Жылкыңа карап ышкыр дечү белек…

Министр менен ректордун тирешүүсүнөн ким утат?
5 соттун, 2 ректордун кызматтан айдалышы коомчулуктун белгилүү бир катмарын дүң түшүрүп, түркүн пикирлерге жем таштады. Ээрден шыпырылгандардын айрымдары мындай тагдыр менен келишпей тургандыктарын билдиришүүдө. Акыр-аягына чейин кармашам дегендер бар. Ошолордун бири экс-ректор Ы.Өмүркановдун жана анын министр шефи И.Болжурованын ортосундагы күч алып бараткан тирешүү жөнүндө экономист, КУУнун мурдагы бүтүрүүчүсү Калнур Ормушев менен кабарчыбыз Б.Шаматов пикир алышкан эле.


Мен И.Болжурованы өз кесиби боюнча канчалык ири адис экенине баа бералбайм, анткени мен экономистмин, бирок бул айымды өзүнчө феномен катары баалайм.

Б.Шаматов: - Менин жеке көз карашымда сот системасы да, жогорку билим тармагы да жогорудагы адамдардын кетиши менен бөксөрүп калбайт, олуттуу зыянга да учурабайт. Тескерисинче, жаңыланууга муктаж. Мына, маселен, сот тармагында бүгүн иштин көзүн билген мыкты профессионал юристтер көбү четке сүрүлүп, кечээ күнкү ЗАГС башчылары, нотариустар, судоисполнителдик кызматтарда жүрүшкөн адамдар сот болуп иштешүүдө. Анан биз сотторубуз начар иштеп атат дейбиз. Ал эми ЖОЖдордун башында бүгүн кимдер турат, мен чынын айтканда көбүнүн аты-жөнүн да билбейт экем. Ошол эле КУУну алалык. Бүгүнкү күндө бул окуу жайындагы билимдин сапаты өтө төмөн экенин мындан билиңиз, анын бүтүрүүчүлөрү жумуш таба алышпайт. Славяндык же америкалык университеттердин бүтүрүүчүлөрү менен теңтайлаша албай калды. Бир кездерде КУУнун кадыр-баркы кандай эле.
К.Ормушев: - Биздеги ЖОЖдорду дайыма аты таанымал, эмгеги сиңип, эл коом арасында мартабасы бийик адамдар башкарышчу да. Тилекке каршы, бул традиция уланбай калды. Мына караңыз, С.Табышалиевдин, В.Журавлевдун, Ж.Акималиевдин, Сухомлиновдун, А.Бөрүбаевдин, М.Иманалиевдин, С.Данияровдун ж.б нын аттарын кимдер билбейт? Бул адамдар соболсуз үлкөндүктөгү, жылдызы жарык жанган инсандар эле, илимде да, коомдук ишмердүүлүктө да орду бар болчу. Кызматка жарашкан, кызмат буларга жарашкан азаматтардын кай бирлеринин көзү өтүп кетти, кай бирлеринин жашы өйдөлөдү, бирок бүгүнкү күндө да иштеп жүргөндөрү бар. Мына ошолорду кызматка тарткандын ордуна, ректорлукка капыс келип калган адамдарга мүмкүнчүлүк түзүп жатышат. Ректорлук кызмат бул азыркы заманбап тил менен айтканда, бренд эмеспи. Бул кызматка мыктылардын мыктысы гана олтурушу керек. Мен маселен, Ы.Өмүрканов мырзанын ким экенин билбейт экем, мындай профессор, экономистти уккан эмесмин, кандай сиңирген эмгеги бар, мындан да кабарсызмын.
Б.Шаматов: - Ы.Өмүрканов менимче министр менен тирешип, албетте, укугун коргоого акысы бар деңизчи, бирок башкалар үчүн жакшы эмес жорук баштап жатат. Министр ишти тарталбаган ректорду иштен алалбаса кандай? Ректор болсо мени эл шайлаган деп жер тепкилеп турбайбы. Мындай системаны кийиргенде анын кесепети да болоорун ойлонушса болмок. Демек, ишти бүлүндүргөн башка ректорлор эртең Ы.Өмүркановдой кыйкырып чыкпайт деп ким айталат? Кандай дейсиз? Азыркы тирешүү же принципке кеттиби?
