№76, 11.11.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Күн көйгөй

"Түндүкэлектро" карызы барларды соо койбойбу?
Үч фазалуу токту өз алдынча кайрадан орнотуп алгандарды "Түндүкэлектро" артынан кубалап болсо да кесүүгө бел байлоодо. Учурда мындай адамдардын саны Бишкектин өзүндө эле 114 кө жетти. Энергетик мырзалар мындан ары күндө рейдге чыгып, үч фазачылардын кылтагын кесүүнүн амалын катуу издешүүдө. Эгерде үч фазаны толук кесип ташташса, кышында суткасына 4 млн кВт электрэнергиясын үнөмдөйт имишпиз.

Ноябрь айы суук болобу?
Аба ырайын маалымдоо бюросунун билдиргенине караганда ноябрь айынын акыркы он күндүгү суук болушу күтүлөт.

Нурага жардам
Орусиядагы мигранттар Нура айылына 341 миң сом жардам акча беришти.Корея өлкөсү да Нурага 50 миң доллар бөлдү.

Аскар Акаев 64 кө чыкты
Туңгуч президентибиз Аскар Акаев кечээ 64 жашка чыкты. Үч жылдан бери кайран президентибиз туулган күнүн элинен четте белгилеп жатат. Тагдыр өзү тандаган президентибиз деп бир кезде көкүрөк койгулаган жаныбыз азыр не күйүнөөрүбүздү, не сүйүнөөрүбүздү билбей олтурабыз. Канткен менен тарых баарын өзү кези келгенде таразалап алаар. Неси болсо да, тунгуч президентибизге ден соолук, сабырдуулук каалай кетели.




Оппозиция биригет, бирикпегенге айласы жок
Бакыт Жолдошев Оппозициянын 25-ноябрга белгиленген жыйын Курултайы ишемби күнгө, 29-ноябрга жылдырылды. Себеби, ишемби күн эс алуу күнү болгондуктан, жыйынга келе турган көптөгөн адамдар, ошондой эле региондордон келүүчү өкүлдөр үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүк берүү зарылдыгы түзүлдү. Коомдук парламенттин вице-спикери Асия Сасыкбаеванын айтымында Курултайда каралчу негизги маселе - өлкөдөгү бүгүнкү социалдык-экономикалык кырдаал, энергетика кризиси жана адеп-ахлактык мүнөздөгү айрым маселелер каралмакчы. Оппозицияга "азырынча байкоо салып тургандардын" ичинен Эрк партиясы нааразылык акциясын 16-декабрда өткөргөнү жатат. Ал эми Элдик революциялык Кыймыл Таласта 18-ноябрда Элдик жыйын өткөрүүнү пландаштырууда. Бери жактан саресеп салып караган көзгө оппозициялык күчтөр жанданып, өлкөнү ана-мына нааращылык акциялары басып келчүдөй болуп тургансыйт. Бирок "бөлүнгөндү бөрү жейт" дегендей, ар кайсыл оппозициячыл күчтөр бир билек, бир муштумга бириккендин ордуна ар кимиси өз алдынча аракет жасаганы көпчүлүктү ойлонтот, натыйжа кандай болот деген собол чыгат. Анүстүнө бул күчтөрдүн бийликке койгон доомат, талаптары дагы бир-бириникине көп эле жакындашпайт. Маселен, элдик революциялык кыймыл азыркы президент Бакиевди бийликтен биротоло кетирүү талабын билдирсе, кечээ эле Бакиевдин жанынан түшө качкан Исмаил Исаков, Марат Кайыпов жана Үсөн Сыдыков баш болгон "Жаңы Кыргызстан" партиясы Бакиевдин саясатын колдоорун, бирок өкмөттүн начар иштеп жаткандыгын, ошондуктан өкмөттү кыскартуу же толугу менен отставкага кетирүү талабын айтып чыгышууда. Алардын пикиринде өлкөнүн бүгүнкү кризиске кептелишине өкмөт гана күнөөлүү. Мындай эки ача талаптар, билдирүүлөр эл арасында оппозициянын дагы эле бириге албай жатканынан кабар берип турат. Оппозиция кечээ жакында эле биригүү меморандумуна кол койгон эле. "Акшумкар" партиясынын лидери Темир Сариевдин пикиринде оппозициянын буга чейинки жасаган аракеттери канткен менен расмий бийликке бир топ күчтүү таасир этти. Чынында эле оппозиция минтип өз оюн, позициясын туруктуу билдирип турбаса, бийлик өзбилемдигин койбосу түшүнүктүү. Мына ушул жааттан алып караганда оппозициянын жүргүзүп жаткан ишинен эч кандай майнап чыкпай жатат деп эсептөө катачылык болор эле. Эл ичиндеги калыптанган пикирге караганда оппозиция акыркы кездерде жанданып, барган сайын таасири күчөп жатат. Анткени бүгүнкү бийликтин иш-аракети элдин калың катмарын барган сайын канааттандырбай жатат. Мындай улана бериши мындан ары мүмкүн эмес.




  К ү з к ү н д ө л ү г ү …

Баа… банги!
6-ноябрда Кара-Буура районунун Чолпонбай айылынын жашоочусунун чатырынан 16 кг индия марихуанасы табылды.

Дагы "Кумтөр"
7-ноябрь Барскоон белин аша берээрде "Кумтөр оперейтинг компаниге" караштуу жүк тартуучу машина бир жак капталына оодарылды. Машинадагы 17 тонна селитранын 9 тоннасы жолго төгүлүп, "Кумтөрдүн" кызматкерлери аны эртеси жыйнап кетишти.

Күчөгөнү күчөгөн
14-ноябрда Бүткүл дүйнө кант диабетине каршы күрөшүү күнүн белгилейт. Ичтен жеген митедей адамдын организмин алсыратып, көп учурда кайгылуу аяктаган бул илдет тилекке каршы биздин өлкөдө да көбөйүп баратат. 2008-жылдын 1-январына карата диабет менен ооругандардын саны 26 миң адамдан ашкан. Бул 15 жыл мурдагыга салыштырганда эки эсеге көп дегенди билдирет.

Төө буурчак төө бастыга алабы?
Элдик революциялык кыймыл 18-ноябрь күнү Таластын так ортосунда улуттук жыйын өткөрүүнү божоп жатат. Кай жерде жука болсо ошерден үзүлөт дегендей, таластыктардын таңдайын такылдата турган маселе бар. Ал - баягы эле төө буурчак. Кезегинде дыйкандардын маңдай теринен жаралгандай буурчактардын агымына Аязгүл айым тоскок коюп, каймагын калпып турчу эле. Эми дагы ошондой тосмо пайда болуп, элдин мээнети кайтпай тургандай. Жаны ачыган эл бул жыйынга саясый партиялардын, коомдук уюмдардын, эларалык уюмдардын өкүлдөрү келсе өкүртө бир жыйын өткөрөлү деп жатышат.

Сакайды
Өлкө президенти Курманбек Бакиев ушул айдын 20сына чейин дарылануудан кайтып келээрин, азыр өзүн жакшы сезип жатканын президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов билдирди.

"Аалам-пресс"