№69, 16.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
 (Сандан-санга)

Мигрант - сериал…
Сахалин сапары
Ыйлап жибере жаздап, айлам кеткенде, "ай айланайын шеп, бу өзүң түшүнүктүү экенсиң, эми партияны айтып биерде мээмди чакпачы, журналисттерге да тийишпе. Кыргызстан кандай болсо, журналисттери да ошондой. Кой эми, капа болбосоң, мен тайып кетейин, башка учурда шашпай сөз кылаарбыз, адегенде мобу жерге бир жумушка башты тыгып алалычы" дедим. Көндү кудай жалгап, акырын кете бердим тушкелди автобуска түшүп.

СПГ-ТОН, СИТИСД

Иштей турган жер ушинтип аталат экен, кыргызча завод деп коюшат. Эки жапондук - "Мицубиси" жана "МИЦУИ", бир англиялык-голландиялык "Роял-Датчшэлл" компаниялары үчөө биригип, Сахалиндин ушу жеринде, океандын жээгинде нефти жүктөөчү терминал (ТОН) жана жаратылыш газын суюлтуучу (СПГ) завод куруп жатышат. Мындай завод ааламда жети гана даана болуп, сегизинчиси ушул имиш. Эларалык стандарттагы бул ири долбоордун жалпы наркы 22 млрд доллар экен. Аталышы "Сахалин-II". Биринчиси бүтүп калса керек, андан кабарым болбоду.
2003-жылдан бери куруп атышыптыр. Ошо башынан тарта иштеген кыргыздын балдары бүгүн кабаттап там куруп, кошоктоп катын алып, машиненин түрүн тээп дегендей, бир кыйла бутка турушкан. Керек болсо, министриңди бери кой, непадам астынан чыкса, президентке салам бербеген, сөөлөтү ашкан, дымактуу немелер. Кулча иштеп, ханча жашаган, Жеңижок айткандай, "күлүстөн доордун" күркүл балдары. Эми буларды аким же депутаттын эрке талтаң, бардар үйбүлөдө өскөн балдарына салыштырып болбойт. Булар өз дүнүйөсүн өзүнүн жон тери, колу менен тапкандар, айырма ошол, асман менен жер. 2003-жылы айына 1000 доллар деген түшкө кирбеген акча эмес беле, андыктан эртерээк келсем эмне деп ичимен мен да бир топ кыжаалат болуп жүрдүм. Эми биз, кыргыздар,дүйнөлүк стандарттагы курулушта иштемек тургай, анын кандай болоорун элестеткен эмеспиз да. Өз көзүбүз менен эми көрүп турабыз. Булар 70-100 гектар жерди адегенде кестирип, анан келип иштей тургандар үчүн бүтүндөй бир кыштакча курушуптур. 10 миң адамга эсептелген бул кыштакча КЭМП деп аталып, жашоого керектүү бүт зарыл шарттар түзүлгөн. Жатаканасы биздин областтык шаарлардагы мейманканаларга караганда бир топ өйдө. Ар бир бөлмөсүндө кабелдик телевидение көрсөтүп турат. Кийимиңди жума сайын жууп, үтүктөп, жеткирип берет экен, сушилкасы белен. Китепкана, спортзал, концертзал, бассейн, дүкөндөр, намаз окугандар үчүн жайлар, эс алуу борборлору, пивокана, деги койчу, санап бүтпөйсүң. 52 улут өкүлү жашаган бул КЭМПте тартип жагы өтө катуу. Негизги талап - арак ичмей жок, мушташмак тургай, сөгүнгөнгө акың жок. Пивоканага кирсең - нормаң 1 крүшке пива, ашык бербейт. Ич да кет, кааласаң, музыка ук, бильярд ойно. Келжеңдесең, өзүңө жаман. Аялдардын жатаканасына кирмей деген болбойт, охрана кармадыбы, ошо жерден жазалайт. Бирок аялдар кай маал болбосун эркектердин бөлмөсүнө киргенге уруксат. Мас кармалдыңбы, ошо жерден "прощай!". Мушташтыңбы, сеники туура, мунуку туура эмес деп териштирбейт, экөөңдү тең кууп салат. Жердин баарында охранниктер жүргөнү, сен аларды көрбөсөң да, алар сени көрүп турат. Бирок ушундай тартип болмогу ылаазым бул жерде. 10 миң алдуу-күчтүү эркек жашаган кыштакчада мунсуз кызыл-кыргын жүрүп кетпейби. Шаарга дем алыш күндөрү түшсө болот, кааласаң, океандын жээгине барып толкунга кулак төшө, үйүңдү сагын, Бишкекти, редакцияны эсте… Баарынан да орустарга кыйын болду. Орус адамы беркиден бастырып турбаса, орус болбой калбайбы, "зона экен" деп жүрүштү. Күндө эртең менен жумушка баратканда түтүк үйлөтүп далайын кубалашты, дагы эле болбойт. Ордуна келе берет, бияктан куула берет. Бирок алар өз жеринде, бияктан кууса, эртең эле жумуш таап кетишет. КЭМПте миң адамга эсептелген 7-8 ашкана бар. Тамактары да эларалык стандарттар боюнча, жарылып кеткичекти жей бер, орой айтканда. Бирок куурулган тамак эч качан берилбейт, дайыма сууга бышкан тамактар. Мусулмандар өзүнчө ашканадан ичебиз. Араб, түрк, казак, кыргыз, индус, индонезиялык ж.б. мусулмандар. Чочконун этин беришпейт. Япондор дайыма көз салып турушат. Тамакты жатаканага ташымай жок, көрдүбү, күзөтчү дароо артыңа кайрыйт. Филиппиндер жана түрктөр өзгөчө ушу жагына күчтүү келишет экен, качан көрсөң чөнтөктөрүнө чай, кумшекер шыкап, коюндарына бултуйта бөлкөдөн катып чыгып баратканы. Аларды карап туруп "адамдын өзү тойсо да, көзү тойбойт" деген макал эске келет. Же балким булардын өлкөлөрүндө да тамак каатчылыкпы, ким билет. Кыштакчада негизги тил англисче жана орусча. Кыргыздар орус тилинен го кудая шүгүр, "по русски ни в зуб ногой" дегендей томолок жаштар бар эми, бирок алар да бош келбейт, орустар менен "моя, твоя, хороший друга" деп эч тайманбай урдура беришет. Англисче эми проблема. Бирок, аралашып жүрө берип, орусчага караганда англисчесин бат үйрөнгөн айылдык жубарымбектер көп экен. Дегеле кыргыздар баары-жокко бат аралашып, ыңгайлашып кетчү дүйнөдөгү сейрек калктардын бири эмеспизби, ошонун сыңары индустарга чейин достошуп кетишкен. Бомбейлик Санжу деген тууган кыргызча "Санжармын" дейт, кай жерденсиң десем, "Баулдан" (Лейлектин эң четки айылы) десе, ичиң жылыйт экен.
Болгондо да кыргызча үйрөтүп коюшкан буга. Уруум абад дегенде өлөсүң, же каңдымын деп бооруңду эзет.




