№69, 16.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
Бир бүркүм маалыматтар
Кыргызстан жылына 1,5 млн тонна көмүр керектесе, анын 1 млн 100 миң тоннасы Казакстандан ташылып келинет. Буга жумшалган акчага Кыргызстан 5 кичи ГЭС кура алаарын эсептөөлөр көрсөттү.

Союз учурунда Кыргызстанда 1696 бала бакча болсо, учурда анын 396сы гана иштейт.

Орусиянын МЧСин 15 жылдан бери С.Шойгу башкарып келсе, 18 жыл ичинде Кыргызстанда 12 министр алмашты.

Учурда Бишкек шаарында 1 сотых жердин баасы 30-35 АКШ долларын түзсө, жаңы конуштарда 1 сотых жердин наркы 3-5,5 миңди түзөт.

Түштүк кореялык эки курулуш компаниясы Бишкекте 24-27 кабаттуу имарат курууну пландаштырууда. Сметалык баасы 150 млн доллар, аталышы "Stаr citу".

Кыргызстандагы мамлекеттик миграция комитетинин төрайымы А.Рыскулованын "Орусияда Кыргыздар 90 күнгө чейин миграциялык карта менен жүрө алышат" дегенин ал жакка барган мигранттар жокко чыгарышууда.

Республикада атасыз, б.а., никесиз төрөлгөн балдардын саны 29 миңден ашты.

Германияда жүргөн кыргыздардын саны 150 миңди түзсө, Италиядагы кыргыздардын саны 2000ден ашты.

Кыргызстанда 2158 диний уюм катталып, анын 1784тү исламдык, 359у христиандык, калганы "жаңы" диндер.

Кыргызстанда 700дөн ашуун тайган болсо, анын 40ы гана таза кандуу.

Учурда республикада 220 миңден ашуун студент болсо, алардын 50 миңи келечектеги экономисттер.

Нура айылындагы жер титирөөдөн жапа чеккен ар бир үйбүлө өкмөттөн 3 т көмүр, 50 кг ун жана үй куруу үчүн 200 миң сомдон алышат. Мындан тышкары коңшулаш жана чет өлкөлөрдөн, эларалык уюмдардан жардамдар көрсөтүлүүдө.

Тышка кетип жаткан мигранттардын 68,5%ы кыргыздар. Алардын 43,6%ы - айыл тургундары.

Мигранттар жөнөткөн акчалар Кыргызстандын жалпы дүң продукциясынын 14%ын түзөт.

Кыргызстандагы мамлекеттик кызматтарда иштегендердин 9,9%ын аялдар түзөт.

КМШнын тышкы иштер министрликтеринин Бишкектеги жыйынында экономика, транспорт, коопсуздук, миграция жана гуманитардык жаатында 24 маселе каралды. Бүгүнкү күнгө чейин КМШ алкагында 1700 макулдашууга кол коюлган.




