Кырдаал

Таластын абасы революция жыттанабы…
Таластан "Аалам" гезитинин атайын кабарчысы Күнболот Момоконов билдирет
Элдин айбаты, деми күчтүү, бүгүнкү бийликке да, оппозицияга да тең нааразы. Өзгөчө оппозициянын бүгүнкүдөй кырдаалда добушу чыкпай шалдайып отурганына бир нааразы болсо, Таластын эли менен жолугушканга даап бара албаганына эки нааразы.
Учурда эл менен жолугушуп, аралап сүйлөшүп Топчуке жалгыз жүрөт, жанында ревкомдун Талас боюнча координатору Роза Нурматова гана бар. Ревкомдун лидери А.Бекназаров ана-мына келип түшкөнү турат. Азырынча чектен чыккан, же күтүүсүз окуялар жок. Текшерилбеген маалыматтарга караганда 250 омон түшүрүлүп, жергиликтүү милиция органдары өзгөчө кызматтык режимге өткөрүлгөн.
Кокус бейтартиптиктер чыгып кетсе милицияга ревкомчуларды кармап, камоо жагы тапшырылган.
Бул маалыматты тактоо үчүн Талас ИИБине кайрылдык.


Айласыз оптимизм
Вице-премьер И.Айдаралиевдин айтымында өлкөдөгү бүгүнкү кырдаал туруктуу, энергетикадагы таңсыктык деле экономикага олуттуу таасирин (1 млрд сом зыян дебатышат эксперттер) тийгизген эмес. Учурда 2 миңге чукул заводдор иштеп, 56 заводдун иши жандандырылган, 70ден ашык кичи завод ишке түшүптүр. Чынында мынча заводубуз бар экенин билбей жүргөн экенбиз. Ал эмне чыгарган заводдор, буюмбу же базарга түшпөсө же дүкөнгө чыкпаса кайдан билмек элек. Өндүрүш, айрыкча өнөржай өсүүнүн үстүндө экен, быйылкы жылда эл керектөөчү товарларды чыгаруу 11%га өсүптүр. Бул тармактагы жалпы 108,6 пайыздык өсүш жалгыз "Кумтөрдүн" эсебинен камсыз болгонун, ансыз өнөржай толук токтоп турганын бүгүн Акүйдүн эсеп-чотчуларынан башка бүт эле эксперттер айтып жатышат. Кимисине да ишенесиң...

Рахат Ирсалиевдин кетиши "пландаштырылганбы"?
СДПКнын тың депутаттарынын бири Рахат Ирсалиевдин күтүүсүз жерден мандатын тапшырышы расмий түрдө а кишинин бизнеске кайтканы катары айтылганы менен, узун кулактардын маалыматы башка. Муну СДПКнын ичиндеги жакынкы тактикалык пландар менен байланыштырышууда. Угушубузга караганда СДПКнын шефи А.Атамбаев мырза келаткан президенттик шайлоого катуу камына баштагандай. Мында Р.Ирсалиевге ЖКдагы депутаттыктан да олуттуу роль артылып жатышы мүмкүн.
Бакиевдин бийлиги алсырап келаткан бүгүнкү күндө, ар кайсы саясый топтор өз-өзүнчө күжүлдөп, план түзүп, кырдаал непадам өзгөрүлүп кетчү болсо, бийликтин чокусуна кайсыл чыйыр менен батыраак жетсек деп турушканы куралданбаган көз менен деле көрүнүп калды. Дегеле кыргызда эч нерсе жөн жерден болбойт эмеспи.


