№67, 09.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
 (Сандан-санга)

Мигрант - сериал…
Сахалин сапары
Мага өзгөчө жакканы аэропортто шаардагыдай, темиржол бекетиндегидей кара мүртөз милийсалар түк болбойт экен. Жүрүшөт, бирок бирөөгө тийишкенин көрбөдүк. Төрт-беш жаш бала: "Сахалинге учкучакты бир сутка отурат экенбиз, шаарды кыдырып, сейилдеп келбейлиби?" дебатышпайбы, сурамжыласам, бул жубарымбектер айылдан түз эле келаткан немелер болуп чыгышты. Жадагалса Бишкекти көрүшпөптүр же тыңыраак орусча тил билишпейт экен. Бекер отурганда айда эрмектеп сурадым, мектепте орус тили сабагы деген такыр эле өтүлбөйт дешет. "Бу, орусчаны билбесеңер, кантип баратасыңар?" десем, "Секин-секин үйрөнүп кетебиз да" деген жооп болду. Буларда эмне күнөө, жалаң кыргыз тил дебатышып ушуга жеткиришти да. Же кыргыз тилин кыйрата өнүктүрүшсөчү. Жанагы тил комиссиябыз дешкен мырзалар эптеп казынадан арбыныраак акча бөлдүргөндүн камын гана катуу көрүшөт деп угам. Теледен сүйлөгөндөрүн тыңшасаң,"баланча энциклопедия чыгарып атабыз" дешеби айтор. Куну түкүнчө турган ал энциклопедияны карапайым кыргыз окумак тургай, сатып алганга шайы келеби да, жокпу десең… Эхее-е, иши кылып кай бирин айтасың…
Ошентип түнү бою аэропортто акыйып олтуруп чыктык. Эми кечки сегизге дейре олтурушубуз керек, анан андан ары Ыраакы Чыгышка, Сахалин аралына учуп кетебиз.

Салам сага, Сахалин, кусалыктын, үмүттөрдүн аралы!

Москвадан Сахалинге чейинки аралыкты самолет (бу да "Боинг") туптуура тогуз саатта учуп өтөт экен. Ичи кенен, баягы тизең такалып араң отурчу советтик типтеги самолетторго караганда ыңгайлуулуктары бир топ жогору, жаңылбасам, борт узатуучулардын бүтүндөй бир бригадасы тейлеп жүрөт окшоду. Жүргүнчүлөргө карата жасаган мамилелери да биздин бортайымдардыкынан кескин айырмаланат экен, дароо эле байкалды. Жанымда отурган бир англичанин мырза, эски өнөкөт бронхит менен азап чегип жүргөн неме окшобойбу, улам мага "сори" деп коюп, ыкшып жөтөлүп калганда чуркап келип жатышты. Англисче да мыкты сүйлөшөт экен. Бержакта туруп англисче мыдыр сөз билбегениме өкүнөм. Анткени бронхит, астма деген балакеттерди жакшы билем, өзүмдүн башыман өткөн. Сүйлөшө кетсем, мен да бронхит менен ооруп, анан астмага чаап кеткенин, кантип ит азапты көргөнүмдү, кантип айыкканымды сүйлөп берсем дегенде эки көзүм төрт, айла жок аңкайып дудуктай отурам жанында же тиги орусча билсечи. Мектепте окуп жүргөндө ушу сабактан берген эжей какшап жүрүп окуталбай, акыры кол шилтеп сабакты биротоло кыргызчага оодарып салганы эсте. Билген сөзүбүз "гудмонинг" менен "гудбай" эле болчу. Эми болсо, минтип ата сакал ээкке бүткөндө, Американын кинолорун көрө берип "факю", "айлавю" деген сөздөрдү үйрөндүк аргасыздан, бирок аны колдонгонго эч болбойт экен бизге. Олтура берип жамбаш ооруп чыккан бир маалда, болсоң, бол, болбосоң, кой дегенчелик менен, "мистер, абалың дуруспу?" деп баш бармагымды чычайта көтөрүп акыбалын сурадым. Түшүндү, "йес, йес, окей, сенкю" дейт. Бир топ унчукпай учуп барып, бир кезде сөөмөйү менен мени көрсөтүп, "рашэн?" (оруссуңбу?) дебатпайбы. Баш чайкадым да, таң калдым. Оруска окшобосом деле мунун оруссуңбу дегени кандай деп түшүнбөй калдым. Бул мырзалар бияктагылардын баарын эле орус дешээрин кийин эстедим.
Кое тур, буга тилмеч таап келип жакшылап сүйлөшпөсөм, балким Сахалинден жолугушуп калсак, кереги тиет деген ой кетти. Тура калып салонду бир сыйра кыдырдым. Кудай жалгап тээ бурчта, арт жакта отурган казак балдардын бири англисчени сүйлөгөндө да түш жоругандай сүйлөйт экен сурап көрсөм. Жүрү деп ээрчитип келдим койбой. Бир топко сүйлөштүк. Сахалинде англичандардын "Рояль-Датчшэлл" деген компаниясы иштеп жатканын, ошоякка зарыл иш менен чоңдору чакырганын, Сахалиндин нымдуу абасы өпкөсүнө жакпаарын, дароо эле кайра учаарын айтып отурду, ингалятору менен улам-улам оозуна дары чачат, жөтөлү күчөгөндө. Кыргызстандыкмын десем, кайдан уктум эле дегенчелик кылып катуу ойлоно түштү эле, дароо "Айтматов, Айтматов!" деп жиберсем, "Оо, гуд, гуд" деп кайра жазыла түштү.
Ошентип эрмектешип отуруп жолдун бир кыйласын кыскарттык, тилмеч кетип калды, жаңсашып отуруп акыры тажаганда унчукпай экөөбүз тең үргүлөп кеттик.
Самолет ылдыйлап жөнөгөндө көзүмдү ачып терезеден ылдыйды карайын десем, бозоргон боз тумандан эч нерсе көрүнбөйт.




