№67, 09.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Темир Сариев, "Ак шумкар" партиясынын лидери:

"Бийлик ичинен ирий баштады"
Аз убакыттын ичинде эле кыргыз саясатында көп эле окуялар болуп кетти. "Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты" эле болуп жатат. Бири кетип, бири келип, алмашуулар бийликтин көйнөк алмаштырмай оюнуна айланды. Акүйдө ар тараптуу окуя. Ал эми күздө күркүрөтө күрөштөрдү баштайбыз деген оппозициядан дайын жок. "Эл жыргап турса, эмнеге митинг кылмак эле?" дегендердин тили кыска болуп, кыргыздын кыйын күнүн көрүп тургандардан "буларың эмне кылып жиберээр экен" дегендер четинен чыгып туру. Элдин турмушу ушул абалга жетип калган учурда эмнеге кыймылдашпайт? Ушул өңүттө "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев менен маек курдук.

- Темир мырза, турмушубуз күндөн-күнгө эле оорлоп баратат. Айрыкча күздө элдин жоон тобун баштаган оппозиция өкүлдөрү турмуш кыйынчылыгын бийликке айтып чыкчу эле. Бул күздө да аны күткөндөр бар. Эл тараптагы саясатчы катары бул күздө сиздер тараптан андай жүрүштөр күтүлүп жаткан жокпу?
- Турмуш чындыгында эле оор. Нааразычылыктар эл арасында көп. Элдин күткөнү да бар. Бүгүнкү бийликтин кылып жаткан саясаты жакынкы убакта "ийгиликке алып келет" деп көпчүлүк ишенбей калды. Ага көп себептер бар. Экономика маселесиндеби, саясый жагынанбы же чегара маселесиндеби, кемчиликтер толтура. Көпчүлүк эл муну түшүнүп калды. Буга чейин силер туура эмес кылып жатасыңар деп сын-пикир айткан адамдарга эл каяша айтып турса, азыр ошондой сын-пикир айткан адамдарды издеп калышты. Бүгүнкү бийликте тең салмактуулук жок. Баарын "эки тизгин, бир чылбыр кылабыз" деп, ушул абалга жеттик. Биз, оппозициялык маанайдагы саясатчылар, бийликти жөн эле сындап олтуруп албай, Кыргызстандын өнүгүү жолун издейли деп чечтик. Мүмкүн элдин турмушун оңой турган башка да жол бар. Биз ошол багытта гана бир топ программанын үстүндө иштеп жатабыз. Азыр ал программалар бизде даяр. Жакын арада ошону башка күчтөр менен акылдашып алып, анан элге алып чыкканы турабыз. Биздин мамлекеттик түзүлүш жана экономикалык багыттар боюнча так, анык көз карашыбыз бар. Эми аны кантип ишке ашырышыбыз керек деген талаш-тартыштар жүрүүдө. Коомчулукта радикалдуу оппозиция тобу пайда боло баштады. Алар бүгүн бийликке кескин ички пикирин айтып, баарын радикалдуу жол менен чечиш керек деп жатышат. Радикалдуу жол - тез аранын ичинде президенттик шайлоо өткөрүп, анын ыйгарым укуктарын башка бийлик бутактарына берүү. Экинчи тарабы - бийликтин ич ара келишпей жаткан, кетирген кемчилик жактарын алып туруп, жаңы концепция иштеп чыгалы деген тарап. Азыр ушул эки тарап күрөшүп жатат. Бүгүнкү болуп жаткан оор акыбалдан улам элдин жоон тобу нааразычылыгын билдирип, өздөрү эле чыгып кетет деген коркунуч турат. Биз да бир топ партиялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жанагы программаларыбыздын үстүндө ыкчам иштеп жатабыз.
- Коомчулукта сизди "Адахан Мадумаров менен биригип жатат" деген сөздөр тарап кетти. Мунун чындыгын өз оозуңуздан уксак.
- Мен өз тушоомду өзүм кескен адаммын. Саясатта турукташып калган жеке көз карашым бар. Эгер ошол көз карашыма макул болуп чогуу бололу десе, мен эч качан каршы болбойм. Ал эми "Сариев барып бирөөнө кошулду" деп айтыш туура эмес. Акыркы убактарда Мадумаров менен көз караштарыбыз кайчы келип жүргөн. Эгерде азыр Мадумаровдун позициясы өзгөрүп атса, бул башка нерсе, жөн эле убактылуу өзгөрүп жаткан болсо, ал таптакыр эле башка нерсе. Ал киши менен жолуксак, учурашып, ал-акыбал сурашып калабыз, бирок биригип бир позицияда иштешип жаткан жокпуз. Ал киши биздин позицияга көнүп иштеше алабы, ал өзүнчө чоң суроо.
- БШКнын мурдагы төрайымы Кабилованын тегерегинде болуп жаткан чырды кандай кабыл алдыңыз?
- Бул бийлик бутагынын ичинде болуп жаткан чыр. Чырды чыгарбаганга бир топ аракет кылып жатышат, бирок айла жоктон чыгып кетип жатат. Кабилова -президенттин адамы. ЖКга "мыкты жетекчи, ушул иштеп берет" деп мактап, өзү алып келип бекиттирген. Ал президентке жакшы эле иштеди: таза эмес референдум өткөрүп берди. Парламенттик шайлоодо элдин добушу менен эмес, 7-кабаттагы адамдардын кийлигишүүсү менен легитимсиз жаңы парламентти түптөп берди. Бүгүн президенттин Кабилованын аракеттерин "оппозициянын чыгарып жатканы" деп айтышын туура эмес кабыл алдым. Муну бийликтеги жаранын жарылганы десек болот. Кабилова жөн эле жерден ушундай катуу билдирүү жасаган жок. Буга чейин биз парламентти легитимсиз деп айтып келгенбиз. Эми жанагы Кабилованын билдирүүсүнөн кийин биздин пикирди туура деп кабыл албаганга бийликтин аргасы болбой калды. Кабилованын билдирүүсүнөн кийин ошол эле күнү жумуштан алынды деген президенттин указы чыкты. Бул - Кабилованын билдирүүсүнүн чындыгы бар экенинин далили. Экинчи жагы - ошол эле саатта БШКнын мүчөлөрү жыйын куруп, Кабилованы мазактап, каралап киришти. Көптөгөн жетекчилер эртең бизди да ушундай тагдыр күтүп турган турбайбы деп ойлонуп калышты. Эгер Кабилова ишинен кемчилик кетирип жаткан болсо, бир жөн, өзү саясый билдирүү жасап кетти деген нерсе, бийликтин ич ара ирий баштаганынын далили.




