Кайрылгыла, жазгыла

Элдин үнү - SMS
Бул бурчта биз менен бардык оюңузду бөлүшсөңүз болот. Эң кызыктуу СМСтин ээсине редакциядан белегибиз да бар.
Шарты жөпжөнөкөй. Уюлдук телефонуңуздан 4436 кыска номуруна "AALAM" деген сөздөн кийин аралык калтырып, СМС-билдирүү жөнөтүңүз. СМС-билдирүүнүн акысы кошумча нарк салыгы менен - 0,50 $.
Редакциянын 59-17-38 телефону аркылуу да оюңузду айтсаңыз болот.

Караш Насер: - Жапондор VIII кылымда эле техникасы болбосо да алтын казып чыгарып, дүйнөнүн элин таң калтырган экен. "Болор бала бешиктен" деген ушул да.

Табылды: - Кыргыздар айтыңар маарек болсун, ар бириңердин үйүңөргө тынчтык, бекем денсоолук, ынтымак-ырашкердик каалайм! Кудайым Кыргызстандын келечегин кең кылып, ар дайым колдоп жүрсүн!

Өмүрбек: - Курултайда эл жык-жыйма болду. Канчасы киралбай калды. Атаңгөрү, ушул жерде айтылгандардын жарымы ишке ашса, Кыргызстан алдыга жылат эле. Өзүмчө толкунданып, ыйлагым келди. Биз го жашадык, көрдүк, биздин балдар, неберелердин келечеги кандай болот? Кудай, сенден сураарым, кыргызды ойлогон, накта патриот адамдар көбүрөөк болсо экен, ушу бойдон жүрө берсек жоголуп кетебиз го…

Адилет: - Айбек, 5-декабрь туулган күнүң менен куттуктайм! Мыкты денсоолук, окуудагы жана спорттогу жетишкендикти, келечекте пайдалуу кесиптин ээси болушуңа тилектешмин!
Мадина: - Качан кар жаайт ия? Канчадан бери эңсеп жүргөн кымбат "дубленка" алдым эле, көчөгө кийейин десем күн жылуу. А мен кийип алып, кыздардын көзүн кычыштыргым келип атпайбы?

Жаныш: - Нурлан Мотуев менен Турсунбай Бакир уулунун тандемин окуп алып күлкүм келди. Буларга менимче, кыларга иши жок болуш керек. Айлалары кеткенде тандемди ойлоп табышкан го. Башкаларды билбейм, биздин "жакшылардын" жоруктарынан көңүлүм айнычу болду. Ажыга барып келген, намаз окуган кишилер жаман-жуман сөздөрдү сүйлөбөйт дечү беле…

Назима: - Теледен угуп отуруп, өзүмчө таңгалдым. Ноябрь айында биз светти ашыкча жагыптырбыз. Өткөн ай аябай эле жылуу болду, ошону көрүп-билип турушуп эмне үчүн үнөм кылышпайт? Эми даана кыш күчүнө киргенде светти өчүрүп "ит" кылышпаса болду го?

Венера: - "Пробка" деген балээни билчү эмес элек, эртең менен деле "пробка", кечинде деле "пробка"… Бишкекке келген коноктор, айылдыктар, "Кел демей бар, кет демек жок". Бизди жүдөтпөй кеткилечи үйүңөргө, оокат-жайыңар, мал-салыңар эмне болду?
Кумар: - Менин кызым жомок айтып берчи деп эле кыйнай берет. Илгеркидей кыргызча жомок китептерди кайдан сатып алса болот? Биздин КТРден балдар үчүн атайын берүүлөр жок, жалаң шоу-концерт, маңдай-тескей отуруп алып эзиле беришет. Тарбия-таалим бере турган, балдардын келечегине керектүү берүүлөр, спортко байланышкан болсо жакшы болот эле…

Гүлзат: - Жол кире дагы кымбаттайт деп атышат. Бул не деген шумдук? Айлыкка иштегендердин айласы алты кетип атат. Тамак-ашка өп-чап жетип, айлыктан айлыкка карыз боло берип тажап кеттим. Москвада айлык жакшы деп угам, эптеп акча таап, тааныш таап ошо жакты көздөй сызсамбы?

