№69, 16.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Инсандар

Реформатор Турар Койчуев
Академик Турар Койчуевди кимдер билбейт. Акаев доорундагы экономиканы сүйрөп да, сындап да келгени жалпыга маалым. Турар Койчуев 70 жылдык жол басып, "ашуудан жазган отчетун" сунуштап турганда анын ата-тегинен бери эске сала кетсек, айып болбостур. Анын "отчетун" угуу үчүн, куттуктоо үчүн төгөрөктүн төрт бурчунан окумуштуулар, экономисттер жол карытып келиптир. Бул биздин Турардын кадыр-баркынын бараандуу экенин билдирет.

Жайыл баатырдын урпактары
"Солто - элдин тогу" деп эл ичинде айтылып калган. Турар Койчуев ошол "ток элдин", Жайыл баатырдын урпактарынан болот экен. Анын чоң аталары Ормокой Жайыл баатырдын неберелеринен. Сары-Булак айылында Ормокойдун эки уулу - Ибрагим менен Койчу турукташып жашаган. Турар мына ошол Койчунун уулу. Ормокой бабасы ошол кездеги демократтардын бири катары таанылган. Күтүрөтүп мал күтүүгө шарты болсо да, эл катары күн көрүүнү тандаган. Ошол кездеги замандаштарынан айырмаланып, Сары- Булак айылына отурукташып, багбанчылык менен алектенген. Алма- өрүктүн ар түркүн сортун чыгарган өз заманынын селекционери атыккан. Ормокой уулу Койчуну ошол кезде билимдин ордосу болуп турган Кеминге окууга жиберген. Ормокой көзү көк, алыбеттүү, нукура кыргыздардан болгон. Анын үнү да мыкты болучу, азыркы бас үндүүлөрдөн кем калбаган.

Бала чак
Койчунун уулу Турардын бала кезинде шахматка көбүрөөк кызыкканы байкалат. Бешинчи класстан кийин Жайылдан Фрунзе шаарына келип, №6 мектепте окуп, спортко да көбүрөөк ыктай баштаган. Бокс менен көбүрөөк машыгып, спорттун биринчи разрядын алууга жетишкен. Профессионал юрист атасындай юрист дүйнөдө жоктой сезилип, атасын ар тараптан туураганга аракет жасаган. Юрист болгусу келчү. Бирок мектепти аяктап жатканда экономист болгусу эле келип туруп алды. Ошол кезде өзүнүн теңтуштарынан муштуму чоңдугу менен эмес, билиминин күчтүүлүгү менен айырмаланып тураар эле. Айрым учурда аны ошонусу үчүн балдар ур-токмокко алган күндөр да болуптур. Мектепти аяктагандан кийин бардык экзамендерди эң жакшы тапшырып, бирок университеттин экономфагына өтпөй калып, геофактын экономгеография бөлүмүнө өтөт. Мына ошондон бери турмуштук принцибине бекем туруп келатат.

Бий сюитасы
Айтса, азыр эч ким ишенбей коюшу мүмкүн. Бирок, таң калычтуусу - Турар Койчуев бийге өзгөчө шыктуу. Жаштайында кумир туткан кишилеринин бири да балерина Бүбүсара Бейшеналиева болгон экен. Студенттик күндөрүндө, 1957-жылы жаштар менен студенттердин Москвада өткөн эларалык фестивалына бийчилердин сюитасынын составында катышып келгендиги чоң ачылыш болду.

Кайып
Оторбаевге
кездешүү
Академик Кайып Оторбаевди студенттик кезден бери эле бөтөнчө урматтачу, анткени ал киши лекцияларды кызыктуу өтчү. Университетти бүткөндөн кийин да Илимдер Академиясына, Кайып Оторбаевге жолугууга келип, кызмат сураса, ал жаңы бүтүрүүчүнү жакшы кабыл алып, бирок орун жок экенин билдирет. Экөө көпкө аңгемелешет. Бүгүн Кайып Оторбаев Турардын окутуучусу гана эмес, анын ага ДОСу да болуп саналат. Экөө тең КР Илимдер Академиясынын академиктери.
Турар Ошко, облпландын башкы экономисттик кызматына барып кирет. Бирок, Ошто көп иштебестен, университеттин аспирантурасына тапшырып, өтүп кетет.

