№69, 16.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
Дарылык касиети бар өсүмдүктөр
Дүйнөлүк медицинада жана ветеринарияда дарылык касиети бар өсүмдүктөр ар кандай ооруларды дарылоодо жана алардын алдын алууда кеңири колдонулуп келген. Дарылык касиети бар өсүмдүктөр орто кылымдарда өстүрүлө баштаганы менен, ХIХ кылымда гана алардын дарылык таасирлери окумуштуулар тарабынан изилдөөгө алынган. Өсүмдүктөрдүн дарылык касиети анда алколоиддер , гликозиддер, витаминдер жана башка химиялык кошулмалардын болушуна негизделген. Мындай өсүмдүктөр кургатылган, тундурма, шире маңыз, чай, күкүм жана башка түрүндө пайдаланылат. Дарылар негизинен жапайы жана эгилүүчү өсүмдүктөрдөн даярдалат. Медицинада дары каражаттарынын 30%дан ашыгы
дал ушул дарылык касиетке ээ болгон өсүмдүктөрдөн алынат.

Ромашка - жапайы жана эгилүүчү өсүмдүк. Ар кандай мүнөздөгү ооруларда колдонулат. Гүлүнүн тундурмасы ич өткөндө, ичеги түйүлгөндө, сезгенүүгө каршы жана антисептикалык зат катары оозул, гингавит сыяктуу ооруларга жакшы таасир берет. Суук тийгенде, мурун бүткөндө, тамак ооруларында колдонуу пайдалуу. Ошондой эле баш ооруганда, нерв системасынын бузулуусунда жана чарчап-чалыгууда сергетүүчү каражат катары колдонсо болот. 10-15 г. ромашканы 1 стакан кайнак сууда демдеп, тундуруп, чыпкалагандан кийин пайдаланууга болот.
Бака жалбырак - жапайы өсүмдүк. Чоң бака жалбырагы менен жөнөкөй бака жалбырагынын жаңы ширесинин аралаштырмасы кычкылдыгы аз гастритте, ичегинин жугуштуу эмес ооруларында жана какырык чыгаруучу каражат катары колдонулат. Жай бою өсүмдүктүн жетилген жалбырагын сабагы менен чогултуп, көлөкө жерде кургатуу керек. Кургак жалбыракты (10-15г.) 1 стакан кайнак сууга демдеп, чыпкалап, күнүнө 5-6 жолу ичсе болот.
Алоэ - жапайы жана үйдө өстүрүлүүчү өсүмдүк. Жаш жалбырагынан сырткы ириңдүү жараларды, күйүктү, теринин сезгенүү ооруларын дарылоо үчүн шире даярдалат. Өнөкөт ич катууда алоэ ширеси (1 чай же орточо кашыктан) күнүнө 2-3 жолу тамак ичээрден жарым саат мурда сунуш кылынат. Алоэнин жалбырагы - көз ооруларын, жара ооруларын жана башка дарылоочу каражаттар алынуучу сырье.
Ит мурун - жапайы жана эгилүүчү өсүмдүк. Мөмөсүндө С жана башка витаминдер бар. Ит мурун препараттары витамин жана тамак сиңирүүнү жакшыртуу үчүн, боор, өт жолдорунун ооруларына сунуш кылынат. Мөмөсүн (10-15г.) 200-250 г. кайнак сууга демдеп, ширесин ичсе пайдалуу. Мөмөсүн күздөн баштап кышка чейин жыйнап алуу керек.
Жүгөрү - 1 жылдык маданий өсүмдүк. Сотосу бышып жетилгенге чейинки жүгөрүнүн чачысы дары катары пайдаланылат. Чачысынын тундурмасы жана суюк экстракты өт айдама жана кан агууну токтотуучу каражат катары жана боор ооруларында колдонулат. Майда чачысын (10-15гр) 1 стакан кайнак сууга демдеп ичүү керек.
Ашкабак - эгилүүчү өсүмдүк. Данегин чагып кайнатып, ичегидеги мите куртту жоготуу үчүн ичсе болот.
Дары каакым - жапайы өсүмдүк. Кургатылган тамыры кайнатылып, табит ачуу, тамак сиңирүүнү жакшыртуу үчүн жана боор, өт баштыкчасынын ооруларына, өнөкөт ич катууда пайдаланылат. 10г. чөптү жана тамырын бир стакан кайнак сууга чылап, тундуруп, күнүнө 5-6 жолу кашык менен ичет.
Ит уйгак - жапайы жана эгилүүчү өсүмдүк. Чөбү эмчектеги баланы киринтүүдө антисептик катары, ошондой эле диатезде колдонулат. Жалбырагын (10-15г.) 1 стакан кайнак сууга 1 түнгө чылап, андан кийин колдоно берсе болот.
Эрмен - жапайы өсүмдүк. Чөбүнөн жана жалбырагынан табитти ачуучу жана тамак сиңирүүнү жакшыртуучу каражаттын курамына кирген экстракт менен тундурма даярдалат. 10-15г. чөпкө 200-240г. кайнак суу куюлуп демделет. Күнүнө 3-4 жолу кашык менен ичилет.
Чычырканак - жапайы жана эгилүүчү өсүмдүк. Мөмөсүнө даярдалган май күйүктө, эт оюлганда, гинекологияда, ошондой эле ичеги-карын ооруларын дарылоодо колдонулат.
Шалфей - эгилүүчү өсүмдүк. Жалбырагынан ооз көңдөйүнүн (парадантоз, стоматит, гингавит, ангина) ооруларына жана дем алуу жолдорунун сезгенүүсүндө дезинфекциялоо жана дарылоо үчүн чайкоочу каражат катары пайдаланылат. 10г. чөптү 1 стакан сууга кайнатып, муздатып, үстүнө суу кошуп пайдалануу керек.
Уйгактан жасалган май чачтын түшүшүн азайтат. Майды чачтардын түбүнө сиңире сүйкөп, бир нече саат коюп, жууп салуу керек.
Жогоруда айтылган өсүмдүктөрдү үй шартында тиешелүү илдеттерди дарылоо жана алдын алуу максатында колдонууга мүмкүн. Колдонууда айрым шарттарга көңүл буруу абзел. Дарыканадан алган дары-дармек чөптөрдү пайдаланарда жууганга болбойт. Анткени андагы организмге пайдалуу заттар сууга жакшы эрип, чөп өзүнүн айрым дарылык касиеттерин жоготот. Дары чөпкө кокусунан туш болгон микробдор маңиз даярдоодо өзүнөн-өзү эле өлүп жок болот. Ал эми ар кандай кирлер тундурманын түбүнө чөгүп калат. Даярдалган маңыз же тундурмаларды мээлүүн температурада 2 суткадан ашык эмес сактоого болот.