№71, 23.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Жарык өчсө айла жок, үмүт өчпөсүн…

Чынын айтсам, мен биздин журт аталарынын "өнүгүп атабыз, баланча өсүш бар, түкүнчө жылыш бар" дегендерине ушул эгемендик заман башталгандан бери чын дилимен ишенейин деп эле келатам, бирок болбой атат. Маселен, Аскар Акаевичтин заманында,танган менен болобу, азыркыга караганда берекелүүрөөк турмушта жашадыкпы кандай, башкасын айтпаганда да, жок дегенде жарык өччү эмес, суу азайыптыр деген сөздү укпадык, кудайдын берген суусу да азайып кетээри түк оюбузга келбептир. Өлкө башчысынын өзү карандай калпычыга айланып, катын-баласына чейин мамлекеттик иштерге аралашып кетсе да, турмуш деген алдыга гана жылат эмеспи, буюрса жашообуз оңолуп кетээр деген изги үмүт менен жашадык. Андан кутулганда ого бетер сүйүндүк, ызылдап толкуган калың элдин маңдайында ачык, жөнөкөй сөздөр менен калкка кайрылып, убада берген жаңы лидер К.Бакиевге ойлонуп отурбай эле ишендик. Акыйкат үчүн айта кетпесек болбос, а кишинин алгачкы эки жылы жалаң митинг, пикет менен башы ооруп өттү, иштейин, жасайын десе да, мүмкүнчүлүк бербей атышканын карапайым эл эң сонун көрүп, түшүнүп турду. Кечээки эле жылдарда чачы капкара президенттин чачы агарып, уйку көрбөй шишимик тарткан көздөрүн теледен көрүп айылдын эмшейген кемпирлерине чейин боор оорушканын көргөм. Ошого жараша иш да жүрдү, бу кишинин багына оппозициянын элди көтөргөнгө акчасы түгөнүп, пикет-митингдердин акыры-аягы суюлду, кыргыздын оппозиционерлери ушу тапта кандай кейипке келгенин айтып деле кереги жоктур. "Айылда киши өлсө, үйүндө отуруп молдо кубанат" дегендей, азыр оппозициячылар "турмуш мындан да оордой берсе, Токтогулдун суусу дегеле толбосо" деп, ичтеринен кудайдан тилеп отурушкан чыгаар.
Дегеле кыргыз жаман жагын көргөнгө, чукуганга маш эл эмеспизби, Акаевдин доорунда жөө-жалаң калган айыл өкмөттөргө чейин (башкаларын айтпаганда) бу тарыхыбызда биринчи жолу машине мингенин, өндүрүш кыйратып өсүп кетпесе да, жандана баштаганын, кедей Кыргызстан биринчи жолу килейген ГЭСке өз чөнтөгүнөн акча чыгарып курубатканын ж.б. иштерди көргүбүз келбей, издегенибиз жалаң жамандык. А чынында жаман жактарыбыз али толтура. Кайсы бирин да айтасың? Чын-чынына келгенде, өнүгүүбүз жагынан эларалык эксперттердин бүтүмүндө айрым Азия же Африка мамлекеттери менен гана теңтайлаша алат экенбиз. Муну эң жөнөкөй төмөнкү көйгөйлөрдөн - айыл жерлерин таза суу менен камсыздоодон, мектептердеги билимдин сапатынан, дагы эле жогору бойдон калып жаткан балдардын жана энелердин өлүмүнөн ж.б. көрсөк болот. Жылдык тапкан кирешеси (!) орто эсеп менен 500 долларды түзгөн каратаман кыргыз Эшмат менен Ташматты КМШнын башка өлкөлөрүндөгү туугандары менен түк салыштырып болбойт. Муну күндөргө бөлүп, долларга айландырганга бет чыдабайт. Кыргыздын жүрөгү муздак, уяты жок расмий статкому күнүнө 10-12 саат бою жарыксыз олтурган жарым караңгы Кыргызстанда турак-жай курулушу дүркүрөп өсүп, соода, өнөржай ж.б. тармактар күпүлдөп иштеп атканын бир айтып бир коюшпайт. Нак маалыматтарга караганда биздеги маселен, 2000-жылдагы итке минген калктын катмары 70 пайызды түзсө, андан берки 8 жыл ичинде бул көрсөткүч өтө азайып кеткен жок, көп болсо 60%га түшкөндүр. Бирок бул деген биздин чиновниктердин ишинин үзүрү деп айтканга болбойт. Бул алардын көрсөткөн кызматы (заслуга) эмес, эл өзүн-өзү, тышкы миграциянын эсебинен багууда. 