меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси



◄◄◄

  Мөлтүрөгөн студенттик курагым...

Сабалаган "С"лар

Студент Самат
Сокулуктук студент Самат сабагынан суранып, соко салып, сегиз сотыхка сабиз септи. Сабиздин сабактары сеңселгенде сууну сиңире сугарды. Соодагерлер Саматтан сабиздеринин салмагын сегиз сомдон сатуусун суранышты. Самат сүйүнүп сразу сатты. Себеби, сабиздерин саткан сомун сессиясына сарптамак. Самат сумкасына сомдорун салыштырып сессиясына сабалады. Сессияда сумсайган сөөлөттүүлөр Саматтан сынамакка СССРдин сулаган себебин сурашты. Самат сүрөөнү созбостон сөөлөттүүлөрдүн сейфине сексен сомдон сырттагыларга сездирбей салды. Сейфтери семирген сөөлөттүүлөр Саматты сессиядан сразу секиртишти. Сүйүнгөн Самат секирип сыртка суурулду…

Мирлан ЖАКШЫЛЫК уулу. Талас району,
Арал айылы.

Студенттик азилдер
Чулдураган - инфак
Май жыттанган - химфак
Тил тиштеген - филфак
Гүл өстүргөн - биофак
Жер кыдырган - геофак
Кудайлаган - теофак
Баш катырган - матфак
Адам сойгон - медфак
Бала тоскон - педфак
Жер чукуган - исфак
Ток өткөргөн - физфак
Чыйылдаган - музфак
Баарын жазган - журфак
Соттоп ийген - юрфак
Пул санаган - эконом
Жол шыпырган - эколог



Студенттин күндөлүгүнөн…
Ыр жазып баа алгам…
Бул окуя студенттик күндөрдө өткөн. Эстеген сайын өзүмчө жарпым жазылып, күлүп калам… Баарыбыздын жүрөгүбүздүн үшүн алган "Высшая математика" сабагынан берген мугалимибиз көз айнектин үстүнөн акшырая тиктеген сүрдүү агай эле. Эч кандай "шпаргалка" колдонушка мүмкүнчүлүк бербейт. Ооругандыгы тууралуу справканын жалгандыгын да билип коет. Ар бир "нб" үчүн 5тен балл кемитет. Айтор, студенттердин башына тийген токмок.
Анан ушул коркунучтуу сабактан модуль башталып калды. Гуманитардык багытта окуган биз балакетти "вышматты" билебизби? Бири-бирин жалдырай тиктеп, күйгүлтүктүү үшкүргөн студент көп. Кагазды тиктеген менен баары бир мээңде эчтеке жок болсо балакетти жазамбы? Анан "тобокел" дедим да, кагаз бетине арман төгө баштадым.
Кыйнайсыз, агай, кыйнайсыз,
Катуу коюп талапты.
Кур калдым жакшы модулдан,
Калтырып эки сабакты.

Лекцияңыздын бардыгын,
Жаттагам кечээ кечинде.
Жазайын десем, оо арман,
Калбаптыр бири эсимде.

Кирпиктерим сүзүлүп,
Мен отурам алдыда,
Үмүтүм небак үзүлүп,
Акыры сизге айтарым,

Бычаксыз мени сойбоңуз,
Балчайтып "эки" койбоңуз
ГАКка кирбей калбайын,
Суранам, аны ойлоңуз…
деп жазып текшерүү ишимди тапшырып салдым. Бир жума бою ичкеним ирим, жегеним желим. Акыры модулдун жыйынтыгын угузганда 35 балл (эң жогорку) койгонун угуп, төбөм көккө жетти. Азыр ойлосом корком, сөз кадырын билбеген башка бирөө болгондо эмне болмок?..
Махабат. Бишкек шаары.

Алфавитти
жаттаганда…
Кыргыз тилинен экзамен берип калдык. Туулган күнүм болуп, таң атканча белгилегендиктен эч даярдыгым жок эле. Алган билетимди билген кишидей болуп сыр бербей агайдын маңдайында олтурдум. "жообуң канааттандыраарлык эмес" деп кошумча суроолорду берип жатты. "Пахмелди" ойлоп олтурган менде кайдагы жооп. Агайдын ачуусу келип, акырында "жок дегенде алфавитти айтып берчи" деди. Айтып келатып, "твердый знакка" келгенде "жоонойтуу белгиси" десем, агайдын көзү чанагынан чыгып кете жаздап, мени аудиториядан кууп чыкты. "Ичкертүү белгиси болгондон кийин тигиниси жоонойтуу белгиси да" деп группалаштарыма айтсам, алар да кыраан каткырып калышты…
Кайрат,
Бишкек шаары.


