№75, 06.11.08-ж. Кыргыз гезиттер
  С п о р т м а й д а н ы н д а

Ат баспаган аскага чыгып, байге алсак…
Кыргыз өзү тоолук аталган менен, мөңгүгө аска-зоого чыкканы саналуу гана. Альпинист аталып, атак-даңк алып, туу чокуларды багындырганы жокко эсе. Жакында эле Чуңкурчак капчыгайында альпинисттик марафон болду. Аба ырайынын бузулганына карабай, спортчулар кайратман эр жүрөктүүлүктү көрсөтүштү: 7 команда 6 саат тынбай жүрүш кылып, аска-зоону багындырышты. Марага альпинизм мектебинин өкүлдөрү Сергей Власенко, Андрей Ерохин биринчи келип, жеңүүчү аталышты. Экинчи орунду "Скиф" спорт клубунун мүчөлөрү Сергей Селиверстов менен Михаил Даничкин ээледи. Үчүнчү орунду үйбүлөлүк альпинисттер Николай Гутник менен Марина Гальцова камсыз кылышты.
- Мына ушундай марафон 10 маршрут боюнча кышында өтөт. Ошондуктан даярдык көрө бергиле, - деп кыргыздардын намысына тиет альпинизм федерациясынын кызматкери Марина Гальцова.




Семетейдин Вьетнамдагы жүрүшү
Уландар арасында шахмат боюнча Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөнтегин Вьетнамда өткөн жаштар арасындагы дүйнө биринчилигине жол азабын, түйшүгүн "өлө" тартып барып келди. Бишкектен Вьетнамга самолет түз учпагандыктан, Алматыга барып, андан Сеулга учуп, Кореядан Вьетнамга эптеп барса, ара жолдо чемоданы жоголуп, жол азабын тарткан. 75 өлкөнүн тандалган шахматчыларынын акыл таймашында Семетей Төлөгөнтегин 18 жашка чейинкилер арасында 5 оюнду утуп, 3 жолу тең чыгып, 3 жолу утулуп, 6,5 упай топтоо менен 16-орунга илинет. Жалгыз өзү эрбеңдеп, машыктыруучусуз баргандыктан, жүгүн жоготуп, ага да бушайман болгондуктан "жакшы көрсөткүч жарата албай калдым", деп арман кылып турат.
Кайгырба, Семетей, алдыда далай таймаш бар.


Жеңүүчүлөр Тайпейге жана Австралияга барат
Бишкекте спорттук бал бийи боюнча Кыргызстандын чемпионаты абдан курч мүнөздө өттү. Себеби, мелдешке катышкандарга караганда аларды сүрөөнгө алгандар, көрүүчүлөр залга батпай, жык-жыйма болду. Айрыкча латын америка бийин көрүүгө кызыккандар арбын экен. Бийден сырткары кийген кийимдери көз жоосун алып турса, суктанбаганда кантишмек.
- Далай мелдештерде бийлесек да, бул ирет көрүүчүлөрдөн аябай сүрдөдүк, - дейт бийчи Алексей Кибкало. Себеби, бул мелдеште жеңип чыккандар 6-декабрда Тайпейде өтө турган Азия чемпионатына, 12-декабрда Австралияда боло турган дүйнө биринчилигине жолдомо алышмак. Натыйжада Кыргызстандын спорттук бал бийи боюнча чемпиондугун бишкектик Алексей Кибкало өнөгү Виктория Качалко менен жеңип алып, дүйнө чемпионатына баруу укугуна ээ болушту.
Экинчи орунду ээлеген бишкектик Михаил Комарда менен Валерия Качалко Азия чемпионатында Кыргызстандын намысын коргошот.
Бул бий таймашуусуна 158 жуп бийчи катышып, бийдин майрамы катары эсте калды. Казакстан менен Өзбекстандан да меймандар келип, өнөрлөрүн көрсөтүп, өздөрүн сынап кетишти. Кыргыз кыз-жигиттери эмнеге намыстанбай жүргөнүнө күйөсүң да…


Майыптар да чемпион болушат
Бишкекте акыл-эсинин өсүшү кечеңдеген начар майып балдардын спартакиадасы башталды. Угуусу начар балдар арасында - шахмат, шашки мелдештери өтүүдө. Негизинен майыптар спартакиадасы спорттун беш түрү боюнча өткөрүлүүдө. Алар стол тенниси, шахмат, шашки, кол күрөшү жана пауэрлифтинг (чалкасынан жатып алып оордук көтөрүү) боюнча мөрөй талашып жатышат. Жеңүүчүлөр 4 категория боюнча аныкталат. Көзү начар көргөндөр, угуусу начарлар, буту баспаган майыптар жана акыл-эси кечеңдегендер арасында өз-өзүнчө мөрөй талашуулар болмокчу. Спартакиаданын жеңүүчүлөрү 3-декабрда аныкталат. Аларга көңүл бурулуп жатканы да жакшы жөрөлгө.


Биринчи Лиганын жеңүүчүсү
Жогорку Лигада футбол боюнча Кыргызстандын чемпиондугун Нарындын "Дордой-Динамо" командасы бешинчи ирет сактап калса, биринчи Лигадагы акыркы байге үчүн Карабалта шаарынын "Кара-Балта" командасы менен Канттын "Наше пиво" командаcы беттешип, жыйынтыгында "Наше пиво" командасы утканы менен, упайлык артыкчылыкта биринчи орунду ээлеген "Карабалта" командасы эмдиги жылы Жогорку Лигада ойноого укук алды.