Косыгиндин
реформалары
1965-жылы СССРде Косыгиндин экономикалык реформасы жүрүп жатканда, Турар Койчуев Кыргызстанда алгачкылардан болуп экономикалык иликтөө жүргүзө баштаган. Илимий ишинин жетекчиси Л. А. Бронштейндин аркасы менен Москванын автотранспорт тармагынын иши менен таанышууга мүмкүнчүлүк алат. Кыргызстанда болсо №6 жүргүнчүлөр автобазасынын ишин иликтөөгө катышкан.

Академиядагы анафема
Илимдин кандидаттыгын жактап келгенден кийин Кыргыз Илимдер Академиясынын экономика институтунда иштеп туруп, Илимдер Академиясынын экономика жаатындагы кандай иштерди аткарышы керектиги тууралуу "Советская Киргизия" гезитине Турар Койчуевдин макаласы жарык көрөт. Аны Ж.Алышбаев сыяктуу абройлуу академиктер жаш баланын сынга алышы катары кабыл алышып, жаңы орунга отура турган жаш окумуштуу Т.Койчуевге ар кандай жол менен бут тосуп киришет. Жаңы орунга олтурушуна каршы добуш беришет. Ошентсе да жаш окумуштууну жактагандар арбын болду.
Бир канча жылдардан кийин академик Алышбаевдин көзү өткөндөн кийин Т. Койчуев анын кызы А.Алышбаеванын илимий ишин жактаганга көп көмөк берет. Алышбаевдин үй-бүлөсү: кызы, жубайы Турар Койчуевди конокко чакырып, ыраазычылыгын билдирип, атасы үчүн кечирим сурашканын да белгилөөгө болот.

Экономикалык реформа
Илимдер Академиясынын жөнөкөй илимий кызматкеринен тартып анын президенттик кызматына чейин көтөрүлгөн Турар Койчуевди жаңычыл экономист- окумуштуу деп атоого болот. Анын жетекчилиги менен эгемендүү Кыргызстандын жаңы экономикалык программасы иштелип чыккан. Аны ишке ашырууда көптөгөн тоскоолдуктар болгон. Биринчиден, адам фактору. СССР учурунда Москвадан жиберилген адистердин айрымдары, жеңил өнөр жай министри К. Абдиев, турак жай министри Н. Васильченко… сыяктуулар тоскоол келтирген. Өлкөнүн ал кездеги премьер- министри А. Жумагуловдун да алардын ою менен болууга далалат кылган учурлары да болбой койгон эмес.

