде, ал жылмайып: "билем, ошол мектептердин бирөө менин атымдагы мектеп" деген эле.
Атасына эстелик кое албай арман кылган Айтматовдун өзүнө бир күнү чоң эстелик тургузулаар, бирок мен ичинде "аты жок балдар" окуган Ч.Айтматов атындагы мектеп баа жеткис деп ойлойм. Анткени ал мектептер сулуулуктун жана махабаттын символдору…
Ал мектептер "аты жок балдардын" Ак кемеси…




Чыңгыз
Айтматов түшүмө кирди
Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын сүйүп окуйм. Мектепте далай жолу Толгонайдын Жер эне менен болгон монологун, тезек терип жүргөн Алтынайдын монологун жат айтып, "Ак кемедеги" баланын кайгысына тең кайгырып, кетип калган Жамийланын артынан ыйлаган Сейит менен кошо ыйлап, таң атыраар элем. Ал эми "Деңиз бойлоп жорткон ала дөбөттөгү" баладай суусап атканда да эстегем. Кийин "Кылым карытар бир күндөгү" Чыгыштан Батышты, Батыштан Чыгышты көздөй байма- бай каттаган поездди карап тураар элем. Эмнегедир ушул чыгармаларды мен да жазмакмын деп ойлой берчүүмүн.
Түшүмө эч убакта Чыңгыз Айтматов кирген эмес эле. Түшүмө кирди. Мага соткага телефон чалыптыр. Апкаарып калдым. Сүйлөй албай койдум. "Мен, Чыңгыз Айтматовмун" деди. "Ооба" деп эле сөз айталбай калдым. Мен тууралуу маектин бир жерине кошуп койгулачы бул жерди деди. "Мен Жамбулдагы таекемдикине жатып ветеринардык техникумдан окугам. Үй жаныбарлары тууралуу сабак өткөндө элестүү болсун үчүн бизди мал базардын бир четине алпарып, андагы мал тууралуу окутуп калчу. Бир күнү базардын четине туруп алып, окутуучу үй жаныбарларынан эшек тууралуу сабак өтүп жаткан. Ортодо эшек турган болучу. Бир убакта эле "Эй, Чыңгыз" деп калды. "Жалт карасам таякем экен". "Эмне болду?" дедим. "Сен базарда эмне кылып жатасың?" деп сурады. "Сабак болуп жатат" дедим. "Алдагы ортодогу эшек эмне? Мурдуңду дурайын, сен эмне, эшектин окуусуна кирдиң беле? Айылдагылар эмне дейт? Бас, сени алып кетейин" деп калды. Эмне деп айтаарымды билбей туруп калсам, окутуучу мени куткарып кетти. "Сиз жаңыласыз, ага. Биз эшекти гана эмес, ушул базардагы жандыктардын баарын окуйбуз. Керек болсо арстан, жолборс, илбирске чейин окуйбуз. Чыңгыз биздин эң жөндөмдүү балдарыбыздын бири. Аны алып кетпеңиз" деп калды. Анда таякем жоошо түшүп "Андай болсо, мейли, окуй бергиле" деп кетип калган эле".
Чыңгыз агабыз каткырып күлдү. Анан мен ойгонуп кеттим. Эртең менен туруп алып ушул эпизодду кагазга түшүрүп алып редакцияга келдим. Бул эпизод Казат Акматов менен болгон маектен кыскарып кеткен жери эле.

Айгүл Бакеева
P. S. "Аалам" гезити Чыңгыз Айтматовдун туулгандыгынын 80 жылдыгына карата ар кыл материалдарды жарыялап келатат. Балким, ушу түш аркылуу Чыкебиз аян берип жаткандыр.Эмнеси болсо да ошол эпизоду жарыялап коюуну туура көрдүк. Балким турмушта ошол эпизод болсо болгондур.




Сүйүнчү!
Айтматовдун 8 томдук китеби
Кечээ жакында Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына карата "Бийиктик" басмасынан Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын 8 томдугу жарык көрүп, окурман журтун чоң кубанычка бөлөдү. Китепти чыгарууга "Руханият" ассоциациясы жана Чыңгыз Айтматовдун эл аралык фонду көмөкчү болушту. Китептин редакциялык коллегиясынын составында С. Эралиев, С. Жусуев, Т. Касымбеков, А. Акматалиев, А. Токтосартов жана Чыкемдин уулу Элдар Айтматов бар. Жакында мына ошол китептин бет ачаары болгону турат.










??.??