№70, 21.10.08-ж. Кыргыз гезиттер

presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


ЗНАКОМСТВА

  Мигрант - сериал…

 (Сандан-санга)

Сахалин сапары
Кыскасы, жапондор менен англичандар курган бул кыштакчанын шартында кынтык жок, киши суктанчудай. Мен ойлоп калдым, Кыргызстанда курулбай, ушу Сахалинде курулуп жаткан бул заводдун, аны кургандардын бактысы бар экен. Эгерде ушундай чоң курулуш бизде жүрүп жаткан болсобу, анын айлана-тегереги чиновниктердин кафе-ресторандарына толуп кетмек, бош калган жерлерин комок басмак, бомжусу, кайырчысы, салыкчысы, милийсасы, бандити, сойкусу, кыскасы, итпай-чотпайдын баары байырлап, күжүлдөгөн турмуш күн дебей, түн дебей кайнап чыкмак. Заводдун өзүн болсо, жергиликтүү кыкеңдер аянбай, эрикпей эрмектеп тономок, эки машине бетон келсе - бири сөзсүз акимдин же айыл өкүмөтүнүн үйүнө жөнөтүлүп турмак. Иши кылса, көңүлдүү жашоо орномок да. Баарынан да сойкуларыбыздын бейбак баштарына бак конмок, бирөөсү индусун, бири немисин, үчүнчүсү филиппинин, э койчу, каалаган улуттагы, каалаган сорттогу, "ыразмердеги" эркек таналарды чекесинен чертип чаап, жыргалга карк болушмак. Ошентип, бир күнү карасак, зооттун зоңкойгон жасаты гана калмак да...
Сахалинде болсо эмне, жергиликтүү орустар өз түйшүгү менен убара, кармагандары балык, эмне ишканасы болсо, шакылдап иштеп турат, завод менен эч кимисинин чатагы жок, басып да келбейт.
Долбоордо өзбек жигиттер жакшы кызматтарда иштешет экен, булар кандайча чет өлкөлүктөр менен тил табышып алышкан десем, көрсө кайсы бир жылдары Ферганада бекен же Андижанда бекен, нефтини кайра иштеткен заводго чоң өрт түшүп, ушу СиТиСдинин адистери барып, кайра калыбына келтиргенге көмөктөшүшкөн тура. Ошондо бирин-экин өзбектин адистери буларга жармашып, чет өлкөгө кошо баса беришкен. Ошол адамдардын мууну бүгүнкү күнгө чейин уланып келет, бул жигиттер англисчени өзбекчеден жакшы сүйлөшөт, кай жагынан алып караба, европалашып кеткен заманбап адамдар. Бирок өзбектерге таандык баягы сылык, ийилчээк сапаттарынан жазышкан эмес. Баса, бул жерде иштеген дүйнөлүк атагы бар түрктөрдүн "Гама" деген ири курулуш компаниясында биздин да бир кыргыз жигиттин котормочу болуп иштегенин уктум. Ал бала Кыргызстандагы түрк лицейинде окуган, билимди мыкты алган, түрк тилин түш жоругудай сүйлөгөн неме. Адегенде Сахалинге туугандарын ээрчип жөн эле келбейби, жумушчу болуп орношуп иштеп жүрүп, түрк чоңдорунун назарына түшкөн окшойт да, алар дароо кеңсеге ишке алып, жакшы айлык коюп беришет. Иш шарттары мыкты, кылган иши котомочулук, англисчеден түркчөгө, түркчөдөн англисчеге дегендей, айтор, кыялга келбеген оомат башына конуп, далысынан таптап турганы. Ошондон зымпыя иштеп жүрө берсе эмне? Жок, каны кыргыз неме баары бир кыргыздыгынан жазбайт турбайбы же жаштыгы белине тептиби, иши кылып мүдүрүлүп ("касякка" кирип), ошондон оңбой калды дешет. Мүдүрүлгөнү бул - бир топ жердештерин ошо компанияга ортомчу боло калып ишке кийирип, кийин мунусу билинип калат да, ошо замат жумуштан айдап жиберишет. Өкүнбөй турган ишпи атаганат... Жөн жүрсө, түрктөргө кадр болуп, "Гама" менен ааламды чарк айланып жүрө бермек экен...
Ушу эле жерде иштеген англиялык "Кейп" компаниясында Абдразаков Алмаз деген үкөбүз иштеди, азыр деле иштеп жүрсө керек. Өзү Мисирден (Египет) университетти аяктаган, араб тилин мыкты сүйлөгөн лейлектик жигит. Ушундай адамдардын Кыргызстандан иш табылбай, четте жүргөнүнө ичиң ачышат. Арабча эмес, кыргызчале а деп ооз ачып тың сүйлөй албаган, калкозчу өңдөнгөн чоң-майда жетекчи, кызматчы кадрлар борбор калаа Бишкекте жайнап кетти. Акыйкат бийлик, акыйкат заман болсо, булардай кадрлар жоголмок тургай, он чакырымдан да жыты келмек эмес. Биргат деңгээл кадрлар бүгүн чоң-чоң эле мекемелерде үстөл кучактап, биздин тагдырды чечип калышты, кашына кирип эки ооз сүйлөсөң, эмне деп айтаарын билбей апкаарыйт. Несин айтасың...

