№68, 14.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
 (Сандан-санга)

Мигрант - сериал…
Сахалин сапары
Жерге кондук. Сыртка чыксак, ит тургус суук, деңиздин туз жыттанган нымдуу, муздак шамалы аянбай аркырата уруп турган экен, жакын эле жерден башына булут салынган ала-чоло карлуу сопкалар карарат, эмнегедир ындыным өчө түштү. Темир дарбазадан түз эле шаарга чыгат экен, ошонун артында күнгө күйгөндөй тегиз чылгый кара, жайнаган кыргыздар турушуптур. Күпшүйүп кийинип алышкан, костюмчан түшкөн мени карап, буга кичине жетишпейт го дешкендей, тиктегендери кытмыр.
Суукка чыдабай кеткен жаным жүздү бастырып алсам жакшы болор эле деп эки жакка алактайм, жакын жерден комок аттуу көрүнбөйт. Бизде жыргал экен го дедим ичимде. Тосуп келген тууганым экөөбүз такси деп каадаланып отурбай эле, автобуска түшүп шаарга жол тарттык. Андан маршруткага которулабыз да, материктин Хабаровск тарабына тумшугу менен сайылып калган балыкты элестеткен (картада ошондой) аралдын куйрук жагындагы Корсаков шаарына жөнөп кетебиз. Канчалык насибибиз тартып иштеп калабыз, айтор сапардын акыркы пункту, убактылуу турагыбыз ушу шаарча болмокчу. Терезеден карап келатам, капитализм бул жерде биздегичилеп "дүркүрөп" өнүкпөптүр, дүкөндөрүнүн маңдайында баягы эле көзгө сүйкүм "Рыба", "хлеб", "промтовары" сыяктуу жөпжөнөкөй тааныш жазуулар. Муну карап СССРге кайтып келгендей сүйүнүп, көңүлүм кадимкидей көтөрүлө түшкөнсүдү. Өз жеримде жүргөндөй жүрөгүм жайланып, чочуңкурабай калдым, жанымдагы орустарга анча-мынча тамашалашып тийишип да жибердим.
Нормальный орустар, "турчу ары сен чорный" деген киши жок. Эмнеле кыргыздар биякка качат десе, көрсө, сыр бар турбайбы бу жерде. Эли да жөнөкөй, менттери да ыймандуу экен, тимеле түштөгүдөй тоба! Эр болсоң Москвада ушинтип басып көрчү. Ал жактын карамүртөз менттери такыр кутуруп кетишкен. Салбыраган сержант сөрөйү эле Казань вокзалынын тегерегинде темселеп жүрүп, айына орточо 5 миң доллар таап алат экен, берки жылдыздуу чоңдорун айтпай эле кой. Маңдайында алтын тиши бар кыргыз баланы "обезянникке" кийирип, алтын тишин аттиш менен жулуп алышканын ошо шоркелдей баланын өз оозунан Казань вокзалында туруп укканмын. Жаным кейиген. Тишин жулуп алышканы аз келгенсип, үстүндөгү ырыстуу кийимдерин да чечип алышкан, капкайдагы бомждордон калган бирдемелерди кийгизип туруп вокзалга кууп салышыптыр. "Байке, элчиликке жеткидей эле жол кире бериңиз, эптеп барып жардам сурайм" деп жалдырайт. Ушинтип кор болгондон көрө Ош базардан тачка түртсөң болбойбу, э-эх ашкабак мадыра башым. Чөнтөгүң да, тишиң да бүтүн болмок.
Оо, эми Сахалинди Москва менен салыштырып болбойт, бир сөз менен айтканда жыргализм.
