меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси



◄◄◄

  Тагдыр

Апабыз айланы кетирди
Кыргызстанда соңку мезгилде үйбүлөлөрдүн ажырашуусу мурда болуп көрбөгөн деңгээлге жетти деп айтылып эле келатат. Көп учурда анын себебин туташ аракечтикке, жакырчылыкка, жумушсуздукка байлайбыз. Бирок маселе жалаң эле "сырткы" себептерге эмес, адамдар ортосундагы мамилелерге да байланыштуу болуп жатканын төмөндөгү баяндан байкоого болот. Адамдардын өзүмчүлдүгү, ач көздүгү айрым учурда энелик касиетти да кетирип баратабы деген кооптуу ой келет. Өз баласынын уясын бузуп, куруп алган үйүнө кирип алган жорук буга чейин биздин элде болбосо керек. Башкаларга сабак болсун деген ниетте өзүн Гүлжан деп атаган келиндин баянын окурмандарга сунуш кылалы дедик.


Жолдошум экөөбүз бири-бирибизди жактырып, үч жарым жыл сүйлөшүп, анан үйлөнгөнбүз. Адатта кыргызда балдарын үйлөгөн соң "милдетиңден кутулдум, эми оокатыңарды кылгыла " деп эле чыгарып коюшат го, бизди да кайын энем ошентип эки төшөгүбүз менен бөлүп койгон. Айылда ары сүйрөлүп, бери сүйрөлүп, акыры балабызды жетелеп шаарга жөнөгөнбүз. Квартирадан квартирага көчүп, нечен карда, нечен жамгырда бирөөнүн батирин тазалып, баш паанек кылып жүрсөк да ошол кез эми ойлосом биздин кичинекей үйбүлөнүн эң бактылуу учуру экен. Анда бизге "эмне күндү көрүп атасыңар?" деген киши аз болчу. Экинчи балам боюмда болуп, кыйналып жүргөнүмдү көрүп эжелерим каралашып жүрдү. Эптеп оокат кылып тирденип кеткиле деп колунан келгенинче жардам берип, тамак-аш болобу, акча-тыйын болобу кайрылышып, менин да,балдарымдын да кийим-кечелерин моюндарына алышкан.
90-жылдардын аягында эл жер алып жатканда эжемдин жардамы менен биз да "Дордой" базарынын жанынан жер алдык. Агезде свет жок, көчөдөгү ылай белден болуп, сууну тээ алда кайдан ташып, ит көрбөгөн кордукту көргөнбүз. Там салып алалы, айылдан барып жардам сурайлы деп күйөөм экөөбүз тең өз бир туугандарыбызды чакырдык. Менин айылдагы жалгыз агам жай бою ылай чылап там согушту, кайындар тарабынан эч ким келген жок. Бир эжем акчалай, экинчиси курулуш материалдарын берип, кышка жуук үч бөлмө үйгө кирип алдык. Ак сарайга жеткендей жетине албай кубанып, көчпөй-конбой жыргап эле калдык. Жайкысын ысык,чаң, наркы-терки жүк ташыган машинелердин күрүлдөгү кулактын кужурун алса да өз үй деген өз үй экен, эртели-кеч кужулдашып, келген конокторго дасторкон жайып, жадырап жашап жүрдүк. Коноктор болсо ат тезегин кургатышпайт. "Дордойго" базарга келген тааныш, туугандардын баарынын тыныгуучу жайы - биздин үй. Жатар конок андан көп. Тамды салып жатканда жолобогон кайындар эми кайра-кайра катташат, айрыкча кайын энем кыздарын ээрчитип эки күндүн биринде биздикинде.
Өткөн жылы кыздуу болдук. Октябрь айында "бала көрөм" деп кайын энем дагы келди. Агезде тааныш бир эже "мен базарга ангар салайын дедим эле, силердин үйүңөр мага ылайык болуп жатат, шаардын борборундагы үч бөлмө квартирамдын үстүнө акча кошуп берейин, үйүңөрдү мени менен алмашкыла" деп жаткан. Күйөөм экөөбүз барып, үйүн көрүп жактырып, документ даярдап жатканбыз. Ошол туурасында сүйлөшүп жатканыбызды кулагы чалган кайын энем "ии, бул жер кымбат турбайбы" деп эле чабалактай баштады. Кыздары да бир жактан чыгып,"бир-эки айдан кийин силердин үйүңөр жүз миңге кетет, кое тургула, болбосо алдатып жибересиңер" дей башташты. Ошондон тарта кайын энем үйдөн кетпей калды. Күнүгө күйөөмдүн кулагына кумдай куюп, "аялыңдын сөзүнө кирбе, ал квартирага барып, шыпка түкүрүп жаткысы келип атат да, биякта болсоңор баарыбыз иштегенге жакшы" дей баштады.
Эшиктин алдына кичине дүкөнчө ачып, ошону менен күн көрүп атканбыз. Төрөп калып, бала менен иштете албай арендага берип койгом. Кайын энем келип "дүкөнгө көз салып келейин" демиш болуп ошол жакка кетет. Дүкөнгө суу кайната турган титан киргизип, суу сатчубуз. Аны көрүп "ой биякта карандай суу сатсаң да акчаң болот турбайбы" дей баштады. Айылга кетпей, адегенде "суу сатам" деп чыкты. Анан дүкөндү иштетет элем деп аны арендага алып иштетип аткандар менен урушуп , баласынын кулак- мээсин жеп, акыры кетирип тынышты.
