№69, 16.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
Темир Сариев, "Акшумкар" партиясынын лидери:
- Мадумаров ЖКнын төрагалыгынан абдан орой алынган болучу. Андан көп күчтөр принципиалдуу позициясы болот го деп үмүт кылышкан. Анан дагы коопсуздук кеңешинин мурдагы башчысы Исмаил Исаков президенттин жүргүзүп жаткан саясатына каршы, "Кыргызстандын келечегин караңгылыкка алып баратабыз" деп, арыз менен кетип олтурса, Мадумаровдун макул болуп барганы, кызмат десе, бардыгына даяр экендиги болуп калды. Менимче, Адаханды колдоп, ишенип жүргөн күйөрмандарын бир чети таң калтырса, бир жагынан өкүндүргөндөй эле болду. Экинчи жагынан алганда, бийликтин бүгүн кайсалап калганын дагы көргөзүп турат. Анткени, белдүү саясатчылардын баары эле кетип жатышат, кеткенде да абдан катуу сөз айтып кетишүүдө. Адаханда үмүт чоң экен. Дагы деле болсо иштеше алам деп бул кадамдарга барып жатат. Кечээги парламентте сүйлөгөн сөздөрүн унутуп койду.

Азимбек Бекназаров, Ревком мүчөсү:
- Буга чейин кыргыз эли саясатчы Адахан, чыгаан Адахан, сөзмөр Адахан, курч Адахан деп келди эле. Эмнегедир Адахандан жаш, келечеги кең деп көптү үмүт этишчү. Бүгүнкү жасаган кадамы менен жанагы жетимишке чыккан эски чиновниктердин "эптеп иштеп кызматта олтуруп, айлык алсам" дегендей жоругун кылды. Кыргызстандын ишенген, азамат деген саясатчысынын кейпи ушул болсо, бир сөз менен айтканда, өтө эле уят болдук. Жок дегенде бир ай мурун айткан сөздөрүн эстеп койсо болмок.




  Ой илик

- Адахан Мадумаровдун Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалышын кандай кабыл алдыңыз?
Бегалы Наргозуев, ЖК депутаты:
- Бул кызматка сөзсүз эле аскер адамынын келиши зарыл эмес. Иштин жөнүн таап кетсе, аскер кызматында иштебеген адам деле иштей берсе болот. Адахан Кимсанбаевичтин бул ишти жөнгө салып кетээрине көзүм толук жетет.

Султан Урманаев, экс-депутат:
- Адахан Кимсанбаевич ЖКнын төрагалыгына келип президентке колунан келишинче кызмат кылып берейин деп аракет кылды. Анан кийин президент дарыланганы кеткенде жасаган окуялары, парламенттин ичин жаңгак менен жасатабыз деген сунуштары элге президентке болгон мамилелерин көргөзүп койду. Президент дагы баарын түшүнүп, амалын таап, акыры ишинен четтетти. ЖКдан кетип жатканда дагы бир топ нерселерди айткан. Бирок, баарын унутуп коюп бул кызматка барганы анын өзүнүн абийиринен. "Адахан, негизи баарысын нөлдөн башташ керек" деп эле айтып келе жатпаймынбы. Мүмкүн "көнгөн акырыма кайра барбасам, болбойт" деген ойдо жүрсө керек да. Үкам жөн эле жатат, чакырып көрөйүн десе, дароо эле макул болгонунан ушундай ой келип жатат. Коопсуздук кеңешине өзү аскер адамдары, ал жакты жакшы түшүнгөн адамдар келсе болмок. Менимче, Адахан армияга деле барбаса керек. Эмне максат менен барганын такыр түшүнбөй турам. Эртең Адахан өзү дагы, президент да уят болуп калышы мүмкүн.

Өмүрбек Абдрахманов, "Ата Мекен" саясий партиясынын координатору:
- Эч нерсе деп айта албайм, алар менен ишим жок. Менин өз ишим бар, ошо менен алекмин.

Алик Орозов, Демократиялык ордо союзунун координатору:
- Акүйдө Мадумаровдун биринчи оппоненти Медет Чоканович болсо керек эле. Адахандын ЖК төрагалыгынан кетишине да салымы бар. Парламенттен кетирип алып, кайрадан бийликке эмнеге алып барышкандарын таптакыр түшүнө албайм. Албетте, ал Мадумаровдун эркине, өзүнүн саясый көз карашына жараша болду. Мадумаров өзү негизи тың жигит. Иштеп кетүүгө анын күчү жетет. Эгер дагы бир тоскоолдуктар гана болуп кетпесе.

Аликбек Жекшенкулов, "Акыйкат үчүн" кыймылынын төрагасы:
- Мадумаров бул кызматка барышы менен өзүнүн саясый жүзүн көрсөттү. Буга чейинки кызматтарында деле ал эл үчүн жарытылуу эч нерсе жасаган эмес. Буга эл өзү тараза. Бул кызматты ийгиликтүү аркалап иштеп кете алат деп ишене албайм.