Корсаков шаарчасына да жеттик. Бир түн ошо жердеги мейманкана - общагада түнөдүм. Таң атпай медосмотрдан өтөйүн деп поликлиникасына барсам, топураган кыргыздар кезекте турат бүт эле. "Неңди урайын, Бишкектен медосмотр жасатып келсем, жаратпай кайрадан өт дебатышат" деп сөгүнгөндөр көп. Поликлиника кайзаманда курулган имарат билбейм, бирок коридоруна эки киши кенен батпайт, көздөрү чекчейип, жүрөгү түшө биздикилерди тиктеген эле орустар. Бакылдаша сүйлөшкөн биздин тилибиз кулактарына шумдук угулат кейпи, чурк этпей, бирок жактырбай жаман көздөрү менен теше тиктеп олтурушту. Врачтары да чыга калып өзүнүн орустарын кезексиз чакырып кирип кетип жатышты. Өзгөчө анализ тапшырган кабинеттин маңдайында кажы-кужу күч. "Эй, баланча, заараңдан мага да куюп берчи, мен эртең менен билбей бошонуп алыптырмын, эчтеке жок" деп бирөө бакылдаса, "келе ыстыканыңды" деп бирөө безилдейт. Иши кылып, культур-мультур жагы өтө эле начар экен биздин туугандарда. Адегенде уялат экенсиң, бирок маданияттуу болуп оозуңду ачып турсаң иш бүтпөйт экен. Кемеге түшкөндүн жаны бир дегендей, эми ушу карапайым айылдын адамдары менен бирге жатып, бирге туруп иштөө буйруптур, коркконум эле чөйрөдөн айрылып, чыгармачылык форманы жоготуп албасам болгону. Тиякта, Бишкекте, жылуу-жумшак кабинетте иштеп, чүпүрөк менен батинкемди такай сүртүп, ааламдагы маанилүү кептерди сүйлөп, өзүңө чаң жугузбай жүргөн интеллигент күндөр капкайда алыс калды. Эми бутуңда керзи өтүк, жонуңда пакта купайке, жөнөкөй бир мигрантсың, бу да болсо туз-насип экен. Муңу көп мусаапыр турмуштун азап-тозогун, кайгы-касыретин эми эл менен бирге тартып, накта турмушка көзүң ачылат, бу да жакшы. Медосмотрго өчүрөт күтүп олтуруп, өзүмө окшогон бир эски коммунист, турмуш мен сыяктуу ары-бери айда калчаган, азыркы Кыргызстандын чоңдоруна эзели кеткис кеги, өчү бар бир адамды таап алдым. Сүйлөсө, оозунан арман буркурайт. "Кыргыздай болгон чумошный нацияны да, чоңдорун да урдум" дейт өзү кыпкыргыз болуп туруп. "Өз жеримде өз элимде кор болуп жүргөндөн көрө бирөөнүн экономикасын көтөрүп жанымды да багайын деп келдим" дейт. Кайсыл бир партияга мүчө болуп кирген экен, бир аз иштеп байкаса, чоңдору жалаң өзүн ойлогон, ар кай коңулдан башы бириккен аферисттер имиш.
Жөн эле угуп олтура бербей, кайсыл кара ит каап журналистмин деп оозуман чыгып кеткенин билбейм, соккунун багытын өзүмө бурса болобу… "Силерде бет деген калган жок" деди түз эле. Анан аны мисалдар менен көпкө далилдеди. Сөздү башка нукка буруп жиберейин деп бир топ аракет кылдым, айланып келип эле журналисттерди басып жыгылат. Айлам кеткенде: "ой, мен мурда өкмөттүк гезитте иштегем" дей койсом, "шашпай тур анда, мобул печатты койдуруп чыгайын, особый сөз болот" дебатпайбы? Балээ басты муну, кай жерден илештирдим эле деп качалбай калдым. Ишти бат-бат бүтүрүп чыгып кеттим. Аялдамага келип автобус күтүп турсам, чыканактан бирөө бекем апчыды, карасам - баягы тууганым. "Кепти уланталыбы?" дейт.




