Спорт майданында

Утканга умтул
Раатбек болосуңбу?
27-28-ноябрда Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек- рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнө биринчилигинин коло байге ээси, кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Раатбек Санатбаевди эскерүү эл аралык экинчи мелдеши болду. Эл аралык таймашууда Борбор Азия өлкөлөрүнүн балбандары мөрөй талашты.


Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюдарынын жеңүүчүсү, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси маркум Раатбек Санатбаевди эскерүүгө арналган эл аралык алгачкы мелдешке былтыр 9 мамлекеттен балбандар келишсе, быйылкы таймашууга Борбор Азиянын 5 өлкөсүнөн өкүлдөр келишти.
Мелдештин салтанаттуу ачылыш аземинде өлкөнүн биринчи вице-премьер- министри Искендер Айдаралиев, Раатбек Санатбаевдин улут сыймыгы болгонун айтып, эскерди.
- Бул мелдешти эмдиги жылдан баштап Иван Поддубныйдын, Александр Карелиндин байгеси сыяктуу Эл аралык күрөш федерациясынын иш-чарасына киргизүү аракеттери көрүлүүдө. Раатбекти эскерип, даңазалоо менен жаштардын күрөшкө болгон кызыгуусун ойготобуз, -дейт Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү Динарбек Асылбек уулу.
Түшкө чейин балбандардын мыктыларын иргеп алуу таймашуулары болду.
Спорт коомчулугунун өкүлдөрү, чет өлкөлөрдөн келишкен меймандар Аларча көрүстөнүндөгү даңазалуу балбан Раатбек Санатбаевдин бейитине барышып, аны эскеришип, куран окулду.
27- ноябрда кечинде Кожомкул атындагы спорт сарайында 55, 66, 84 жана 120 кг салмактар боюнча жарым финалдык жана баш байге үчүн таймашуулар болду.
Жеңил салмакта баш байге үчүн кыргызстандык Арсен Эралиев менен өзбекстандык Шералы Шадманов күрөшүп, Арсен жеңүүчү деп таанылды.
66 кг салмакта бардык атаандаштарын уткан казакстандык Нуржан Надыров жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү.
Раатбек Санатбаев эл аралык мелдештерде, Азия, дүйнө чемпионаттарында 84 кг салмакта өлкөнүн намысын коргоп келген эле.Ушул Раатбектин салмагындагы финалда казакстандык Эрбол Райымбеков менен кыргызстандык Азат Бейшебеков беттешип, Азат жеңип, өлкө намысын сактады.
120 кг салмакта баш байгенин ээси казакстандык Нурмухан Тыналиев болду.
Азия чемпионатынын жеңүүчүсү, 15- Азия оюндарынын коло байге ээси Нурбек Ибраимов 120 кг.салмакта күч сынашып, үчүнчү орунду ээледи.
- Раатбек агабыз абдан токтоо, адамкерчиликтүү, калыс, кичи пейил эле, баарыбызга үлгү болчу. Биз менен бирге машыгууларды өткөрүп, күрөштүн сырларын, ыкмаларын үйрөтчү, -деп эскерет Нурбек Ибраимов.
Раатбектин эки ирет Азия чемпиону болушуна салым кошкон соңку устаты Казакстанга жана Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Эржан Ахметов анын адамчерчилик сапаттарын эскерип, мындай жигит бир кылымда бир жаралат деп арман кылат.
- Өлкөнү дүйнөгө тааныткан Раатбектин Кыргыз спортуна кошкон салымы зор эле. Ал түгүл Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет Азия чемпионатында эки жолу алтын байге утуп алган. Ошондой эле 1994-жылы Хиросимада өткөн Азия оюндарында өлкөнүн тарыхында биринчи болуп күмүш байге утуп, Кыргыз туусу обого көтөрүлүшүнө Раатбек чоң үлүш кошкон. Кыргыз спортун, күрөштү анын руху да бийик көтөрүп, балбандарга үлгү болуп, ар дайым жүрөгүбүздө өчпөй турат. Раатбекти эскерүү эл аралык мелдеши дүйнөлүк деңгээлдеги турнир болооруна ишенем. Мындай адам бир кылымда бир жаралат.
Раатбек Санатбаевди эскерүү эл аралык мелдеши 28-ноябрда дагы улантылды. Бул күнү жүзгө жакын балбандардан иргелип олтуруп, төмөнкүлөр жеңишке жетишти:
60 кг. салмакта жаштар арасында Азия чемпиону казакстандык Элдар Кайратов жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Экинчи орунду кыргызстандык Азиз Бейшалиев ээледи.
Ал эми 74 кг салмакта Өзбекстандын көп жолку чемпиону Азиз Мурадов килем үстүндө күрөшкө чыгып, баардык аттандаштарын жеңип, баш байгенин ээси болду. Ал финалда кыргызстандык балбан Үсөн Жээналиевди утуп алды.
96 кг. салмакта баш байге үчүн бел кур боюнча дүйнө чемпиондору, кыргызстандык Азат Эркинбаев менен Курал Ордобаев куч сынашып, натыйжада Азат женип, алтын медаль тагынды
- Раатбек Санатбаев агабыз бардык балбандарга үлгү эле, анын жеңиштерин биз улантабыз" , деп эскерет Азат Эркинбаев.
Байгелүү орундарга жеткен балбандардын баары акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды.
Белгилүү балбан Раатбек 1969- жылы 7-майда Жалалабад шаарында туулган. Бабалары "Каманалп" аталып, балбандыгы менен даңазаланган. Раатбек Бишкектеги олимпиадалык резерв окуу жайынан, кыргыз дене тарбия институтунан жана Кыргыз-Славян университетинен билим алган.
Спорт менен 20 жылдан ашуун убакыт машыгып, Кыргызстанды дүйнөгө,Азияга тааныткан.Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болуп, Азия оюндарында эки ирет күмүш байге уткан.Ошондой эле Азия чемпионатында төрт жолу байгелүү орундарга жеткен. Кыргызстандын көп жолку чемпиону аталып, 7 жолу жылдын мыкты балбаны катары сыйланган.
Дүйнө чемпионатында коло байгелүү болуп, Атланта жана Сидней олимпиадаларында өлкөнүн намысын коргогон.12 ирет эл аралык Гран-при мелдештеринде жеңишке жетишкен. Спорттогу ийгиликтери "Даңк" медалы, Улуттук олимпиада комитетинин ордени менен бааланган.
Казакстандын "Кайсар" медалы менен дагы сыйланган.Чоң спорттон кеткенден бери өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун директорунун орун басары болуу менен бирге ишкерчилик кылып, Ортосай базарында дүкөндөр павильонун, "Асанбай" кичи районуна бараткан жол жээгинде ресторан куруп, курулуш иштери менен дагы алектенген.Учурда аны буйуртма менен атып кеткендер кимдер экени аныктала элек.
Маркум Раатбек Санатбаевдин эки уулу Бексултан жана Даулет дагы учурда грек- рим күрөшү менен машыгып жатышат.
Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун директору Касымкул Оболбеков
маркум Раатбек Санатбаев кыргызстандык балбандарга үлгү болуп келгенин айтып, "аны эскерүү эл аралык мелдеши ар жыл сайын өткөрүлүп турат. Жаш балбандар сындан өттү. Лондон олимпиадасына талапкер болчу жаш балбандар бар экенин аныкталды" деди.
Эл аралык экинчи мелдешке 6 өлкөнүн жүздөн ашуун балбаны катышты.

