№70, 21.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
Эларалык кабарлар
Ильхам Алиев кайрадан президент болуп шайланды
15-октябрда болуп өткөн шайлоолордо Азербайжандын учурдагы президенти Ильхам Алиев шайлоочулардын 88, 73% добушун алып, кайрадан президент болуп шайланды.
Экинчи орунда 2.86% добуш менен Игбал Агазаде, үчүнчү орунда Гуламгусейн Алибейли болду.
Конституциялык сот 14 күндүн ичинде шайлоонун жыйынтыгын чыгарат. Конституциялык соттун чечими акыркы бүтүм болуп эсептелет.

Украинадагы кризиске чукул чара
Украинанын премьер-миниcтри Ю. Тимошенко 7-декабрдагы шайлоолор өтпөй кала турганын ырастап сөз сүйлөдү. Ал Жогорку Раданын фракциясынын өкүлдөрү кирген башкаруу коалициясын түзүүгө, президент Виктор Ющенко таратып жиберген өкмөттүн ишин кайра жандандырууга чакырды.

Түштүк Осетия ИИМи Грузияны аткылоого уруксат берди
Өткөн ишембиде Грузия түштүк осетиялык постторду аткылагандан кийин, Түштүк Осетиянын ички иштер министрлиги өзүнүн кызматкерлерине Грузияны аткылоого уруксат берди. Өз кезегинде Грузия "Түштүк Осетияны эч ким аткылаган эмес, ал болгону "мас орус солдаттарынын кылыгы" деп билдирген.

Жети өлкөнүн жарандары АКШга визасыз кире алат
Латвия, Литва, Эстония, Венгрия, Чехия, Словакия, Түштүк Корея өлкөлөрүнүн жарандары мындан ары АКШга визасыз кире турган болду.

АКШда президенттик шайлоо 4-ноябрда өтөт
АКШнын президенттигине ат салышып жаткан демократ Барак Обама республикачыл атаандашы Маккейнден алты пайызга алдыда турат. Республикачыл талапкер Маккейнди мамкатчы болуп иштегендерден төртөө колдосо, Обаманы АКШнын экс-катчысы Колин Паэул колдоп жатат.

Космоско IBEX аппараты учурулду
Америкалык космос аппараты күн системасынын чет жакаларын изилдейт. Бул миссия эки жылдай созулмакчы. Аталган аппарат аркылуу окумуштуулар жылдыздар аралык мейкиндик менен күн системасынын чектешкен аймактары тууралуу маалымат алышмакчы.

Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан автожолу
Аталган төрт мамлекет транзиттик автомобиль жолун эми чындап пайдаланууга киришти. Төрт өлкөнүн ортосундагы келишим 1995-жылы эле кабыл алынса да толук пайдаланылбай келген эле.

МВФтин жетекчисинин жоругу
МВФ - Бүткүл дүйнөлүк валюта фондунун аткаруучу директору Доминик Стросс Кан өзүнүн ойношуна жогорулатылган пособие төлөп берди деп айыпталып жатат. 59 жаштагы бул финансист айы-бы ачылып калгандан кийин ал аялды жумуштан бошотуп жиберген.

Обама мамказнадан акча албаган биринчи талапкер
Барак Обама президенттикке талапкер учурунда мамлекеттик казынадан акча албаган биринчи талапкер болуп калды. Ал президенттикке ат салышууда жалаң колдоочуларынын каражатын пайдаланууда. Ал жак-тоочуларынан дээрлик 600 млн доллар алган. Анын атаандашы мамлекеттик казынадан 84 млн доллар алган.

Грузия Россиядан Абхазия жана Түштүк Осетияга байкоочу жиберүүнү өтүнөт
Грузиянын тышкы иштер министри Екатерина Тхелашвили журналисттерге билдирүүсүндө Россия алган милдеттенмелерин аткарбай, Евросоюздун байкоочуларын Абхазия менен Түштүк Осетияга жиберүүгө тоскоол болуп жаткандыгын билдирди.

Нидерланддык өкмөттүн сактык банкка 10 млрд евро колдоосу
Нидерланддык өкмөт ING банктык-сактык уюмуна 10 млрд доллар евро колдоо көрсөтүүдө.
Финансылык кризиске байланыштуу 85 миллион кардары бар аталган уюмдун жоготуулары 670 млн долларга жеткен.Ошол себептүү нидерланддык өкмөт ага 10 млрд доллар евро колдоо көрсөттү.

Латвия 1940-1949-ж.ж. депортациядан жабыр тарткан
Латвиянын мамлекеттик архиви Латвиянын 1940-1949-жылдардагы советтик окуппациядан канчалык жабыр тарткандыгын тизмектеп чыкты. Мындагы жоготуу 742 миң адам-жыл деп эсептелди.