меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси



◄◄◄

  Эсен болуп, эстей жүр

Сүймөнкулдун керээзи да 14 жылдан бери аткарылбай келет…
"Керээз - бул адам өлөөр алдында айтылган акыркы сөзү, жүрөк толтосундагы сырдын сызылып төгүлүп чыгышы, өзүн жарык дүйнө менен коштошууга кылган камылгасы" деп айтылат кыргыз элибизде. Ошо сыңары, Сүймөнкул агабыз да бу жалган дүйнө менен коштошоор алдында акыркы сөзүн айтып кеткен. Агасы Намырбек бейитинин үстүндө Президентке (анда ажо Аскар Акаев эмес беле - авт.), Өкмөт башчыларына, эл-журтка кайрылып, инисинин керээзин айткан экен. Намырбек агайдын айтуусу боюнча агабызды акыркы сапарга узаткандын эртеси эле Өкмөттүн буйругу менен Сүймөнкулдун сүрөттөрүнүн эсебин тактоо үчүн атайын комиссия түзүлүп, ал комиссия өз ишин 1992-жылы 5-октябрда баштап, 427 сүрөттү тизмелеп жазышкан.


Калтырып кеткен керээзи…
"Жараткан өнөрлөрүмдү, сүрөттөрүмдү сактагыла, та-лаага таштабагыла, алар жаштар үчүн керек. Мен элим үчүн жанымды аябай кызмат кылдым. Менин жараткан сүрөттөрүмдүн бардыгы элдин мүлкү, элдин байлыгы катары эсептелсин. Менин эмгектерим жалпы элге таандык. Кийинки муундарга калтырган белегим катары сүрөттөрдүн бардыгын мастерскоюма таштап кеттим".

- Ошол сүрөттөрүнүн бардыгы рамкаланган, түрдүү көлөмдөгү тартылган эмгектер болчу. Комиссиянын төрагасы КРнын эл сүрөтчүсү Абдрай Осмонов эле. Мүчөлөрү Орозматов К., Артыкбаев К., Попова Т.П., Ересько Г.Д., Каркавцева Л.И. жана келинибиз Салима Шабазова болгон. Комиссия 427 сүрөттү тизмелеп, анын аттарын, кайсы жылда тартылганын, көлөмүн көрсөтүп, Өкмөттүн буйругу менен, элдин суроосуна ылайык Сүймөнкулдун мастерскоюн музейге айландыруу, сүрөтүн, мүлкүн сактоо тууралуу Бишкек шаардык мамлекеттик администрацияга кайрылган эле. Алар дагы бул маселени карап чыгып, (2.08.1993-ж. № 780 токтом менен) чечим кабыл алышкан болчу. Ушул чечимге ылайык, мастерскою жана анын ичиндеги 427 сүрөтү, мүлкү, телефону, суу түтүктөрү, электр жарыгы, сигнализациясы иштеп жаткан абалда шаардык маданият башкармасынын карамагына өткөрүлүп берилген. 1993-жылдын август айында шаардык мамлекеттик администрациянын чечими менен Музей-мастерской уюштурулуп, маданият башкармасынын карамагына алынган. Бирок, ошондон ушул убакка чейин музейи иштебейт, жабык бойдон турат, эч ким кайтарбайт. Акча төлөнбөгөндүктөн телефону, электр жарыгы, көзөмөл сигнализациясы кесилген, терезелери талкаланган. Ичиндеги мүлктөрү, сүрөттөрү кайда экени белгисиз.

"Салимадан кийин Музей жаман акыбалда калып, таланып-тонолду…"
- Музейдеги сүрөттөрдүн сакталышын Сүймөнкулдун жубайы Шабазова Салима көзөмөлдөп келген эле. 1994-жылы ал да кайтыш болуп, Музей да жаман акыбалда калды. Азыр Музейдин ичинде бир да сүрөт жок. Угушубузга караганда, Сүймөнкулдун мастерскоюндагы 427 сүрөттүн кичине көлөмдөгүн 112 эмгеги шаардык Музей коомунун складында дешет, кээ бир сүрөттөрү Көркөм сүрөт музейинде, баласы Бактыгулдукунда, сүрөтүнүн көпчүлүгүн келинибиздин кудасы К.Орозалиев алып кеткен, азыр анын үйүндө сакталып турат. Салиманын көзү өткөндөн кийин эсеп-кысап, көзөмөл жок болгондуктан, анын түбүн, санын табыш кыйын. Алып кеткен же берген сүрөттөрүнүн тизмелери, накладнойлору жок, жазылган эмес. Ким алганы белгисиз. Музейдин директорлору бири-биринен акт менен сүрөттөрүн, мүлктөрүн кабыл албагындыктан жоопкерчиликти сезишкен эмес. Музейдин ачкычтарын жоготуп жиберген учурлары болгон. Эсеп-кысаптын жоктугунан улам Музейдин сүрөттөрүнүн жоголушуна, таланып кетишине шарт түзүлгөн. Бул мыйзамды, автордук укукту одоно бузгандык болуп эсептелет.