Качкыналы Сыдыгалиев
Б О М Ж
(Башы өткөн сандарда)
Ыр да жазат экен. Кызыгып отуруп окуп калдым:
О замана түшүнбөйм эмне болуп баратасың,
Өчөшкөнсүп бардан да, жокту арбын жаратасың.
Элди экиге бөлүп, эки ажырым сууга окшотуп,
Байдын колун байкуш кедейлерге неге каратасың?
Ырды кайра-кайра окуп:"О, армандуу, түбүң түшкөн дүйнө! Бирин кор, бирин зор кылдың го! Абийирсиз аялдын азабын тарткан шордуу ай" деп каңырыгым түтөп, Айтбайды аяп кеттим. Анын эгемендүү элибизде болуп жаткан окуяны ырына чагылдырганына караганда, жөнөкөй БОМЖ эмес экендиги айдан ачык көрүнүп турат. Менин урматтоо сезимим ага мурункудан да арта түштү.
Аңгыча Айтбай келип, убараланып жатып машинаны от алдырды. Кубанганымды айтпа, тим эле эрим тирилип келгендей сүйүндүм. Бул машина менен Асыкем экөөбүз кайсы гана жерге барбадык. Жолго чыкканда, жанындагы орундукка отурганда, мени жаңы көргөнсүп этегимдин астына колун сойлотуп, санымды сыйпалап эркелетип коёр эле. Анын колу тийгенде денем коргошун болуп эрип кетчү. Эми андагы миң көргөндүн бири жок. Анын кучагында туйлаган түшүм бара-бара жок болуп, анын ордуна турмуштун түйшүгү түшүмө кирип уйкумду бузат. Өзүм менен өзүм болуп, жалгыздыктын сазына батып, күзгү жалбырактай саргайып турган учурум.
Айтбай жели жок дөңгөлөктөргө жел толтуруп, моторун күркүрөтүп көчөгө ары-бери айдап келип токтотту.
- И, ырас болбодубу? - дедим кубангандан, - сатайын деп жүрдүм эле, эми өзүбүз минет экенбиз.
- Ким айдайт муну?
- Сенчи? Сен эмне оңдогонду билген, айдаганды билбейсиңби?
- Айдайм, бирок правам жок. Айдап чыксам эле ГАИ кармап алат.
Экөөбүз чайга отурдук. Астына койгон жиликти мүлжүп, дегеле мени тике карабайт. Карагысы жокбу же башкабы, билбейм. Мен көргөн-билгенимдин четин чыгарып:
- Айтыке, сен акын турбайсыңбы? - дедим.
Ал мени жалт карап алды да кайра мага суроо таштады:
- Эмне, жазгандарымды окудуңбу?
- Окудум. Жакшы жазыпсың. Мыкты акын экенсиң. Ветврач болбой эле, акын-жазуучу болсоң болмок экен.
- "Күйгөн катын кошокчу" дейт эмеспи Күлүпа Бакировна. Күйгөндүктөн, жалгыздыктан, эриккенде жазылган ыр эмеспи…
Биз көпкө сүйлөштүк. Күн жылуу, иштеген иши ийгиликтүү болгонуна карабай нервничать этип отурду. Машина оңдолгонуна жүз грамм куюп берейин деп корктум, дагы жумалап ичип кетпесин деп.