Турар Койчуев кандай экономист?
Жумакадыр Акенеев, КР эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин доктору, профессор:
- Кыргызстандагы кийинки 20 жылда болуп жаткан экономикалык өзгөрүүлөрдүн баары Турар Койчуевдин ысымы менен байланыштуу. 80-жылдардын аягында эле Илимдер Академиясынын вице-президенти болуп туруп, СССРдин экономикасына сын айткандардын бири болгон. Сынды аргументтер, далилдер менен тастыктай билген адис-окумуштуунун пикирин эске алып, аны Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин токтому менен экономикалык реформа боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагалыгына бекитишет. Мен да ал комиссиянын курамында болгом. Ошондуктан ошол мезгилдин бардык майда-чүйдөсүнө чейинки окуялары менин эсимде турат. Комиссия өлкөнүн экономикасын рыноктук шартка өткөрүү программасын камтыган. Ошол кезде айтылуу Ош окуялары, пикет-митингдер чыгып жатты. Бизди ал учурда Акүйгө олтургузушкан, сырттан болсо пикетчилер кыйкырып тураар эле. Биз академик С. С.Шаталиндин, Е.Гайдардын, Явлинскийдин "500 күн" варианттарын карап, терең изилдеп чыкканбыз.1990-жылдын аягында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин сессиясына ал программа коюлган. Сессия өлкөнүн президенттигине А. Акаевдин кандидатурасы менен кошо Т.Койчуевдин кандидатурасын да алып чыккан. Турар Койчуев өзүнүн талапкерлигин Акаевдин пайдасы үчүн алып таштаган. Сессия өлкөнүн рыноктук экономикага өтүү программасын да кабыл алып, Министрлер Советинин алдында экономикалык реформа боюнча мамлекеттик комиссияны түзгөн, Т.Койчуев ал комиссиянын башчысы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган.
Комиссиянын ишине Борис Бирштейн аттуу адамдын келиши көлөкө түшүрө баштаган. Турар Койчуев Аскар Акаевге Б.Бирштейндин айткандарына каршы пикирин билдирсе да, президент "ооба" деп туруп, Б.Бирштейнди мамлекеттик башкаруу структурасын реорганизациялоо комитетинин башчылыгына дайындап салган. Президенттин бул указын Жогорку Кеңеш аркылуу жокко чыгарууга жетишкенбиз.
Ошол кезде биздин комиссия айрым ишканаларды Россия Федерациясынын юрисдикциясында калтырып, тышкы карызды төлөө үчүн жана ал ишканалар үчүн 3 млрд доллар акчалай компенсация төлөп берүү сунушун билдирген. Бирок Аскар Акаев бардык ишканаларды Кыргызстандын юрисдикциясына алуу указын кабыл алган. Ошентип, ишканалардын баары иштебей, талкаланып, токтоп калды. Он жылдан кийин ошол пикирди Россияга айтып көргөндө, талкаланган ишканалардан алар баш тартышты. Балким, ошондо эле чечүүчү кадамга барганда Кыргызстандын 2 млрд тышкы карызы болбой калмактыр.
Агрардык сектордо да бир топ реформалар сунуш кылынган. Эл менчиктин кандай түрүн тандап алса, ошого эркиндик берүү жагы да каралган болучу. Бирок, тилекке каршы, биздин ал сунуштарыбыз өтпөй калган. Кимдин сөзү чындыкка жакын болгондугун турмуш азыр ырастап жатат.




"Кичи ГЭСчи" Ф.Кулов отчет жайды
Чоң энергетикабыз тигинтип атса, орто жана чакан энергетиканы колго алган "темир генералга" бали дебеске болбойт. 2012-жылга чейин программасын даярдап, эмне иш кылаарын пландаштырып коюптур. Бул ишти сүрөй турган президенттин жарлыгына да колу коюлуп, мөөрү басылды. Колуңузда Указ, эми алга, генерал мырза!

Шумпай айдоочу 11 адамды кырсыкка учуратты
№275 каттамда маршрутка айдаган Т.Агышов деген неме эски Баткен базарына кире бериштеги темир жол шлагбаумунун астынан өтүп кете коем деп, локомотивдин алдына кирип кете жаздады. Кудай жалган, локомотив бираз эле чарпып өткөн экен, кагылышуудан 11 адам жапа тартты. 3 адамдын абалы өтө оор. "Шумахердин" өзү суракта.

Руслан Шаботоевдин криминал менен байланышы жок
Жогорку Кеңештин жоголуп, табылбай жаткан социал-демократчы депутаты Руслан Шаботоевдин криминал менен байланышы жок экенин анын туугандары билдирип жатышат. Алардын үйбүлөсүнүн болгон бизнеси эле - фермердик чарба. Ал жарытылуу деле киреше алып келбейт. Русландын бирөөгө чоң карызы да болгон эмес. Анын башы үчүн акча сурап кайрылгандар да болгон жок деп туугандары жарыя кылышты.

Баңгизат алып бараткан киши кармалды
Казакстандын Жамбул областына чоң партиядагы баңгизат саткан кыргызстандык кармалды. Анын үйүнөн 1 кг 390 грамм героин табылган. Эгер сата турган болсо, ал 15 миң доллар болмок. Ал киши чоң партияны, андан кийин андан майдараагын соодалап жүргөн.

Ноокаттыктар айыпталууда
Ноокат районундагы массалык башаламандыкты уюштурду деген айып менен 30дан ашуун адам жоопко тартылмай болуп жатат.