Сахалин монголчо "кара аска" дегенди билдирет

Бул арал кайсы замандарда кимдерге караганы, оруска качан өткөнү, эсимде калбаптыр, бирок аралдын түпкү кожоюндары айнилер деп аталган эл болгонун, алар бара-бара өзүнөн-өзү тукум курут болгонун орустун жазуучусу А.П.Чеховдун "Сахалинге саякат" деген китебинен окугам. Узуну 900, туурасы 125 чакырым Сахалин аралында адамдардын не деген арман-касырети, кайгы-муңу, таалайсыз тагдырлары калган убагында. Барса келгис сүргүн жай кызматын өтөгөн бул жерге падышалык Орусия кылмышкерлердин түркүнүн айдап турган, андан бери кай замандар өтүп кетсе да, азыркы сахалиндик орустар ошолордун урпактары, ата-бабаларынын "материкке кетсек" деген эңсөө кусасы бүгүнкүгө чейин булардын оозунда айтылып келет. Кайсы орус менен сүйлөшпө, "материкке кетем" деп баштайт сөзүн. Бир буту көрдө турганы да "материкке кетсем болот эле" дегеничи.




"Тирүү өлөт, жердин койну - жатагы. Изи калаар, болсо жакшы атагы"
(Уландысы. Башы 10-бетте)
- Кан досу ким эле?
- Белгилүү ырчы - Жапар Чабалдаев. "Кыңылдап басып-туруп, жатып алып шыпты тиктеп ырдай берип уйкуга кетчүмүн. Эртеси Жапар, "түндө момундай ыр жараттың" деп жазып алганын көрсөтчү. Эгер Жапар досум болбосо, көп эле ырларым кагазга түшпөй калмак экен. Ырларымды артыман жазчу жакшы досум бар эле..." деп калчу...

Тууганбай
АБДИЕВ, замандашы: "Кудайдын куттуу күнү жаңыланып турчу..."