Ошондон тартып менде күн жок калды. Дүкөндүн акчасы күндөлүк майда-баратка жарап жатты эле, эми бир тыйын чыгарбай, "мен таап атам, сен үйдө жатасың" дей баштады. Андан ары кетип "кет, жогол, сенин бул үйгө тиешең да жок" дей баштады. Идиш-аякты ыргытып, ызы- чуу чыгарып кенедей бала менен мага кол салганга чейин барат. Кечинде баласы келсе "мени кет деп кубалап атат, чай ичпе деп идиш -аякты сындырды" деп өзүнүн кылганын мага шылтайт. Күйөөм менин кандай экенимди билет да, энесине ишене бербей туруп калса өкүрүп өз бетин өзү тытып , "сен катыныңдын көзүн эле карап калган турбайсыңбы, бу башыңды айландырып салган турбайбы, сен болбой калыптырсың, чүлүк салып эле жетелеп алган турбайбы!"деп долуланып ыйлап-боздоп , ага жини келген күйөөм "ушуну мууздап берсем ыраазы болосуңбу?" деп мени тырпыратып сабап кирет.
Балам бакырып, коңшулар чогулуп, ыр-чырыбыз далайга басылбайт. Кайра-кайра ушинте бергенинен эжемдикине кетип калдым. Эжемдер "кайын энең канчага чейин жүрөт дейсиң, кетет да, ага чейин чыдап кой, "деп мени жооткотуп, өзүм болсо күйөөм артыбыздан издеп келээр деп күтүп жаттым. Жок. Мектепте окуп калган уулум сабактан калып, аны акыры айылдагы карыган апама жиберип, өзүм үйгө келдим. Эшикке башка кулпу салып коюшуптур. Балта менен бузуп, үйгө кирип отуруп алдым. Күйөөм "болду эми, тынч жашайлы" деп эле жаткан. Бир күнү кайын энем инисиникине ээрчитип кеткен, ошол жактан такыр башка болуп өзгөрүп келди. Келип эле мени баса жыгылып, сабап кирди. Баланы алганга үлгүрбөй качып чыктым. Дагы эжемдердикине бардым. Улуу эжем мени менен кошо келип, үйгө киргенде күйөөм эч нерсе болбогондой "келгиле" деп дасторконго чай коюп жатса кайын энем кирип келип "бас эшикке чыккыла, балакетибизди албай" деп атырылып, оозуна ак ит кирип кара ит чыгып, капкайдагы сөздөр менен сөгүнө баштады. Баласына "сени булар эшек кылып минип алган турбайбы, катыңың катын эмес эле сен катын болгон турбайсыңбы" десе күйөөм тура калып столду көңтөрүп бычакты ала коюп "өлтүрөм эле өлтүрөм" деп мени кубалап, ортого түшкөн эжемди сабап, бала көтөрүп турган мени кайын энем сабап, тополоңубуз тоз болду. Мен баланын жүрөгү түшпөсүн деп төркү бөлмөгө жаткыра салып, базардын ичиндеги ангарларга барып жашындым. Эжем экөөбүз участкалык милицияга келдик, аныбыз кыйылып жатып бир топто барды. Биз баргыча сынган-бүлгөн идиш аякты жыйнап коюшуптур. Милицияга кайын энем "баласын таштап салып сандалып жүрөт, шуркуя, жалап" деп айтпаганды айтып жамандап кирди. Мен арыз жазып, кетип калдым. Ошону менен үйгө кире албай, кийин ГОМго бардым. "Ушундай учурда "Коргоочу ордер" берет турбайсыңарбы, ошону бергиле" десем Файзулла деген участкалык милиционер күлүп, "эй ал деген америкалык кинолордо эле болот, бизде андай жок" деп койду. Начальнигине кирдим. Ал "мени тажатып жатат, сураган ордерин берип койгулачы" деди. Антсе тергөөчү менен участкалык инспектор бири-бирин карашып "ал эмне болгон ордер, билсең сен жазып берчи " дей башташты. Участкалык инспектор "эртең кел, жазып берем"деп мени чыгарып жибергенге шашты. Жеген таяктан жаман болуп тургам, эртеси ооруканага жатып калдым. Участковойго телефон чалып, "мен ооруканада жатам, коргоо ордерин алып келип бербейсизби?"десем "макул" деген ошол бойдон жок. Кийин сурасам "аны мен күйөөңө бердим" деп койду. Бизди былтыркы февраль айында кууп чыгышкан, ошондон бери ар кайсы жерде бала менен темселеп жүрөм. Кайын энем болсо биздин үйдө жашап, биздин дүкөндү иштетип жатат. Эмчектеги балам менен бирде тиякта, бирде биякта корголоп, бизде деги эле адилеттиктин барына ишенбей баратам. Күндөн-күнгө ден соолугум начарлап, кыштан кантип чыгаарымды билбейм. Мени деги биздин мыйзамдар коргой алабы?
Гүлжан,
(Намыстангандан атымды өзгөртүп жазууга аргасызмын, так
маалыматым редакцияда)

