№74, 04.11.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Министр маек

Ички иштер министри Молдомуса КОНГАНТИЕВ:
"Өлкөдөгү криминогендик абал силер элестеткендей татаал эмес"
Ички иштер министрлиги эл алдында чоң жоопкерчиликте иш алып барган министрлик болуп эсептелет. Ошондуктан анын жетекчилигинин ар бир билдирүүсү, негизи эле министрликтин иш-аракети ар кандай пикирлерди, талкууларды жаратпай койбойт. Албетте, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш, себеби министрликтин кызматкерлери жалпы коомдун коопсуздугун жана укугун коргоого милдеттүү эмеспи. Бул милдетти аталган министрлик канчалык деңгээлде аткарып жатат? Жарандарыбыздын ар кыл жагдайдан кооптонуусу азайдыбы же арбыдыбы?... Ушул сыяктуу ар бир адамды түйшөлткөн бир катар суроолор менен ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге кайрылдык.

- 28-октябрда 2008-жылдын тогуз айындагы ИИМдин ишмердигинин жыйынтыгын чыгарган коллегия болуп өттү. Бүгүнкү күндө коомчулуктун тынчын алып жаткан эң актуалдуу маселелердин бири - өлкөдөгү криминогендик абал. Ал боюнча эмне дей аласыз?
- Кылмыштарды аныктоо жана аны каттоого алуу боюнча мамлекеттик саясаттын өзгөрүшүнөн улам, катталган кылмыштардын саны 19 миң 284 кылмышты түздү. Бирок, кылмыштын бир азга өскөндүгү бул коом криминалдуу болуп баратат дегенге жатпайт. Тек гана бул жерде айкындык, ачыктык деген фактор бар. Кылмыштуулук бир аз өскөндүгү менен, бул багытта жакшы көрүнүштөр да жок эмес. Алсак, оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны кыскарды. Коомдук жайларда жасалган кылмыштар - 2,5, көчө кылмыштары - 7, жол транспорт кырсыктары 6 пайызга кыскарган. Кылмыштын бардык түрлөрүнүн бетин ачуу жакшырган. Дайынсыз жоголгон 1400 адам изделип, табылган.
Статистика көргөзгөндөй, өлкөдөгү криминогендик абал, силер элестеткендей, татаал эмес. Тек гана мурдагыдай көрсөткүчтөрдүн артынан түшүп, аны атайлап жогорулатуу же жаап-жашыруу деген көрүнүштөн оолак болгондугубуздан улам реалдуу көрүнүшкө ээ болуп отурабыз. Ошондуктан биз коллегияда учурдагы көйгөйлөргө, аларды чечүү жолдоруна көбүрөөк басым жасадык. Милиция кызматкерлеринин социалдык, турмуштук шарттарына да мүмкүн болушунча көбүрөөк көңүл бурууга аракет көрүүдөбүз. Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө министрлик тарабынан акыркы кездерде бир топ иш-чаралар жүзөгө ашырылып жатат. Алардын бири - коомдук алдын алуу борборлору. 2005-жылдын 25-июнундагы "Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндөгү" мыйзамына ылайык бүгүнкү күндө республиканын дээрлик бардык булуң-бурчтарында мындай борборлор түзүлүп, учурда ийгиликтүү иш алып барышууда. Азыр өлкө аймагында 450дөн ашуун коомдук алдын алуу борбору аракетте. Андан тышкары эл менен тыгыз байланышта болгон милициянын аймактык инспекторлоруна да өзгөчө көңүл бурулуп, алардын толук кандуу иштөөсү үчүн мүмкүн болушунча шарт түзүлгөн.
- Убактылуу кармоо жайларында айыпкерлерди кармоо шарттары массалык маалымат каражаттарында ар кандай чагылдырылып жатат. Тергөө иштеринде кылмышка шектүү катары кармалгандарга күнөөсүн моюнга алдыруу үчүн мыйзамда каралбаган ыкмалардын колдонулушу тууралуу кептер канчалык деңгээлде чындыкка жакын?
- Убактылуу кармоо жайларында айыпкерлерди кармоо шарттарын жакшыртуу боюнча бир топ чаралар көрүлүп жатат. Мындай жайлардын көпчүлүгү оңдолуп-түзөлдү. Жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ОБСЕнин колдоосу аркылуу Бишкек шаарында учурдун талабына жооп берген убактылуу кармоо жайын куруу каралууда. Дагы бир канча УКЖларды куруу да планда бар.
