Жайың кандай, жаңы конуш

Борбордогу үрөй учурган жашоо
Борбор калаабызда эмне көп? Жаңы конуш аттуулар. Алардын саны арбын болгону менен сапаты талапка жооп бербегени баарыбызга эле маалым. "Калыс Ордо" жаңы конушуна барганыбызда үрөй учурган көрүнүшкө туш болдук.

"Үңкүр да болсо үйүм болсун"
"Дордой" базарынын жанында жайгашкан "Калыс Ордо" жаңы конушуна карай 173-маршруткага отурушуңуз абзел. Эгерде, 163-маршрут менен жетем десеңиз көр азабын накта көрөсүз. "Дордойдон" түшүп калып, андан ары дагы жөө басууга туура келет. Болгондо да айдоо аянтын аралап, жетер жерге чейин бут кийимиңди мындай кой, шымыңан бери балчыкка батасың. Ички жолдор дагы мындан кем эмес.
Бул конушта 5000 адам күн кечирсе, алардын ичинен 500ү гана расмий каттоодон өткөн. Негизинен көбү эле бүтө элек үйлөрдө турушат. Айрымдарынын ичине киргенден коркосуң, дубалын тургузуп, чатырын жаап алып эле жашай беришет экен. "Дордойго" жакын болгондуктан, көпчүлүгү базарда, калгандары курулуштарда эмгектенип, жан багышат.

О дүйнөгө өчүрөтсүз
Эсиңерде болсо керек, министр С.Балкыбеков ноябрь айынан тартып жарык өчүрүлбөй тургандыгына убада берген. Бирок Балкыбеков мырзанын сөзү суу кечпей калыптыр. Сөзүбүз куру болбос үчүн айта кетели. Эки жаш баланын энеси Айгүл Миталова буларга токтоду:

- Мурда свет убактылуу эле өчүрүлчү. 12 күндөн бери электр энергиясына зарбыз. Үйүбүз муздак. Эки жашар балама суук тийип, катуу ооруп атат. Чилде түшкөндө шорубуз шорподой кайнайт го… Көмүрдүн баасы асмандап кетти, мүшөгү 250, тоннасы 4000 сомдон жогору. Жолдошум куруучу, тапкан акчасы күнүмдүк көртурмушка жетпейт.
Бир столбадан 20-30 бүлө энергия алышат. Бул жерде энергетиктердин деле кереги жок, электр зымдарын өздөрү каалагандай тартып алышкан. Ток өтүүчү зымдар өтө жапыз, кишинин башы тиет. Анча-мынча бою узундар эңкейип өтпөсө, оо дүйнөгө өчүрөтсүз сапар алышы ажеп эмес.
Айтмакчы, айыл боюнча төрт-беш гана жерден суу чыгат (ток менен). Свет өчүп калган шартта, 2,5-3 км алыстыктагы объезднойдон суу ташып ичишет. Айрым жигиттер суунун шылтоосу менен кези келгенде кумарын да кандыра келишет сыяктанат. Не дегенде, ал тарапта денесин пулдаган кыздар "эмгектенишет" экен.

Онтолоткон оору, ай!
Жаңы конуштагы жалгыз бейтапканада беш адис эмгектенет. Акыркы мезгилде сарык, кургак учук илдетине чалдыккандардын саны арбып баратыптыр. Бул бейтапкана борбор калаабыздагы №13 поликлиникага карагандыктан, акыбалы оорлорун ошол жерге жиберишет.

Билимиң болбосо да…
Ушунакай. Башка аймактар сыяктуу эле "Калыс Ордодон" дагы мечитке шашып бараткан допучандарды кездештиресиң. Мектепке салыштырмалуу мечиттин абалы жакшы, жаңы салынган. Айылды аралап жүргөнүбүздө ыйманга чакырып жүргөн даабатчыларга кезиктик. Тим эле тилдеринен чаң чыгат. Болжолу мектеп жашындагы эле балдар. Ыймандуу болгондору го жакшы, бирок, замандан артта калбай, билим алуу дегенди да унутушпаса.