Күйөөсү менен мамилеси оңолуп кетээринен дале үмүтү бар Гүлжан өзү туш болгон кырдаалды укук коргоо органдары адилет талдап, калыстык менен чечип берээр деген ниетте тиешелүү каармандардын эч кимисинин аты-жөнүн ачык айткан жок, эгер мындан туура жыйынтык чыкпаса, анда телевидениеге, сотко кайрылып, өз укугу эле эмес, балдарынын укугу үчүн да күрөшмөкчү. Аял укуктарын коргоо уюмдары азыркы кезде Гүлжандын маселеси боюнча иш жүргүзө башташты. Алар 2003-жылы кабыл алынган "Үй бүлөдөгү зомбулукка каршы укуктук-социалдык чаралар жөнүндөгү"мыйзамдын , ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин атайын ушул маселе боюнча токтомун укук коргоо уюмдары кандай жүзөгө ашырып жатканына да көзөмөлдүк кылышмакчы.




КӨҢҮЛ БУРГУЛА!
21.10.2008-жылы болжолу таңкы саат 6.40тарда айдоочу Белобородов М. В 8980 мамлекеттик номерлүү "Лендровер" машинесин башкарып баратып, Алматинская көчөсүндөгү № 117 үйдүн жанынан азиат түспөлүндөгү 50-55 жаш курагындагы аялды коюп кеткен. Аял окуя болгон жерден каза тапкан.
Аты-жөнү бүгүнкү күнгө чейин белгисиз.Тышкы байкоолордун жүрүшүндө төмөнкүлөр такталды: аял азиат түспөлүндө, жашы 50-55терде, чачы кара, кыска кесилген, үстүндө жеңи жок кара түстөгү булгары чыптама, кызыл түстөгү спорттук костюм, кара футболка, бутунда кара түстөгү лакталган туфлийи бар.
Ушул окуяны көргөн-билгендер же бул аялды тааныгандар болсо, Бишкек ИИБинин МАИ кызматына, 411- кабинетке, тергөөчү У.К.Жукеновго же 53-01-83, 68-07-59 жана 0543- 80-0903 телефондоруна кабарлап койсоңуздар.

28.10.2008- ж. болжолу менен 02.30 саатта аты такталбаган айдоочу Бишкектин Совет көчөсү менен түндүк тарапты көздөй баратып № 201-үйдүн тушунан 1973-жылы туулган Садыбаев Анарбек Кекитаевич аттуу адамды тебелетип качып кеткен. Садыбаев А.К. окуя болгон жерден каза тапкан. Окуянын күбөсү А.Маматовдун билдиргенине караганда, жолоочуну кара түстөгү "БМВ" автомашинасы коюп кеткен. Окуяны көргөн-билген адамдар болсо Бишкек ИИБнин МАИ кызматына, № 408-кабинетке тергөөчү К.У.Сапарбаевге же 53-01-84 жана 53-01-96, 53-01-81 телефондоруна кабарлап койсоңуздар.
Атыңыздар жашыруун сакталат жана сүйүнчүсү болот.




Москвада
кыргыздар
менен дагестандар чабышты

Психиатриялык оорукананын ремонтунда чогуу иштешкен кыргыз жана дагестан мигранттары, айлык алышкан күнү, түн жарымына чейин бирге "жуушуп", аягы мушташка айланды. 12 кыргыз 6 дагестанды төпөштөп, "биздикилер" жеңишке ээ болгон соң, кавказдыктар туугандарын чакыра коюп "жеңишти" кайра тартып алышты. Учурда бети-башы жанчылган, томуйган эки кыргыз, эки дагестан чогуу ооруканада жатышат. Милиция болсо уруштун күнөөкөрүн издөөдө.

Өмүрү түрмөдө
өтмөй болду

Ж.Гапиров деген №200 чегара бөлүгүндө кызмат өтөгөн неме аракка тоюп алып, эки "гаичини", бир врачты жана таксистти тапанча менен атып өлтүргөндүгү үчүн өмүрүнүн акырына чейин түрмөдө олтура турган болду. Мындай өкүмдү Ош шаардык аскер соту чыгарды. Жаналгычтын мал-мүлкү да мамлекеттин эсебине алынмакчы.

Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы Өнүгүү фондунун төрагасы Данияр Үсөновго

апасынын

дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу "Аалам" гезитинин жамааты көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.












Яндекс.Метрика