№71, 23.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
 189 га чал

"Пистолетти он эселеп төлөйсүңөр..."
"Алматыда иштеп алда немедей акча табасың". Азыркы күндүн адат кеби болуп бараткан бул сөзгө 22 жаштагы Бакыт да ишенип, сегиз бала менен кеч күздө Казакстанды карай жөнөп кетти. "Авто жуугуч жерден жумуш таап койдум, казактар март болушат, бат эле бутуңарга туруп аласыңар" деп азгырган классташы аларды Алматыдагы "Ризат" деген автожуугучтун Элдар аттуу кожоюнуна алып келип, "акысына" 20000 теңге алып жолго түштү.

Автожуугуч Сайран деп аталган дарыянын жээгинде, автовокзалдын жанында экен. Элдар балдардын паспортторун бараары менен "каттатыш керек" дегенди шылтоолоп чогултуп алып, өздөрүн ошол эле жерге жайгаштырды. Жатканга эскирип, тамтыгы кеткен матрацтарды, колдоруна поролондун кесиндилерин берди. "Иштегенге да, жашаганга да сонун шарты " ушул экен. Ошого карабай күнү-түнү, дем алышсыз тынбай иштөөгө мажбурлаган "кожоюн" балдарга күнүнө миң тенгеден берип турду. Анысын кыргыз сомуна которгондо 330 сомду түзөт. Алматынын баасы боюнча бул акча сегиз баланын курсагын тойгузмак түгүл, карындарына как да болгон жок. Ошентип ызгаар суук менен ачкачылык жандан өткөнүнө чыдап, эки ай зорго иштешти. Айлык төлөш керек деген кожоюндун оюна да келген жок. Окшошконго мушташкан болуп суу аттыра турган пистолет сынып калып, ого бетер жага бербей эле калды. "Ордун он эсе кылып төлөйсүңөр" деп опузалаган кожоюн эми акы төлөөдөн такыр баш тартты.
Колдоруна эчнерсе тийбесине көзү жеткен Бакыт Кыргызстанга барып келейин деп паспорту менен жолго акча сурады. Элдар саамыктатып жатып паспортун бергени менен, бир тыйын да берген жок. Бакыт автовокзалга келип, маршруттук автобустун айдоочусу менен сүйлөшүп, жол кирени Бишкекке барганда төлөмөкчү болуп жөнөп кетти.
Келгенден кийин "189 тез байланыш" кызматы бар экенин угуп, атайын арыз жазып кайрылды. Анын арызы Миграция боюнча эларалык уюмдун дарегине жөнөтүлдү. Ал жактагы адистер Бакытты адам сатуунун курмандыгы катары санап, кесиптик окуу жайында окууга багыт беришти. Окуп жаткан учурда ага стипендия, окууну бүткөн соң иштей турган компьютер берилет. Кийим-кече, окуган жерине барып-келгенге жол кире төлөнөт.
Азыркы учурда Бакыт компьютердик курста окуп жатат. Келечектеги кесиби өзүнө абдан жагаарын ал азыртадан эле сезип жатат.