Талас шаардык ИИБдин начальниги, полковник Кадырбек Жаркыналиев:
- Областта, Талас шаарынын өзүндө абал өз жайында. Эч кандай күтүлбөгөн окуялар жок, болушу да мүмкүн эмес. Биз буга жол бербейбиз. Шаардын жетекчилери, жыйынга жоопкер адамдар менен чогуу олтуруп, акылдаштык. Элдик жыйын 12.00 дөн 15.00гө чейин белгиленген жерде, т.а. борбордук стадиондо өтөт. Ал эми "автомашина өрттөлүптүр" деген факт боюнча: 1954-жылы туулган Муктар Шералиев аттуу жарандын автомашинасы чынында 15-ноябрь күнү саат 15тер чамасында өрттөнүп кеткен. Өрт техникалык себептерден, т.а. электрөткөргүчтөрдүн күйүп кетишинен чыккан. Экспертиза ушундай жыйынтык чыгарган. Мында эч кандай криминал жок. "250 омон түшүрүлүптүр" деген факты боюнча: Бул болбогон ушак-айың кеп. Муну ким таратканын биз сөзсүз тактайбыз. Кичинекей шаарга 250 адам түшсө кантип билинбей калат? Ошондуктан бул факты жок. Ал эми жыйын тынч, мыйзам алкагында өтөт деп ишенимдүү айта алам.


Таластык революционердин машинесин ким өрттөдү?
"Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевдин айтымында ревкомдун Таластагы штабынын начальниги Мухтар Шералиевдин машинесин бирөөлөр атайын өрттөшкөн. Үйүнүн жарыгын, телефонун да өчүрүшкөнүнө караганда бул бийликтин таластык революционерге сес көрсөтүү максатында жасалууда.


Президент 19-ноябрда "Манаска" түшөт
Президенттин администрация башчысы Медет Садыркулов ушундайча маалымат таратты. Телефон менен болгон сүйлөшүүдө президент бир нече жетекчилерине нааразы экенин билдирип, иштин натыйжасын катуу сурай турганын эскерткен. Мындан чыкты, келээри менен көп "баштарды кыя чабаары" жөнүндөгү кептер тегин жерден чыккан эмес окшойт.


Талас шаарынын вице- мэри Нуржамал Ашыралиева:
" Бир нерседен гана чочулап турам"
- Мыйзам боюнча митингди шаардын борбордук аянтында өткөрүүгө уруксат берилбейт. Ошондуктан биз борбордук стадионду тандадык. Бир гана чочулаганым- азыр Таласта жарык маал- маалы менен пландуу түрдө өчүрүлүп жатат. Жыйындын катышуучуларынын арасынан бул үчүн жергиликтүү бийликтерди күнөөлөгөндөр чыгышы мүмкүн. Бирок жарыктын буга чейин да өчүрүлүп келе жатканын элдин эсине салып, түшүндүргөнгө аракет кылып жатабыз.


И.Кадырбеков күнөөлөрдү четке кагууда
Бишкектин Ленин райсоту 17-ноябрда И.Кадырбековдун 16 томдон турган кылмыш ишин кароону баштады. И.Кадырбековго 304 "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", 305 "кызмат укугун ашыра пайдалануу" жана 308 "Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу" статьялары боюнча жалпысынан 8 эпизод менен айып коюлууда. Ишенбай мырза мунун баарын четке кагууда. Маселен, ал 5 мектептин курулушунан мамлекетке 18 млн сом зыян келтирүү фактысы боюнча президент жана премьер-министр тарабынан кыска мөөнөт берилгендигин көрсөттү. Демек, прокуратура бул көрсөтмөлөрдү да кошо эске алышы керек. Адвокат К.Калыков, П.Михайленколордун айтымында ишти кароо 1 айга созулмакчы. Ишенбай мырзаны коомдук жактан Ө.Текебаев коргоодо. Кылмыш иши Кадырбековдун жубайы Светлана Тыныбековнага да козголуп, бирок а киши качып жүрөт деген маалымат тарады.


Бу жагынан да биринчи орунга чыктык
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан өнөкөт өпкө ооруларынын өлүмү боюнча №1-орунга чыкты. Расмий статистикада катталган 32.000 оорулуу адамдардын саны чынында үч-төрт эсеге көп. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдиргенине караганда 100.000 адамдын 95нин бул оорудан каза болуп жатышы акылга сыйбаган статистика.

"Аалам-пресс"