Өзбек, тажик эмес, орусуман калбайын…
Ашкере патриоттор жаман көрүшпөсүн, бирок кыргыз менен орустун ортосунда кулк-мүнөз жагынан көп окшоштуктар бар, өзбек, тажик ж.б. мусулман калктары менен тилибиз, динибиз бир болгону менен, дилибиз оруска жакын, тигилерден көрбөгөн жакшылыкты айланып келип эле орустардан көрүп жатканыбызды ким танат? Бир кезде ыдык көргөн нечен калкты кеңпейил кыргыз койнуна кандай батырса, бүгүн нечендеген оокат издеген элди Орусия койнуна батырды. Башкасын айтпаганда да, Орусия эмгек мигранттарыбызды, маселен, жумуш менен камсыз кылып, адистик, тил үйрөтүп, кыргыздын өкүмөтү кылбаган ишти кылып жатышат. Иши кылып качкан кыргызга да, бак-таалай издеген кыргызга да башпаанек болгон, тирек болгон ушул Орусия. Кыскасы, мурдакы президент А.Акаевдин "Россия дана нам богом" деп айтканы а кишинин оозунан чыккан сейрек, бирок улуу чындык экенине ынанып жатабыз. Биз Орусиясыз, Орусия бизсиз жашай албай калдык.
Жөнөкөй бир мисал: кечээги Алайда жүз берген катуу зилзалада Каримов же Рахмонов эмес, орус президенти Д.Медведев токтоосуз жардам колун сунду. Анан эмнесин айтабыз? Эларалык каададагы келишим, макулдашууларды айтпаган күндө да, эки элдин карым-катнашы бекем. Чоткер эсепчилердин айтымында, кыргыз-орус мамилелеринин тарыхында биринчи жолу соода жүгүртүү 1 млрд 200 млн долларга жеткен. ГЭСиңерди куруп берели, газыңарды казып берели, кургуйга кеткен энергетикаңарга кандай жардам керек деп турган Орусияга бали дебеске, тан бербеске арга жок. Бул жөнөкөй эле кызматташтыктан алда канча өйдө турган нерсе эмеспи…
Бүгүнкү күндө кайсы тармак болбосун Орусия менен тыгыз карым-катнаш күтүнөт, аны өйдөдө отурган дипломаттар, саясатчылар гана көрбөй, карапайым калың журт өзү көрүп, сезип турат. Айрыкча, бир дивизияга саны жетпеген, жыйырма чакты сакалчандар келсе, алапайын таппаган кыргыз армиясы, жалпы эле кыргыз калкы үчүн Кантта орусиялык аскерий базанын турушу бейпил турмуштун кепилдигиндей сезилерин танууга эч болбойт.
Бакыт Жолдошев


