№70, 21.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Акыйкатчы Турсунбек Акун:

"Өлкөнү клан-жыландар, топтор, криминалдар эмес, мыйзамдуу бийлик башкаруусуна шарт түзүшүбүз керек"
Республикада акыркы эле кездерде, коомчулук, калк арасын дүң түшүргөн окуялар болуп кейитти. Алардын баарын тизмелеп отуруунун кажети жоктур. Бирок алар ансыз да чалкем-чалыш түшкөн заман шүйкүмүн ого бетер кетирип, көпчүлүктүн көйүндө "эртеңки күнүбүз кандай болот?" деген кооптуу собол болуп түйүлдү. Бийлик бирди, оппозиция башканы айтып, эзели элдешкис болуп, эки жээкке бөлүнүп алсак, элибиз кыйын абалга жетип калаарын унутпайлы.

- Турсунбек мырза, жакында эле БГУнун студенттери жана мугалимдери менен жолугушууңузда улут кызыкчылыгын козгогон жаңы идеяңыздын четин угуп калдык. Ушуну кененирээк чечмелеп бересизби?
- Көптөн бери көкүрөктө багып жүргөн бул идеяны чынында алгач ирет козгодум. Анын мааниси мындай: азыркы учурда өкмөт, бийлик элдин турмушун жакшыртуу үчүн экономикада, өндүрүштө ж.б. тармактарда колдон келген иштерди жасап жатат. Бийликти бир жактуу жамандай бергенге деле болбойт, калыстык үчүн дайыма эки тарабына кошо баа берүү менин эзелтен тутунуп келаткан принцибим. Бирок ошону менен бирге коом, эл арасын ыдыраткан, эртеңки келечекке ишеним кетирген жаман иштер көбөйүп баратат. Алар эмнелер? Биринчиден, жайладык деген криминал кайрадан баш көтөрүүдө. Канчалаган кайран жигиттерден айрылдык, бирок алардын биринин да өлүмүнүн бети ачылган жок. Дүйнөлүк коомчулуктун сынына да ушу жагынан кабылып отурабыз. Кечээ жакында мен катышып келген Варшавадагы жыйында да ушул жагынан бизге бир сын айтылды. Мындан тышкары, бизде кадр саясатында трайбализм, регионализм оорусу ого бетер күч алууда. Мына, жакында эле финполиция менен милициянын ортосунда кагылыш болду, мушташканга чейин барышты. Бул эмне деген кеп? Башкаруу чөйрөсүнө кландык топтордун умтулуусу күч алды. Айта берсек, түгөнбөйт. Эмне кылуу керек? Бүгүн улутту ырк-ымалага келтирип, башын бириктирүү, улуттук консенсус зарылчылыгы алдыңкы орунга чыкты. Бийлик болобу, оппозициябы, партияларбы, саясий элитанын, кыргызча айтканда, улут каймактары, дегеле Мекен тагдырына кайдыгер карабаган бардык инсандарыбыз биригип, жалпы отуруп "кайда баратабыз, эртең эмне болобуз? Кайда барышыбыз керек?" деген соболго баш катырышыбыз керек. Антпесек, бүгүн мамлекет катары жоголуп кетүү коркунучуна кептелип турабыз. Белгилүү адамдарыбызды атып, кээлерин уурдап жатышат. Ушундай улана берсе, эртеңки көргөн күнүбүз кандай болот? Кайда баратабыз? Ошондуктан, амбиция, кызыкчылык ж.б. токтотуп, ушуну кеңешүүбүз зарыл. Мунун башында президент турсун, кадырлуу аксакалыбыз Т.Усубалиев ж.б., улутуна карабай, Кыргызстандын мекенчил уул-кыздары турсун. Сен акаевчи, сен Бакиевдин кадры деген болбошу керек. Парламентте улуттук деңгээлдеги саясатчыларыбыз турсун. Улуттук дегенде жалаң эле кыргыздар жөнүндө кеп жүрүп жатканы жок, башка улуттан дагы Кыргызстанга кыргыздан кем эмес күйгөн жигиттер, кыздар бар, мына ошолор болсун.
- Кечиресиз, идея чынында жакшы экен. Бирок эмне үчүн муну ошол эле мамкатчы Досбол Нур уулу көтөрүп чыкпайт? Же оппозиция көтөрсө болбойбу? Баса, идеяңыздын авторлоштору барбы?
- Мага Кыргызстан үчүн күйгөн бир топ атуу-баштуу адамдар келишти. "Турсунбек мырза, сиз бийликке дагы, оппозицияга да бирдей калыс, ортодогу адамсыз. Ушул идеяны көтөрүп бериңиз" дешти. Идеяны колдогон адамдардын саны күндөн-күнгө өсүүдө. Биз эмне, "кетсин" дегенден башка, жөн-жай отуруп, өз тагдырыбызды чече албай калыптырбызбы? Андай эмес да.
- Мындан да кыйкым издеп жыра тарткандар чыгат да. Кандай дейсиз?
- Ар кимдин өз пикири бар. Биз бирөөлөрдү суранып чакырып келип отургузбайбыз. Мамлекеттин, улуттун бүгүнкү жана эртеңки тагдыры эчкимди кайдыгер калтырбайт деп ойлойм. Биригүү бүгүн бизге аба менен суудай керек болуп турат, эртең кеч болуп калышы мүмкүн.
- Бул жерде сиздин ролуңуз кандай?
- Мен мында данакер катары кызмат өтөмөкчүмүн. Анткени, кызматым боюнча көзкаранды эмес Акыйкатчы деген чоң, жооптуу, конституциялык кызматтын жетекчисимин. Бийлик менен да, оппозиция менен да, карапайым эл менен дагы колуман келишинче тыгыз иштешип жатам.
- Бул идея кечирээк көтөрүлүп жаткан жокпу?
- Албетте, суроо орундуу, бирок бир аз кечиксек дагы бул маселени эртеби, кечпи чечишибиз керек. Болбосо, мамлекетибиздин абалы оор акыбалга кабылат. Мына бизде, президентти айтпаганда, улут сыймыктанган эки адамдын бири Ч.Айтматов келбес сапарга кетти. Экинчиси - Т.Усубалиев атабыз калды. Эмки жылы, буйруса, ал киши токсонго чыгат. Аксакалдын токсон жылдыгын белгилөө менен, ушу идеябыздын ишке ашышын улуттук биригүүгө жетишүү менен кошо салтанаттасак деген изги ниет бар. Өзүнчө бүтүндөй бир доор эсептелген бул инсандын улут, мамлекеттин келечеги жөнүндөгү ой-пикирлерин, кеп-кеңештерин уксак - утаар элек.