500 млн долларлык нак акчаны жыл сайын өлкөгө ошол мигранттар кийирүүдө. Азыркы президенттин бийлиги да ар он беш мүнөт сайын коррупцияга аеосуз согуш жарыялап жатканына карабай, кыргыз элинин номур биринчи шору болуп мына ошол коррупция калууда. Президенттин демилгеси менен түзүлгөн коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук аты бар килтейген агенттик да, жумшак айтканда, өзүн-өзү актаган жок. Актай да албайт, анткени колунда тийиштүү рычагы, укугу жок. Жөн тил менен айтканда, коррупционерлердин корголуна куурай саялбайт. Ал жердин жүгүн тарткан мырзалардын айтымында, агенттикке коррупция фактылары боюнча тергеп-тескөө укугу берилмейин, коррупционерлер менен ойдогудай кармашып, коколой алышпайт экен.
Дүйнөдө, билишибизче, коррупцияны ооздуктоодо жакшы натыйжаларга жетишкен өлкөлөр көп эле болушу керек, биердеги мырзаларга да алардан үйрөнгөнгө эмне тоскоол бар, түшүнүксүз. Мүмкүн ал жерде олтурган адамдардын буга чама-чаркы жетпес? Анда аларды ансыз да жакыр элдин эсебинен кармоонун зарылдыгы канчалык? Дегеле кеп нугу өзүнөн өзү эле кадр маселесине бурулду окшойт. Акыркы окуялардын күзгүсүндө Исаков, Сыдыков, Кайыповдун билдирүүлөрү, Кабилованын окуясы Бакиевдин кадр саясатына жакшы атак апкелген жок. Өйдө жакты тимеле коелук, жер-жерлердеги майда жетекчилик орундарга чейин колкозчу өңдөнгөн кадрлар толуп кетти. Президенттин өзү деле айтып жүрбөйбү, "сурасам эч нерсе билбейт, жаңы келдим деп айтат" деп. Айтор, кеп көп. Чыныгы колунан иш келген нечен азаматтар бош жүрүшөт, түшүнүгү, интеллектиси асманда, тамандары көчөдө. Капитализм системасы кадр маселесинде тааныш-билиш, тууган-урук дегенди жокко чыгарат, акпы, кара мышыкпы, чычкан ууласа болду деген түшүнүктү кыргыздар өзүлөрү жокко чыгарышты. Анан муну менен эзели келишкис рынок кандай өнүгөт, белгисиз…
Бизде уяты, абийири айрандай төгүлүп, же ишти тарта албаган кадрлар кайрале жакшы орундарга коюлат. Кайсыл өлкө экени эсте жок, айтор, ошо өлкөдө кызматынан жараксыз деп айдалган кадр ошо тармактагы эң ылдыйкы тепкичке чейин түшүрүлөт имиш. Маселен, билим министри Ашматов Ташмат алындыбы, ал мектепке мугалим болуп кетүүгө тийиш. Атаңгөрү, ошондой болсо биздин энергетика тармагын башкаргандар жапырт азыр монтерлукка айдалмак. Бул эми айла кеткендеги кеп. Же түркмөнбашы Ниязовдой генералдын погонун жулуп алып пахта талаасына мурап кылып айдап жибергенге да бизде болбойт экен экен, демократиялуу, адам укугун бекем сактаган өлкө эмеспизби…
Менин жаман пикиримде, биздин Ажо ныксыраган кашаң чиновниктерин, майда-чоңуна карабай, бир жерине "тээп" кубалап иштеткени оң. Аларды кеңешме сайын кызматтан алам деп коркутканына эл да көнүп бүттү, ишенбей калды. Бүгүнкү өкмөт курамында кызматтан алмак тургай, "салкын жерлерге айдалып, эс алууга" татыктуу адамдар аз эмес. Дзю-доист В.Путин калың орустун садагасына нечен чиренген олигархтарды оңкосунан сайды, боксчу деп жүрүшкөн биздин Ажонун кантип эле кол астындагы чиновниктерге алы келбесин…
Бүгүн элдин сабыры суз, көзүндө чочуңкуроо, ызылдаган саясаты менен да, оппо-хоппозициясы менен да иши жок, көйгөйү жарык, асмандап учкан баалар, эртеңки күн. Көкүрөгүндө дагы эле үмүт бүлбүлдөйт, ылайым ошол өчпөсүн… Кудайдан президентке да, ар бирибиздин өзүбүзгө да оомат тилеп туралы. Президентке акыл үйрөтөлү деген деле ниетибиз жок, өзүнүн акыл кошчулары жетишээрлик, тек гана эси-көйүбүздү тытмалаган беймазабызды айттык.