Бакыт сымал сырттан иш издеп кетип жаткандарга маалымат берүүчү "Тез байланыш" кызматы Миграция боюнча эларалык уюм жана миграция боюнча мамлекеттик уюм менен биргелешип 2006-жылы ачылып, миграция жана адам сатууга каршы маалымат боюнча тез байланыш үчүн 189 номерлүү телефон линиясы ишке киргизилген. Азыркы күндө бул долбоор бүткүл республиканын аймагында иштейт,189 телефон байланышы Ош, Жалал-Абад, Баткен, Каракол,Нарын, Талас, Бишкекте иштейт.
Азыркы күндө жумуш издеп сыртка кетип жаткандардын агымы көбөйбөсө, азайган жок. Буга чейин орус тилин билген, квалификациялуу кадрлар кетип жатса, азыр тилди жакшы билбеген, укуктук жактан сабатсыз адамдар кетип жатышат.
Сыртка кетип жаткан биздин жарандардын укуктук жактан корголушу учурдун маанилүү маселеси болгондуктан, кетип жаткан адамдар үчүн маанилүү маалыматтарды берүү биздин негизги максатыбыз болуп саналат. Атайын даярдыктан өткөн адис операторлор жана юрист чет өлкөгө кирүү, ишке орношуу, жарандык алуу, жашоо шарттары менен кеңири тааныштырышат. Россия жана Казакстанда иштөө жана жашоо тартиптери жазылган брошюра, буклеттер таркатылат.
Азыркы күндө "Тез байланышты" көпчүлүк жакшы билип калды. 2007-жылда эле үч жарым миңге жакын адам кайрылды. Мигранттардын басымдуу бөлүгү (2000 адамдан көбүрөөк) 20 жаштан 40 жашка чейинки курактагы адамдар. Алардын көпчүлүгү жалган документтер менен, эч кандай маалыматсыз, макулдашуусуз кетип жатышат. Натыйжада алардын көбү алданып, сатылып, кулчулукка дуушар болушат.
"Тез байланыштын" кызматкерлери чет өлкөгө жашыруун кетүү кандай коркунучка кептээрин түшүндүрүшөт. Адам сатып шугулдангандардан жабыркагандар да бул байланышка кайрылып, тиешелүү жардам ала алышат. Адистер алардын чындап эле адам сатуунун курмандыгы болгонун аныкташат. Аныкталгандан соң психологиялык, медициналык жана материалдык жардам ала алышат. Адам сатуунун курмандыктарын калыбына келтирүүчү жайдын кызматынан пайдаланышат. 2007-жылы 151 адамга жардам көрсөтүлдү, анын ичинен 84ү эркек, 67си - аялзаты.
Газеталарда азыркы учурда жумушка чакырган жарнамалар көп жарыяланып жатат. Бирок мындай фирмалардын кайсынысы чыныгы фирма, кайсынысы жалган экенин карапайым адамдар аныктай алышпайт. Азыркы күндө 15 фирма гана мамлекеттик комитеттин уруксатын алышкан.
Кайсы мамлекет болбосун, чет өлкөлүк жарандар үчүн атайын шарттар бар. Ошондуктан башка мамлекетке кетээрдин алдында "189 Тез байланышына" кайрылуу зарылдыгын дагы бир жолу эскертебиз.
Жеке консультация алууну каалагандар Токтогул көчөсү, 237 дарегине кайрылышса болот.




