№75, 06.11.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Эркин трибуна

Карарган деңиз, Агарган толкун...
Бул ырды Алыке кадимки (Алым Токтомушев) "Көгүлтүр Ысык Көлдө" эс алып жүргөндө жазгам дейт. Сыягы аптаптуу жай өтүп, ээн калган жээкте эмне кылаарын билбей, алда кайда мунарыктаган наркы өйүздү тиктеп отуруп жазса керек.
"Мен турган тушта - сен туулган кыштак...". Өңгөсүн билбейм, ушул ырын өзү укканда башкача боло түшөт.
"Ошондо болжол менен Тоңдун баландай деген айылы болсо керек?" дейбиз тактап. Ушул саптар менен ошо кездин толкунунун шапатасы келе калгандай башкача бир абалга түшкөн Алыкеден үнсүз жооп угулат. Анан ал илептин ыргагына термелип ырдай баштайбыз: "Карарган деңиз, агарган толкун, барайын дедим, баралган жокмун"... Баралбай калган арман баарында эле бар да, ыр өзүнчө бир өзөлөнүп чыгат.

***
Алым байкенин сүрөтүн тартам дегендер дегеле кыйналбайт - шырыктай шыйрак, куркуйган моюн, чаар шапке, көз айнек. Бүттү, Алым Токтомушев болот да калат. Ушул жөпжөнөкөй киши качантан бери далайдын кекиртегине сайылган кылкан болуп келатканын карабайсыңбы. Же нары сүрүлбөйт же бери сүрүлбөйт. Мансап менен да, дүнүйө менен да ала албайсың. Чөнтөгүң калың, жан дүйнөң жарды болсо - жакындайм деп ойлобой эле кой, түркөйлүккө түз эле "түү" деп туруп калат.

***
Редакциянын күнү ушу Алыкеден башталат. Кудайдын күнү жумушка кечиккендер редактордон эмес, орун басарынын каарына калышат. Кайсы гезит, кайсы редактор болбосун, Алым байкени орун басар кылганга аракеттенет. Редакциянын арабасын муңбай, жазбай тартаарын билишет да. Салпактап кечигип жүрсөң, аягы жок, башы жок халтураны берсең - өлтүрөт. Кылыйган көзү менен кыйгачтай караганда ок тийгендей эле болосуң.
Номурдун материалдарын тиги бурчта, бу бурчта шаша-буша чүргөп түйтөңдөп жатканда "ии, эмне дегиңер келип турат?" деп бир маалда кирип келет. Аз өтпөй дуу эткен каткырык бөлмөнү жарып, эмеле төбөңдө салаңдап турган булутту шамал айдап кеткендей, "асман" ачыла түшөт.
Алаканын шак коюп, баш бармагы менен үстүнкү эрдин жанып алган Алыке жаңы таап алган тамашалуу табылгасын айтып-айтпай карсылдай күлгөндө бери жактагылар да ырсайып, заматта редакциянын ичи азан-казан болот.

***
Камыгып кеткендеби, Алым байке көзү өтүп кеткен жакшы досторунун жоруктарын көп айтып калат. Алар менен чогуу жүрүп эмеле коштошкондой кеп кылат. Достошкондо да нукура талант, өзгөчө жандар менен достошуп, алардын жан дүйнөсүнүн бир бөлүгүн өз жан дүйнөсүнө жалгаштырып, элестерин өчүрбөй, баалап, бапестеп келатканына суктанасың.
***
Кайсы бир кечеден экөөбүз чогуу чыгып калдык. Аялдамада автобус күтүп турабыз. Сөздөн сөз чыгып, чоң апасын кеп кылып калды.
"Канчанчы класста экеним эсимде жок, айтор мектептен ыза көрүп үйгө ыйлап келсем апам короодо экен, шап эте жайдак атка минип, мени артына ыргыта учкаштырып, "өлүгүңдү гана көрөйүн, ал ким экен, сени ыйлаткан..." деп чаап жөнөдү. Ачуусу менен кайра-кайра камчыланып, анысы аттын соорусуна эмес эле, менин шыйрагыма чабылып, бутумдун ооруганына чыдабай өкүрүп бир баратам..."
Ушерге жеткенинде демейде зарыктырып келбеген автобусум келип калып, шаша- буша коштошуп, чуркаган бойдон түшүп кеттим. Түшөөрүн түшүп алып "атайын сүйлөшөйүн деп турганда жан талашып эмнеге кетип калдым" деп жетээр жеткенимче өзүмдү жеп бардым.
Алым Токтомушевдин кыраан журналист экенин азыр элдин баары билет. Билген үчүн аны бир редакциядан экинчи редакция азгырып, акидей асылып жатып "алып кетишет". Саясат менен экономиканы Алым байкедей анализдеп, таасын жазган тилдүү, тиштүү калемгер аз. Анын кантип иштегенин, бир материал жазыш үчүн канча документ аңтарып, канча толгонуп, кандай кыйналганын маңдайында отуруп көрүп эле жүрдүк. Мен деген окурмандар Алым Токтомушев иштеген гезитти ээрчип, издеп жүрүп окуурун билебиз. Мына ушундай Мастер менен бирге иштеп, таалимин алганыбызга тобо дейм. Буларды жазганым- мактоо сөздөрдү кыйналып-кысталып жатып жазган юбилейлик макала эмес. "Жөн эле" майрам күнү калемдештерди көз алдыда тизмектеп жатып Алым байкеге келгенде "токтоп" калгандагым, көптөн бери көрүшө элекпиз , барып учурашып келсемби деп отуруп эле кеп кылгандагым.