Шайлоо системасын реформалабаса болбойт
Маъумуржан Шарипов, "Ата Мекен" партиясынын координатору, Исфана шаары
5-октябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо деле баштагыдай бурмаланганын айтып чыркырагандар Исфана шаарында да болуп жатат. Бул жолу да бийлик өз максатына жетип, каалаганын аткарып алды. Шайлоо дегендин түрлүү ыкмаларын, кандай кылып бурмалоонун жолдорун жакшы өздөштүрүптүр. Аны эл дагы билип бүтүп, баарынан көңүлү калды. Анткени эл тандаган адам 100% добуш алса да өтпөй калаары, шайлоо болгону менен, жыйынтык башкача чыгаары түшүнүктүү болуп калды. Исфана шаарында деле шайлоо участоктук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү протоколдорду толтурбай, байкоочулардын укугун бузуу менен болду. Биз жалпы шайлоого баа бералбайбыз, бирок ар бир участоктогу мыйзам бузууларды айта алабыз. Бир эле мисал: Исфана шаарында №8022 участокто шайлоо 8.00дөн - 20.00гө чейин ар түрлүү ыкмаларда өткөнү менен, шайлоо комиссиянын мүчөлөрү 20.00дөн 20.30га чейин тамактанып, анан калган иштерди жасашты.
№8187 участогунда КР шайлоо кодекси бузулуп, участоктук шайлоо комиссиясынын төрагасы Кочкорбай Сатаров тарабынан мыйзам бузуучулукка жол берилди. Атап айта турган болсок, байкоочулардын анык, так жүргүзгөн эсеби боюнча шайлоого 494 адам катышкан, бирок шайлоонун жыйынтыгында урнадан 819 бюллетень чыкты. Ошондой эле шайлоо процесси бүтүп, добуштар эсептеле турган учурда шайлоо комиссиясынын төрагасы Кочкорбай Сатаров: "участоктун ичинде добуш берүү укугу бар мүчөлөр гана калат, байкоочулар сыртка чыксын" деп чыгарып, эшикти жаптырып алды. Бул дагы Шайлоо кодексинин 17-беренесинин 6-пунктуна, 18-беренесинин 4-пунктунун г, е бөлүктөрүнө туура келбейт жана мыйзам бузуучулук болуп эсептелет.
Ошондой эле саат 20.58де №8187 шайлоо участогунда жарык атайын өчүрүлдү, 7-8 мүнөт участокто жарык болбоду.
Исфана шаарындагы №8019, №8182 шайлоо участокторунда да шайлоо өз тартибинде, уюшкандыкта өттү.
Чыгарылган жыйынтык боюнча Камолиддин Холов эки участокту кошкондо 317 добуш менен бешинчи орунда келип, депутаттыкка өткөн эле. Кийинки орунда эки участокту кошкондо 314 добуш менен Нийматова Бактыгүл турган. Бирок Лейлек райондук (округдук) шайлоо комиссиясынын протоколунда Нийматова Бактыгүлдүн алган добушу 319 болуп өзгөртүлүп өткөрүлүп калыптыр.
Эгер бардык байкоочулар койдой момурап отура берсе, баары "ийгиликтүү" аяктайт. Операция оңунан чыгат. Бирок чиновниктердин шайлоону кантип бурмалаганын элдин 80%ы билип, бийликтен баары түңүлүп, ар ким өз арабасын кылдыратканга киришти. Айтылган маселелерди эчак түшүнүп, саясаттын ак-карасын ажыратып калганын эч ким тана албайт. Кыргызстандагы шайлоо системасы терең кризиске батты, бул системаны тезинен реформалабаса, кийинки шайлоолордо чоң конфликттерди пайда кылат. Мындай шайлоо менен мамлекетибизди өнүктүрө албайбыз. Мындай мамиле менен биз өнүгүп-өспөйбүз.
Бийлик туура эмес жолго түшүп, чегинен чыгып баратат.




