№71, 23.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
Аалам ичи - анекдот кенчи
Эки жаңы кыргыз жолугушуп сүйлөшүп калышат:
- Ушу да мамлекетпи, кидайт этсек дебеле турушат в натуре! Жакында "Жашылдар" деген партияга киргем…
- Анан, эмне экен ал партия?
- Жашылдар десе, мен буларды бакс үчүн күрөшөт экен деп жүрбөймбү…

* * *
Жаңы эле 600дүк "Мерс" сатып алган Эшмат анысын зуулдата тээп келатып столбаны сүзөт. Чыкса - иш чатак, машине бырыйган.
- Туй энеңди! Туй энеңди, туй энеңди! Ии баса, энеме чалыш керек!

* * *
Эки крутой кыргыз сүйлөшүп турат дейт.
- Досум, иш кандай, ништякпы баары?
- Кайдан… Банкротко олтурдум, нөл галякмын азыр. Өзүмдү өзүм жайлап салайын дейм, кол барбайт!
- Киллер жалдай койбойсуңбу?
- Нөл кашакмын дебат- паймбы, акча жок киллерге төлөгөнгө.
- Рас ошондой иш болубатса, достук кылып мен бере турайын…




Урматтуу окурман достор, анекдот ышкыбоздору!
Ушу сандан тартып биз анекдотторду каармандары боюнча бөлүп, өзүнчө жарыяламак болдук. Маселен, "жаңы" кыргыздар, жөн эле кыргыздар, гаишниктер, кыргыздын саясатчылары менен бомждору, бандиттер менен милийсасы, салыкчылары, сойкулары, депутаттары, министрлери, шоопурлары, артисттери, доктурлары, генералдары, оппозиционерлери ж.б. жөнүндөгү анекдоттор өз-өзүнчө түрмөк менен "сорттолуп" кетмекчи. Эгерде сиздерде боорду эзип, уккан кулактын кычуусун кандырган, үстөлдөн кулаткан же өзүңүз ойлоп тапкан оригиналдуу анекдотторуңуз болсо, почтодон жибергиле, SMS жөнөткүлө, телефондон айтсаңар да болот, келсеңер-эшик да, кулак да ачык. Бирок эсте болсун, өтө катуу кеткен "туздуу", бирөөлөрдү ачык мазактаган анекдоттор түз эле мусор челекке кетет. Кана эмесе, шайырлар, тапанча-тапандар, узун кулактар, тикенек тилдүүлөр, талантыңарды бөөдө кетирбей, "Ааламдан" багын ачкыла, элге чыккыла! Түкүн жерлик, баланчанын анекдоту деп астына балчайта жазабыз, атагыңарды "Аалам" аркылуу төгөрөктүн төрт бурчуна жаябыз! Атагы Сизге, анекдоту бизге. Бул сандагы анекдотторубуздун каармандары жаңы кыргыздар. Тырчыкей, таарынмай жок, соттошмой - октошмой жок. Бул болгону анекдот эле да.


* * *
Каткендик бизнесмен Акматалы Америкага сейилдеп барып, аяктан жаңы төрөлгөн негр бала апкелбейби үйүнө.
Аялы: - Ээ, муну не кыласыз? - десе Акматалы: - Чоңое берсин да, кийин балдарды англисчеге үйрөтөт, - дейт имиш.

* * *
Чаектин крутою Кубандин Көкөмеренден балык уулап жүрүп, торуна алтын балык илинет:
- Кое бер мени, жигит, - дейт балыкка тил бүтүп.
- Базар жок, кете бер, - дейт крутой.
- Кое тур, сен үч каалоону унуттуңбу?
- Жанды коесуңбу деги, э мейли, айтчы үч каалооңду!

* * *
Жаңы кыргыз Түмөнбай догдурга келет.
- Айтыңызчы догдур, денсоолукту эч бир акчага сатып алууга болбойт дешет го, чынбы ушу?
- Кайсы келесоо айтып жүрөт сизге муну? Еще как сатылат!




Крутой кыргыз Бакберген Акөргөөдө там салып жатат. Бирок тамы төрт бурч эмес, акын Алик Акималиевдикиндей тептегерек имиш. Буга таң калган достору:
- Э, братан, мунуңа түшүнбөй калдык, үйүң элдикиндей эмес го? - дешсе:
- Бурчтан чыга калып атып салышпасын дебатпаймынбы…