№68, 14.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
 "Аалам" гезитинин редакциясынан

Дүйнөлүк басма сөздүн "Ааламдан" комментарий бериши биз үчүн сыймык
Дүйнөлүк массалык маалымат каражаттары ар кыл өлкөлөрдүн ММКсын комментарийлеп тураары белгилүү. Бирок биз дүйнөлүк басма сөздөн өзүбүз комментарий алууга көбүрөөк көнгөнбүз. Ал эми биздин ММКларды дүйнөлүк басма сөз комментарийлегени сейрек кездешет эмеспи. Жакында сүйүнүчтүү бир кабар болду: Россиянын "Коммерсантъ" гезитинин 10-октябрь 2008-жылдагы №184 (4001) санына "Аалам" гезитинин өткөн 9-октябрдагы №67 санына жарыяланган Улуу Британиядагы Оксфорд университетинин окутуучусу, саясый илимдердин доктору Шамиль Еникеевдин Россия президенти Дмитрий Медведевдин Кыргызстанга жасаган визитине карата жазган "Визит Медведева в Кыргызстан обозначит будущее не только российско-киргизских отношений, но и будущее СНГ" деген макаласын да комментарийлеп жарыялаптыр. Чынында дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнүн абройлуу гезиттер-журналдарынын арасынан Кыргыз мамлекетинен "Аалам" гезитинин макаласын аннотацияланышы биз үчүн, албетте, сыймык болду. Белгилеп кетчү дагы бир жагдай - Оксфорд университетинин профессору Шамиль Еникеев гезиттин мурдагы сандарына да интервью берип, "Аалам" гезити менен тыгыз кызматташып келатат. Оксфорд университетинин профессору Шамиль Еникеевдин макала, интервьюсу дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп келет.
Төмөндө гезиттин ошол санындагы дүйнөлүк басма сөз комментарийлерин кыргызчага которуп берүүнү туура көрдүк.

THE WALL STREET JOURNAL, НЬЮ-ЙОРК, АКШ
Медведевдин жүрүштөрү
Россиянын президенти Дмитрий Медведев шейшембиде Франциянын курорттук Эвиан шаарчасында чыгып сүйлөп, АКШны кескин сынга алды. Ал АКШны чыныгы демократиялык тартипти орнотуу жаатында сындоо менен Европаны Россия менен тыгыз кызматташууга чакырып, жалпы эрежелер менен бүткүл европаатлантикалык аймакка биригүүгө чакырды. Белгилеп кетүүчү дагы бир нерсе - акыркы жылы Россиядагы баалуу кагаздар рыногу 70%га түшүп кетти, ошол себептүү Путин жана Медведев мырзалар бул финансылык кыйынчылыктын себептерин Батышка шылтап коюудан башка арга таба алышпады. Медведевдин антиамерикалык пикирлери аны Уго Чавес, Махмуд Ахмадиженад менен бир катарга коет. Балким, Кремлдин азыркы ээси Хрущевдун ООНдун ассамблеясынын трибунасында такылдаткан туфлисин тумар кылып жүргөндүр.

OTTAWA CITIZEN ОТТАВА, КАНАДА
Россия Европаны антиамерикалык пактыга үндөөдө
Россиянын өз аскерлерин Грузияга алып киришине байланыштуу конфликтиси унутта калды деп эсептеп, Дмитрий Медведев Эвианга европалык кесиптештерин антиамерикалык фронт ачууга үндөөгө келиптир. Медведев мырза Россия "конфронтацияга барууга кызыкдар эмес" деп билдирди. Ошол эле убакта дүйнөдөгү бардык кыйынчылыктарды Кошмо Штаттарга оодарууга ашыкты. Ал Вашингтондун бүт дүйнөгө кризис алып келген "экономикалык эгоизмин" айыптап, Европаны жаңы "кансыз согушка" алып бара турган тышкы саясатын сындады.

TRIBUNE DE GENEVE, Женева, Швейцария
Медведев-Саркози: өз ара түшүнүшүүнү калыбына келтирүү
Грузия кризисинин барактарынын жаңысын ачууга мезгил жеткенинде шек жок. Тезирээк жаңы барак ачуу керек. Эвианда Николя Саркози менен Дмитрий Медведев дискуссиянын темасын башкага бурушту. Эми аларды Грузия маселеси эмес, Европанын коопсуздугу жана дүйнөнү башкаруу маселеси кызыктырат. Кремлдин кредосу - Европага жагалданып, ал эми АКШны айыптоо болуп калды. Россиянын президентинин кайрылуусунун максаты түшүнүктүү эле болуп калды - көп кырдуу дүйнөдө бир кырдуу системаны тандап алуу, анын негизи - америкалык үстөмдүк болуп турат. Орустар азыркы модель тең салмакка доо келтирип, адилетсиз болуп, баарынын экономикасын кыйраткан кризистерди алып келүүдө деп айыптайт. Кремлдин башчысы Европага бет бурат, бирок Россия анын чегараларында тынчын алышыбызга жол бербестигин билдирет.

HANDELSBLATT,
Дюссельдорф, Германия

SIEMENSтин ишиндеги жаңы күбөлөр
1999-жылдын башында SIEMENSтин байкоочу кеңешинин төрагасы Герман Франц отставкага кеткен эле, анткени ал 70 жашка чыгып жана бул компанияда 40 жылдан ашуун иштеген. Бирок андан кийин да бул компания дагы эле кымбат болуп, 2006-жылы башкарманын төрагасы Клаус Кляйнфельдге кат жазып, IG Metall профсоюзунун айынан "биздин турмуш кыйындап атат" деп билдирген. Балким 80 жаштагы карыянын өзү аталган профсоюзга каршы AUBдун өнүгүшүнө салым кошсо керек. Шаршемби күнү эртең менен AUB профсоюзунун сотунда ал күбө катары чыкты.