  Күрөшүп атабыз дешти эле

Баракча таратканды токтотуп, ачыкка чыгыштыбы?
Бакыт Жолдошев
1-октябрь орозо айты күнү Ноокатта жоон топ жаштар ачык эле көтөрүлүп, акимчиликти ташбараңга алышты. ИИМ министри М.Конгантиевдин, түштүк боюнча жооптуу орунбасары Ж.Жакыпов мырзанын айтымында, мындай окуяга Ноокаттын акими А.Алиевдин жана Ноокат шаар мэри А.Алимжановдун кырдаалды кылапаттай албаган олдоксон аракеттери себепчи болгон. Иш козголуп, 32 адам кармалган. Милиция ушу тапта алардын үй-жайын тинтип, өз ишин жасап жатат. Чынында мындай камырабастыгы үчүн аталган жергиликтүү чоңдорду токтоосуз кызматтан айдап салышса да болмок. Ош облусунда 600 мечит болсо, анын 155и (!) жалгыз Ноокаттын өзүндө. Милициянын эсебинде активдүү 70 "хизбутчу" катталуу. Демек, аким А.Алиев баш болгон райбийлик коркунучтун алдын алуу чараларын убагында көрө алышпаган. Болору болуптур, боесу каныптыр дейли. Ошол эле күнү "хизбутчулар" Бишкектин чок ортосунда, Ала-Тоо аянтында лотерея-шоу оюнун өткөрүшкөнүн, партиянын айрым мүчөлөрү НБТ каналына ачык эле маек беришкендерин уктук. Таң калдык. "Хизбутчуларга" карата салынган тыюу алынып ташталганбы деген да ой кетти. Буга реакция жасай турган жооптуу органдардан бирөө-жарымы басып келген да, ак же көк деп сөз айткан да жок. Жалгыз гана муфтий Ж.Муратов кийинчерээк "органдар да, биз да билбей калыптырбыз" дегендей мааниде үн каткансыды. Айтор, буга чейин көмүскө иш тутуп келген "хизбутчулар" эми минтип ачыкка чыкканында түшкө да кирбеген коркунуч жатат. Стратегиялык иликтөө жана прогноздоо институтунун адис эксперти К.Маликовдун айтымында, "Хизб-ут-тахрир" партиясы Кыргызстанда калыптануунун биринчи этабын аяктады. Бийликтин алсыздыгына көзү толук жетип ынанган соң, экинчи - чечкиндүү аракеттердин стадиясына өттү. Эми булар баягыдай баракча таркатканды токтотуп, калк менен түздөн-түз иштөөгө багыт алды. Негизи "хизбутчулар" башаламандыктарды уюштурууну өзүлөрүнүн негизги куралы деп эсептешпейт. Өзүлөрүнүн тактикасына ылайык алар бийликке адегенде цивилизациялуу жол менен жеткилери келишет".
Эксперттин айтканында чындыктын үлүшү көп. Бийлик Ноокат окуясына карата коомчулукка эч кандай билдирүү тараткан жок, жарык, суу, саммит көйгөйү менен болуп, байкабай да калды шекилди. Дегеле кичинекей өлкөдө дин иштеринин бүгүнкү абалы буга жоопкер мамчиновниктердин "баары жайында" деп айтып келатканынан алда канча олуттуу. 1991-жылы кабылданган "Дин жөнүндөгү" мыйзам бүгүн эскирди. Бирок ал ар кандай диндерге, секталарга бизде кеңири жол ачып, көптөрүнүн биерде тамыр жаюусуна мүмкүнчүлүк түзүп келди. Кечээ жакында ЖК депутаттарынын дин жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоорун кабылдашты, жаңы мыйзамга ылайык, мындан ары жаңы дин уюмун түзөм дегендер 200 мүчө топтоп, анан диний уюм ача алышат.
Мамлекет уюмдун өзүн гана каттап тим болбой, анын имаратын, окуу жайларын ж.б. кошо каттоого тийиш. Албетте, окуу куралдары да көз жаздымда калбайт.
Башка диндерди айтпай эле коелук, бүгүн салттуу ислам динин окутабыз деген чала молдолор медресе ачканды бизнеске айлантышты. Бизнес деп ачык эле айтып жатабыз, анткени Куранды жөндөп окуп-үйрөнбөгөн маалим-мударистер медреселерди элдин сообун алабыз деген максат менен гана жайнатып ачып жатышпаганы түшүнүктүү да. Алар өз медреселеринде жаш балдарга эмнени окутуп жатканын бир кудай, анан бир өзүлөрү билбесе, эч ким билбейт. Андан калса, күндүзү мечитте бирди айтып, түнкүсүн "башкалар" менен колтукташып жүргөн имамдары бар экенин азирети муфтий, таксыр Жуманалы ажы Муратовдун өзү деле моюнга алганы бар.
Кыскарта айтканда, Ноокатта жүз берген окуялар Бишкекте кайталанбайт деп азыр эч ким кепилдик бералбайт.
Мусулманбыз деп мечиттерде жайнап жүрүшкөндөрдүн чекесине "бул момун мусулман, бул тиги деп белги коюлбаса, анан кантип ажыратасың… Андыктан муфтият да, мамлекеттик органдар да Ноокат окуясынан сабак алып, тийиштүү жыйынтык чыгарат дегенден башка кеп айталбайбыз.