Айгүл: - Апа, ата, удаа келген туулган күнүңүздөр менен куттуктайм! Экөөңөр биздин маңдайыбызда аман болуп, төрдүн көркүн ачып, небереңерди жыттап, биздин сыйыбызды көрүңүздөр!

Эрмек: - Мен Неляны сүйүп калдым окшойт. Кантип ага жолугуп, оюмду билдирем… Ага окшоп ырчы болбосом, мени теңине албайт го? Ушунчалык сүйкүмдүү, татынакай экен, куурчактай эле кылып көтөрүп жүргүң келет…


СМС кабыл алган
Вера Аламанова





  Бал төлгө

(1- 8-декабрь)
Кой
Бул жума кой жылдызы үчүн жагымдуу учур. Бул учурда жолугушууларды өткөрүп, иш баштасаңыз болот. Жуманын ортосунда көңүлүңүз түшүшү күтүлөт. Бул учурда өзүңүздү колго алып, туура эмес иш кылып алуудан сак болуңуз. Мүмкүн болушунча көмүскөдө калууга аракеттениңиз. Жуманын аягы жумушта да, үйдө да кыйынчылыктар күтүлөт.

Букачар
Кыш айынын алгачкы аптасында жеке турмушуңузда сиз ойлобогон, сиз күтпөгөн бурулуштар жана өзгөрүүлөр болушу ыктымал. Чакыруулар менен кечеде болосуз. Отуруш кызыктуу өтөт. Эс алуу күндөрү үй-бүлөңүз менен болосуз жана жакындарыңызга чакан белек берип коюу да эсте болсун.

Эгиздер
Бул жумада эгиздер жылдызынын астында төрөлгөндөр көп ийгиликтерге жетише алат. Күтүүсүз жаңылыктар пландарыңызды ойрон кылышы мүмкүн. Бирок аракетиңизди уланта берсеңиз ийгилик сөзсүз сиз тарапта болот. Жуманын аягы сүйлөшүүлөр үчүн татаал мезгил. Жеке турмушуңузда жагымсыз өзгөрүүлөр күтүлөт.

Бөйөн
Кыш айынын ушул жумасында көңүлүңүздү бузуп, жүрөгүңүздү мыжыккан ойлор оюңуздан кетпей, кандайдыр бир көрүнүшкө сарсанаага түшөсүз. Мындай көрүнүш убактылуу гана, анткени алдыда сизди жаркыраган жакшы күндөр күтүп турат. Курбуларыңыз менен кечеде болосуз жана кечеңиз көңүлдүү өтөт. Жуманын аягында көптөн бери көрө элек жакын адамдарыңызга кездешесиз.

Арстан
Эгерде жумушта мыкты сапаттарыңызды көрсөтө билсеңиз, жеңиш сиздики болот. Үй-бүлө маселелерин чечүүдө кадыр-баркка таянуу керек. Сизди курчап жүргөн адамдар жөнүндө да унутпаңыз, алар менен жумшагыраак сүйлөшүңүз. Жуманын ортосу кыйла кыйынчылыктар менен коштолот. Жуманын аягында чыгармачылыкты талап кылган кесип ээлерин ийгилик күтүп турат.

Бийкеч
Бул жуманы жакшы ой-максаттар, жаңы тилектер менен баштайсыз. Жуманын ортосунда көптөн бери ойлоп жүргөн иш пландарыңыз ишке ашат. Чакыруу менен мейманда болосуз. Бирге иштеген кесиптештериңиз менен жылуу мамиледе болуңуз, анткени алар сиздин жылуу мамилеңизге муктаж. Дем алыш күндөрүн жакын досторуңуз менен чет жакка эс алууга арнаңыз.

Тараза
Жуманын башталышы тараза жылдызы үчүн өтө маанилүү. Дал ушул мезгилде профессионалдык жана каражат жагынан ийгиликке жетишесиз. Душмандын провокациясына алдырбай, жаныңыздагы адамга аяр мамиле жасаңыз. Сырыңызды ичте сактап, айланада болуп жаткан окуяларга көңүл бөлүңүз. Жуманын аягында эски көйгөйлөр чечилип, киреше таба аласыз.