LA STAMPA,
Турин, Италия

Вельтрони: БИЗ КЫЗМАТТАШУУГА ДАЯРБЫЗ
Оппозициялык демократиялык партиянын лидери Вальтер Вельтрони "өлкө кыйын кезеңге туш келип турганда кризистен чыгуу жолдорун табууда ДП жардамга даяр экенин" билдирди. Көмүскө кабинеттин заседаниесинен кийин Вальтер Вельтрони көмүскө экономика министри Пьерлуджи Берсаниге, экономиканын азыркы министри Жулио Тремонтиге оппозиция кызматташууга даяр экенин, финансылык кризисти жоюуга карата өкмөттүн чечимдерин колдошоорун билдирди.

Аль-Анвар, Бейрут, Ливан

"ФАТХ" жана "Хамасты" Каир жолугууга чакырат
Палестиналык "Хамас" кыймылынын саясый кеңешинин төрага орунбасары Мусса Абу Марзук Египет "ФАТХ" менен "Хамасты" ушул айдын аягында ушул эки саясый уюмдун карама- каршылыгын токтотуу үчүн эки тараптуу жолугушууга чакырганын билдирди. Мусса Абу Марзук Египеттин жашыруун кызматынын жетекчиси Омар Сулейман менен жолуккандан кийин, палестиналык уюмдардын Каирдеги кеңешинен кийин, бир канча комитет түзүлөөрүн билдирди, палестиналык автономиянын ар кыл маселелерин - өкмөттүн иштеши, шайлоо өткөрүү, коопсуздукту сактоо ж.б. талкуулана тургандыгын кошумчалады.

Женьмин Жибао,
Пекин, КЭР

Кытай ноябрдын аягында өзү чыгарган биринчи жүргүнчүлөр самолетун сынактан өткөрөт
Биринчи ARJ 21 -700 Кытайдын биринчи жүргүнчүлөр самолетун ноябрдын аягында сынактан өткөрөт. Бул тууралуу Кытайдын коммерциялык лайнер компаниясынын башчысы Чжан Цинвей билдирди.
Бул самолет 2007- жылдын декабрында Шанхай самолет куруу фабрикасынан чыккан. Бул өндүрүш Кытайды самолет кура турган ири державалардын катарына кошот. Самолет сынактан 18 айдан кийин, кеминде төрт самолет сынактан өткөндөн кийин эксплуатациялана баштайт.
Самолеттун баасы 27-29 млн доллар, 70-110 жүргүнчүгө эсептелген, максималдуу учуу аралыгы - 2 миң деңиз мили.

RZECZOSPOLITA, Варшава, Польша

Польша -
жалгызсыраган арал эмес
Уолл-стритте башталган кризис адегенде бизди инвестициялык фонддордон 30%дык кирешени унутууга алып келсе, азыркы абал бүткүл польшалык экономикага таасирин тийгизип жатат. Эгер келерки жылы, образдуу айтканда, эки метр сууга түшүп кете турган болсо, польшалыктар суудан башын да чыгара албай калышы ыктымал. Эгер польшалык ишкерлер кыйын кырдаалдан чыгууга бел байлап, ЕСтен финансылык агымдардын келишине түрткү болсо гана суудан чыгып кетүүлөрүнө мүмкүнчүлүк болот.

"Аалам",
Бишкек, Кыргызстан

Медведевдин Кыргызстанга визити
кыргыз- орус
мамилелеринин келечегин
гана эмес, бүткүл КМШнын
келечегин
аныктайт

"Аалам" газетасы үчүн макаласында саясый илимдердин доктору Шамиль Еникеев "Кавказдагы окуядан, Грузиянын КМШдан чыгышынан, Украина менен Россиянын ыйкы-тыйкысынан кийин Шериктештиктин келечеги Россиянын Борбор Азия мамлекеттери менен карым-катнашына көбүрөөк байланыштуу болот. Конкреттүү бул маселени чечүүдө, парадоксалдуу болсо да, Кремлге азыр бардык өлкөлөрдү каптап келаткан кризис жардамга келиши мүмкүн, анткени ал кризис КМШ өлкөлөрүн саясый жана экономикалык жактан туруксуздукка алып келиши ыктымал" деп белгилейт.
Шамиль Еникеевдин пикири боюнча, "бул тапта Россия Кыргызстан жана башка өнөктөштөр менен эки тараптуу мамилени чыңдоого гана басым жасабастан, КМШнын алкагында ички жана мамлекеттер аралык стабилдүүлүктү чыңдоого багытталган кызматташуунун жаңы механизмдерин түзүүгө басым жасашы керек. Москва ошондой эле КМШнын алкагындагы борборазиялык "подклуб" катары ал аймактардагы проблемаларды талкуулоону жана чечүүнү баштоого түрткү боло алмакчы. Атүгүл Евросюздун алкагында деле ушундай "подклубдар" бар, бул кадыресе эле көрүнүш. Ал КМШ үчүн кооптуу болбостон, аны чыңдоого өбөлгө болууга шарт түзмөкчү".

Даярдаган
Айгүл Бакеева