№70, 21.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Азимбек Бекназаров, "Элдик революциялык кыймылдын" лидери:

"Бакиев мөөнөтүнөн мурда кетип калса жакшы болмок"
- Азимбек мырза, кечээ РевКом өлкөгө "Бакиевдин бийлигин түп-тамырынан сындырыш керек" деген билдирүү жасады. Дегеле, бул бийликти кетирүүнүн эң башкы себептери эмнеде?
- Өлкөнү 15 жыл башкарган Акаевдин заманындагы тарых барактарын ачып карасаңар, биздин максаттар эмне болуп келгенин жакшы түшүнөсүңөр. Биз Акаев менен канча жыл күрөшүп келип, акыры анын бийлигин сындырып, өзүн качып кетүүгө мажбур кылганбыз. Кечээги кайрылуубуз деле ошол эле саясатыбыздын уландысы. Эмне үчүн ошол эле саясат келатат? Мурда деле Акаевди кетирип, эл үчүн реформа дегенбиз. Бүгүн Бакиевди кетирип, эл үчүн реформа деп жатабыз. Эмне үчүн? Себеби, Кыргызстан 18 жылдан бери ошол эле жолдон, ошол эле саясаттан - үйбүлөлүк башкаруудан арыла албай келатат. Эң негизги себеп - бул үйбүлөлүк башкаруунун тамырын кыркуу. Эгер бул жолдон чыгууну каалабасак, анда Конституциябызга ачык эле "биз монархиялык мамлекетбиз, бир үйбүлөгө баш иебиз" деп жазып алалы дагы, ошолорго кыңк этпей башкарталы. Жок, бирок, биздин 18 жылдан бери Конституциябыздын 1-беренесинде эле "Кыргызстан эгемендүү, унитардык, укуктук, демократиялык мамлекет" деп жазып алганбыз. Анда ушул боюнча саясатын жүргүзөлү да. Демократиялык деп жазылып тургандан кийин эмне үчүн бардык бийлик бутактарын эл шайлабайт, Бакиев айыл өкмөтүнө чейин өзү дайындайт. "Укуктук мамлекетпиз" деп жазып алганбыз, а бирок, президенттин уулунун айланасында жүргөндөр билгенин кылып, башкарып жатат, атүгүл президент министрлерге ачык эле "инилерим, уулум менен кеңешпейсиңерби" деп айтып калды. Анда укуктук дегенди алып салып, "биздин өлкө президенттин кабак-кашына, үйбүлөсүнө жараша башкарылат" деп жазып алалык. "Суверендүү мамлекетпиз" деп жазып алганбыз, ал деген "Кыргызстандын территориясы эч качан бузулбайт" деген сөз, бирок мурдагы президент дагы, азыркысы да кыргыз жерлеринин жарымын Кытайга, жарымын Казакстанга берип салып, эми өзбектерге берейин деп атат. Анда унитардык деген жерин алып салалы. Тизмелеп олтурсак, Конституциянын 1-беренеси боюнча эч бир иш аткарылган жок. Биз 18 жылдан бери өзгөрүүсүз ушул күрөш менен келе жатабыз. Башкы максат - үйбүлөлүк системаны сындырыш. Мамлекеттик органдар башкара турган эмес, элге гана кызмат кыла турган бийлик бутактарын түзүү керектигин айтып жатабыз, позициябыздан кайткан жокпуз, кайтпайбыз. Бакиев экөөбүздүн 24-марттан кийинки урушубуз деле ушул талаштардан келип чыккан. Ошондо эле Бакиевге "Курманбек Салиевич, биз революцияны ушул максаттар үчүн уюштурганбыз, сени бийликке алып келип эле олтургузалы деген эмеспиз" деп айтып, Бакиев экөөбүздүн жолубуз эки айры болуп кеткен. Баары эле ошол үмүт менен Бакиевдин тегерегинде жүрүшүп, акыры "а кокуй, бул оңолбойт экен" деп, үч жарым жылда баары кетти. Акыркысы болуп Исаков баш тартып олтурат. Биздин негизги күрөш мына ушунда. Элди башкара турган эмес, ага кызмат кыла турган, эл көзөмөлдөп турсун, ал элге отчет берип турсун, ошондой башчыга жетелик деп кайрадан аттанып олтурабыз. Азыркы укук органдары Бакиев камагыла десе, камайт, иш козгогула десе, козгойт, айтор, өздөрүнүн жеке бийлигин жүргүзүп, иш алып бара албай жатышат. Акаевдин тушунда ушул эле саясат жүрүп келген. Мамлекеттин саясатынан эмес, үйбүлөлүк башкаруу саясатынан Тургуналиев 28 жылга, Кулов 10 жылга соттолгон, Турсунбек Акун ар жылы он жолудан түрмөгө олтуруп чыкчу. Мен дагы ошол үйбүлөлүк системадан жабыр тарткандардын катарындамын. Бирок, мен алардан айырмаланып өзгөчө жабыр тарткам. Эмне үчүн? Себеби, мен үчүн менин элимдин канын төгүп койгон. Бул кара так мен тирүү жүргөндө жүрөгүмдөн кетпей турган нерсе. Ошондуктан ушунун баарын башыбыздан кечирип туруп, анан кантип үйбүлөлүк башкарууга жол берип, алардын алдында тебелендиде калып, элибизди азапка салып олтуруп калалык деп кайрадан күрөшө баштадык.
