№69, 16.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
Бийлик "Жашылдарды" кууратты
"Жашылдар" партиясы аты жашыл болгону менен бийликтин көзүнө матадордун кызыл матасындай көрүнө баштады шекилди, көрүнгөн жерден милийсасы кубалап, коркутуп-үркүтүп айласын кетирип атыры. Кечээ, 5-октябрда жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоолор алдында "жашылдарга" үгүт жүргүздүрбөй, бир канча мүчөсүн кармап, камашканы угулган. Борбордук аянтта тартылып алынган кымбат үгүт жабдыктары да кайтарылып бериле элек. "Жашылдар" бүтүндөй бийликти ээлеп алган бүгүнкү президенттик башкаруу системасына каршы бир топтон бери катуу күрөшүп келатышат.
Демократиялык деп аталган Кыргызстанда бүгүн бир жактуу гана "эркиндикке" жол берилип калды, бийликти ким жактаса, ага тийишпесе гана ал эркин, анын мындай аракеттерине эч бир чек жок.

"Жаңы кыргызстанчылар" - Досбол Нур уулу менен Нурлан Сулайманов да камынып калыштыбы?
Оппозицияга кеткен "Жаңы Кыргызстандын" катары бүгүн-эртең анын берки жээкте калган "жоокерлери" - мамкатчы Досбол Нур уулу жана транспорт министри Нурлан Сулайманов менен толукталганы турат деген кептин арааны катуу жүрүүдө. Аталган эки мырза азыркы жылуу-жумшак орундарын таштап, кайрадан оппозициянын бороон-чапкындуу, муздак көчөсүнө кайтып келишеби, жокпу, белгисиз. "Кемеге түшкөндүн жаны бир" дегендей бир кезде булар да түшкөн "Жаңы Кыргызстан" аталыштагы кеме бүгүн таптакыр башка курска жатты. Эгерде ал таптакыр алыстап кетелекте түшүп алышса, аты аталган эки мырзага абийир гана болмок дечи. Бирок бийликтерин, жан тынчын шарт кыйганга мырзалардын кудурети жетээр бекен?..

Жыл сайын кышка даярбыз деген өкмөт бу жолу да ошентти
Бишкектиктер кышында үшүбөй турганын И.Чудинов мырза өкмөт башы менен бекем айтты. Бишкек ТЭЦи 350 млн сомго ремонттолгон. Учурда ТЭЦте 250 т көмүрү бар, дагы 350 миң т көмүр келсе кыштан чыгып кетет экенбиз. Баса, жакшы кабар бул, жылуулук берилле баштаары менен жылдырма өчүрүү деген балекет да токтоору өкмөт башынын өз оозу менен айтылды.

Бакиевдин бийлиги ичинен ыдырай баштады
Кыргыздын айтылуу саясатчы кызы Р.Отунбаева айымдын айтымында, бийликтин азыркы пейли менен элди кыштан аман алып чыгаары күмөн. Энергетикалык, баалар, азык-түлүк көйгөйлөрүн ичинен ирип бараткан бийликтин чечээри чоң собол астында. Сырттан караганда байкалбаганы менен, Кыргызстан бүгүн бийликтин дагы бир ири кризисине кептелди. Анын айкын мисалы буга чейин президенттин сөзүн сүйлөп, саясатын колдоп келген "Жаңы Кыргызстан" партиясынын 180 градуска бурулуп кеткени болду. Кыргыздын саясат серепчилеринин айткандарына ишенсек, бийликтин ичинде "М.Садыркулов-Ү.Сыдыков" топторунун ортосундагы тирешүү дээрлик ачыкка чыгып, өкүнүчтүүсү президент муну чын эле көрбөйбү да, укпайбы же билсе да, билмексенге салдыбы, түшүнүү кыйын. Каршылашкан эки топтун башын бириктиргенге улут лидерлеринин чама-чаркы жетпей калса, анда калганынан эмне күтөбүз?

