ЭЛАРАЛЫК КАБАРЛАР

Россия Европага газды арзандатмакчы
"Газпромдун" башчысы Алексей Миллер Европанын газ керектөөчүлөрүнө 2009-жылдын баш чендеринен тартып, баа азайтылмакчы болуп жатканын билдирди.
- Үстүбүздөгү жылдын төртүнчү кварталынан баштап миң кубуна 500 доллардан ашууда. Бул тарыхта эң жогорку баа, - деди ал.

Чехиянын президенти Ирландиядан чатак чыгарды
Дублинге болгон расмий сапарында Чехиянын президенти Вацлав Клаус оппозиция лидерин жактагандыгын билдирип сүйлөдү. Клаус өздөрүн Libertas деп атаган оңчул топтун башчысы Деклан Тэнли менен тамактанып, андан соң биргелешкен пресс-конференцияга катышып кеткен.
Ирландиянын тышкы иштер министри Майкл Мартин расмий визит учурунда өлкөдөгү эрежени бузуп, оппозиция менен жолугуп, күлкү келээрлик пикир айтты, - дейт.

Освенцимдин жаңы маалыматтары
Германияда дүйнөдөгү эң ири өлүм лагери болгон Освенцимдин чиймелери табылды. Ал документтер боюнча улутчулдар еврейлердин геноциди боюнча чечим 1942-жылга чейин эле кабыл алганын далилдейт. Ал чиймелерде "газ камерасы", "крематорий", "сөөктөр сакталган камера" ж.б. бөлмөлөрүнүн планы болгон. Немецтик "Бильд" газетасы ал чиймелердин нагыз экенин өз изилдөөлөрүндө далилдешкенин билдирди.

Медведевдин кайрылуусуна шыктанган россиялыктар
Россиянын президенти Дмитрий Медведевдин 5-ноябрда Федералдык жыйында сүйлөгөн сөзүнө ар бир бешинчи россиялык шыктанып жатканын социологиялык иликтөөлөр көрсөттү.

Күйөөсүн акыркы сапарга узатуу учурунда аялы каза болду
Бразилиялык 67 жаштагы Марсиану Силву Барселушка күйөөсүн акыркы сапарга узатуу учурунда маркумдун сөөгү салынган табыт тийип кетип, каза болуп калды. Катафалк аварияга учурап, табыт ал аялдын башына катуу тийген экен. Анын күйөөсү 76 жаштагы Жади Силвейра Коимбра болсо бийлеп жаткан кезде жүрөгүнөн приступ болгон.

Иракта америкалык истребитель жарылды
Ирактын аэропортунан учуп баратканда Американын F-16 реактивдүү истребители жарылды.
Багдаддагы Балод аскер-аба базасынан учмакчы болгон самолет күйүп баратканда, анын пилоту өз убагында качып чыгууга үлгүрдү. Азыр самолеттун кырсыкташынын себеби айтыла элек.

Британияны радиация каптады
Суу астында жүрүүчү НМS Trafalgar атомдук кемесинен Тамар дайрасына 300 литр радиактивдүү суюктук куюлуп кетти.
Улуу Британияда бул фактыны беш күн жашырышты. Акыры айтууга бел байлашып, бул суюктуктун денсоолукка зыяны тийбесин билдиришти.
Ал жерде карантип жарыяланып, радиациялык абал текшерилип жана суу тазалана баштады.

Америкалыктардын айрымдары шайлоодон кийин шалдырап калышты
Америкада президенттик шайлоо бүтүп, өлкө башчысын тандап алгандан кийин, айрымдар үчүн депрессияга баткан мезгил келди. Көптөгөн пациенттер психологдун жардамына кайрыла башташты.
Нью-Жерси штатынан психолог Росалин Дорейн айткандай, шайлоо менен жашап жүргөн айрым кишилер шайлоо бүткөндө шалдырап калышат. Бул 9 ай бою кош бойлуу аялына камкордук көрүп жүрүп, бала төрөлгөндө эмне кылаарын билбей, эки эсе түйшүккө баткандагыдай көрүнүш. Бир жарым жыл шайлоо менен жашап жүрүп, эми андан чыгыш алар үчүн чоң түйшүк болду.

Электрондук символго эстелик
Москвада декоративдүү эстеликтер аз дешип электрондук белгиге @ эстелик тургузушмай болушту. Анын айланасындагы жүз метр жерде интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Түркия АКШ менен Иранга арачы болот
Түркиянын премьери Тайип Эрдоган АКШ менен Ирандын ортосундагы араздашууга, балким, арачы болуп чыгышаарын билдирди. Бул жерде АКШ менен Ирандын мамилесине арачы болуу зарылдыгы келип чыгууда. Согуш эч убакта жакшылыкка алып келбейт, - деп айтты премьер.

Бен Ладен 11-сентябрдан дагы өткөн теракт кылабы?
Британиядагы араб тилдүү гезитте Усама Бен Ладендин АКШда 11-сентябрдан дагы катуу террордук акцияны уюштуруу ниетине камынып жатканын билдирди. Гезитте ал маалыматты "Аль-Каида" уюмунун мурдагы жетекчилеринин бири билдиргендигин айтышкан. Эгер Усама Бен Ладендин бул ою анык болсо, анда "дүйнө саясый-экономикалык" жагынан чоң өзгөрүүлөргө дуушар болоорун билдиришүүдө.