- Ушул сиз айтып жаткан үйбүлөлүк башкаруу системасы Кыргызстандын экономикалык-социалдык абалынын оорлоп кетишине да таасирин тийгизип жатабы?
- Эгемендүүлүктү алган жылдардан бери кыргыз өзүнүн эгемен экендигин сезип жашай элек. Бир кезде жарык тээтиги тоо-таштагы сарайларга чейин жетип, "оо мына жашоо" дегенбиз. Ал эми эгемендүүлүктү алган 18 жылыбызда эмне болдук. Шаарыбызда жарык жок кайсалап олтурабыз. Бакиев, электри көп деген Кыргызстанды "Тезекстанга" айлантып койбодубу. Өлкөнү электрлештирүү саясаты тезектештирүү саясатына айланып кетти. Бакиев, менимче, тарыхта тезек тердирүү саясаты менен калат. Кыргызстандын ишенген негизги кирешелүү тармак болуп электр тармагы эсептелинет. Кыргызстандын от жакпай, электр менен жашоого толук мүмкүнчүлүгү бар эле, бирок ошол тармакты адистер башкарбай, үйбүлө башкаргандыктан кризис болуп жатат. Эми ошол тезек тердирткендерди "эмне үчүн менин элимди тезек тердиртип жатасыңар?" деп жазалагандын ордуна, өзү кошулуп "тезек тергиле" деп, алар менен иштешип олтурбайбы. Ошондуктан, мен ойлойм, кыргыздын экономикасынын өзөгүн түзгөн энергетиканы талкалагандан кийин бул президенттин экономика боюнча кайсы жыргаган программасы бар дейсиң. Ушул 3 жылдан бери президенттен экономикадабы, социалдык жактабы, маданийби же улуттук салтындабы, айтор, бир дагы жаңы өзгөрүүлөрдү көрө алган жокмун, мени колдоп жатышкандар да ушул пикирде болуп жатышат. Анан эле "жыргап эле жатабыз, өнүгүүдөбүз, көчөлөргө машина батпай кетти" дешет. Жок, ал машиналарды эл өзүнүн маңдай тери менен, мээнет кылып Казакстан, Россияда кул болуп жүрүп таап келген акыларына алып жатышат. Ошол байкуш четте кор болуп жүргөн кыргыздардын укугун коргоп, "силер биздин атуулдарды кордоп жатасыңар" деп билдирүү жасап кое алган жок.
- 24-мартта Бакиевди такка алып келгенде артыңыздарда колдогон калың эл жүрбөдү беле. Сурайын дегеним, революция жасаган эл менен кеңешип бул кадамдарга барып жатасыздарбы?
