меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси



◄◄◄

  Сакуранын гүлүндөй

Ишенбай Абдуразаков япондордун чоң сыйлыгы- "Асахи" орденин алды
СССРдин Япониядагы элчилигинде иштеген, СССРдин Саппородогу генералдык консулу да болгон, Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук ишмери Ишенбай Абдуразаков кыргыз- япон кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Япониянын жогорку сыйлыгынын бири -"Асахи"- "Таңкы күн" (орусчасы "Восходящее солнце на большой ленте") менен сыйланып, аны өлкөнүн императорунун колунан алып кайтты.

Япондор сакура дарагына эмнеге өзгөчө маани беришет?
Ишенбай агай менен гезиттерде жарыяланган узак аңгеме- интервьюлардын биринде (2005- жыл) "Япондор сакура дарагына эмнеге өзгөчө маани беришет?" деп суроо бергенимде мындай деп жооп узаткан эле. "Япон насилиндеги адам бул дүйнөгө жаралып калган соң сакуранын гүлүндөй жарк этип ачыл, тоо желиндей таза бол, сакуранын гүлү чачкан жыпар жыттай мээрим төккөн, адамдын көңүлүн көтөрүп, өзүңдү да, башканы да ыраазы кылгандай жаша, колуңдан келген ишиңди сакура гүлүнө суктангандай эле көркүнө жеткире нагыз сапатка көтөрө бил…" деп айтып тургудай болот. Бүгүнкү күнү бул сөздөрдү япондор Ишенбай Абдуразаков агайдын өзүнө багыттап тургандай сезилип жатат Себеби Ишенбай агай Борбор Азияда гана эмес, мурунку СССР боюнча биринчи даражадаы "Асахи" орденине татыган бирден бир адам болуп олтурганы буга күбө. (МГУнун ректору, академик Садовничий экинчи даражадагысын алган болучу.)
Жогорудагы циклдеги интервьюлардын биринде "Япониядагы эң жогорку кандай мамлекеттик сыйлыктар бар? Японияда сыйлыкка, атак- даңкка кандай мамиледе болушат?" деп да сураган экемин. (2005- жыл). Агай бул суроого жооп берсемби- бербесемби деп кыйылып туруп, окурмандар үчүн жооп берүүгө аргасыз болгон. "Японияда негизинен беш орден бар. Анын эң жогоркусу "Хризантема гүлү". Ал өлкө үчүн жасаган зор кызматы үчүн берилет. (Негизинен императорлук династияга - авт. ) .Андан кийинки "Асахи"- "Таңкы күн" өлкөгө көрүнүктүү эмгек сиңиргендерге, эркектерге берилет. "Асахи" тууралуу айткан мезгилде арадан үч жылдан кийин баамчыл, эмгекти баалай билген япондор агайдын өзүн да ушул сыйлык менен сыйлап калаарын анда сезбесе да керек.

Япониянын императору менен кайрадан жолугушуу
Ырасында эле СССРдин, Россиянын Япониядагы элчилигинде иштеп, Ишенбай Абдуразаков чоң эмгек өтөгөн, андан кийин да кыргыз-япон кызматташтыгын өнүктүрүүгө салымын кошуп, массалык маалымат каражаттарында байма- бай япон рухун, ички дүйнөсүн таза сезим, жогору деңгээл менен кыргыз журтчулугуна жеткирип келатат. Жогорку сыйлыкка татыктуу болуп, тагдыр императорго дагы бир ирет жолугууну буйруду.
Императордун колунан сыйлык алуу аземи да өзгөчө үлпөт экен. Дүйнөнүн ар кыл өлкөсүнөн сыйлыкка татыктуу болгон абройлуу адамдар 5-ноябрда өлкөнүн император сарайына чогулушту. Сыйлангандар залга бирден киргизилип турат. Императордун сол жагында өлкөнүн премьер-министри олтурат. Сыйланаар адам төрт жолу императорго урмат-сый кылып, таазим этип турат. Сыйлангандардын жашы улуусу ыраазычылык сөзүн айтат. Бул жолку сыйлангандардын эң улуусу- "Иомури холдинг" компаниясынын президенти сүйлөдү.
Императорго кирүү үчүн да атайын кийим тандалат: ак көпөлөк бантик -галстугу бар фрак же улуттук кийим. Ишенбай агай фрак кийип барганы белгилүү. Жубайы Майрам Ажыбековна болсо жакшынакай улуттук костюм менен барган экен. Сыйлангандардын жубайы европалыктардай катарлаш эмес, анын артында турат экен.

"Сугой!
Баракелде!"

Япониядагы достору Ишенбай агайга "Сугой!" - Баракелде!" деп сыйлыкты өздөрү алгандай кубанып тосуп алып, узатышты.
Ишенбай Абдуразаков агайга суроо узаттык:
- Сиз сыйлыктарга анча маани бербегениңиз белгилүү. Өзүңүз маанисин жакшы билген 1- даражадагы "Асахи" эми сизге ыйгарылганын укканда кандай абалда калдыңыз?
- Бул чынында чоң урмат-сый да. Күтүлбөгөн жаңылык болду. Сыйлыктын артында чоң жоопкерчилик турат. Эми ошол жоопкерчиликти актоого алым келеби- жокпу- кеп мына ошондо. Япондорго да "бизге жардам бербесеңер болбойт" деп айттым. Интеллектуалдык базаны кеңейтүү, бакубат турмушка умтулуу, агартуучулук ишти элибиздин арасында көп жүргүзүүгө умтулууга аракетибизди күчөтүшүбүз керек. Бизге окшогон кичине мамлекеттерде өткөөл мезгилде мамлекеттик кызматкерлер өлкөнүн кызыкчылыгына бекем туруп, коррупциядан алыс болсо. Ой -пикир, идеядан тартып элдин аң- сезиминде революция болбосо болбойт. Мүмкүнчүлүк, убакыт, ден соолук болсо, ушуларды аткарууга далалатым бар.
Азыр Японияда мамлекеттик кызматтын ролун жогорулатуу аракети өзгөчө байкалууда. Чиновниктерди сындаган гезиттердин баркы көтөрүлүүдө. Биздин өлкөдө болсо чиновниктерди катуулап сындаган басма сөз каражаттарына кысым көрсөтүү болуп жатпайбы. Бирок Япониядагы масс- медиа фактыны ийлеп бышырып, анан аныгына жеткенде, эч кимди аябай сындайт. Биздин масс- медиа да жоопкерчиликтүү болушу зарыл.
- Ушул сиздин сыйлыгыңызга досуңуз Салижан Жигитов агай да күбө болсо болот эле да, ээ?
- Менин өмүрүмдүн өксүгү, арманы- Сакемдин "Шуулдаган теректериндей" болуп жатпайбы...
- Биздин жетекчилер менен жолугууга үлгүрдүңүзбү?
- Кечээ гана келдим. Азырынча эч кимисине жолуга элекмин.
Анан мен биринчилерден болуп япондордун "Асахи" орденин көрдүм. Ортосуна рубин ташы чегилген бул ордендин ээси эми биздин арабызда да бар. Кыргыздар анчалык барк албаган адамдарды япондор тээ алыстан мелжеп, барктап жатышат. Биз болсо. сурнай чалып, барабан кагып болбосо да, катардагыдай тосуп алууга деле жарабаппыз.












Яндекс.Метрика