Коңгуроо

Абийирбек Абыкеев, Чоң-Кемин айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин төрагасы:
"Кемин району радиациялык калдыктардын көрүстөнүнө айланабы?"

Көйкөлгөн көк шиберинен ажырап, боз ала чаң болуп, тамтыракайы чыгып тытылган Долпраңды көргөндө зээниң кейийт, канча миң адамга ичерине суу, жээрине нан берип турган кылым карыткан Тегирменти жайлоосундагы мөңгүнүн так колтугунан ал тентектер кен издеп, каза баштаса мөңгүбүздөн ажырап, ичер суубуздан айрылып калаарыбызды ойлогондо жүрөгүң сыздайт.

- Кемин районундагы Тегирменти жайлоосунда башталып жаткан кен изилдөө иштери сиздерди эмне себептен кооптондуруп жатат?
- Менин баамымда азыркынын тентек, эссиз уулдары жер эненин төшүн оюп, жүрөгүнө кол салып жатышканын, байлыктын, акчанын артынан кубалап жүрүшүп, жер эненин онтогонун сезишпегендей. Көйкөлгөн көк шиберинен ажырап, боз ала чаң болуп, тамтыракайы чыгып тытылган Долпраңды көргөндө зээниң кейийт, канча миң адамга ичерине суу, жээрине нан берип турган кылым карыткан Тегирменти жайлоосундагы мөңгүнүн так колтугунан ал тентектер кен издеп, каза баштаса мөңгүбүздөн ажырап, ичер суубуздан айрылып калаарыбызды ойлогондо жүрөгүң сыздайт. Быйыл бир жай кургакчылык болсо кандай күнгө туш болгонубузду эстейличи, суу түтүктөрү эки күндүн биринде кургап, эгин, картошкабызга суу жетпей талаш болуп, арык кайтарып калдык го.
- 2007-жылы "Голден Сильвер" компаниясы Шабдан айылына чукул жайгашкан Долпраң участогунда геологиялык чалгындоо иштерин баштаган. Чалгындоо иштеринде мамлекеттик тиешелүү органдардын шарттарын бузуп, жардыруучу заттарды пайдаланышып, бир нече гектар жайыт жерин талкалап салышты. Жардыруулардан көтөрүлгөн чаң шамал менен өрөөндү каптап жатат. Бул дүйнөдөн адамдар мезгилсиз өтүп, жаш келиндер ара төрөп, ар кандай оорулар көбөйүп, ал гана эмес малдын мурда кездешпеген ылаңдарга туш болуп жаткандыгын, ошол чаңдын кесепетине байланыштырган сөздөр көбөйдү.
- Чоң-Кемин айлана чөйрө коргоо комитети түзүлгөнүн уктук, ал комитеттин максаттары, комитет учурда эмне иштерди жүргүзүп жаткандыгы тууралуу айта кетсеңиз?
- Үстүбүздөгү жылдын жай айларынын биринде жашоочулардын демилгеси менен сиз айтып жаткан комитет түзүлгөн эле. Комитеттин биринчи кадамы жашоочуларга жазган кайрылуубуз болду. Анда ар кандай ушактарга жол бербей, кен иштетүүчүлөрдү ачык сөзгө чакырып, маалымат алалык, 1998 жылдын 25-июнунда Даниянын Орхус шаарында кол коюлуп, 2001-жылы ратификацияланган конвенцияда каралган укуктарыбыздан пайдаланалык деген элек. Кайрылуубуз элге таратылгангандан бир жума өтүп-өтпөй, СНБдан келишип, түшүнүк бердик. Аким чакырып, коркутуп-үркүтүүгө алды.
Президентибиз Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдодук.
Ушул айдын ортосунда Бишкек шаарында Голландиянын эл аралык өкмөттүк эмес Милье контакт экологоиялык уюму, "Биом" экологиялык жаштар кыймылы менен бирдикте тегерек стол өткөздүк. Тегерек столго тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, өкмөттүк эмес уюмдардын, Чоң-Кемин өрөөнүнүн жашоочуларынын, "Гео Ресурс" жабык акционердик коомунун өкүлдөрү чакырылган. Тилекке каршы, Көк-Ойрок, Чоң-Кемин айыл өкмөт башчылары, улуттук парктын директору, райондун акими баш болуп келбей коюшту. Тегерек столдо "Гео Ресурс" жабык акционердик коомунун өкүлдөрүнө төмөндөгүдөй суроо-талаптарыбызды билдирдик:
