№67, 09.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Кыты-кыты...

Сибирь жарасы чыкты деген кабарды уккан бейтап дарыгерге:
- Мен мындай оорудан коркпойм. Менде иммунитет бар.
- Ооруп айыктың беле?
- Жок. Аялым Сибирден болот.

Аялы күйөөсүн урушууда:
- И-ий, Саматты карачы - үйү заңгырайт, машинасы... Аялычы... Кийингеничи... Ий, койчу, оокат кылганды билет. А сен... Эркек эмессиң.
- Эй, эркегиң ошол болсо. Ой, аялын урат экен ал.
- Сен жадагалса урганды билбейсиң...

Бопуш кошунасын уруулуктун үстүнөн кармап алат.
- Эй, кампамда эмне кылып жүрөсүң?
- Сени издеп жүргөм.
- Тигини колтугуңа эмнеге кыстарып алдың?
- Бут алдыда жатканынан. Керек-керек эместигин сенден сурайын дегем.

Социалдык маселелер боюнча тренинг жүрүп жатат:
- Бүгүн жаштар никеге туруудан коркушат...
Анда катышуучулардан бирөөсү тура калып:
- Туура кылышат. Мисалы, мен үйлөнгөнгө чейин чыныгы коркунуч эмне экенин билчү эмесмин...

Жаңы кыргыз алтын балык кармап алат.
- Үч каалооңду айт,- дейт балык.
- "Хамерим" болсун.
- Көзүңдү жум. Көзүн жумуп-ачса, "Хамер" токтоп турат.
- М-м. Экинчи... Багажым долларга толсун,- дээр менен жашыл акчалар жайнап калат.
- Эми акыркы каалооң...
Кыргыз көпкө толгонуп: - Кыргыз элинин баатыры кыл, - дейт. Көзүн жумуп ачса, колуна "Кетсин" плакатын көтөрүп, жоон топ аял менен кармашып жүргөн болот.

Эки дос баарлашууда:
- Эй, уксаң, баягыда кечеден байкабаптырмын, үйгө келсем, көйнөгүмдүн бардык жери помада...
- Анан аяш кулактын кужурун алды да...
- Айтпа, көйнөгүмдү улам көтөрүп келип: "Ушундай помада керек. Сатып бер" деп тандап убара кылууда.