P.S. Акыйкатчы мырзанын улуттук консенсус жөнүндөгү бул идеясы кечээ жакында эле Тоң жергесинде белгиленген кыргыздын дагы бир сыймыктуу уулу Т.Акматовдун 70 жылдык торколуу тоюнда да айтылып, төгөрөктүн төрт бурчунан келген көптөгөн аттуу-баштуу маараке меймандарынын да кубаттоосуна ээ болду. Абройлуу агабыздын маараке-тоюнда бекемделген улуу сөз улутубузду бириктирүүгө өбөлгө болуп, турмушка ашса,бизде эмне арман…




ШКУ өлкөлөрүнүн "Ысык-Көл - 2008" эларалык кинофестивалы башталды
Кинофестиваль негизинен залкар жазуучу жана улуу гуманист Ч.Айтматовдун чыгармаларына арналып, жазуучунун 80 жылдык мааракесине карата он күндүктүн алкагында өтөт. Фестиваль Айтматовдун "Кош бол, Гүлсары" тасмасын көрсөтүү менен ачылды.

Азык-түлүк каат Кыргызстанда витаминдештирүү башталды
Бир апта бою 6 айдан 5 жашка чейинки балдарга витаминдер таратылаарын саламаттык сактоо министрлиги жар салды. Бирок муну биздин министрлик өзү эмес, БУУнун балдар фондусунун колдоосу менен аткарууда.

Энергетиктерди колдой көр, кудай!
Кичине жаан жаап, аба сууй баштаганы электр энергиясына муктаждык кескин көбөйдү. Учурда электр энергиясынын суткалык сарпталышы 68 млн кв саат, суунун көлөмү болсо, Токтогулда 1 млн кубга азайды. Акыркы үмүт - ТЭЦ ишке кирип, жылуулук бере баштаса, электр энергиясын сарпталуусу азайышы мүмкүн.