Шоу-шыбырттары

Акшоола менен ынак
Учурда ырчы, актриса Асема Токтобекова акын Жыпара Исабаеванын "Адашкандар" чыгармасына сценарий жазып бүтүп, кыска метраждуу тасма тартып жатат. Көркөм фильмдин башкы каарманы - Акшооланын ролун өзү, ал эми Акшооланын сүйгөнү Ынактын ролун Замир Арыкбаев аткарат. Эки ырчы эки жаштын сүйүүсүн кандай аткарышканын көрө жатарбыз…

Бегимай Караколдукпу?..
Күйөрмандар Бегимай Эсенгулованы таластык деп талашып келген. Жыйынтыгында ырчы караколдук болуп чыкты. Туулган шаары Караколдо тушоо кесүү концертин 15-ноябрда өткөргөнү турат.

Ишеничти актаган Ислам
Ысык-Көлдө болуп өткөн "Чолпон жылдыз" эларалык сынагында Кыргызстандын атынан ырчы Ислам Ахматов Астанада өтө турган "Шабыт-2008" эларалык музыкалык фестивалына тандалып, Казакстанга жөнөп кеткен эле. Ислам ишеничти актап, 70 атаандашынын арасынан суурулуп чыгып, алтын айкелче жана диплом менен кошо 250 миң теңге сыйлыктын ээси болду. Мекенине жемиштүү кайткан Ислам ийгилигин тели-теңтуштарына жууп бүтпөй жаткан кези.

Омар эс алууга чыкты
Жыл башынан бери чыгармачылыгы боюнча тынымсыз иштеп келаткан Омар "наконец-то" эс алууга чыкты. Бишкектеги концертин өткөрүп алгандан кийин Талас, Ош, Жалалабат областтарындагы күйөрмандарын кыдырып келген. Бир аз тыныгуудан кийин Ысык-Көл, Нарын областтарына сапар тартмакчы.

Акулова - Алматыда
Динара Акулова Алматыда өтүүчү эларалык музыкалык фестивалга мейман катары чакырылды.
Даярдаган Нази Баян кызы