№74, 04.11.08-ж. Кыргыз гезиттер
  К е р е г е

- Мылтыктын үнү чыккан жерде мыйзамдын үнү басылабы?
Азимбек БЕКНАЗАРОВ,
Ревком лидери:
"Максимдин үнү эле мыйзамды токтотту"
- Кайдагы мылтыкты сурайсыңар? Мылтыгы жок эле, Максимдин үнү чыккан жерде мыйзам токтоп калып жатпайбы…




- "Жакшы хан келсе элди түзөтөөр, жаман хан келсе элди жүдөтөөр" дегендей, биз жүдөө жолундабызбы же түзөлүүдөбүзбү?
Болот ЖАНУЗАКОВ,
коомдук ишмер:
"Бийлик башына өгөй эмес, өз ата келсе…"
- Биз азыркы убакта жүдөгөндүн эле үстүндө жүрөбүз. Тамак-аш, товарлардын кымбаттаганы аз келгенсип, өз оокатын кылып жаткан карапайым элдин жарыгы 8-12 сааттан өчүп жатса, электр жок, тезек терип, караңгылыкка келип калсак… Анысы аз келгенсип, мындан ары дагы нан, электр тогу кымбаттай турган болуп турат. Кыргыз эли чыдамкай, сабырдуу калк. Дайыма үмүт менен жашайт. Бийлик башына өгөй эмес, өз ата келет деген үмүт өчпөй турса деген гана тилек.




- Биздин заман азуулууга бар заман, бечарага зар заманбы?
Рамис РЫСКУЛОВ, акын:
"Мен атайын эле кедей болуп жүрөм"
- Бүгүнкү күндө байларга караганда бечаралар көп. Ошон үчүн мен акын катары да, жаран катары да "элим кедей болуп турса, мен тапканымды эле өзүм жеп, миллионер болуп алганым уят го" деп, атайын эле кедей болуп жүрөм…




- Депутат болгончо берет убада, болгондон кийин кылабы убара?
Бегалы
НАРГОЗУЕВ,
ЖК депутаты:
"Депутатты Өкмөт убара кылып
жатпайбы…"
- Бул суроонун кандайдыр бир чындыгы бар. Депутаттыкка талапкерлигибизди койгондо эл менен жолугушууга барабыз, бийликке үнү жетпей турган эл көйгөйлүү көп маселени айтат. "Аткарам" дегендей убада болот. Менин шайлоочуларымдын алдында айткан "аткарууга аракет кылам" деген сөзүм бар. Кош-Дөбө айылындагы таза суу боюнча маселенин да милдетин алгам. Аттиң, бирок, ой жеткен менен кол жетпей жатат. Эл бизге, биз Аткаруу бийлигинин чечүүчү рычагдарына сунуштайбыз. Тагыраак айтканда, убаданы аткарууда жүргөн депутатты Өкмөт убара кылып жатпайбы.




- Ала таяк болуп колуңда, машина тоскон сонун да?
Шаршен АЛИЕВ,
Бишкек шаардык жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгына караштуу штабдын ага инспектору, милициянын майору:
"15 саат көчөдө туруп көрүшсө болмок…"
- Эми биздин кызмат жөнүндө эмне деген гана кептер чыккан жок. Макал-лакап, ырдан өтүп, аягы анекдотко айланды дегендей. "Ала таягын көтөрө чуркап, ышкырып, акчаны чөнтөккө салып коюп жыргал жашоодо жашайт" деп ойлошот. А чынында, андай эмес. 14-15 саат тикебизден тик туруп, кышында үшүп, жайында ысып көчөдө туруунун кыйынчылыгы канчалык? Биз ушул кесипти тандап алгандан кийин, мыйзам чегинде мамлекетке кызматыбызды өтөп жатабыз. Ар бир иштин оорчулугу бар. Биз жөнүндө жаман ойлоп жүргөндөр бир эле күн ала таяк менен көчөгө туруп көрсүнчү…
-



- Сиз бекерчиден безе качып, илимпозду ээрчий бастыңызбы?
Алик АКИМАЛИЕВ, акын:
"Акыл айтканга илимпоздун убактысы жок…"
- Илимпозду эмес, илимий китептерди ээрчиш керек. Сага акыл айтып отургудай илимпоздун деле убактысы жок. Ошондуктан ар бир адам өзү аң-сезимин байытышы керек. Илимий китептерди, газета-журналдарды, телевидениедеги эң керектүү берүүлөрдү көрүп, маанилүү музыкаларды угуш керек. Бекерчилик дегенди жаман көрөм. Жаштайымдан эле мээнеткеч болдум. Огороддо иштедим, кой бактым, арык чаптым, эгин сугардым дегендей. 20 жылдан бери моокум канып уктай элекмин. Тытынып эле келатам. Төрт томдук китеп жазып койдум. Анын экөө жарык көрө элек. Жаштыктын менден кантип өтүп кеткенин, эр ортону 50 жашка келип калганымды билбей калыпмын. "Ары жок күлкүчү, жалкоо киши уйкучу" дегендей, уйкуну коюп, талыкпай эмгектениш керек. Эмгек менен көп нерсеге жетесиң.