Пресс-конференция

Социал-демократтар бийликти эмне деп сындайт?
СДПК партиясы : "Президенттин жана Өкмөттүн экономикалык кризиске байланыштуу чаралары азыркы талапка жооп бербейт"
Кечээ, 26- ноябрда Жогорку Кеңештин басма сөз борборунда ЖКнын Социал- демократтар фракциясы өлкөнүн президентинин жана өкмөттүн экономикалык кризиске каршы чараларын кескин сынга алган билдирүүсүн жарыя кылды.

Айгүл Бакеева

Бакыт Бешимов, СДПК фракциясынын жетекчиси:
- Биз, СДПК фракциясы, өлкөнүн президенти жана өкмөтү 24- ноябрдагы элге жарыялаган кризистен чыгуу саясатын иликтеп чыккандан кийин өз оюбузду тезинен билдирип коюуну туура көрдүк.
Дүйнөлүк экономикалык кризис улам көбүрөөк өлкөлөрдү каптап, калктын кирешесин төмөндөтүп, бул маселеге олуттуу мамилени талап кылып жатат. Бүгүн мамлекеттик жана коомдук ишмерлерге, өкмөткө жана парламентке, саясый партияларга жана жарандык коомдорго жоопкерчилик мамиле болуп көрбөгөндөй коюлуп отурат. Бул абалга жараша биз чукул чара көрүүгө тийишпиз. Бирок 24- ноябрдагы өкмөт катышкан Кеңешмеде президент тарабынан элге жарыя болгон чаралар бизде өкүнүчтү пайда кылды. Азыркы абалга мындай мамиле менен биз кризистен чыгаарыбызга ишеним туудура албайбыз. Дүйнөлүк экономикалык кризистен чыгуу боюнча президенттик- өкмөттүк саясат азыркы талапка жооп бере албай тургандыгын билдиребиз. Өлкөдөгү азыркы чыныгы абалга терең анализ берилген жок жана коңшулаш мамлекеттердеги оор эономикалык абалдын Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасири да иликтенген эмес. Өкмөттүн алды жакты көрө билбегендиги, өзүнүн милдети менен убадаларына тушалышы,өкмөттүн өзү өлкөнү өнүктүрүүдөгү башкы тоскоол болуп калууда. Өлкөнүн потенциалы, мүмкүнчүлүктөрү, экономикалык негизги багыттары, банк секторунун абалы, экспорт- импорт стратегиясы, акча- кредит жана фискалдык саясаты терең иликтөөгө алынган эмес. Мына ушундан коркунучтуу өзүм билемдик келип чыгып атат. Ушуга байланыштуу СДПК фракциясы экономикалык кризиске каршы төмөнкүдөй талаптагыдай чараларды көрүүнү сунуштайт:
1. Социалдык- экономикалык көйгөйлөрдү чечүүдө башкаруучулук чечимдердин сапатын көтөрүү менен мамлекеттин жөнгө салуучу ролун күчөтүү . Бүгүн либералдык экономикалуу мамлекеттерде да мамлекеттин ролун күчөтүүгө киришти. Мамлекеттик башкарууга кетип жаткан бюджеттик чыгымдарды азайтуу боюнча реформаларды кечиктирбестен баштоо керек, чакан жана натыйжалуу мамлекеттик башкаруу жолу менен баруу керек. Өлкөбүз профессионалдардын өкмөтүн күтө берип зарыкты. Мамлекеттик чыгымдарды деформациялоону токтотуу керек. Алсак, 2008- жылы президенттик администрациянын жана иш башкармалыгынын чыгымдары 2007- жылга салыштырмалуу 45 пайызга өсүп кетти, президенттик администрациянын мамлекеттик күзөт кызматыныкы 75 пайызга, өкмөттүн аппаратыныкы 39 пайызга, аткаруу органдарыныкы (министрлик, ведомстволор, комитеттер) 35 пайызга өстү. Өлкөнүн энергетика тармагы жаңы жабдууларга муктаж болуп турган чакта президент үчүн 472 млн сомго самолет сатып алынды.