  Эл үнү

- Кыш саламын айтып турат.
Камылгаңыз кандай?
Бектурсун КУБАТОВ, Бербулак селосунун тургуну:
- Тоонун башына кар түшүп, суук болуп калды. "Өтүгү жокко өзүм барам" деп саламын айтып келаткан кышка ар кимибиз колдон келишинче даярданып жатабыз. Көмүрдүн баасы болсо асмандын башы. Каракече көмүрүнүн баасы - 4 миң, Караганданыкы - 3, 700. Кымбат болсо дагы, кыштан аман-эсен чыгалы деп узун кезекке туруп азыраак көмүр алдык. Аны да машина менен үйгө жеткирүү - 1,500 сом. Пенсиябыз болсо - 1000 сом. Мындай акча кылдай кымбатчылыкта эч нерсеге жетпейт.


Жакып СААЛЫ уулу,
Талас шаарынын тургуну:
- Денсоолуктун айынан Бишкекке дарыланууга келдим эле. Айылда эле экен десем, шаарың деле жарыктан жүдөп жаткан турбайбы. Атүгүл, дарыланып жаткан жайда да жарык өчүп калды. Убагы менен укол, капельница ала албай, бир аз кыйналып калдык. Жок дегенде ооруканаларда өчүрбөй коюшса болмок. Эми кыш камылгасынын башкысы көмүр да. Айылда көмүрдүн тоннасы 4000 миң сом болчу, азыр андан да кымбаттады болуш керек. Кыш жакындаган сайын баа көтөрүлө берет эмеспи.


Кулмамбет МАМЫТОВ,
Ак жар жаңы конушунун тургуну:
- Жарыктын жоктугу шаарды эле эмес, айыл жерин да жүдөттү. Кышта сөзсүз көмүр керек. Алайын десек, кымбат. Мына жакында эле президент көмүрдүн баасы 2, 500 сом деп айткан. Тонна эмес, бир каптын баасы эле - 350-400 сом. Плитка менен тамак кылчу элек. Биздин жаңы конушта 10 күндөн бери жарык жок. Жарыктын жоктугуна байланыштуу балдар убактысы менен тамак иче албай, ооруп калып жатышат. Неберем дизентерия болуп ооруканага жатып калды…


Александр ВАЛЬКО,
5-кичирайондун тургуну:
- Көп кабаттуу үйлөрдө жашагандыктан кышында суукту көп деле билбейбиз. Бирок, былтыр жылуулукту өтө начар беришкендиктен, бөлмөлөр суук болуп, ооруганбыз. Мына быйыл да суук эрте түштү. Кемпирим ооруп жатат. Экөөбүз тең болбогон акча алабыз. Дарыланууга жетпейт. Төшөккө оронуп алып телевизордон каалаган берүүнү көргүң келет , жаңылык уккуң келет. Караңгылык замандан өткөндөй болдук эле...

Султан ТӨЛӨЕВ,
Бишкек шаарынын тургуну:
- Мурда курсак ток, үй жылуу болгондуктан, Өкмөт менен деле ишибиз жок эле. Азыр кылдай кымбатчылык, жарык жок. Кышка камылга жайда эле башталат эмеспи. Азык-түлүктүн кымбаттыгынан жылдагыдай салат, вареньелер жасалбай калды. Жарык жок плитка да колдоно албай калдык. Үшүсөк да, курсагыбыз ток болсун десек, газ балон дагы кымбаттап кетти. Бир эле балонду 400 сомдон алабыз. Аны да толтурбай коюп жатышат окшойт - бир айда эки балон жагып жатабыз. Колдо неберелер бар. Ошолордун камын көрүп жатабыз да. Бирок мындай кебетебиз менен кышка кайдагы камылга?! Ушуну Өкмөт түшүнөт болду бекен? Өзүн эптеп багып жаткан элдин убалына калып жатышат. Негизи депутат, Өкмөттүн кереги жок экен. Булар өз чөнтөгү үчүн эле бийликке келишет экен. Бийликтен элдин көңүлү калды…


Нургүл АБЫЛМЕЖИНОВА,
Бишкек шаарынын тургуну:
- Кышында жарык өчпөйт деп жатышат, ким билет. Элде "Кышка камылга көрө албай калсак дагы жарык өчпөй турса экен" деген эле тилек. Жарыктын бат-бат өчкөнүнөн канча деген элдин муздаткычы, компьютери бузулду. Окуган балдар өз убагында сабагын окубай калып жатат. Өзүмдүн 3 жашар балам бар. Ага өз убагында ысык тамак бере албайбыз. Кафелерден тамак сатып келип берип жатабыз.

Азирек МАРАТ уулу,
113-кварталдын тургуну:
- Кышка камылга жакшы эле. Жарыктын жоктугу гана студенттерди, окуучуларды жүдөтүп жатат. Кечинде сабак окуп, жазайын десең, жарык жок. Жарыктын жоктугу окуубузга кедергисин аябай эле тийгизип жатат. Светофорлор да иштебей калып, жолдун баары "пробка". Эртең менен сабакка, кечкисин үйгө жетиш проблема болуп жатат.