№70, 21.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Кыты-кыты...

Аалам ичи - анекдот кенчи
Урматтуу окурман достор, анекдот ышкыбоздору!
Ушу сандан тартып биз анекдотторду каармандары боюнча бөлүп, өзүнчө жарыяламак болдук. Маселен, "жаңы" кыргыздар, жөн эле кыргыздар, гаишниктер, кыргыздын саясатчылары менен бомждору, бандиттер менен милийсасы, салыкчылары, сойкулары, депутаттары, министрлери, шоопурлары, артисттери, доктурлары, генералдары, оппозиционерлери ж.б. жөнүндөгү анекдоттор өз-өзүнчө түрмөк менен "сорттолуп" кетмекчи. Эгерде сиздерде боорду эзип, уккан кулактын кычуусун кандырган, үстөлдөн кулаткан, же өзүңүз ойлоп тапкан оригиналдуу анекдотторуңуз болсо, почтодон жибергиле, SMS жөнөткүлө, телефондон айтсаңар да болот, келсеңер-эшик да, кулак да ачык. Бирок эсте болсун, өтө катуу кеткен "туздуу", бирөөлөрдү ачык мазактаган анекдоттор түз эле жарабайт. Кана эмесе, шайырлар, тапанча-тапандар, узун кулактар, тикенек тилдүүлөр, талантыңарды бөөдө кетирбей, "Ааламдан" багын ачкыла, элге чыккыла! Түкүн жерлик, баланчанын анекдоту деп астына балчайта жазабыз, атагыңарды "Аалам" аркылуу төгөрөктүн төрт бурчуна жаябыз! Атагы Сизге, анекдоту бизге… Бул сандагы анекдотторубуздун каармандары кыргыздын артисттери. Тырчыкей, таарынмай жок, соттошмой …октошмой жок. Анткени бул болгону анекдот эле да.

Атактуу артист-куудул Рахман Разыков Парижди аралап сейилдеп келатса, аны алыстан көргөн эки француз келин бири-бирине "оо, карачы, кандай келишкен азиат, чаппайлыбы?" деп, Ракең жакындаганда:
- Мьсе, ду ю спик инглиш? - дешсе, Рахман шак эле: "Канешна хачу!" дейт имиш.


Ырчы Өсөр Козуев БЧКдан алтын балык кармап албайбы.
- Үч каалооңду айт, - дейт алтын балык.
- "Мерседес!"
- Көзүңдү жум.
Өсөр көзүн жумуп-ачса жанында "Мерс" турат.
- Багажниги толтура доллар болсун! - дейт Өске кайра көзүн жумуп.
Кайра ачып-караса багажниги толтура "жашыл" акча.
- Президент болгум келет! - деп үчүнчү каалоосун айтат.
- Макул, көзүңдү жум.
Ачса эле, кудай сакта, дырылдап качып баратат, артынан болсо эл кууп алган.


- Оо, дарагая падружка, кайда жүрөсүң көрүнбөй?!
- Гастролго, чет өлкөгө барып келдим!
- Эмне апкелдиң?
- Билбейм, али текшериле элекмин…

Бир обончу бир обончудан сурайт имиш:
- Э Аске, аялыңдын көзүнө чөп саласыңбы?
- Башка кимдикине салмак элем?

Манастан Борончу сураган экен:
- Маке, кандай ойлойсуң, аялдын жүзүндө эң башкы нерсе эмне?
- Оозу.
- Оозу болгондо кандай, эрди жука же калыңбы, тиши майдабы?
- Мага разнисса жок, главный оозу жабык болсо болду!

"Безеркүү" группасынын солисткасы Майпаңгүл курбусуна мактанып туру:
- Прикинь, бир эле жумада бир килге арыктапмын!
- Койчу, таразага косметикасы жогеле түштүң беле?

Мерген Турган роддомдун маңдайында толкунданып акушеркадан сурап турат:
- Айтсаңыз, менин аялым төрөдүбү?
- Ооба, төрөдү, төрөдү.
- Эмне төрөдү, эркекпи?
- Жок…
- Анда эмне?


Ооруканада:
- Больной, сиз жана эле кирип чыкпадыңыз беле?
- Ооба, эртең менен киргем.
- Дизентерия?
- Жок, Жамбыл Камчыев.


Бир ырчы айым курбусуна даттанат:
- Представляешь, кечээ күнү концерттен ужасно чарчап кеч келсем, эшик шыңгырайт. Открываю - симпатичный жигит турат. "Күйөөңүз үйдөбү?" дейт. Жок десем, түз эле колдон алып диванга сүйрөп… Анан… ошо… ишин бүтүрдү да кетип калды.
- Аа-ий ужас, койчу? Бети жок неме турбайбы…
- Жо, менин түшүнбөй калганым - күйөөм ага эмнеге керек болдукен дейм да?

- Кандай, ЗАГСсың жакындап калдыбы? - деп сурап калды курбусу жашы өйдөлөп кеткен Жылдыздан.
- Буюрса, жакын. Бирок азыр болбогон бир майда нерсени талашып жатабыз.
- Эмнени кокуй?
- Мен ЗАГСка апакай көйнөк кийип барсамбы дебатам.
- Тигиниңчи?
- Анын ЗАГСга ваабщем баргысы жок.

"Келе 10 сом" группасынын гитарачысы Чынарбек шалдырап үйүнө жетип кулайт. Тамакты да эптеп ичимиш болот. Аялы анын көңүлүн көтөрөйүн дебатпайбы:
- Чика, уксаң, менин боюмда бар!
Чика үлдүрөгөн үн менен:
- Ыы, сеникине да бүттүбү?

Ичип кетип, маалына жетпей сахнадан куулган эки артист жолугушуп калат:
- Кандайсың досум, жашооң кантибатат?
- Ар кандай…
- Тоюс…
- Жаман болгондо "Скорый" алып кетет, жакшы болгондо менттер…


Казак менен өзбек обончу фестивалдан табышып сүйлөшүп турушат:
- Акең аузу, керемет өлең шыгарсам деп, аны жазып койдым. Достым Мамашарипжан, жаңы өлең барма сенде да?
- Вай секин, тыс-сс Серикжан, ана ерде кыргызның яш ырчылары туруптур, эшитип калмасын, угырлап кетишади дароо!