Мамлекеттик чыгымдарды жолго салуу инфраструктураны өнүктүрүүгө, калкты социалдык жактан чыгымдарын көбөйтмөкчү. Өкмөт каатчылыкта пайдалангыдай алтын, валюта запасын көбөйтүү боюнча максаттуу саясатты жүргүзүшү керек.
2. Бекем саясый эрк жана чынчыл принциптер менен коррупцияга каршы аеосуз жана системалуу түрдө күрөшүү . Бизнести жана экономиканын бардык тармагын так жана ачык эрежелер процедуралар жолуна салуу керек. Экономика куру сөзгө курулбай, ойлонулган саясатка муктаж. Салык төлөөдө ачыктык жана эларалык практика боюнча аудит өткөрүү керек. Калк кимден жана кантип салык чогултулуп жатканы, мамлекеттик ресурстар экономикалык ресурстар кандай пайдаланылып жатканы тууралуу кабардар болуп турушу керек.Улуттук банктын акча- кредит жана финансылык саясаты ойлонулган координацияланган болушу керек. Банктагы депозиттик төлөмдөр боюнча камсыздандыруу гарантиясы боюнча саясат жакын арада жарыя болушу абзел.
3. Калкты социалдык жактан коргоо боюнча натыйжалуу чараларды кабыл алуу.
Өкмөт конкреттүү цифралар менен калктын аялуу катмарын кандайча колдой тургандыгы тууралуу саясатын түшүндүрүп бериши керек. Калк кыйын кезеңде бардыгы бирдей деңгээлде кыйынчылыкты жеңүүгө жоопкерчилик менен мамиле кылып жатканын жана бири- бирине жардам берүүгө даяр тургандыгын сезиши керек. Социалдык тилектештик бул бүгүнкү күндүн талабы.
4. Өзүнө тартып турган, чыныгы, инвестициялык климатты түзүү
Кризистен бардыгы эле жеңилип чыга бербесин, кимдин бирөөлөр жеңип чыгаарын да эске алып коелу. Инвесторлор күнү бүгүн Кыргызстандын өкмөтү тарабынан бекем жана ойлонулган колдоо болоорун сезиши керек. Ошол себептүү өкмөт жана парламент бизнес өкүлдөрү менен өлкөдөгү жемиштүү стратегияны иштеп чыгышы зарыл. Экспорт жана реэкспорт саясатын колдоо стратегиясы эң негизги багыт болуп калышы керек. Эл аралык финансылык уюмдар жана донорлор менен бирге натыйжалуу жана аяр жөнгө салуучу ишти жүргүзүү талап кылынат.
5. Өлкөнүн экономикасындагы айыл чарба өндүрүшүнүн чоң үлүшүн эске алып, аны колдоо чараларын ачык аныктап алуу.
Өкмөт азыр "Айылбанкты" колдоо кандайча жүрөт, берилип жаткан кредиттин проценттик ставкалары кандай болоорун түшүндүрүшү керек.. Конкреттүү чечим чыгаруу убактысы эки ай мурун келсе дагы, өкмөтүбүз азыркы кезге чейин кыялы менен гана жашап келет.

