Менин апам…

"Ата Мекенди" колдогон Акжолтойдун апасы
Бул рубрикабызга буга чейин экс-депутат Азимбек Бекназаровдун, депутат Ибрагим Жунусовдун апасы жөнүндө чыкканы эсиңиздерде болсо керек. Бүгүнкү мейманыбыз "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин энеси - Тилла апа жөнүндө болмокчу.

- Менин апам жаштык кезин колхоздун пахта талаасында өткөргөн. Талаага таңкы саат 6да кетип, түнкү саат 10-11лерде келчү. Өз энебизди сейрек көргөндүктөн, чоң энебиздин тарбиясында өскөнбүз. Ошол учурдагы энелерге баа берем. Төрөгөндөн кийин бат эле талаа жумушуна чыгып кетишчү. Ал энелердин арасында менин да апам бар. Менден сегиз жаш улуу Айсулуу аттуу эжем бар. Апам мени төрөгөндө айылдагы Маруся аттуу орус медсестра аял кабыл алып, "өмүрү узун бала болсун" деген тилек менен ушул ысымды ыйгарган экен. Менден кийин эки иним - Асылбек, Алмаз, Нурила карындашым төрөлдү. Артынан көп бала ээрчитип келди деп кубанган ата-энем мени "Акжолтой" деп эркелетишчү. Эркеликтен өзүмчүл болуп чоңойдум. Каалаганды жасап, беттегенимди берчү эмесмин. Мотоцикл айдаганды жакшы көрчүмүн. Аны зуулдатып айдап жүрүп далай жолу жыгылгам. Кыскасы, айыл ичин чаңызгыткан рокер болчумун. Кичинемден эле куйма кулак, кызыл тилге жакын өстүм. Бир нерселерди сүрөттөп, сүйлөп берүүгө маш элем. Ошондон уламбы, линейкаларда чыгып саясий маалыматтарды сүйлөгөнгө мугалимдер тапшырма беришчү. Бирок, мектеп окуучуларын сабактан калтырып, талаа жумуштарына жумшагандарын жактырчу эмесмин. Ал кезде колхоз жумуштарында план толтуруу деген бар эле. Мамлекеттик, коммунисттик партиянын сыйлыктарына социалисттик мелдештер уюштурула турган. Ар бир бригада ошол сыйлыкка жетүү үчүн жан үрөп иштешчү. Менин апам эч кимге алдыңкы орунду бербей жүрүп, көптөгөн сыйлык менен сыйланып, эмгектин ударниги болгон. Ошол жылдардагы эсимде калганы кат. Окуу жайларда окуп жүргөндө, армияда жүргөндөгүлөрдөн кат келгенде үйдүн номери эмес, колхоз менен бригаданын аттары гана көрсөтүлчү. Чөп чабуу, пахта терүү ж.б. колхоз жумуштары көп болгондуктан, мектеп окуучуларын да талаага чыгарышчу. Пахтага чыкканда апам мени аяп, өзү терген пахтадан мага берип койчу. А мен аны таразага жеткирбей эле классташтарыма берип коер элем. Биздин жаштыгыбыз советтик доордо мына ушинтип өттү.

Анжыянга сапар тартуу же жыртылган өтүк
- Апам ата-энесинен өтө жаш калгандыктан улуу эжесинин колунда тарбияланыптыр. Ал кишини биз "таене" деп коер элек. Таенем 103гө чыгып, көзү өттү. Апам - 75 жашта. Айылдагы инилеримдин колунда турат. Биздин үйбүлө даталуу күндөргө илгертен эле маани бербейбиз. Чакан столдо гана белгилейбиз. Мына мен эр ортону 50 жашка чыкканы турам, бирок, юбилейлик жашты белгилейин деген оюм жок.
Апам Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылынан болот. 16 жашында турмушка чыкса керек. Ошол жылдары Кыргызстанга да буга тиешелүү мыйзам келип калса керек. Мыйзамдан чочуркаган атам "Жаш кызга үйлөндү" дебесин деп метирке алып жатканда апамдын жашына үч жаш кошуп, Текебаева Тилла деп жаздырып алган экен. Ата-энем катуу кырдаалда баш кошуптур. Өзбекстан мамлекетиндеги Анжыянда атамдын бир туугандары жашаган (илгертен эле Анжыянда кыргыздар, ошонун ичинде мундуздар жашайт да) экен. Жаңы үйлөнүшкөндө ошол жактагы туугандарга барып, иштеп келели деп ойлошкон окшойт. Азыркы тил менен айтканда "мигрант" болушкан. Ошол күндөн апамдын азыркыга чейин эсинде калганы атамдын өтүгү. Жолдон атамдын өтүгү жыртылып, башы түшүп калайын дегенде талаадан зым таап, байлап, эптеп жетишкен экен. Ал жакта деле жашоо жакшы эмес болгон. Туугандар кыйынчылык жашоону билгизбей, ата-энемди жакшы тосуп алып, колдон келишинче сыйлашкан экен. Ал жерде бир аз иштеп, кайра келе беришиптир. Апам башынан кандай кыйынчылык заманды кечиргенин айтып олтурат. Атам уста киши болчу. Айылдагы көп үйлөрдү атам салган. Сабактан келгенден кийин дайыма атама жардам берчүбүз. Айылдагы үйүбүздү өзүбүз салганбыз. Мен окууну бүтүп жатканда атам каза болуп калган.