"Голден Сильвер" компаниясы талкалап жардырып кеткен Долпраң участогун ким рекультивация жасайт (кайра калыбына келтирет)?
Эмне үчүн "Гео Ресурс" жабык акционердик коому ишти баштаардан мурун жергиликтүү жашоочуларга эч кандай маалымат берген эмес, кеңешкен эмес?
Эмне үчүн чалгындоо иштерин жүргүзүүдө жардыргыч заттарды пайдаланууга тыюу салынганына карабастан Долпраң участогунда кайрадан жардыруулар жүргүзүлө баштады?
Мына ушул коюлган суроолордун тегерегинде кеңири маек болду.
Жыйынтыгында "Гео Ресурс" жабык акционердик коому "Голден Сильвер" компаниясы жасаган зыяндын өлчөмүн тактап, сот аркылуу өндүрүү иштерин баштаарын жана жакынкы аралыкта биз менен биргелешип, Чоң-Кемин өрөөнүнүн айылдарында коомдук угууларды өткөзмөк болуп тарадык.
- Чоң-Кемин өрөөнү кооз жер, өрөөндө Чоң-Кемин улуттук паркы жайгашкан, дүйнөлүк Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жаныбарлар бар дешет. Ал эми кен иштетүү иштеринин натыйжасында сөзсүз жаратылышка зыян алып келээри, экологиялык баланс бузулаары турган иш эмеспи.
- Алтын чөйчөк өрөөнүбүз чындыгында эле уникалдуу биосферасы бар, эң кооз жерлердин бири. Райондун акими Сабыров Тилек келген инвесторлорго жолтоо болгондорду кызматынан алып, түрмөгө отургузам деп опузалап, колунан келишинче аракет кылып жүрөт. Айыл өкмөт башчылары кантсин, араң жеткен мансабынан, үй-бүлөсүн багып жаткан айлыгынан ажырагысы келбейт.
Жылдан-жылга климат өзгөрүп, 1-2 градуска жылуу тартып, мөңгүлөр эрип жатканын окумуштуулар айтып келе жатышат. Суунун тартыштыгы бүгүнкү күндө эле дүйнөлүк көйгөйгө айлана баштабадыбы. Айрым ач көз адамдар өз кызыкчылыктары үчүн алтынга алмашкыс мөңгүлөрүбүздү жок кылып, жалпы адамзатка душмандык кылып жатышканын түшүнгүлөрү жок. Дагы бир айта кетчү нерсе, дегеле Кыргызстан, анын ичинде Чоң-Кемин өрөөнү, сейсмологиялык жактан коркунучтуу зона болуп саналат эмеспи. Чоң-Кемин өрөөнүндө 1911-жылы эң катуу - 11 баллдык жер титирөө болуп өткөн. Чоң-Кемин өрөөнүнүн алдында жер алдындагы суулардан топтолгон көл бар экендигин, кокус жер козголсо өрөөндү суу басып каларын бир кезде советтик окумуштуулар далилдеп чыгышкан. Жардыруу жана жерди бургулоо уктап жаткан ажыдаарды ойготуп, чоң бүлүк салбайт деп ким айталат.
- Чоң-Кемин айлана чөйрө коргоо комитети өзүңүз айтып жаткан экологиялык катастрофаны болтурбай коюу үчүн кандай аракеттерди жасамакчы?
- "Георесурстун" өкүлдөрү "биз чалгындоо иштерин гана жүргүзөбүз, кенди иштетүү биздин максатыбыз эмес, ошондуктан айлана чөйрөгө анча деле зыян алып келбейбиз" деп айтып жатышпайбы. Чалгындоо иштерине 30000 АКШ долларын салып, андан ары башкаларга таштап кетээрине ким ишенет. Алар кетип калган күндө да табылган кенге ээ болобуз деген башка фирмалар эртең эле каптап келбейби. Ошондуктан, келечек муундар зыянсыз технологияларды ойлоп тапканча тоолорубузга кол тийгизбей сактап калуунун бардык аракеттерин көрмөкчүбүз. Ак-Түз, Орловка, Талды-Булак, Долпраң, Тасакемин, караңызчы, алакандай Кеминди радиация калдыктарын сактаган көрүстөнгө айлантышабы?

Маектешкен
Айгүл Бакеева