Иса Өмүркулов, СДПК
фракциясынын мүчөсү:
"Терең реформа
болмоюнча алга
жылбайбыз"
- 24- ноябрда болуп өткөн кеңешмеде социалдык- экономикалык анализ жүргүзүлбөдү, энергокризис өлкөгө кандай чыгымдарды алып келип,өндүрүштүн жабылышына, жумушчу орундардын азайышына себепкер болгону, энергокризистин өлкөнүн бюджетин толуктоого тийгизген таасири жөнүндө сөз болгон жок. Бул жылдын бюджетинин кирешеси 39 млрд сом болсо, келерки жылга 41 млрд сом болгону турат. Бирок буга мугалимдердин, врачтардын ж.б. айлыгын көтөрүү жагы каралган жок. Өлкөнүн бүгүнкү экономикалык программасы, кризиске каршы программасы жок. Өкмөт эки токтом кабыл алып, "Өнүгүү фонду" деген жабык акционердик коом түзүп, 600 млн сомду которуу белгиленди.
Мындан тышкары өкмөт эң маанилүү объекттерди менчиктештирүүдө. Алсак, Казакстанда энергоресурстарынын бирин сатып, кайра аны зор чыгым болуу менен мамлекетке кайтарып алууга аргасыз болгондугун да эсибизге алалы. Бүгүнкү күнү мурда сатылгандарга кошумча "Кыргызалтын", Түштүк жана Түндүк госкомгеология жана эң негизги стратегиялык обьект- Темир жолу сатылганы жатат. Евросоюздун бир дагы өлкөсүндө темир жолду саткан өлкө болгон эмес. Эстония бир жылдары АКШга сата коем деп аны чоң чыгым болуп кайра өзүнө сатып алууга мажбур болду. Мен Темир жолунда жетекчи болуп жүргөнүмдө 70-80 млн сом киреше берчү, темир жолу- кирешелүү тармак.
Административдик- территориялык терең реформа болмоюнча өлкөдө жылыш болбойт. Айыл чарба министрлигин кармап туруу үчүн эле 800 млн сомдон ашык каражат жумшалат. Премьер-министр эки тармакка: айыл чарбасына жана үй курулушуна негизги басым жасоо керектигин айтты. Айыл чарбасы бардык жерде дотациялуу. Жеке менчик өкүм сүрүп турат, кооперативдер жайылтыла элек.
"Айылбанктын" кредитинин проценттери мурункудан өсүп кетти. Бүгүн негизги тармак-энерготармагы. Биздикиндей ресурстар мурдагы СССРдин бир да өлкөсүндө жок.
Экинчиден тоо- кен өнөр жайы. "Кумтөр" менен келишимди ратификациялабай биз өткөн жылы 1 млрд долларды албай калдык. Ал кезде "Кумтөрдүн" акциясы 14 доллардан болучу, азыр 1 доллар гана болуп калды. Салык кодексинин жаңы долбоорунда да көп алешемдиктер бар. Кошумча нарк өңдүү бир топ салыктар эми алынбайт, мүлккө салык киргизилди, бирок анын жөнгө салуу жагы каралбаган, мүлктүн эсеби алынган эмес.
Азыркы кадр саясатында да мүчүлүштүктөр арбын.