  Нике кайып

Кичинекей аппак алдейим...
Эсимди жыйып, көзүмдү ачкандан кийин сени алып келишти. Келатканда эле бу дүйнөгө алып келгениме нааразы болгонуңду билдиргендей ыңаалап ыйлап келдиң. Чыңылдаган үнүңдү укканым менен, эгилип эмизе алган жокмун. Медсестра кыз какчыйып эч нерсе чыкпаган эмчегимди кармалап, убара болуп, акыры какылдап ыйлаган сени кайра көтөрүп кетти. Кипкичинекей, аппак кыз экенсиң. Куурчактай ороону умсуна карап, көзүмдүн жашын көлдөтүп кала бердим. Кудай мени "башка бирөөгө берип салам" дегеним үчүн жазалады окшойт. Сенин кандай экениңди көрбөсөм, балким, жеңил болмок. Эми жүлүнүм зырылдап, көзүмдү жумсам, кол башындай аппак ороодогу жүзүң элестеп, эмне кылаарымды билбей жатам.
Эгер..."үйлөнөбүз, айылга чогуу кетебиз, тоюбуз болот" деген албарсты азгырыкка алданбаганда, "сиңдим балалуу боло албай жүрөт, ушул дарек боюнча бара бер, өзү тосуп алып, төрөтөт" дегенге ишенбегенде мындай болбойт беле...