Социал-демократтар өкмөткө кескин кайрылуу менен чыгышты
Кайрылууда "өлкөдөгү энергетика кризиси тереңдеп баратат, бүтүндөй өлкөлөрдүн экономикасы дүйнөлүк финансы кризисинин толкунунда калуу коркунучуна кептелди, "жетиликтеги" өлкөлөрдүн ири банктары кыйроого учурап жатат. Бул убакта болсо Кыргызстандын Акүйүндө кезектеги саясый жаңжал чыгып кетти. Азыркы бийликке каршы коюлган баррикадаларга президенттин мурдагы жана азыркы соратниктеринин өзүлөрү элди чакырышууда. Өкмөт элдин экономикалык жана социалдык зарыл көйгөйлөрүн чечүүгө алсыз. Өкмөт мүчөлөрүнүн бири-бирин тескеп-теңегенден башка көйгөйлөр менен иши жок. Боршайкомдун төрагасы өлкөнү чуру-чуу түшүрүп, кечээки жергиликтүү шайлоолор алдында качып кетти. Мамлекеттеги саясый бийликти толук ээлеп алган аткаруу бийлиги өлкөдө болуп жаткан башаламандыктар үчүн жоопкерчиликтен качып жатат" деп айтылган. Арийне, бул кайрылуунун маанайы жүрөк түшүрөт, өлкөдө жаңы революциялык кырдаал жетилип келаткандай. Кезинде, март революциясында өзүнө ишенимдүү жөлөк болгон адамдарды бийлик бүгүн бирден "тишин күбүп" четке сүрдү. Акүйдүн төрүн саясый интриграндар менен коррупционерлер ээлеп, өзүлөрүнүн суук темир чеңгелдерин көрүнгөн, жеткен жерге чейин салышууда. Бул адамдар үчүн элдин көйгөйү, мамлекет тагдыры, бийлик аброю бешинчи, онунчу маселе экени түшүнүктүү.
Өлкөдө түзүлгөн кыйчалыш абал сырткы таасирлерден көрө, ушундай адамдардын кесепетинен түзүлдү. Эл менен бийлик бүгүн эки ажырым. Бийликке оппозициянын катары улам өсүүдө, бүгүн ал дагы бир саясый ири күч - СДПК партиясы менен толукталды.

Бекназаровдун революциялык комитети козголду
Эрки болоттой бекем ревком А.Бекназаров мырза орозо, саммит өтсүнчү деген убадасына туруп, эми катуу аракеттерге кирээрин дагы бир жолу ачык жарыя айтты. Анын азыркы президент К.Бакиевди тактан кулатуу талабы менен чыкканын калың журт жакшы билет. Азимбектен сестенген бийлик "президентти жок кылган атыпсың, жөн жүр" деп тизгинин тартымыш, опузаламыш да болуп көрдү. Мындай ыкманы Акаевдин бийлиги убагында айтылуу Топчукеге да колдонуп көргөнүн эске алсак, бул бийлик деле кем калышпай, анын "баалуу тажрыйбасын" жетекчиликке алган өңдөнөт. Аны Азикең билбейт бекен… Жарыгы жок карайлаган, бийликтен көңүлү калган калың кыргыз бүгүн Азимбектей акыйкат арстандарына муктаж.


Мамлекеттик, коомдук ишмер Аманбек Карыпкулов кайтыш болду
Кечээ, 15-октябрда 70ке караган курагында мамлекеттик жана коомдук ишмер Аманбек Карыпкулов дүйнөдөн кайтты.
Аманбек Карыпкулов 1939-жылы Талас областынын Талас районунун Кара-Суу айылында туулган. 1962-жылы Пржевальск (азыркы Каракол) шаарындагы педагогикалык институтту бүтүргөн. 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантурасын аяктаган. 1962-1985-ж.ж. Кыргызстан КП БКнын инструктору, бөлүм башчысы, секретары болуп иштеген. 1996-2001-жылдары Кыргыз телерадиокомитетинин президенти, 2001-2002-жылдары администрация жетекчиси болуп иштегендиги белгилүү.
Аманбек Карыпкуловдун басып өткөн жолунун оң-терс жактары коомчулуктун көз кырында болуп келген.
Бул азалуу күндөрү маркумдун үйбүлөсүнө, замандаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

"Аалам-пресс"