Ал эми тергөө учурундагы мыйзам бузууларга биз келишпестик менен мамиле кылабыз. Акыркы мезгилде биз тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын негизинде негизсиз кармалгандардын саны кыскарууда.
Кылмышты тергөө процессин жөнөкөйлөтүү атуулдардын укугун коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралардын бири десек болот. Министрликте орто жана анча оор эмес кылмыштардын өндүрүшүн жөнөкөйлөтүү боюнча мыйзам долбоору иштелип жатат, бул ар кандай формалдуулуктарга, тоскоолдуктарга жол бербөөгө шарт түзөт.
Дагы бир орчундуу маселе - айыпталуучуларга жана шектүүлөргө жогорку деңгээлдеги юридикалык жардам көрсөтүү. Себеби, айрым айыпталуучуларда акы төлөөгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан актоочулардын ишти алып баруудан баш тарткан учурлары бар, өзгөчө бул көрүнүш айыл жеринде көп байкалат.
- Тилекке каршы, коомубузда ички иштер органдарынын кызматкерлери жарандардын укугун бузат, өздөрүн да татыктуу алып жүрбөйт деген пикир калыптанып калган. Мына ушундай көрүнүштөрдү жоюу боюнча ИИМде кандай иштер жүргүзүлүүдө?
- Бул пикир кайсыл бир деңгээлде туура. Көптөгөн мекендештерибиз күнү бүгүнкүгө чейин милиционерлердин оройлугу, кенебестиги менен кездешип келатат. Ошол себептен азырынча биз милициянын имиджи абдан оңолду деп айтуудан алыспыз. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин өздөрү мыйзам бузган учурлары бар, алардын элге жасаган мамилеси да азырынча канааттандыраарлык эмес.. Мына ушул көрүнүштөрдү жоюу боюнча министрликте ар кандай мүнөздөгү буйруктар, көрсөтмөлөр, абалдар иштелип чыгууда. Кесибин мыкты өздөштүргөн чебер кызматкер бар жерде зомбулук, адам укугун кемсинтүү сыяктуу көрүнүштөргө жол берилбейт. Бул - далилдерди талап кылбаган аксиома.
Башта кызматкерлердин кесиптик жактан анчалык бийик даражада даяр эместиги, биринчи кезекте, союз таркаганда пайда болгон кадрдык боштуктан улам келип чыккан. Мына ушул кемчилдиктер акырындап жоюула баштады. Азыркы күндө ИИОнун катарында министрликтин окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү иштей баштады. Аракеттеги кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча да активдүү иштер жүргүзүлүүдө.
- Кадр саясаты кай жерде жана качан болбосун чоң мааниге ээ. Көптөгөн тажрыйбалуу ички иштер кызматкерлери, кесип чеберлеринин айлык акы жакшы төлөнгөн кызматтарга кетип калгандыгы да жашыруун эмес. Учурда ИИМде кадр маселеси кандай абалда экендигин айта кетсеңиз…
- Ооба, ар кандай объективдүү, субъективдүү себептерден улам ички иштер органдарын кесиптик чеберчилиги бийик кызматкерлердин таштап кеткени чын. Кесиптик даярдыгы бийик мамлекеттик аппараттын негизги белгилери - кадрларды тандоо, даярдоо жана аларды илгерилетүү системасын жакшыртуу болуп саналат. Мына ушул маселеге ИИМ жетекчилиги өзгөчө көңүл бурууда. Өткөн аралык ичинде ички иштер органдарынын катары бир кыйла жаңырды. Ошого карабастан, кесип чеберлеринин өзөгү сакталып калды, бул, биринчиден, системаны талкалануудан сактаса, экинчиден, учурдун талаптарына жооп берген реформа жүргүзүүгө жана жаш эгемендүү мамлекеттин коопсуздугун сактап калууга жардам берди.
Жакында кадрдык аппараттардын алдына жетекчи курамдагы адистердин резервин сапаттык жактан жаңылоо боюнча милдеттерди койдум. Муну менен мындан ары кимдир бирөөнү кайсыл бир жетекчиге жаккандыгы же жакпагандыгы боюнча кызмат ордуна коюу практикасын жок кылууга аракет жасоодобуз.
- Республикабыздын паспорт жана МАИ кызматтарында кезек күтүү көнүмүш адатка айланды. Паспортту алмаштыруу же алуу, каттоого туруу-чыгуу үчүн эл таңкы 5тен кезекке тура баштаган учурлар болгон. Абалды жакшыртуу боюнча кандай чаралар көрүлүп жатат?
