меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси



◄◄◄

  Буйруса…

Кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров:
"Бразилияда футбол кандай, Кыргызстанда кино ошондой болот"
- Эрнест мырза, Голливуддай киноиндустрияны Кыргызстанда түптөө жөнүндөгү оюңузду көптөр олуттуу кабыл албагандай? Бул ишти эмнеден баштап жатасыз?
- Бул ишти мындан эки-үч жыл мурда эле баштаганбыз. Натыйжа четинен чыгып келатат. Муну өзүбүзчө акча табалык деген тар мааниде түшүнбөө керек. Бүгүн ааламдашуу жүрүп жатат. Ошонун шарданы менен кыргыз киносун да дүйнөлүк деңгээлде интеграциялоо зарыл. Муну ишке ашыруу үчүн мыкты, жаш кинокадрларды даярдашыбыз керек. Алар мукурап турган бүгүнкү руханий турмушубузду көтөргүдөй, алдыга жылдырчудай тасмаларды тартуулары керек. Мен алгачкы мастер классымды өткөрдүм. Тартылган тогуз тасмадан үч тасма абройлуу жюрилер тарабынан мыкты делинип, тандалды. Аларга атайын акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Муну буюрса, өзүбүздөгү киноиндустриянын башталышы деп бааласак болот.
- Алар кайсыл тасмалар?
- Нурлан Абдыкеримовдун "Ата" (сыйлыгы 500 доллар), Эльнура Осмоналиеванын "Шамчырак" (сыйлыгы 300 доллар) анан "Толкун" тасмалары (авторунун ысмын эстей албай жатам) 200 доллар сыйлык утушту. Бул мындан ары да улантылат. Экинчиден, биз дүйнөлүк киноматографисттерди чакырып, ошого тейлөө көрсөтө турган студияларды уюштурсак дейбиз.
Мындай тажрыйба Германияда жакшы жолго коюлган. Биз бул тармакты да өздөштүрүп баштадык. Келечектеги индустриябыз ушул эки нерсеге негизделмекчи. Ушуларды жолго коюп алсак кыргыздын киноиндустриясы өнүгөт.
- Элдин 50%ы киного аралашат дегениңизди кандай түшүнөбүз?
- Муну мындайча түшүнүү керек. Маселен, Бразилияда футбол жалпы улуттун кызыгуусу болсо, Кыргызстанды бул кино болушу керек.
- Кечиресиз, Рон Хаббарддын окуусунун мында эмне тиешеси бар?
- Бул болгону технология. Мисалы, уюштуруучулукту кандай ыкмада жасоо керек, актерлорду кантип өстүрүү туура, кыскасы бул адамдын киноиндустрияны жаратуу боюнча технологиясы бүгүн Голливуддун өзүндө ийгиликтүү колдонулуп жатат. Мындан биз да четте калбообуз зарыл.




  Иликтөр

Дөөлөтбек Бекиш уулу Сапаралиев
Даанышман
Байзак баатыр Жаркынбай уулунун 180 жылдыгы
(Жазылма жана архивдик документтердин маалыматтарынан)
Сандан-санга