Баео балалыкка саякат
"Мен түндө жатып түш көрдүм,
Түш көргөн дагы жакшы экен…"
Кайсы бир акындын ыры ушундай беле, эсимде жок. Айтор, сен түшүмө кирдиң.
… Бейиштин төрүндөй болгон бир ажайып жерде жүрүппүз. Боз улан кезиң экен, ушунчалык даана көрдүм, чачтарың жарашып ийниңе түшүп турат. Экөөбүз бир нерселерди жарыша сүйлөшүп, каткырып күлүп атабыз. Сагынышып калган достордой кармашкан колдорубузду кое бербей, бири-бирибизден көзүбүздү албайбыз. Кудум бала кездегидей бир нерсени талашып, куушуп калабыз. Бирок, эмне жөнүндө сүйлөшкөнүбүздү түк эстей албадым.
Сени көргөнүмө ушунчалык сүйүнүп, сөздөрүңө жыргап күлүп атып ойгонуп кеттим. Көөдөнүм шаттыкка толуп, бир башкача жеңил турдум. Бирок, суусуну канбаган адамдай болуп, сага болгон сагынычым тарабай калды…

"Ал кезекте сен да бала эселек,
Мен да бала сүтү оозунан кетелек…"
…Биз айылда коңшу турчубуз, үйүбүз маңдай-тескей эле. Бир үйдүн кенжеси болуп аябай эрке элем. Бала чакта чилмийген арык кыз болчумун, сенден аябай коркчу элем. Мүнөзү өткүр, тайманбаган, биздин көчөнүн "баатыры" элең. "Чоң бала" деп, бас деген жагына басып, тур деген жагына турчумун. Бирок, тегеректеги балдар-кыздардан мени аябай коруп, эч кимге урдурчу эмес. Менин ыйлап атканымды көрдү дегиче: "ким урду, бол айт?" деп өзүмдү кошо демитип, уруп же таарынтып койгон бала-чаканын чоң-кичинесине карабай "акесин таанытчу". Экөөбүз "мен абышка, сен кемпир" болуп өзүбүзчө ойноп калганда: "Сен чоңойгондо мага гана тиесиң, уктуңбу?" десе, коркконумдан "ооба, тием, макул" деп жооп берчүмүн. Антип айтпасам, таяк жейм да. Куурчак менен ойногонсуп мага жоолук салынтып ойночу, "эми жүгүн, моминтип жүгүн" деп үйрөтчү эле. Айтор таңдан кечке чогуу ойночу элек. Бала экенбиз да, эми эстесем…

"Тал чыбыктай буралган кызыл гүлүм,
Бир өзүңө арналат аппак сүйүүм..."
Убакыт билинбей өтүп, мен 8-классты бүтүп, экзамен берип жүргөм. Биринчи жолу экзамен берип, "5" деген баа алганыма кубанычым койнума батпай келатсам, дарбазанын кырында кыпкызыл гүл турат. Кыздар сезимтал келебизби, негедир гүлдү сен койгонуңду жүрөгүм сезди. Ого бетер элеп-желеп болуп, эки бетим албырып алып-учам… Ошол күнү биринчи жолу кечинде тереземе келдиң, мен буга аябай таңдандым. "Коркпо, менмин, сыртка чыгасыңбы, сөз бар эле" дедиң. Баягы мүнөз жок, мени тике карай албай же эчтеке айта албай, колумдан кармаган бойдон нымтырап тура бердиң. Менин чыдамым кетип: "Бол эми, айтпайсыңбы, мен үйгө кирем, бирөөлөр көрсө уят" деп чыйпылыктайм. "Көзүңдү жумсаң" деп акырын шыбырадың, шашып аткан жаным дароо эле көзүмдү жумуп: "мына, жумдум, болчу эми" дедим тыбырчылап. Сен акырын мага жакындап, калтырак баскан эриндериң менен аста өптүң. "Мен сени аябай жакшы көрөм" дедиң угулаар-угулбас шыбырап. Ток тийгендей турган ордумдан теңселип, бир башкача башым айланды. Көз ирмемге өзүмө келалбай, үнүмдү чыгарганга кудуретим жетпеди. Бир убакта кулагым эми угуп, көзүм жаңы ачылгандай болуп эсиме келе түштүм да, колумду тартып алып үйдү көздөй тыз койдум…
Бири-бирибизди көрбөсөк, жашоо токтоп калчудай сагынышып турчу болдук, экөөбүз тең кадимкидей токтолгонсуп, чоңойгонсуп кеттик. Кезиккенде сен батынып сүйлөбөсөң - кол кармашкан бойдон үн-сөзсүз тиктешүү. Көз менен гана сүйлөшүү жүрчү ортобузда. Бир жолу колума куш тилиндей бүктөлгөн баракты карматып кеттиң. "Тал чыбыктай буралган кызыл гүлүм, Бир өзүңө арналат аппак сүйүүм…" деген ыр саптары бар экен. Ушул эки сап ыр жүрөгүмдө өмүр бою сакталып калды.

* * *
Турмуш толкуну экөөбүздү эки жакка серпип, жолубуз эки башка кетти. Кудайдын буйругубу, экөөбүз эки башка үй-бүлөнүн ээси болдук. Анда-санда айыл жакка барып калганда кезигип калсак, баш ийкешип учурашкандан башка сөз айталбай, жал-жал тиктешкен бойдон жолубузду улайбыз…

Зарина Намазбек кызы