Чаян
Чаян жылдызынын алдында төрөлгөндөр үчүн апта анча көңүлдүү башталбайт. Ар бир кадамыңызды ойлоно билсеңиз апта жаман болбойт. Жуманын ортосу туруксуз болуп, чоң өзгөрүүлөр күтүлөт. Үй-бүлөдө ынтымак жана тынчтык орнойт. Жуманын аягында бизнес чөйрөсүндөгүлөр үчүн кызыктуу окуялар болушу күтүлөт. Баш оору, нервдик чыңалууга туш болушуңуз ыктымал.

Жаачы
Эгерде чечкиндүү, кайраттуу болсоңуз, жуманын башында жумушуңузда ийгиликтерге жетишесиз. Ал эми сүйүү жаатында болсо жакын адамыңызга көңүл бурууңуз талап кылынат. Жагымдуу жолугушуу болушу күтүлөт. Жуманын ортосунда жашооңузда кыйынчылыктар келип чыгат. Дос-туугандардын жардамын күтпөй эле коюңуз.

Текечер
Бул жуманы жоготуусуз өткөрүп, ийгиликке жетишкиңиз келсе, сезимдериңизди башкара билиңиз. Кесиптештериңиз жана сүйүктүүңүз менен болгон мамилеге көбүрөөк көңүл буруңуз.. Жуманын ортосунда планыңызды өзгөртүүгө мажбур болосуз. Кызматтагы иштериңиз ойдогудай жүрүшөт, бирок жеке турмушуңузда кыйынчылыктар келип чыгат.

Суу пери
Жуманын башы активдүү ишмердүүлүктү талап кылаарына даяр болуңуз. Жашоодогу көйгөйлөрдү жүрөгүңүзгө өтө жакын кабыл албасаңыз, жеңищке жетишесиз. Жуманын ортосунда жеке иштериңизди калыпка келтирүүгө ыңгайлуу жагдай түзүлөт. Бул учурда сизге тааныш эмес жаңы иш менен алек болбоңуз.

Балык
Жуманын башы балыктар үчүн жагымдуу учур. Бул учурда өз пландарыңызды ишке ашырууга үлгүрүңүз. Жуманын ортосунда ыңгайлуу жашоого муктаждык өсөт. Айланадагылар сиздин көйгөйлөргө түшүнүү менен мамиле кылат. Жуманын аягы жыйынтык чыгарууга, чоң нерсе сатып алууга, никеге турууга ыңгайлуу учур.

Даярдаган
Кундуз Мандыбаева




  Анекдоттор

* * *
Эшиктин коңгуроосу шыңгырайт:
- Жакшы турасыздарбы, биз ылдыйкы кабаттагы тушташ коңшуңузбуз.
- Анан?
- Анан мындай болуп турат. Потологубуздун туш-тушунан суу тамчылап атат.
- Анан?
- Анан мындай болуп турат. Сиздер ваннаңыздардагы крайникти жаап кое алар бекенсиздер? Болбосо полуңарда суу шалпылдап, адеп шыйрагыңар тоңот, андан барып суук тийет да, андан өлөсүңөр. А эгер өлбөй калсаңар биз өзүбүз сөзсүз өлтүрөбүз!

* * *
Эки профессор паркта эс алып олтурушат.
Бири экинчисине:
- Кандай айтсак да, адам өзү акыл жеткис бир жандык.
- А эмнеге антип ойлойсуң? - деп сурайт беркиси.
- Асманда жылдыз жанып турат десең мыңк этпей ишенет да, ал эми "абайла, алдыгы сырдалган" деп жазылып турганга ишенбей сөзсүз түрдө сөөмөйү менен сыйпалап байкап көрөт.

* * *
- Айыпкер, сотто айтыңызчы, эмне болду эле?
- Келаткам, түн болчу, бурчтан мынабу экөө тосуп, "шапка, шубаны снимай" дешти.
- Анан?
- Анан биринин шубасын, биринин шапкасын снимайт этип алдым. Болгону ушу?

* * *
- Алло, апа. Мен үйгө баратам. Бир нерсе сатып алайынбы?
- Өзүңө квартира сатып ал, придурок, анан өзүңчө жаша!

* * *
МАИчи:
- Аччы, багажнигиңди! Так, бул сиздин автоматпы?!
- Меники эмес.
- Анан кимдики?
- Мишка Калашниковдуку!