  Саясатта жаңы тандем…

Турсунбай Бакир уулу жана Нурлан Мотуев:
"Түштүктү түрө кыдырып келдик"
Аталган эки саясатчы жакында Түштүктү кыдырып кайтышты. Ал жактагы элдин акыбалын сурап, бул мырзаларга бир нече соболдор менен кайрылдык.


"Жоомарт" патриоттук кыймылынын лидери Нурлан Мотуев:
- Биз, Кыргызстан мусулмандар союзунун теңтөрагалары Т.Бакир уулу жана мен Түштүктүн областтарын түрө кыдырып, эл менен жолугушуп кайттык. Митингддерди өткөздүк. Кызыл-Кыяда, Ноокатта, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокен, Аксы, Ала-Бука райондорунда, Ош, Жалалабат шаарларында, мечиттерде болуп эл менен сүйлөштүк. Күндө беш маал намаз убактысында өткөндүктөн, бул жолугушууларга 80 миңден ашуун адамдар катышты. Бул өтө чоң күч. Биз менен бийлик да, оппозиция да эсептешиши керек. Негизги ураан бул болду: Бакиев өз мөөнөтүнүн аягына чейин турсун, бирок ошого чейин айланасындагы акаевчылардан тазалансын дедик. Алар ким? Ошол эле М.Садыркулов, Ө.Суваналиев, 18 жылдан талкаланган мамлекетти бүгүн да талкалап атышат. Алла жолунда дават өткөрүп да жүрдүк. Барган жерде эл жакшы кабыл алып жатты, сый үстүндө жүрдүк. Мени "көмүрдүн королу келди" дешип бүт эле таанышты. Бийликтер адегенде тоготкон жок. Кийин чочулап милиция, КГБсын салып кайтартып коюшту. Менин байкаганым - эл Ө.Текебаев, Ф.Кулов, А.Атамбаев ж.б. келсе кийирмек эмеспиз, бирок силерди сыйлайбыз дешти. Таң калганым: булар Бишкектен чыкпаган саясатчылар экен көрсө, мындагы сатылма гезиттерге өзүлөрүн өзүлөрү мактатып, кыйын боло беришет тура. Жарык өчүп турат экен, көмүрдүн тоннасы Кызыл-Кыяда 7,5 миң экен, Ноокатта 6,5 миң сом экен.
Биз, эки саясатчы, чыныгы ыйман жолунда жүргөн адамдар катары биригип, тандем түздүк. Турсунбай байкенин бир гана артыкчылыгы бул киши ажы, мен буюрса эми барганы турам.

"Эрк" партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу:
- Кыргызстандын элине белгилүү, биз 16-декабрда жалпы республикалык нааразылык акциясын өткөрүүнү маалымдаганбыз. Ар бир облустун борборунда биз каршылык акцияларын өткөрөбүз. Максат - эл бийликти уксун, элди биз топтойбуз. Бүгүнкү күндө чындыкты саясатчылар айтса, бийлик "бул 3-4 саясатчыга кызмат эле керек" деп айтып элди алдап коюп атпайбы?
Биз элди бийлик менен бетме-бет жолуктуруп, ошолорду эл өзү уксун дейбиз. Ошондо мүмкүн аларды угат. Мүмкүн дегеним - бүгүнкү күндө саясат өзгөрүлбөсө эл катуу көтөрүлүшү ыктымал. Конституциянын 27-беренесине таянып, жер-жерлердеги бийлик өкүлдөрүнө эскертүү таштап кетип жатабыз. Алгачкы мындай жолугушуу 16-декабрда Нарында, 17-де Ысык-Көлдө, 18-де Таласта, 20-декабрда Ош шаарында өтөт. Буга жергиликтүү бийлик, борбордук бийлик, чет элдик өкүлчүлүктөр, НПОлор, саясый партиялар, ММКлар чакырылат. Ал эми Баткен облусунун тургундарын 21-декабрда Кызыл-Кыядагы борбордук стадиондон күтөбүз.
22-декабрда ипподромдо Жалалабаттык тургундар менен жолугушуу өтөт. 24-декабрда Чүй, Бишкек региондордон келген элдин баарын борбордук "Спартак" стадионуна чогултабыз. Ушу 7 ири иш-чарадан соң да бийлик эсине келбесе, анда элдин айтканы болот. Барган жерде ушуну сүйлөшүп келдик. К.Бакиевке 1,5 жыл калыптыр президенттик мөөнөтүнүн бүтүшүнө. Эгер ушу убакытта экономикалык да, руханий да кризистен чыгып кетпесек, анда бул бийликтин кереги жок. Бийликке айтаарыбыз - элден коркпосун. Президентти эл шайлаган соң элге отчетун берсин. Жанындагы кошоматчыларды укпай, элдин сөзүн уксун!
Расмий түрдө чакыруу кагаздарын жакында тарата баштайбыз. Элди болсо биздин жер-жерлердеги координаторлорубуз даярдашат.
"Эрк" партиясы, "Жоомарт" патриоттук кыймылы жана биз түзгөн мусулмандар союзун жалпы эле колдой турганын түштүккө болгон сапарыбызда өзүбүз көрүп ынандык жана бул бизге дем берет. Түштүктө элдин турмушу оор. Бийликке нааразылык күч.