- Ашыкемдин теңтушу, замандашы болом. 50 жыл бирге иштепмин. Бир айтканын кайра кайталоо ал кишиде жок эле. Кудайдын куттуу күнү жаңыланып, жаңы чыгарма жаратып турчу. Көңүлү келгенде олтура калып, бир заматта ыр жазып салчу. "Нарындан жазган салам кат", "Сагынганда", "Жылкычы" аттуу ырларын кыргыз эли эле эмес, коңшулаш мамлекеттер да билет. Казактар, өзбектер ырдап жүрүшөт. Эми эмне дейбиз, Кудайдын буйругу экен. Жаннаттан жай берип, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Замирбек ҮСӨНБАЕВ, замандашы: "Капилеттен сөз, караңгыда көз тапкан киши эле"

- Ашыкем менен 30 жыл бирге иштегендиктен эл билбеген көп нерсесин жакшы билем. Ошондуктан, бу киши жөнүндө кенен айтсак, узак кеп. Кыскартып айтканда, капилеттен сөз тапкан, караңгыда көз тапкан киши эле. Адамгерчиликти туу туткан, калыс, жөнөкөй киши эле.

Аалы
ТУТКУЧОВ,
шакирти: "Төкмөлөрдүн атасы кетти…"

- Мектепти бүтүп жаткан кезде атам каза болуп, ата мээримине көксөм канбай турган кезде Ашыраалы атаны таптым эле. "Ата" деп артынан ээрчип, үйүнө чейин барып, ата-баладай мамиледе жүрчү элек. Бизге окшогон шакирттерине оор эле болду. "Ар бир айтышта жаңы сөз таап айткыла" деп айтчу эле…
Ар бир обончунун обонуна жараша мүнөзү болот эмеспи. Анын сыңарындай, Ашыкемдин мүнөзү да обонуна жараша болчу. Кээде ушундай деңиздей чалкыган кең пейил, кээде чагылгандай чартылдаган киши эле. Ошол мүнөзүнө жараша болдубу же табият кошо кейидиби, айтор, ал күнү жамгыр төгүп турду…
Ашыкем дастан айтканда мазмунун билип, сахнада элдин маанайына жараша айтчу. Эл кол чаап, сүрөп олтурса, анда узак айтчу. Бир жолу "Карагул ботомду" узакка айтып калса, куудул Асанкул Шаршенов: "Ашыкем дайыма эле атып өлтүрчү эле, бүгүн муунтуп атат окшойт…" деген тура.
Чынында, бул жыл биз үчүн оор болуп жатат. Анткени, адабияттын атасы - Чыңгыз Айтматов, музыканын атасы - Асанкалый Жумакматов, жүрөктүн атасы - Мирсаид Миррахимов, төкмөлөрдүн атасы - Ашыраалы Айталиев кетти. Бир имараттын төрт бурчун төрт төкмөчү кармап турду эле, Эстекем кетип бир бурчу, Ашыкем кетип, экинчи бурчу кулады…

Азамат ТААЛАЙ, шакирти: "Көзү өтсө да, сөзү өтпөйт …"

- Мени "Айтыш" коомуна чакырган Ашыраалы атабыз эле. Атабыз менен 7 жыл иштеппиз. Бир айда үч жолу жолукчубуз. Жолуккан сайын улуу залкарлардын сөздөрүнөн айтып олтурчу. Көргөн-билгенин муундан-муунга жеткирип, жакшы иш жасап кетти. "Төкмөлөрдүн учугун улай турган силерсиңер" деп бизден үмүттөнчү. Көзү өтсө да, сөзүн өткөрбөгөнгө, ишеничин актаганга аракет кылабыз…
Ашыралы атабыз 5 жолу инсульт болгон. Денсоолугуна байланыштуу кийинки күндөрү көп ырдабай деле калган. 80 жылдык кечесинде ("Айтыш" коому өткөргөн) "ырдап коюңуз" десек, ырдабайм деп олтурган, анан элди көрүп эргип кетти окшойт, 15-20 мүнөттөй ырдаган…
Эми эмне дейбиз, атабыздын элеси жүрөгүбүздө сактала берет. Акындар баш кошкон жерде аты айтыла берет. Шакирттеринин айтыштарда алган байгесинин баары Ашыраалы атабыздын эмгеги деп келгенбиз жана мындан кийинки ийгиликтерибиз дагы эле ошол кишинин эмгеги деп эсептейбиз.





а ­е¦Є.НҐй«