  Качкыналы Сыдыгалиев

Б О М Ж
(Башы өткөн сандарда)
Мен аны учурунда боюма жакындатпаганыма өкүндүм. Анын кетиши менин канатымды кайрып, келечектеги тилегимди кошо алып кеткендей болду. Ал жок кар күрөп, от жагып кыйналдым. Баарынан да сүйлөшөр кишим жок, жалгыздык мойнума минип сарууркай баштады. Арадан эки жума өтүп кетти. Келген жок. Жылуу кийинип алып өзүбүздүн райондун тегерек-четин карап, бомждор менен кездештим. Бири да көрбөптүр. Шаардын башка жагын карап, таппаган соң, милицияга кайрылдым. Бирок алардын бомждор жашап жатабы, өлүп атабы, жумуштары жок экен. Иши кылып алар ууру кылып же мушташып, киши өлтүрүп колго түшпөсө болгону. Дагы бир жума аласалып өтүп кетти. Моргдо иштеген тааныш врачка жолугуп сураштырсам, "Байкуш бомждор менен селсаяктардын өлүгү өлүкканада толуп кетти" деген сөзүн укканда жинди болуп кете жаздадым. Айтбайдан түңүлүп бүттүм. Бир күнү троллейбус менен микрорайонго барып түшсөм, бир дүкөндүн түбүндө Айтбай бүрүшүп отурат. Мас. Сатып берген кийимден эчтеке жок. Мени тааныбайт. Тоңуп калыптыр. Турганга алы жок. Такси жалдап үйгө апкелдим. Винону ысытып жуткуруп, кант салган ысык чай бердим. Бир топтон кийин өзүнө келип көзүн ачты. Мени көрүп ыйлап жиберди.
- Кечир мени, Күлүпа Бакировна. Мен иттик кылдым. Сага окшогон асыл аялдын тилин албай ит болдум, - деп тиземди кучактады.
- Болду, жетишет! Тур өйдө! - деп желкесинен тартып тургузуп, кир болгон киймин чечиндирип, жуурканга ороп, жылуулап жаткыздым. Жөтөлүп, эти ысып ооруп калыптыр. Врач чакырып, дары жаздырып алып үйдөн дарыладым. Жакшы болуп күч-кубатына кирип калганда:
- Күлүпа Бакировна, дагы бир жакшылык кыл, - деди.
- Эмне жакшылык?
- Мени наркологго алпарып этиме арак ичкис кылып дары тиктирип бер. Же аракты тыштайын же ошол дарыдан өлөйүн.
- Чын пейлиң менен аракты ичпейин деп чечтиңби?
- Чын, Күлүпа Бакировна. Же адамча жашаш керек, же өлүш керек. Башка жол жок.
Мен макул болуп догдурга алпардым. Алар күндүзгү стационарга жаткызып, дары ичирип, канына дары куюп амбулатордук шартта дарылап, эки жумадан кийин ичкиликке каршы дарыны сан этине тигип таштады. Ушундан кийин ичкенин токтотту. Ичкиликти да ойлобой калды. Жаз келгенде паспорт менен правасын алып бердим. Бир сапар мен жаткан бөлмөгө кирип шыпты карап алып:
- Күлүпа Бакировна, шыптан сүйгөнүн издеп тамчы кирбей калыптыр го, эми сүйгөнүң форточкадан шамал болуп издеп келип жүрбөсүн, - деп тамашалап калды.
- Сен эмне мени шамалдан кызгансыңбы?
- Кызганбагандачы, - деди Айтбай ажарлуу күлүп, - ит деле ээсин башкадан кызганат турбайбы, мен эмне итче болбоптурмунбу?..
Мен өзүмдү кармана албай калдым. Көзүм караңгылап жер көчүп баратты. Айтбай шарт кучактап бооруна кысты. Караң калган жазыксыз кол мойнуна артылып, башымды төшүнө койдум.
- Алтыным, мен сени сүйөм. Айтпасаң да, сен мени сүйөрүңдү билем. Бирок ичкиликтин тозогунан толук кутула албай, сүрдөп, жалтанып "сүйөм" деген жылуу сөз айталбадым. Акыры чыдамым түгөнүп качып чыктым. Сүйгөн аялга сөз айталбай, көзүн итчесинен жалдырап тиктеп отурганча өлөйүн деп ойлодум. Бирок бу сапар да аман алып калдың. Ырахмат, алтыным, сага миң мертебе ырахмат. Эмки тагдырым сенин колуңда. Эмне кылсаң өзүң бил, - деди кучагын жазбай.
Биз ушундан кийин баш кошуп алдык. Айтбай архивден айыл чарба институтун бүткөндүгү тууралуу приказды таптырып, дипломунун көчүрмөсүн алып, ишке орношо албай, базарда эт чапкыч болуп иштеп, өткөн кордук унутулуп, турмуштун татаал агымына кирип бактылуу жашап калдык…