№67, 09.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Сибирь кулгунасы кандай дарт?

Сибирь кулгунасы коркунучтуу жугуштуу дарт. Жаратылышта анын булагы инфекция жуккан жер кыртышы болуп эсептелет. Топуракта оорунун спорасы көп жыл бою сакталып жата берет. Ал жердин топурагы жана чөбү дартка чалдыгып, малга ылаң алып келет.
Жан-жаныбарлар бул ооруну суу ичкенде же инфекция жуккан тоют жегенде жугузуп алышат. Ылаңдаган мал же алардын өлүктөрү эң коркунучтуу болуп саналат. Ал дарт адамга оорулуу малды тейлеп жүргөндө жеке гигиенаны сактабагандыктан, оорулуу малды ветеринардын күбөсү жок сойгондо, терини сыйрып, этин бузуп жана ичеги-карынын жууп жатканда жана өлгөн малды көмүүдө жугат. Ветеринардык-санитардык эрежелерди колдонбогондуктан, ооруган малдын этинен тамак-аш жасаганда жана текшерилбеген колдон алынган эттен жугат.
Дарттын белгилери төмөнкүчө: инфекция киргенден биринчи белгилери бир нече сааттан 14 күнгө чейин, көбүнчө 2-3 күндө билинет. Оору адамда 3 формада: ичеги, өпкө, тери формасында өтөт.
Тери формасы адамда көп кездешет. Оорунун башында кычышкан так пайда болот. Ал так желимденип жарылат, анын ордуна түбү кара болгон жара пайда болот, жаранын тегереги кызарат. Дене ысыйт, баш ооруйт, уйкусу бузулат, тамакка көңүлү жок болот. Дененин ачык жерлерине жара жайыла баштайт. Ушундай белгилер байкалса, дароо врачка кайрылыш керек.
Өпкө формасы адамга малды союп же этти бөлүп жатканда аба аркылуу жугушу мүмкүн. Оорунун белгилери: өпкөдөн чыккан какырык мала кызыл түстө чыга баштайт.
Ичеги формасы өтө коркунучтуу. Бул учурда дароо врачка кайрылбаса, 2-3 күн ичинде өлүмгө дуушар болот. Оорунун белгилери: ичтин катуу оорусу, кан аралаш какырыктын чыгышы, температуранын жогорулашы.
Колдогу малдын ылаңдап калышына жол бербөө керек. Чарба малдарын эмдеп туруу зарыл. Ылаңдаган малдарды ветеринардык кароосуз союуга болбойт.
Ылаңдаган малдарды баккан учурда жеке гигиеналык эрежелерди катуу кармоо талап кылынат. Денени коргой турган кийимдер: халат, өтүк менен иштөө зарыл. Жумуш бүткөндөн кийим кийип которуп, бети-колду самындап жууш керек. Ошондой эле дезинфекциялоочу каражаттар (хлор акиташынын 0,5% эритиндиси, гипохлорит, натрийдин 0,6% эритиндиси) менен тазаласа да болот.




  SOS

Мамлекеттик ветеринария департаментинин генералдык директору Калыс Жумаканов:
"Сибирь кулгунасы жайылып кетүү коркунучунда"
Мурда кездешпеген жугуштуу сибирь кулгунасы ( сибирская язва) деген балакет дарт башын көтөрүп баратат. Түштүк аймактарда бул ооруну малдан жугузуп алып ооруп калгандар айрыкча көп катталууда. Мамлекеттик ветеринария департаментинин генералдык директору Калыс Жумаканов бул маселени кабыргасынан коюу керектигин билдирет.

Каражат кандай? Жетишпейт!
- Калыс Туратбекович, сибирь кулгунасы жоюлуп кетти десек, кайра баш көтөрүп, сиздердин департамент да өкмөт тараптан да сын угуп жүрөт…
- Департаменттин ишинде мүчүлүштөр жок эмес. Бирок бул цифраларга да назар салып көрүңүздөр: Ушул жылы департамент тарабынан 2.6 доза вакцина жана 115 тонна хлордуу, щелочтуу дезинфекциялоочу заттар сатылып алынып, жер- жерлерге таратылып берилди. Каражаттын жетишсиздигинен профилактикалык иш-чаралар мындан 10-15 жыл мурун бул ылаң катталган аймактарда гана жүргүзүлүүдө.Сибирь кулгунасынын 1191 очогу катталса, анын 543ү эле табылган, калган 648 очогу табылбай калган. Ал негизинен Ата Мекендик согуш кезинен калган очоктор, ал сел, кыян жүргөндө көчүп, жылып кеткен. Булар жылына эки жолу дезинфекцияланып турат.
Үй жаныбарларын сибирь кулгунасына каршы эмдөө үчүн 4.5 млн доза вакцина алыш керек болсо, 2.5 млн доза гана вакцина алынды же керектөөнүн 65 % ы гана аткарылды. 2008- жылы республикалык бюджетте каралган 126.4 млн сомдун ордуна финансы министрлиги 41. 2 млн сом бөлдү, бул керектөөнүн 32 %ы эле болуп саналат. Бул 2007- жылдагыга караганда 30.8 млн сомго аз.