  Өңгү- дөңгү

Кубанычбек Апас:
"Кубанычбек Апас келсин!"
Апас мырза күн алыс редакциябызга телефон чалып турат. Жаңылыктардан айтып, жаңы жаңылыктардан сурап дегендей. Кезектегисинде Клара Кабилованын качканын тактайын деп чалып калыптыр.

- Апас мырза, сиз Москвага качып кеткен кызыбыз Клара Кабилованы көргөн жоксузбу?
- Жок, жолукпадык, кайсы даректе жашайт болду экен? Ал эмне үчүн Москвадан мени издебеди, билбейм. Москвадан Апас деп издеген киши тез эле табат же телефон чалса деле болот. Көрсөңөр айтып койгула, мага жолуксун. Анын жашы канчада?
- Элүүлөрдүн тегерегинде болушу керек.
- А, жакшы.
- Кыргызстандагы жергиликтүү Кеңештерге шайлоодон кабарыңыз бардыр…
- Кыргызстандагы шайлоо спектакль сыяктуу эле болду. Ал шайланган депутаттардын баары улут кызыкчылыгын ойлобогондор. Жогору жак эмне айтса, туура айтабы, туура эмеспи, баары бир баш көтөрбөй колдой бере тургандар. Аларды тизмеден шатырата сызып салып, такыр шайлабаш керек болучу.
Бийлиги да, оппозициясы да Кубанычбек Апасты шылдыңдап, мазактап күлүп турушчу эле. Бая аянтта митинг болгондо, билесиңерби, оппозиция: Роза, Текебаев, Сариев… менден коркуп кетишип, сөз бербей коюшканын. Азыр болсо келме кезек, мен аларга карап күлүп турам. Элдин турмушу аябай кыйындап кетти, элге чындап күйгөн киши жок болуп атат.
Оппозиция силерди алдап аянтка алып чыгат да, бийликтегилер союл менен соккулап киргенде, артын карабай качып кетет. Оппозициянын трагедиясы ушунда болуп атат, алардын деле бийликтен өтө айырмаланып кеткен жери жок. Эки-үч министрлик орунду берип койсо болду, ошого сүйүнүп отуруп калышат. Ошол орундарын соодалап атышат. Оппозициянын аянтта мага сөз бербегенинин себеби - алар Кубанычбек Апас келсе, бизге уурдаганга мүмкүнчүлүк бербей коет деп калтырап атышат.
Силер, көп эл чогулуп аянтка чыгып "Кубанычбек Апас келсин!" деп ураан чакырып кыйкырып тургула. Элде дагы бир шанс бар, ал - Кубанычбек Апастын атынан кыймыл, партия түзүп, анан Апастын өзүн чакырыш керек. Ошондо эл алдында мен сүйлөсөм, эл тамшанып туруп укса. Анан мен бийликке келсем… Мендей адамдар кырк жылда бир жаралат. Борбор Азияда мен сыяктуу саясатчылар сейрек кезигет деп айтып жүрүшөт. Ал тургай Европада да сейрек.
- Сиз Москвада эмне жумуш менен алексиз?
- Мен врачмын да, врачтын айлыгы аз. Кыргыз саясатчылары тоодо томолонуп, боз үйдө жамбаштап жатып алып мага мыйыгынан күлүп турушса, мен болсо эларалык аренага өзүмдү алып чыгып, таанылып жүрөм. Жак Ширакты, Обаманын кеңешчисин, Путинди көрдүм.
Өзүңөр билесиңер, басма сөз беттеринде канча маселе көтөрүп, митингге чыккандардын чыныгы жүзүн көрсөтүп атам. Москвада болсо чоң иштерди жасап жатам… Ушуларды гезитиңерге жазып, Кубанычбек Апасты тезирээк чакыргыла.
Айгүл Бакеева