17-ноябрь күнүнүн тарыхынан үзүндү…
1939-жылдын 17-ноябры тарых барактарында фашисттик режимге каршы көтөрүлүшкөн чех жаштарын массалык жазалоо күн катары жазылып калган.
Немецтик-фашисттик бийлик тарабынан Жогорку окуу жайдын бардыгы жабылып, миңдеген студент, окуучулар концлагерге айдалып, көбү атууга өкүм кылынган.
1946-жылы Прагада, 1939-жылдын 17-ноябры фашисттик оккупанттар тарабынан массалык кырылган чех студент патриотторунун жаркын элестерине арналган күн катары Бүткүл дүйнөлүк студенттер Конгрессинде бекитилип, Эларалык студенттер күнү деп белгиленген.
Тарых барактарына кайрылсак, бул күн майрам эмес, күнөөсүз атууга кеткен студенттерди эскерүү күн деп эсептелет. Кылым карытып келген кайгылуу күндү Кыргызстанда эгемендүүлүк алгандан бери студенттер майрамдап келет. "17-ноябрь - эмне күн экенин билип майрамдап жатасызбы?" деген собол менен жыйырма чактыдай студентке кайрылсак, тарыхын билбейбиз деген жоопту алдык. Кээ бири суроодон качып жатты. Алган жообубузга өзүңүздөр күбө болуңуздар.

Студент жөнүндө анекдоттор
Студент экзамен тапшырып келет. Ата-энеси экзамен алган профессор кандай таасир калтырганын сурап калышса, баласы:
- Өтө эле кудайчыл адам экен. Мен жооп берген сайын "кудай ай, кудай" дей берди...

***
Сабакты окубай келген студентке ачуусу келген мугалим:
- Сен эмнеге англисчени окубайсың? Бул тилде дүйнөнүн жарымы сүйлөйт.
- Анда эмне ошол азбы?.. деген тура студент.

***
Экзамен учуру. Студент бардык суроолорго жооп бере алган жок. Тажаган окутуучу:
- Эгерде сиз эки мүшөк таап алдыңыз дейли, биринде толтура акыл, экинчиси толтура акча. Кайсынысын алат элеңиз?
- Албетте, акча толо мүшөктү.
- А мен акылды алат элем.
- Туура айтасыз агай. Ар ким өзүнө эмне жетишпесе ошону алат да.

***
Студент каникулда бир кафеде официант болуп иштеп калат. Эки айым тамакка заказ берип, алдыга ысык шорпо алып келгенде, бирөөсү ачуулу үн менен:
- Официант, официант…
- Эмне болду?
- Шорпого чымын түшүп калыптыр.
- Кичинекей чымынга ушунча чыр саласызбы? Ал шорпоңуздун баарын ичип койбойт да…

***
Студенттер майрамдап, дискотекада бийлеп жатышат. Бир маалда бир кыз эси ооп жыгылып калат. Жанындагы досу:
- Эмне карап турасыңар? Тезинен суу, суу, - деп кыйкырат. Эси ооп жаткан кыз башын көтөрүп:
- Нан дагы…






17-ноябрь - эмне күн экенин билип майрамдап жатасызбы?
Алтынбек
КАСЫМАЛИЕВ,
КУУнун студенти:
- Быйыл эле студент болдум. Сырттан окуйм. Ошентсе да белгилегенге аракет кылып жатабыз. Бирок, буга чейин студент кыздар менен бул майрамды майрамдап келгенбиз. Эмне үчүн майрам болуп калганын буга чейин сураштырбаптырмын. Сиздин сурооңуз бул күндү билүүгө түрткү болду. Эртең эле сураштырып, билгим келип калды…

Бахтияр СОДАКЕЕВ,
КАСИнин студенти:
- Үч жылдан бери майрамдап келебиз. Жыл сайын эле группалаштар менен кафеде өткөрөбүз. Бирок, чогулган жерде бир да жолу эмне үчүн майрам болуп калганы жөнүндө сүйлөшпөптүрбүз. Сиз суроо салып кызыктырып койгондон кийин, тарыхына кызыгып калдым. Группалаштарыма да сиз берген суроону берип көрөйүнчү…

Кыял АЯЗОВА,
БГУнун студенти:
- Учурдан пайдаланып, биринчиден, бардык студенттерди майрамы менен куттуктайм. Бир эле жолу студент болобуз да. Жылына бир эле жолу студенттердин майрамы болот экен. Ошондуктан бул күндү сөзсүз майрамдашыбыз керек деп үч жылдан бери ойдогудай майрамдап келебиз. Чогулган жерде келечегибиз жөнүндө, жакшы ишке орношуу жөнүндө гана сөз кылчубуз. Тарыхын сурап, ойлондуруп койдуңуз, эми билүүгө аракет кылабыз.

Нурсултан АКУНОВ, Бишкек колледжинин алдындагы Чүй университетинин студенти:
- Жыл сайын группалаштар менен майрамдайбыз. Бирок, эмне үчүн майрам болуп калганына кызыкпаптырмын. Ушуга чейин тарыхын билбей майрамдап келатканыма уялып калдым. Эртең эле билүүгө аракет кылам.













Яндекс.Метрика