- Элдин каары жаман. Акаевди бийликтен кубалап жибергенден кийин Бакиевге үмүт артып, оңдойт го деп 3 жыл күттү. Мени күнөөлөп жүрүштү, "сен эмне, келелекте эле каршы чыктың, жөн жүрбөйсүңбү, унчукпай тур, иштесин" деп, аксакалдар, досторум, аксылык элим каршы чыгышты. Эмне үчүн мен биринчи кыйкырып чыктым? Анткени ошол учурда менин кесибим, ишим ошондой болуп калды да. Мыйзамдуулукту көзөмөл кылыш башкы прокуратуранын иши. Мен мыйзамда эч кандай өзгөрүү жок экендигин көрүп-билип турдум. Мурдагыдай эле нук менен кетти. Анан аны мен биринчи сезип, биринчи айтып чыктым: "эй, мындай кылганыңар болбойт, биз эмнеге башыбызды сайып келдик эле, эл эмне дейт, жок дегенде Акаевдердин колунда турган 10 обьектини элге кайтарып берип коелу, тиги цемент-шифер заводду алып берип коелучу" деп. Анан экөөбүз тарс-турс болдук да, ал мени жумуштан четтетип койду. Ошол кезде элдин көбү түшүнгөн жок, "Бекназаров жөн эле чырдап жатат го" дешти. Бирок, мен көп жерлерде айттым, "мейли, 1-2 жылда көрөсүңөр, күйүп турган шамыңар өчкөндө ыйлайсыңар, мен силер менен ошондо сүйлөшөм" дедим эле. Мына азыр ошолор мага байланыша баштады. "Ай Азимбек, сенин айткандарың туура окшойт, муну менен биз оңолбойт окшойбуз" деп. Быйыл жайы менен Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Кара-Кулжада эл менен жолугушуп жүрүп, алардын да пикири биздикиндей экенин көрүп, анан ушул кадамга барып жатабыз. Элдин 60%ы "Бакиевди бирдеме кылбайсыңарбы, минтип жашоого болбой калды" деп айтууда. Жергиликтүү элдин 60%ы ишенич артпаса да, бул бийлик жөн эле иштемиш этип, элдин эмгегин жеп, убактылуу бирдемени айтып олтурат. Бийликтен назар кеткени ошол.
- Эл бүгүн кимге ишенээрин билбей турат, бул ирет жаңылсак, Кыргызстандын абалы коркунучка кептелет. Эми ошол коркунучтан да, элдин оорчулугун да көтөрүп кете турган азаматтарыбыз барбы?
- Бар. Биз бул саам жаңылганга акыбыз да, шартыбыз да жок. Бир нече партия биригип жаткандан кийин, катарыбыз көп түрдүү ойлорго, максаттарга бай. Ар биринин жекече иштеп чыккан программалары да бар. Тандоо мезгили жеткенде эл астына сунуштайт. Эл ошол азаматын өзү чакырып алат. Эл Акаевге билимдүү-илимдүү, жолун табаар деп ишенич артты, андан майнап чыкпады, аны революциялык жол менен кетирип, "элге, мекениңе кызмат кылбасаң, мына ушунун кейпин киесиң" деп, үмүт артпай калды. Бийликтин кебетеси бул болду, эл арасында дегеле ишенимдин карааны такыр жоголуп кетти. Ал эми оппозиция дегенибиздин жарымы эптеп эле бийликке чап этип жармашып, жылуу жай таап олтуруп калды. Эл болсо, "оппозицияң деле болбогон неме турбайбы, буларга кресло эле керек экен да" деп ичтери муздап туру. Мындай ойлогонго элдин 100% укугу бар. Анткени, биз саясый элитанын адамдары ошого шарт түзүп койдук.
P.S. Ооба, окурман, муну менен биздин маегибиз бүткөн жок. Ачуу-чындыкты тартынбай, тарс эттире айтып салган Азимбек мырза менен болгон кызыктуу баарлашуубуз дагы алдыда. "Азимбек айтып чыкса эле, анда бийликтин ишинин бүткөнү" деп эл арасында айтылып калат. Чындап эле бул ирет да РевКом башчысы катары катуу билдирүү таратты. Өз колдору менен алып келген президентти эми кантип кетириш керектигин, өлүмдөн да коркпой окко төшүн тосуп берээрин, анын жеке өмүрүнө коркунучтар бар экендиги тууралуу айткан маектерин гезитибиздин кийинки сандарынан окуй аласыздыр.