№71, 23.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
Кыздарды кызыктырган Мирбек Атабеков
Мирбек Атабековдун жаш күйөрман кыздары Мирбекке болгон жактыруу сезимдерин оригиналдуу билдирүүнү чечишкен. Ырчынын үйүнүн жанына полтергейсттин костюмун кийип алып келишкен. Жакшы көргөн ырчысын жүрөгүн түшүрө тамашалагысы келген кыздар башка адамдардын сезимдерин эске алышпаптыр. Мирбек менен анын продюсери Канат өз учурунда келип калбаганда, бул күйөрман кыздар милиция кызматкерлеринин торуна түшмөк экен.

Активистка, комсомолка
Жаным Айзат
Кыргыздын жаш сулуу ырчы кызы, "Жаным Айзат" деген ысым менен белгилүү болуп келген бийкеч өткөн жумада студенттик күндөрүнүн алгачкы ийгиликтерин жаратты.

2008-жылы эларалык конкурстарга эң көп барган ырчы НЕНА!
2008-жылдын бир катар эларалык конкурстарда Кыргызстандын намысын коргогон ырчы Нена учурда дагы бир сынакка даярданып жаткан маалым. Бирок, бул жолку конкурста Нена кожойке катары намысын коргомокчу. Ырчынын айтуусунда, ата-энеси жети жылдан бери Россиянын Владикавказ шаарында турат. Ал эми Бишкекте Нена байкелери Автандил жана Азамат менен жашайт. Ата-энеси жыл сайын бир жолу эс алууга келип турушат. Алдыдагы концертин утурлай, бул жылы да Ненанын ата-энеси жана сиңдиси Бишкекке келишээрин айтышкан. Алыста жүргөн ата-энесин татыктуу тосуп алып, мыкты кожойке экендигин далилдегиси келген ырчы бул күндөрү убактысын үн жаздыруучу студиялар менен курулуш дүкөндөрүнүн ортосунда өткөрүүдө.

Азиз Жетигенов бий сырларын үйрөтөт
Ырчы эжекебиз Алина Жетигенованын ырчы уулу Азиз Жетигенов бийчилер студиясын ачты. Азиздин айтуусуна караганда, бул жерде бийдин ар бир стили боюнча профессионал хореографтар сабак беришмекчи. Алардын катарында ырчы жигиттин бир тууганы, буга чейин "Стар дэнс" тобунун бийчиси катары таанымал Азеля Жетигенова да бар.

Алекс Кыргызстанды түрө кыдырат
Алекс Кыргызстандын жети областы боюнча саякатка чыкты. "Ырыс алды ынтымак" деген макалдын негизинде ырына клип тартылды. Ыр тасманын сценарийи толугу менен Алекстин жана анын өкүл атасы Мирланга таандык болсо, режиссерлук иштерин Марлис Мырзакул уулу аткарган.

Салима Балтаева наристе күтүүдө
Сүйүү ырларын созуп жүргөн арген үндүү ырчы Салима Балтаева эс алууда. Буга чейин Салима Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда жана Республиканын Коргоо министрлигинин Борбордук Аскер үйүндө эмгектенет. Улуу кызы Сайкал 4 жашка чыгып калган кезде Салима эжебиз Сайкалга сиңди күтүп жатат.

Алмаз УСЕНАЛИЕВ