"КНУ" командасы Америка футболунда чемпион
Өлкөдө Америка футболуна да көңүл бурулуп, мелдештер өткөрүлүп, америкалыктар да бул оюнду Борбор Азияга жайылтууга кызыкдар болушуп, демилгелерди колдоп жатышат. Америка футболу боюнча Бишкекте өткөн мелдеште Кыргыз Улуттук университетинин "КНУ" командасы негизги атаандашы "Бүркүт" командасын 30:8 эсебинде утуп алды.
- Мындан бөлөк, жанга тынчыраак спорт менен алектенсең боло деп айтсам да кулак какпайт. Уккусу да келбейт. Уулум мелдештен кийин абдан чарчап келет. Кээде бүт денеси жанчылып, тура албай да калат. Бирок өзүн өзгөчө бактылуу сезет, - дейт "КНУ" командасынын оюнчусу Русландын апасы Елена Цой.
Бул мелдеште жеңген команда Казакстанга барып, өлкө намысын талашмак.




Аалам ичи - анекдот кенчи
Бул сапар кыргыздар жөнүндө анекдотторду берели дедик. Кыргыздар дүйнөдөгү сейрек кездешчү эл, кайсы жагыбыз артык да, кайсыл жагыбыз көбүрөөк тыртык, аны өзүбүз гана эмес, бул жерде чогуу жашап жаткан башка улуттар да түзүк билип калды, билмек тургай, ал сапаттарыбызды өзүбүзгө каршы пайдаланып, үзүрүн жакшы эле көрүп да жатышат.

* * *
Совет доорунда Орозбек деген ферме (завферма) күзгүнүн маңдайына туруп алып сакал-мурутун, көкүрөгүндөгү, торсойгон курсагындагы ж.б. жерлериндеги жүнүн сөгүнүп жулуп, кырып атат.
- Эмне болду? - дейт аялы.
- Ферма жүндүн планын толтуралбай калды неңди урайын, башкарма чакыртып териңен жулсаң да жүн чогулт дегенинен чогултуп атам. Мен го мен, а жумурткадан планы толбой калган тээтиги тоок ферме Дөкө шордуу кантип атты экен…

* * *
Коңколой досуна наалып атканы:
- Кечээ күнү энең, догдурга көрүнсөм айтып атпайбы, "Сифилис болупсуз. Ичпеңиз, чекпеңиз, аялдарга жолобоңуз!" дейт эй!
- Түй энең, өлгөн турбайсыңбы?
- Өлбөй эле! Акча ыргытып койсом, кайра баарын жасай бер деп руксат берди да!

* * *
Баткендин Зардалысынан келген жигит ЦУМдун жанындагы фонтан жээгинде көлдүк кызга тийишип турат.
- Эй чо-оң кыз, каяктан болосуз өзү?
- Көлдөн.
- Оо, меням көлдүкмүн!



* * *
Атбашылык Орозбек БЧКда сууга түшүп чөгүп баратат. Караса, орус өтүп баратыптыр.
- Эй дуруг, друг! Я последний раз купайся, - дейт суу жутуп.
- На здоровье, но почему последний раз? - дейт орус камаарыбай.
- Я пос…

* * *
Филармониянын подземкасында өлө мас кыргыз таттуу-паттуу сатып турган ак халатчан аялдан сурап турат:
- Эй женшина, чо эта? - дейт жумуртка куймакты көрсөтүп.
- Амулет.
- А көтүлет нэт? - дейт имиш.


* * *
Бир министр кыргыз Боке айылына тойго барыптыр, "Жип" машинесин айдатып. Башында серьезный болуп каадаланып отурган Бокең акырындан алып отуруп жибип, алагүү болуп калган бир маалда улам эле "ойт, ойт, ойт" дейт имиш. Эл түшүнбөй сурашса да жооп бербей, баягысын кайталайт. Акыры шоопурун чакырышат:
- Эй жигит, шефиңе карачы, бирдеме айтып жаткандайбы, ойт эле ойт дейт бир сааттан бери.
Шоопур унчукпай чөнтөгүнөн макисин алып чыгат да шефинин шымын шарт кесип жиберет. Ошондо Бокең:
- Ой тоо-обоо-о, жана жана жайлоодо-ооо эй!

* * *
Гүлбакта бир кыргыз эс алып скамейкада чалкалап олтурат. Бир толук орус аял да келип, наркы четине отурат. Беш-он мүнөттөн кийин туруп жөнөсө, көйнөгү артына кыпчылып калыптыр. Кыкең дароо тартып чыгарып койсо, аял:
- Ишак! - деп сөгүп алып жолуна түшүптүр.
- Омээй, энеңди урайын, мен буга жакшылык кылсам, кайра эшексиң дейт да, өлүп кет, - деп, туруп чуркап барып көйнөктү кайра ордуна тыгып койгон экен.

* * *
Алайлык Аргынбай мигрант поюзда келатат. Жанында суйкайган сулуу орус келин. Тийишээрдин айласын таппаган Аракең акыры чыдабай:
- Дүвүшка, чо малчыш, - десе, тиги:
- Хочу и молчу! - дебейби.
- Ох-оо, хочет и малчит, - дейт имиш Аргынбай өкүнгөндөй алакан жайып.