Кабыл Макешов




Куттуктайбыз! Куттуктайбыз! Куттуктайбыз!
Лейлек районуна караштуу Кулунду айылынын тургуну Балтабаев Мамытты келе жаткан 8-декабрь туулган күнү менен куттуктайбыз. Ага дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайбыз. Ар дайым бар болуп, денсоолукта жүр. Сени жакшылыктын жышааны жандап жүрсүн! Асманың ачык болуп, жүзүңдөн күлкү кетпесин. Бар бол, Мамыт!
Өмүрлүк жубайы Гүлбарчын, кызы Мээрима

Кымбаттуу уулубуз Айбек!
5-декабрь туулган күнүң менен куттуктайбыз! Сага кааларыбыз темирдей бекем денсоолук, ата-энеңдин алтындай уулу, класста жакшы окуучу, мыкты спортсмен, келечеги кең, билимдүү, ыймандуу, бактылуу балдардан бол! Дайыма ушундай көңүлүң ачык, жаркылдап жүр!
Ата-энең: Курманбек, Вера, агаң - Адилет, эжең - Гүлзат, карындашың - Баяна.

Урматтуу окурмандар!
"Аалам" гезит редакциясы Сиздерге биздин гезит менен кызматташууну сунуштайт.


Гезитибиздин окурмандарынын кабары калың. Саясатчылар, мамлекеттик кызматкерлер, бизнесмендер жана карапайым окурмандарыбыз биз менен кызматташ, күйөрман. "Ааламды" биздин өлкөбүздүн ичинде эле эмес, ошондой эле чет мамлекеттерде да окуйт. А бул болсо Сиздин потенциалдуу клиент-кардарларыңыз.

"Аалам" Сиздин материалдарыңызды жарыялоого даяр. Материалыңыз сиз каалагандай мамлекеттик же расмий тилде жарыяланат.

3 айдан ары узак мөөнөткө келишим түзүүдө 20 пайыз жеңилдик каралган. Эгер Сиз Кыргызстандын кеңири рыногунда өз өнөктөштөрүңүздү, кардарларыңызды тапкыңыз келсе, биз сунуштагандай ыңгайлуу мүмкүнчүлүктү табышыңыз кыйын.
Пенсионерлер менен ардагерлер үчүн бекер кызмат кылууга даярбыз. Бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаңыздар болот:

0(312) 59 17 38, 59 17 37
Факс: 59-17-38
E - mail: aalamga @ mail.ru
Биздин дарек: 720005 Бишкек,
Байтик баатыр көчөсү, 73