***
... Екатеринбургга келип иштей баштаганыма сегиз ай болгон. Азык-түлүк саткан дүкөндө таразага тартып ороочу болуп орноштум. Бул жакта кыргыздар көп иштешет экен. Жүк түшүргүчтөрдүн бири дал эле биздин коңшу айылдан экен. Таанышып, бири-бирибизге каралашып, майрамда, туулган күндөрдө чогуу болуп жүрдүк. Бир күнү ошол жердешимдин тамагы катуу ооруп, эти ысып, дүкөндүн арт жагындагы бөлмөгө жатып калды. Кожоюн байкап калып, "жугузасың, дароо кет" деп кубалап жиберди. Менин боорум ооруп, "ушундай суукта кантип кетесиң, биздикине эле барып жатып ал" дедим. Биз ошол дүкөн жайгашкан үйдүн бешинчи кабатындагы квартирада турчубуз.Үч бөлмө үйдө он эки киши жашаар элек.
Жумуштан кийин барып аны дарылап, тамагын чайкатып, дары берип, сорпо жасап, тердетип жаткырып койдум. "Сен куду апамдай экенсиң" деп мага ыраазы болуп калды. Эки-үч күндөн кийин жакшы болуп жумушка чыгып кетти. Ошондон кийин биздикине көп келчү болду. Дем алыш күндөрдү чогуу өткөзүп, бара-бара кандай жакын болуп кеткенибизди да билбей калдым.
"Коркпой эле кой, адалдап алабыз" деп мени сооротуп, ошол жакта жүргөн молдону алып келип, нике кыйдырып, чогуу жашап калдык.
Беш айга чейин боюмда болуп калганын сезген жокмун. Кийин дүкөндөн колбасанын же консерванын жыты келсе окшуп, жаман боло баштадым. Жүрөгүм айланып, кусуп калганымды байкаган чогуу иштегендер "боюңда болуп калса керек" десе, ишенбей койдум. Орус кыздардын бири аптекага барып кош бойлуулукту аныктай турган тест алып келип текшерди. Ошондон кийин УЗИге барсам, беш айдан ашып калыптыр. Кыздар "куттуктайбыз" десе, кубанаарымды же ыйлаарымды билбейм. "Күйөөмө" айтсам "мен сени менен убактылуу эле никеге тургам, айылда аялым, бала-чакам бар, сени үйүмө алып бара албайм, ушунчаңда алдырып сал, кантип бакмак элең?" деди. Укканыма ишенбей, эки көзүм тоодой шишип ыйлап жүрдүм.
Чогуу иштегендер болсо "эптеп төрө, баарыбыз ортодон акча чыгарсак да багып алабыз, өзүң жыйырма жетиге чыгып калсаң, эми мындан ары төрөйсүңбү, төрөбөйсүңбү, ким билет, Россияда бала төрөгөндөрдү жакшы колдойт" дешти.
Мен иштеген дүкөндүн кожоюну да жардам берейин деди. Бирок атамдын ошол жакта иштеген иниси келип, "сен атаңдын эл караган бетин жер караттың, көчөгө кантип басып, элге кантип сүйлөйт? Өзү молдо болсо, сени уккандан кийин аны ким сыйлап, ким угат, жогот, болбосо, өзүм жоготом" деп жанымды койбой, "жоготтуңбу?" деп күнүгө телефон чалып коркута берди.
"Күйөөм бар" дегенимди уккан да жок. "Кайдагы күйөө, ата-энеңдин алдына барбаса, эл чакырып той бербесе, сен эмне цыгансыңбы?" деп ынабай койду.
Акыры жеңем "Бишкекте жашаган сиңдимдин улам эле баласы чарчап калып жатат, ошонукуна бар, өзү төрөтүп, багып алат" деп поездге салып жөнөттү. Үч күн көрбөгөн азапты көрүп, жолдо кыйналып келип, маалынан эрте төрөп койдум. Баланын салмагы кичине, алсыз деп төрөтканадан чыгарбай коюшту. Өзүм эсимди жыя албай реанимацияда жаттым.
Врачтар менин ыйлап жатканымдан шекшинип акыбалымды сурашты эле, жеңем берген Мейликан эженин телефонун бердим. Эки күндөн кийин ал эже келип, баланын жайын врачтардан сурап, "начар төрөлүптүр, салмагы эки килодон саал эле ашык экен, мындай тежемел баланы кантип бакмак элең деп күйөөм урушуп жатат" деп баланы албай турган болуптур. Менин абалымды сурап да койгон жок дешти.
Врачтардын боору ооруп, кийим-кече, азыраак акча беришти. Баары бир жүрөгүмдү сууруп салгансып эс-акылымды жыя албай жатам. Буга чейин "бирөөгө берип салам" деп жатсам, эми кызымды көрүп калгандан кийин жүлүнүм сыздайт, кыркы чыкканча каралашып турган бирөө болсо кайра эле бала менен Россияга кетсемби деп жатам. Бирок ким мындай жакшылыкты кыла алат, билбейм.
Жамал, 27 жашта

Кызын кыя албай кыйналып жаткан Жамалга жардам кылууну каалагандар редакцияга кайрылышса болот.
Материал Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилигинин Демократиялык комиссиясынын колдоосу менен жарыяланды.