Тоокенин
тогуз уулу

Байзактын өз атасы Жаркынбай Тооке уулу жөнүндө да кызыктуу даректер табылды - ал Жетисуу Аскер губернаторунун 29-апрель 1874-жылы чыгарылган буйругуна ылайык 1874-1876-жылдары арасында Кулжыгач волостунун № 5 айылынын бийи болуп шайланыптыр.
1878-жылдын 27-июлунда Токмок уездинин башчысы Жетисуу аскер губернаторуна жазган рапортунда мындай дейт: "Менин карамагымындагы Кулжыгач волостунун кыргызы Жаркынбай Таукин мага өзүн кудайга сыйыныш үчүн Мекке жана Мединага коe берүүмдү сураныптыр.
Өзүм тараптан буга жолтоочулук жок болгондуктан, Сизге, Урматтуум, кайрылуум менен Таукинге Мекке жана Мединага барышына уруксат этишиңизди өтүнөм.
Анын өзгөчө белгилери төмөндөгүчө: 60 жашта, орто бойлуу, сакалы агала, көзү кара (карие), мурду, оозу, ээги кадимкидей. Төшүндө найзадан чоң эмес тырыгы бар." Жаркынбай болжолу Кыргызстанда орус бийлиги орногондон кийин кыргыздардан биринчи болуп "ажылыкка" барууга 1879-жылы 13-январда уруксат алган экен.
Эгер Жаркынбай 1878-жылы 60 жашта болсо, ал 1818-жылы төрөлгөндүгү аныкталат, анда Байзактын туулганы 1827-жыл дегенибиз күмөн болуп калат, албетте адам 9 жашында балалуу болушу мүмкүн эмес да. Азырынча биздин колубузда мындан бөлөк жазма дарек таянычгыбыз жок. Бирок, мындай жагдайда маселен Жаркынбай 17 жашында балалуу болгон десек Байзак болжолдуу 1834-1838-жылдарда жарык дүйнөгө келген болот. Себеби Байзак баатырды ызаттап анын жашынын улуулугун сыйлаган Шабдан баатыр 1839-1840 - жылдары төрөлгөнү белгилүү. Байзактын бир уулу Жантели 1857 - жылы, экинчиси Зарбат 1877 - жылы туулгандыктары жөнүндө даректер бар. Баатырдын тугандарынын маалыматтары боюнча Байзак 7 (13)-сентябрда 1914 - жылы каза болгон.
Жантели Байзаков 1889-1892-жылдар аралыгында Кулжыгач волостугунун № 9 айылынын бийи, ал эми 1892-1897-жылдары жаңы уюшулган Каракече волостунун башчысы болуп иштеген. 1897-жылы 4-январда, 1889-жылдан 1897-жылдарга чейин "алмашылбай берилип кызматты аркалаганы үчүн" деген мактоо баракчасына сыйлыкка көргөзүлгөн экен. Жантели 1897-жылы 3-ноябрда өзүнүн тууганы Канат Шаакиндин сүргүндөн качып келгенде кармаганга атайлап чара көрбөгөндүгү үчүн соттолуп, кызматынан бошотулуп, анын ордуна волостной болуп Балбак Камбаров дайындалыптыр. Байзактын дагы бир баласынын аты Зимбардан экен деген мааалымат бар, а мүмкүн бул Зарбат деген уулунунун толук же азан чакырылып коюлган ысымыдыр. Зарбат Байзаков 1915-жылы 26-июлда 38 жаш курагында Каракече волостунун башчылыгына альтернативасыз шайланган экен.
Тоокенин дагы бир баласы Султан 1900-жылы 60 жашка чыкканда (демек, 1840-ж. төрөлгөн) Каракече волостунун башчысы болуп шайланып үч жылдык мөөнөтү бүтөөрдө 1903-жылдын 21-июлунда өлгөн экен. 1912-1915-жылдары Абылмейиз Тооке уулунун небереси Байсал Орозов Каракече волостунун башчысы болуп иштептир. Тоокенин тогуз уулдары, неберели жана чөбөрөлөрүнүн көбү мамлекеттик бийликке тартылып волостной, бий, шайлоолордо добуш берүүчү элүү башчылык кызматтарын абийирдүүлүк менен аткаргандыктары жөнүндө архив материалдары таасын баяндайт. Байзак баатыр өзү да волост башчылыгынан кеткен соң коомдук иштен четтебей элүү башчылыгынын милдеттерин өмүрүнүн аягына чейин аткарып, өзүнүн баласы Жантелиге жана башка туугандарына эл башкаруучулук тажрыйбасынын негизинде акыл-насааты менен жөлөк болуп, аларга күч-кубат берип турган экен.
Архивдик документтер жана башка ишеничтүү тарыхый булактар боюнча Тоокенин төмөндөгү балдары жөнүндө маалыматтар жолукту: 1.Шааке; 2.Шайылда; 3.Жаркынбай; 4.Абулмейиз; 5.Султан; 6.Сулайман; 7Абыкан; 8.Кожо, Байзактын бир туугандары; 1. Абды; 2.Шопок. Байзактын балдары: 1. Жантели; 2.Зимбардан; 3. Зарбат; 4.Шермат; 5. Ажымүдүн; 6.Ырысаалы.




Ырчы Сыймык БЕЙШЕКЕЕВ:
"Айат-пресс" гезитин ачканы турам…"
- Сыймык, сизди гезит ачып жатат деп уктук. Аталышы, максаты, багыты кандай болот?
- Көптөн бери көксөп келаткан тилегибиз ишке ашканы турат. "Айат-пресс" аттуу гезиттин башы чечилип, мыкты команда түзүлдү. Буйруса, декабрдын башында алгачкы саныбыз жарыкка чыгат. Максатыбыз - адабий, маданий жаңылыктарды жана Кыргызстанда маанилүү иштерди өз убагында чагылдыруу.
- Редактору журналист Жылдыз Мусабекова болоору чынбы?
- Чын. Жылдыз Кыргызстанга таанымал, тажрыйбалуу журналист. Бардык жагынан багытты туура алып кетет деп ишенем.
- "Супер-инфо" гезитине конкурент чыккан жоксузбу?
- Кудай сактасын. Мен андай ойдон алысмын. Ырчылык өнөрдө да конкуренция дегенди билген эмесмин. Ар бир гезиттин окурманы бар дегендей, биздин да гезиттин окурманы көп болуп, нускасы күн санап көбөйөт деп ойлойм.
- Концерттиңизди бул жолу ресторандан өткөр-гөнү жатыпсыз. Эмнеге?
- Бул жолу күйөрмандарга эмес, тууган, досторго концерт бергени жатам. Ал 27-ноябрда, "Инсайт" ресторанында өтөт. Эмки жылы 09.09.09 бактылуу числодо туулган күнүм, чыгармачылыгыма болсо15 жыл болот экен. Чоң тойдун алдын ала даярдыгы десек болот. Бул биринчиден. Экинчиден, студия мектебин ачсак деген тилек бар. Бул жолку концертимден түшкөн каражатты ошого жумшайм. Андан тышкары, 7-декабрда, Москвага сапар тартканы турабыз.

Маектешкен
Назира СААЛИЕВА













Яндекс.Метрика