- Сиз аябай орчундуу маселени көтөрдүңүз. Өзүбүздүн жеке резервибиздин эсебинен бул кызматтарды кошумча кабинеттер, компьютердик техника менен камсыз кылдык. Бул кызматтардын жарандарды кабыл алуу күндөрүн узартып, эң мыкты иш бөлмөлөрүн берип, ыңгайлуу шарттарды түздүк. Мындай аракеттин натыйжасы көпкө күттүргөн жок. Абал бир топко жакшырды. Ошондой болсо да, учурда паспорт кызматтарынын көпчүлүгү эскилиги жеткен, шарты начар иш бөлмөлөрүндө эмгектенишүүдө. Штаттык бирдиктерди көбөйтүү боюнча маселе жергиликтүү бийликтер тарабынан акырына чейин чечиле элек. Губернаторлордун, акимдердин жардамы менен бул чөйрөдө тартип орнотобуз деген ниеттемин.
- Молдомуса Ташболотович, коомдогу эң чоң көйгөй коррупция экендигин эчак эле айткансыз. Эч кимге жашыруун эмес, айрым орган кызматкерлеринин кээ бирөөнүн кызыкчылыгын колдоп, таламын талашып жүргөнү азыр да бар…
- Атайлап мыйзамды бузган кызматкерлер, адатта, жеке өзүнүн кызыкчылыгын колдогондор. Катарыбыздагы коррупция менен күрөшүү - биздин ыйык милдетибиз. Андайларга карата өтө катуу жаза колдонобуз. Коррупциялык мүнөздөгү кылмыштарды жасагандыгы үчүн 2008-жылдын тогуз айынын ичинде жүздөгөн кызматкер кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактабагандыгы үчүн миңге жакын кызматкер ар кандай жаза чарасына кириптер болушту. Ички коопсуздук кызматы тарабынан ички иштер органдарынын катарында коррупциялык көрүнүштөргө аралашкан кызматкерлерди аныктоо жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү боюнча тынымсыз иштер жүргүзүлүп жатат. Эгерде кайсыл бир кызматкер тарабынан укук бузууларга жол берилген болсо, алар түздөн-түз ИИМдин 68-49-27 ишеним телефонуна чалса болот. Мына ушундай эле телефондор областтык башкармалыктарда да бар. Былтыр ишеним телефону аркылуу түшкөн арыздарды текшерүүнү натыйжасында бир топ кызматкер ИИОнун катарынан кетирилген.
- Эл арасында резонанс жараткан кылмыштарды тергөө абалы кандай? Алар сиздин жеке көзөмөлүңүздө турса керек?
- Эл арасында кыйла уу-дууну жараткан кээ бир кылмыштардын бети ачылган. Алардын көпчүлүгү сот тарабынан каралган жана каралып жатат. 2002-жылдан баштап буюртма же криминалдык териштирүү мүнөзүнө ээ болгон 58 кылмыш катталган. Алардын 50сү - адам өлтүрүү, ал эми 8и - адам өмүрүнө кол салуу. Учурда бул кылмыштардын 23ү сотко жиберилген. Алардын 9у боюнча айыптуулар өз жазасын алган. Тилекке каршы, бул буюртма адам өлтүрүүлөрдүн аткаруучуларынын жана буюртма бергендердин көпчүлүгү сот жоопкерчилигине тартылбай калды. Себеби, алардын көпчүлүгү криминалдык өз ара териштирүү учурунда каза болушкан.
2008-жыл ичинде уюшкан кылмыштуулук багыты боюнча 14 адамга издөө жарыяланган, алардын бирөөсү уюшкан кылмыштуу топтун лидери, 13ү - анын мүчөлөрү. Жыл өткөн сайын биз мына ушундай криминалдык көрүнүштөргө карата тынымсыз иш алып баруудабыз.
- Жоголгон ЖК депутаты Р.Шаботоевдин, депутат Ж.Жээнбековдун баласы, Б.Жээнбековдун иштери боюнча эмнелерди айта аласыз?
- Кечээ дүйшөмбү күнү атайын кеңешме өткөрүп, бул иштер боюнча жоопкер жетекчилерди сурадык. Аларга катуу сын айтылып, конкреттүү мөөнөт берилди. Эгерде бул мөөнөттө жыйынтык чыкпаса, катуу чара көрүлөөрүн жеке эскерттим. Аталган адамдардын дайнын аныктоо боюнча иш катуу көзөмөлдө, кандайдыр бир кырдаалдар ачылса, аны сөзсүз коомчулукка кабарлайбыз.