К.Ормушев: - Мен бул тирешүүнүн майда-баратына киришким келбейт. Ал жагын бизсиз эле териштирип алышат. Менин пикирим - ЖОЖдордун башына татыктуу адамдар келмейинче билимдин да, ЖОЖдордун да сапаты оңолбойт, жалаң ылдыйлоонун гана үстүндө болот. Сот системасы деле ошондой. Кадр саясаты аксап жатат деп айтып жүрөбүз, көрүп да жатабыз себептерин, бирок азырынча жыйынтык болбой жатат.
Б.Шаматов: - Министр айым И.Болжурованын иши жөнүндө деле айта турган сөз көп. Арийне, бул чоң тармакты бүгүн эң коррупциялашкан жерлердин бири деп жатышат. Мында чындыктын үлүшү бар деп ойлойм. ЖОЖдордогу паракорчулук, мектеп рекэти сыяктуу балекет көйгөйлөрдүн бүгүн арааны жүрүп турат, башка көйгөйлөрү деле толтура. Көпкө келген той деп кыргыз айткандай, коом кандай болсо ЖОЖ да, мектеп да ошого жараша болуп, бүгүнкү турмуш чындыгын, т.а. биздеги жапайы рынок заманынын болгон-турган таасирин баштан кечирүүдө. Бирок, министр айым өз ордунда деп ойлойм, эмнегедир менин жеке баамымда ушул киши тармакты толук оңдоп жибербесе да аны кичине адамдык жүзүнө кайтарат деген ишеничтемин. Бул адам көп нерселерди жасай алмак, маселен, башкасын айтпаганда да мобул эле мектептерди тартипке салып кое алмак, бирок бу кишиде бир пендечилик кемчилиги бар дешет, эгер мамлекеттик кызыкчылыкты ошондон жогору кое алса көп нерсеге жетишмек. Бирок мындай кемчилик азыр кайсы жетекчиде жок?
К.Ормушев: - Мен И.Болжурованы өз кесиби боюнча канчалык ири адис экенине баа бералбайм, анткени мен экономистмин, бирок, бул айымды өзүнчө феномен катары баалайм. Бул феномен анын эки жолу министр болгонунда гана эмес. Мен бул кишинин ар кандай бийик чөйрөлөр арасында, чет өлкөлөрдүн, КМШнын не бир интеллекттери менен болобу, элита өкүлдөрү менен болобу, бат аралашып, тең ата деңгээлде эркин пикир алышып, өзүн мыкты кармай алганын көп эле жолу көрдүм. Батышта, Европада болобу, Ишенгүл айым өзүнүн эрудициясы, мыкты тили менен кыргыз министринин гана эмес, заманбап кыргыз айымынын да зоболосун бийик кармай билет. Ишенгүл айым эки бийликтин тушунда тең иштеп, эки бийлик тарабынан тең бааланды. Бул ар кандай эле жетекчинин колунан келе бербейт. Арийне, муну кыргызчылыктын алкагынан алып баалаган жарабайт. Ишенгүл айымды өкмөт мүчөсү деген атка жооп берет деп ойлойм. Ал эми Ы.Өмүркановдун ректорлуктан алынышы туурасындагы кепке кошумча катары. Бүгүн бизде КУУну жетектеп кете турган, мартабасын бийиктете турган жигиттер четтен чыгат. Ошол эле А.Бөрүбаев бүгүн НАКта отурат, а киши эмне, ректорлукка татыксызбы?
А Эркебаев, Ж.Оторбаев өңдүү мыкты окумуштууларыбыз мындай эле кызматтар менен жүрүшөт. Булардын Ы.Өмүрканов менен салыштырып болобу? Менимче жок.
Б.Шаматов: - Ректорлорду шайлоо системасын таптакыр алып салса деле болчудай. Дегеле шайлоо деген аралашкан жерде, айрыкча кыргызда бар-жоктун баары аңтар-теңтер түшүп жатып калып атпайбы. Мына Ы.Өмүркановду ишти тарталбай жатасың десе, мени эл шайлаган деп көгөрүп жатпайбы. Ушундай көрүнүштөр жоголмок беле дегеним да. Муну кандайча кылсак бизге туура келмек, аны ортого салып кеңешсе болот да, сыртынан караганда калыс, туура көрүнгөнү менен ичи ирип жатпайбы.
P.S. Мындан ары коомдогу урунттуу темалар жөнүндө кенен-кесир кеп кылып турууну чечтик. Кайсы көйгөйлүү маселелер болсо редакцияга келип пикир бөлүшөбүз дегендерге эшик дайыма ачык. Келээрки пикирлешүүбүздүн темасы: "Биз Кытай өлкөсү менен кандайча мамиле түзсөк болот?"