"Сүрөттөрү сатылып жатат деп угуп жатабыз"
- Сүймөнкулумдун талыкпаган эмгегин, сүрөттөрүн "Бишкектеги Көркөм сүрөт музейи аркылуу жана башка жолдор менен туш тарапка сатылып кеткен, сатылып жатат" деген айың сөздөр эл арасында айтылып жүргөнүн угуп жатабыз. Сүймөнкулдун керээзи унутулуп калабы? Анын эл-журтка айтып кеткен акыркы сөзүн аткарбасак - биз үчүн чоң күнөө болуш керек. Өлгөндүн сөзүн тирүү укпайт болбосун. Өкмөт тарабынан текшерилип, изилденип, сүрөттөрүнүн табылышы, элге кайра кайтарылып берилиши тирүүлөрдүн парзы. Сүймөнкулумдун жаратып кеткен мурасын сактай албагандык - келечектеги урпактардын алдында жоопкерсиздик.

"Балам Бактыгулга, кудам Кеңешке кайрылуу айткым келет"
- 1993-жылдын күз айында Бактыгул "көргөзмөгө керек болуп жатат" деп айылдагы Сүймөнкулдун мастерскоюнан агасы Бакыядан "бир айда кайра алып келип берем" деп 22 чоң сүрөтүн алып кеткен эле. Ушул убакка чейин кайтарып берген жок. Ушуга байланыштуу балам Бактыгулга, кудам Кеңеш Орозалиевге кайрылуу осуятымды айткым келет. Болор иш болгондур. Сүймөнкулдан калган 449 сүрөттүн көп болсо 50гө жакыны сатылгандыр, калганы деле анын ушул өнөрдө канчалык чебер экендигин күбөлөндүрөт, далилдейт, нарктайт, бара-бара өз баасын албай койбойт. Эми ошол силердин үйүңөрдө калган эмгегин сактай билгиле. Мен Сүймөнкулдун уялаш, бир тууган агасы катары иним үчүн жүгүрдүм, колумдан келгендин бардыгын жасадым. Мен согуштун, эмгектин ардагеримин. Күч-кубаттан тайып, 90 го таяп баратам. Ошондон улам, түбөлүк сакталып кала турган тарых бул китеп деп Сүймөнкулум тууралуу китеп жазып, жарыкка чыгардым. Ошондо болгон окуянын баары жазылган. Муну окуган эл-журту Сүймөнкулума тирүүсүндө, көзү өткөндөн кийин арбагына жасаган адамдардын мамилесине өз баасын берээр…

Кароосуз калган каалга
С.Чокморовдун (Токтогул көчөсүндөгү № 170 үйдө жайгашкан) Музей-мастерскоюнун ал-акыбалын көрүп, ага баш-көз болгон адам болсо маектешели деп барып калдык. Тилекке каршы, аталган даректе бажырайган дүкөн, капталында Бензин куюучу чоң жай жайгашыптыр. Ошол үйдүн тургундарынан, бензин куюучу жайда иштегендерден, ары-бери өткөндөрдөн сурасак, баары эле ийин куушуруп, баш чайкашты. Биз сурагандан бирөөсү эле билем десе, не деген табылга болмок. Эки саат издеп эсибиз оогондо Намырбек агайга телефон чалып, даректи тактадык. Көрсө, үй менен бензин куюучу жайдын ортосунда бир таман жол бар экен, ага түшүп барсак, үйдүн артында тамга жабышкан жалгыз эшик турат. Аттиң, директор эмес, аны кайтарган кишини да жолуктурбадык. Атүгүл, "Сүймөнкул Чокморовдун Музей-мастерскою" деген да жазуу жок. Сырткы абалы: эшикти дат басып, сыры кетип, бул тегерекке бирөө-жарым көптөгөн жылдардан бери басып келбегенинен кабар берет. Ушундай залкар кишинин Музей-мастерскою кароосуз калганы, келген киши ага баш багып, анын өнөр табылгаларын көрө албай кеткени зээнди кейитпей койбойт…
P.S. Келээрки саныбыздан экс-депутат Каныбек Иманалиевдин пикирин окуй аласыздар.












Яндекс.Метрика