№67, 09.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
Түшүрдү кыргыз түндүгүн, түн катып келген зилзала
5-октябрда Ош облусунун Алай районунда 8 баллга жеткен жер титирөө болуп өттү. Ансыз да алсырап турган коомдо жыргап жатпаган элге дагы бир мүшкүл түштү. Кырсык деген каш-кабактын ортосунда тура. Заматта болуп кетти… көз ачырбай өтүп кетти. Сезбей да, билбей да калдык… Жараткандан берген жазаны моюн толгобой, сабырдуулук кылып көтөрбөскө айлабыз жок… Колубуздан келсе, жердин жону эмес, жерден өскөн бир гүлдүн дагы түбүн титиретпес элек. Бирок… бизге моюн бербеген ал күч бир эмес, бир нече гүлдүн түбүн титиретти, бадырая ачылган башындагы гүлүн кошо күбүп кетти, бутагынан жаңы гана нур аймалаган бүчүрлөрү бар эле, баары соолуду…
Айлабыз канча… арабызда жокторду жоктоп, биз да боор тартып жашыдык. Алардын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
Жакшы менен жаманды бирдей ала жүрбөсөң, турмушуңда не пайда дейт эмеспи кыргызым. Жыргап деле жаткан жок элек.
Эми Кудайдан суранганыбыз: кырсыктын баары ушул апаат менен чыгып кетсин.

Кечээ өлкөбүздө болгон зилзаладан курман болгондорго аза күтүү митинги болду. Миң деген адамдардын көзүнөн жаш куюлуп турду. Бул мезгилсиз болгон зилзаладан кийин коңшу өлкөлөрдүн элдери да боордошчулук менен терең кайгырууларын билдирип жатышат. Кыргыз өкмөтүнө алыскы жана жакынкы мамлекеттердин башчыларынан кыргыз элине көңүл айткан каттары келүүдө. Акыркы маалыматтарга караганда, зилзаладан 75 адам курман болуп, 153 үй толугу менен кыйрап калган. 148 адам оор абалда Ош об- лустук ооруканасына жайгаштырылган. Көптөгөн мамлекеттерден гуманитардык жардамдар жеткирилүүдө. Япон өкмөтү 100 миң долларлык генераторлорду жөнөткөн. Коңшу Россия, Казакстан, Тажикстан мамлекеттеринен дагы жөнөтүлгөн. Ал эми БУУнун өкүлчүлүгү Нура айылындагы жапа чеккендерге гуммаитардык жардам катары жүк ташуучу самолетторду жөнөттү. Кыргыз МЧС министри Камчыбек Ташиевдин айтымында, Нура айылына жаңы үйлөр курула баштайт. Күнүнө 2 үйдөн бүткөрүлүп, ээлерине берилет.

Ааламчылар