№74, 04.11.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Дил маек

Кубатбек Байболов:
"Эл мага эле таарына бербей, менин да элге таарынып, доомат коюуга акым бар"
Кечээ Кубатбек Байболов азыркы саясат, жубайы Нуржамал Байболова экөөнүн саясаттан кетишинин себептери, өткөн шайлоо кампаниясы жана башкалар тууралуу биздин гезиттин кабарчысы менен маектешти.


- Кубат Калбекович, кечээ Равшан Жээнбеков "Азаттыктан" сүйлөп, Кубат Байболов, Өмүрбек Абдрахманов… менен Америкадан жолугуп, пикир алышып турабыз деп айтты эле. Түштөн кийин эле сизди оппозициянын Меморандумга кол коюу аземинен көрүп калдык…
- Ооба, Равшан Жээнбеков менен Америкадан жолукканыбыз чын. Азыркы күндө Америкага кимдер гана барбайт, "Иттин уулу Байкара" деле ал жакка барып жүрбөйбү…
- Меморандумга кол коюуга катышууңуз менен сизди саясатка кайтып келди деп түшүнсөк болобу?
- Буга чейин мындай документтердин неченине кол койбодукпу. Мен өзүм мындай документтердин канчасын даярдадым. Бул деле көп документтерге окшогон декларативдүү документтердин бири. Бирок бул документтеги максатыбыз бириктирүү идеясын берип жатканыбыз баарынан маанилүү.
Азыркы саясат дегенибиз гезиттерге узун-узун маектерди берип коюу менен эле чектелип калды, ушул да саясатпы?
- Сиздер саясаттан кетип жатканда анын себебин айтпай "без комментариев" кеткен элеңиздер. Азыр саясаттан кетүүңүздөрдүн себебин айта аласызбы?
- Себеби - биринчи кезекте чексиз куугунтук болду Өзүңүздөргө да белгилүү, гезиттерге да чыгып кетти, "Байболовду шайлоонун тизмесинен алсаңар эки миллион доллар беребиз" дешиптир. Ал ойлору ишке ашпай калгандан кийин "Байболовду тизмеден албасаңар, "Ата Мекен" дээрлик өтпөйсүңөр, тизмеден алсаңар өтөсүңөр" деген соодага чейин жеткен. Акүй мен эмес, менин балдарыма чейин коркунуч келтирди. Экинчиден, мен "элдин турмушу оңолоор бекен" деп башымды сайып чуркап жүрсөм, эл ошол шайлоодо эмне кылды? Кары дебей, жашы дебей, мугалим дебей, врач дебей, таманы тешилгенче чуркап, жанын сабап шайлоону бурмалап чуркап жүрүшпөдүбү. Элдин дээрлик көпчүлүгү кайдыгер карап туруп бербедиби.Ошол шаарда мейли, бири-бирин тааныбасын, жер-жерлерде шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн байдын дөбөтүндөй лакылдап, шайлоону бурмалап жүргөндөрүн эл-журт, жамаат, аксакалдар тааныйт да. Жок дегенде ошоерден бирөө-жарымы "эй, иттин баласы эмне кылып атасың" деп уяткарып койгонун кудай билет . Жалаң эле эл мага таарына бербей, менин да таарына турган, доомат кое турган укугум бар да. Мен силер деп жанымды сабап жүрсөм. Ошол эле мен кызыкчылыгын көздөгөн эл шайлоону бурмалап турса, күйөсүңбү же күйбөйсүңбү? Бул экинчи себеп. Ал эми үчүнчүсү - мага жана жубайым Нуржамал Сатаровна экөөбүз партия тарабынан шаарга жооптуу элек. Жанымды сайып туруп мамлекеттик машинанын фальсификациясына, миңдеген адамдын даярдалганына карабай, биз шаардан утуп чыктык, бүткүл мүмкүнчүлүгүбүздү, каражатыбызды, кадыр-баркыбызды жумшап олтуруп. Биз ошентип жүргөн учурда ошол эле өнөктөштөрүмдүн далайы башкача мамиледе болушту да… Ал иренжүүлөр дагы бар.
- "Байболов өтпөсө өтпөсүн, башкабыз өтө берели" дегендер да болду дешет…
- Эми андайдар да болду, бирок алар көп эмес. Чындыгына мени сатып ийбегендерине ыраазымын. Сатыла тургандай мен товар эмесмин да. Мени ал жерден алып салганга, биринчиден, мүмкүнчүлүктөрү жок болучу. Экинчиден, сатууга аракет кылбагандарына рахмат. Ал түгүл мен аларга өзүм "убалыңарга калбай мен чыга берейинчи"деп сунуш кылгам. Ага болбой коюшту, мунусуна да рахмат. Бирок ошончолук жүзүкаралыкка барып аткан адамдардын бетин ачалбай, тайсалдап тургандар деле бар. Жоого баратканда ошол жоокерлерге анчалык ишеним арталбай, кай жерден кантип ойт берээрин, мант берээрин күтсөң, андан жеңиш болбойт да.
- Кабилованын кайрылуусуна кандай карадыңыз? Шайлоонун жыйынтыгы боюнча ал өз мойнуна жоопкерчиликти алып, айтышы мүмкүнбү ?