Күн артынан күн өтүп, кыш да келип, кар кымкаарлап жаап таштады. Машинаны айдатып барып дүкөндөн жылуу өтүк, куртка алып бердим. Кийинип кубанып калды. Заказ менен тиктиргендей боюна чак келип жарашып калганына мен да кубандым. "Адамдын көркү чүпүрөк" деген чын тура. Айтбай бираз толуп, шамалга согулуп, күнгө күйгөн жүзү агара түшкөнгө кийген кийми куп жарашып көркүнө чыга түштү. Көргөн келин-кыздар жашына карабай суктанардай эле болду. Менин да ичим жылып мурункудан жакын көрө баштадым. Ал бираз жок болсо издеп калам. Почточу апкелген газетти өзүм карап чыгып ага алпарып берем. Айтор, анын тамашалуу сөзүнө куштар болом. Ал адамдын оюна келбеген окуяларды айтып таң калтырат.
- Бул ичкилигиң ит экен, - деп, чай ичип отурганда күлүп сөз баштады, - көчөдө туруп иш таап жүргөндө, бир сапар ичкен эки селсаяк аял менен жолугушуп, жолдошубуз экөөбүз далдоого отуруп алар менен стакандашып калдык. Оюн-күлкүнүн коштоосу менен самогонду катыра ичтик. Мас болуп калыпбыз. Бир маалда көзүмдү ачсам, экөөбүз тең энеден туума жылаңач экенбиз. Анча-мынча иштеп тапкан акчабызды, кийген киймибизди тоноп кетишиптир. Айлабыз түгөнүп, чөптөн жулуп абийирибизди жапайы кишидей жаап отуруп калдык. Караңгы түшкөндө үйүр алган жерибизге баралык, эптеп кийим таап кийербиз деп ойлодук. Бир оокумда жолдошум:
- Ай, акмак, төбөңдү карачы! Булар бизди раса табалаптыр, - деп капталга нукуп калды. Карасам, киймибизди байлап бутакка илип коюптур. Акмактыгыбызды унутуп, энебиз эркек төрөгөндөй кубанып кийинип жолго түштүк.
Угуп отуруп күлүп атып боорум эзилип калыптыр. Мындай чындыктан чыккан тамашалуу аңгемелери көп болор эле. Мен аны уккан сайын ага күлүп, кээде аяп көздөн жаш агып да кетчү.
Ноябрь айынын аягы болчу. Кар калың жаап, суук эрте түшкөн. Кыш түшкөндөн бери эртең менен эрте туруп мен жаткан бөлмөгө от жагып, анан өзүнүкүнө жакчу. Бир күнү ошенткен Айтбай жок. Кийинип сыртка чыксам, кар себелеп жаап туруптур. Времянканын эшигип ачып кирип барсам, үй каңгырап бош. Суук. Жүрөгүм жамандыкты сезип сыртка атып чыктым. Эшиктин алдында из жок. Көрүнбөйт. Демек, үйдөн чыгып кеткенине көп болгон окшойт. Башымда жаман ой чарк айланып "дааратканага барып өлүп калбасын" деп ойлоп, чуркап барып анын эшигин ачсам, ал жерде да жок. Кампаларды да карап чыктым. Кайра келип колунан нанын алдырган баладай томсоруп отуруп калдым.
Мен Айтбайдын кеткенине көзүм жетип, көзүм тунара түштү. Ушул суукта арак ичип, ар кай жерге жатып тоңуп өлүп калаарын ойлогондо демим кыстыгып чыкты. Эрдим кесе тиштеп, колумду чекеме жөлөп, жазган ырын кайра-кайра окуп, жашымды тамызып көпкө отурдум. Мен Айтбайды чексиз сүйүп калганымды сездим.

(Уландысы бар)