Партияны
колдогон эне
- Бардык энелердей эле менин апам да канча баласы болсо ошончого жүрөгү бөлүнөт. "Матрешка-Гейт" чыр-чатагында кандай акыбалда болгонун айтпаса да түшүнөм. Ошондо да "болду балам, саясаттан кет" деп айткан эмес. Намыскөй. Ар бир баласынын жүргүзүп жаткан ишине кылдат мамиле жасап, "Текебаевдердин үйбүлөсүнүн намысы" деп түшүнөт. Биздин партия көз жарганда "Кыргызстанга кызмат кылсын" деп ак батасын берген. Ушул күнгө чейин сүрөп келет десем жаңылышпайм. 2001-жылы "Ата Мекен" партиясы аянтка чыкканда, аны колдоп биз менен көчөгө чыккан күндөрү болгон. Апаң колдоп турса, ого бетер күчтөнөт эмессиңби. "Жакшы тилек менен башталган ишти таштабай, аны алдыга сүрө" деген ураан менен жүргөн жөнөкөй адам.

Тергегенден келип чыккан Текебай
- Текебай чоң атамдын көзү согуш жылдарында өтүп кеткен экен. Чоң атам төрөлгөндө жакшы ниет менен айылдагы кадырлуу аксакалдын атын беришкен экен. Бирок, айылдын келиндери атынан айта албай, "Текебай" деп тергешкендиктен улам ушундай атка ээ болуп калган экен.
60-70-жылдары Балтабай, Текебай, Ботбай, Чоң мурун, Козубай, Тезекбай ж.б. ушул сыяктуу аттар коюлганы баарыбызга малым. Кыргыздын улуттук касиетине ыраазымын. Анткени, аты-жөнүңдү өзгөрткөнгө мыйзам уруксат берсе да, бир дагы кыргыз өзгөрткөн жок. Мындай мамиле өзүбүздүн кылымдардан кылымга келаткан тарыхыбызды, үрп-адатыбызды, салтыбызды ыйык тутканыбызды билдирет. Ал кезде жаңы маданий толкун болгон кезде ал көрүнүштөр эскинин калдыгындай көрүнгөн. Азыр, тескерисинче, кыргыздар аты-жөнү менен сыймыктанышат. Сыймыктангандардын арасында мен да бармын. Саясий оппоненттер жана Кыргызстандын аттуу-баштуу эле гезиттери "фамилиясы - Текебай. Анан дагы Чиркешович болсо" деп шылдыңдап жазышкан жана бүгүнкү күнгө чейин жазып бүтпөй жатышат.

Үйбүлөлүк герб
- Биздин фамилиябызга ким кандай сөз айтса дагы, мен өзүмдүн аты-жөнүм менен сыймыктанам. Керек болсо биздин үйбүлө сүйлөшүп, кеңешип олтуруп, аты-жөнүбүздү үйбүлөлүк герб (тамга, белги) кылып алдык. Тагыраак айтканда, байыркы замандагы адамдардын аскага тарткан, ташка чегип жазган текенин сүрөтүн сыймыктануу менен кабыл алдык.

Алтын кыз
Айсара
- Үйбүлөлүк салт жөнүндө сөз козголуп калгандан кийин, үйбүлөм жөнүндө айта кетейин. Бир ай мурун кыздуу болдук. Бир кыз, эки уулума төртүнчү наристе кошулду. "Атын кандай атайбыз" деп тынчсызданып, аны жарым жыл талкууладык. Ар кимден ар кандай сунуштар түштү. Анан "мындан ары үйбүлөдө салт боло жүрсүн, кыздардын атына "ай" деген мүчө улансын" деген мыйзам чыгардык. "Апаңардын аты - Айгүл. Эжеңер - Айданек. Апамдын аты - Тилла. "Тилла" деген Кокон хандыгындагы "алтын монета". Ал убакта алтынды "тилла" деп аташчу экен. Салт боюнча кыргыздар ата-энесинин атын көзүнүн тирүү кезинде койбойт. Ошондуктан, "Сара" деген ат фарс тилинде "алтындай" дегенди билдирет экен. Кыргыздарда деле сары деген ат көп кездешет. Жогоруда кабыл алган мыйзамга баш ийип, "Ай" дегенди алып, апамдын атын да, жаңы эле жарыкка келген кызымдын атын да иликтесек "алтынды" билдирет экен, мааниси бир болду деп купулубуз толгондон кийин кызыбызга ушул атты ыйгардык.

"Аркалык болсо деле, орус болсо деле мейли…"
- 50 жашымда көргөн кызым. Мен аябай кеч үйлөнгөнүмдү баарыңар эле жакшы билесиңер. Республикадагы аз сандагы карт бойдоктордон болуп жүрүп, 36 жашымда Айгүлгө баш кошком. Мен үйлөнгөнчө апамдын чый-пыйы чыкканы эсимде. Бишкекке жөнөп жатканда апамдын үнүн катуу чыгарып кошуналарга "аркалык кызга үйлөнүп албаса экен" деп айтып жатканын угуп калгам. Жол алыстыгынанбы же турмуш-тиричиликтин кээ бир айырмаларынан уламбы, айтор, башка жердин кызын алса эле чочуркап турушчу. 30 жашка жакындап калганда "аркалыктан болсо деле мейли эле" дегенин, 30 жаштан өткөндөн кийин "орус болсо деле мейли эле" дегенин угуп күлгөм. Маңдайыма Айгүл аттуу жарды жазган экен. Айгүлдү 31 жашымда жолуктургам. Түбү - Көлдөн. Ошто төрөлүп, өскөн. Кеп жеринде эмес, ыйманында дегендей, ынтымактуу жашап келатабыз. Кудай ушуну кут кылсын.