- Кабилованын кайрылуусу кадимки кыргызча эле болду да. Иши жүрүшпөй калганда, кызматтан алынаарына көзү жеткенде же болбосо кожоюнунун пикирине өзү да жийиркенип, таза калган ар-намысын тепсей баштаганда ошого барды да. Анан Кадырбеков менен байланышканы аз болуп атпайбы. Акыйкаттыкты көздөй турган болсо, андай иштерге барбашы керек болучу, экинчиден, азыр кеч да болсо, айтышы керек эле. Ал андай кылбай жатпайбы. Бул баягы көп таяк жеп, күнкор болгон адамдын күңк-мыңк гана каяшасына окшошуп атат. Бирок мунусуна да рахмат. Далай, мен кыйынмын деген эркектерден өйдө болуп жатпайбы. Мен кыйынмын деген эркектер не деген кылмыштарды кылып, байдын дөбөтүндөй болуп лакылдап, эл- журтту, уят-сыйытты унутуп жүрбөйбү. Ал эми паракорлор, жегичтер жөнүндө өзүнчө сөз. Кыргыз саясатчыларыбыз, мыктыларыбыз, элитасыбыз дегендердин арасында уят-сыйыт калган жок. Мен ошон үчүн айтып келтпаймынбы: мен ушул саясатка барганыма, аралашканыма аябай өкүнөм. Илгери галстук тагынып, кычырап жүргөндөрдү карап, булар не деген акылдуу, эл-журтту башкарган адамдар го деп ойлочумун. Накта безерлер, жүзү каралар ошоякта экен да. Ошоерде биз пир тутуп жүргөндөрдүн далайы пендечиликке, кызматка алданып жүрсө, анан мен, маселен, ар бир ушундай окуяны жүрөгүмдөн өткөрүп атпаймынбы, жүрөгүм андайды укканда сыздап атат. Эгерде "мен саясатчымын" деген жүзү каралардай болсом, олуттуу окуяларды оюн катары көрсөм, мышык-чычкан ойноп мант берип, кылтыңдасам жүрө бербейт белем. Бирок мен анте албайм, жүрөгүм ооруп атпайбы. Жанагылардын далайын көргөндө бүткөн боюм дүркүрөп атпайбы жылан көргөндөй болуп. Себеби алардын сүйлөгөнү бир, жасаган иши эки, кылган иши үч болуп, сымаптай кылтылдап жатышат. Ал тиги ачыктан ачык кызмат кылып жүргөндөр кой терисин жамынып алып кызмат кылып жаткан карышкырлардан алда канча тазараак.
Ааламдагы саясаттын баары эле биздики сыяктуу эле. Бирок мен салыштырып кыргыздыкындай ыплас саясат жер жүзүндө жок болушу керек деп ойлойм. Себеп дегенде эл тарабынан бир ыдык көрүү, таалим болбой жатпайбы. Илгери пиво сатып спекуляция кылгандар элден биртике корунуп, акчасын катып ийменчү да. Жеп-ичкичтер, паракорлор, жүзү каралар Кыргызстандын кожоюну болуп, азыр болсо, "мен кыйынмын деген аксакал сөрөйлөр этегине жыгылып, чайын ичкенге корстон болуп, "бул элди башкаруучу, буга тийбегиле" деп жүрөт. Мына, биздин акыркы жылдардагы өнүгүү динамикабыз! Көз көрүнө бандиттердин тоюна барып, сөз сүйлөп, чепкен жаап, акыры моралдык-нравалык, руханий жыйынтыгыбыз ушундай болуп атпайбы. Же жок дегенде "Эй, акмак мен сага кол бербейм, сен элдин ырыскысын жеп жатасың" деп кичине уяткарса, анда бир аз тыйылуу болот эле да. Болбосо, бул бийлиги келсе деле жең ичине кирип албадыбы. Азыркылар ойлойт да, кийинкилер келсе, Текебаевиң келеби, Куловуң келеби, алар менен деле сүйлөшүп алабыз деп. Себеп дегенде Акаевдин жеке бийлигине покаяние болбой калбадыбы. "Байболов жегич" деп эч ким айталбайт да. Себеби мен бюджеттен бир тыйын алганым жок, тоок кепе да приватизация кылганым жок да. Бирөө да айталбайт. Мына депутатмын, мен мыктымын дегендердин баары эски аэропорттон жер алышты. Ал түгүл "Кубат аке, жер алып туруп мага деле берип коюңуз" дегендерге чейин жетишти. Мен "Байболовго эмне жетпейт, 10 сотый жер алып алыптыр" деген сөзгө калбайын деп алакандай да жер алганым жок. Иттин уулу Байкара алган жерди мен алганым жок да. Менин деген тээ 15-кылымдан бери ата-бабам ушул жерлерди жердеген.
- Буга чейин кандай иш менен алектенип жүрдүңүз?
- Буга чейин негизинен эле бийликтин төө бастысына айбат берип күрөшүп келдим.
- Кыргызстанда эле болуп жатасызбы?
- Кыргызстанда эле жүрөм, Алматыга барам, кайра келем, балдарым ал жакта. Баягыда аларды да өлтүрөбүз дегенинен ошол жакка алып кеткенбиз. Жок дегенде бу жерден оолагыраак болсун деп ошол жакка алып баргам. Өзүм жашаялмет болсом, алты балам болсо, алардын кимисине кайтаруу жалдайм. Мен саясат деп жүргөнүмдө алар тирүүлөй жетим болушпадыбы. Жок дегенде азыр алардын жанында бололу деп ошол жакта жүрөм, кайра келем. Болуп көрбөгөндөй коркунучка дуушар болуп, тигилер менен алигиче күрөшүп, алпурушуп жүрөм. Алигиче текшергенден текшерген, өлтүрөбүз, житиребиз, шантаж…

(Уландысы
кийинки санда)