Ар бир уйга паспорт керекпи…
- Биздеги эң чоң проблемалардын дагы бири- квалификациялуу кадрлардын жоктугу, материалдык- техникалык жактан камсыз болбогондук болуп эсептелет. Дээрлик республика үчүн 4 миңден ашуун адис керек болсо, 1000 ден ашуун адистер иштейт же 29 % эле камсыз болгон. Анан кантип ишибиз алга жылат?
- Кыргызстандагы ар бир уйга паспорт берүү керек деп да тамаша-чыны айтылып калып жүрөт…
- Бул сөздүн төркүнүндө да чындык бар. Биз өлкөдөгү малдын баарын каттап, идентификация кылышыбыз керек, ансыз малдын миграциясын көзөмөлгө алышыбыз, дарыларды бөлүштүрүү, диагностикалык иликтөө жүргүзүү зарыл. Мына ушундай кыйынчылыктарга карабастан санитардык-эпидемиологиялык кызмат менен бирге жер-жерлерде да жугушсуздандыруу иштерин жүргүзүп жатабыз. Ал эми айылдарда техникалык жабдуулар жетишпей, кыйынчылык келүүдө. Мына ошого карабастан өлкөдө 724 миң бодо мал жана 1млн 118 миң майда жандык, 526 баш жылкы 11 миң чочко сибирь кулгунасына каршы эмделген.

Коркунучтуу дарт Түштүк райондордо өзгөчө көп
- Өлкөнүн түштүк тарабында сибирь кулгунасы менен ооругандар көп болуп жатат деген маалыматтарды угабыз. Калган аймактарда кандай?
- Жалал-Абад областынын көп аймактарынан, Ош, Баткен,Чүй, Ысык-Көл областтарынан катталды. Айрыкча түштүк райондордо көп катталып жатат.
Малы дартка чалдыккан үй ээлери малын веткызматкерлерге көрсөтпөй, союп, этин элге сатып, таратып жиберип жаткандыгы өкүнүчтүү. Мындай ишке баргандардын айрымдарына кылмыш иши да козголуп жатат. Айрым жерлерде ветеринардык кызматкерлерден күнөө кетип, дарттуу малдын этин көз болжол менен эле аныктап коюп жаткандыгы болууда.
- Дартка чалдыккандагы негизги себеп эмнеге такалууда?
- Мал ээлеринин ветеринардык- санитардык эрежелерди сактабагандыгы, адистерге өз учурунда кабарлабагандыгы, малдын так эсебинин жоктугу, эл арасында түшүндүрүү иштеринин солгундугу ж.б.себеп болууда. Эң негизги себеп адам фактору болуп эсептелет. Себеби мал ылаңдаган учурда өз алдынча ветеринардык кызматка билдирбей туруп малын союп, этин элге таратып жиберет. Айылдардагы базарлардын ар кайсы күндөрдө иштеши да малдын кириш-чыгышын көзөмөлгө алууга тоскоолдук болууда.Климаттын өзгөрүшү да себепчи. Сибирь кулгунасы менен ооруган малдын каны уюбайт. Ар бир тамган тамчы кан менен оорунун козгогучтары тарап кетет.
Эл арасында ветеринардык кызмат үгүт түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.Маселен 20 миң баракча таратылып, КТРден ролик 2 ай бою көрсөтүлдү. Сибирь кулгунасынын 543 очогунун 117синде эч кандай белги жок, 85и бетондолгон эмес. Айтор сибирь жарасы дегенде биз абдан көп иштерди жүргүзүшүбүз керек болуп жатат. Бул өтө коркунучтуу дарттын алдын-албасак, кыйын болуп калат.
- Коркунучтуу бул дартка каршы күрөшүүдө "Алтын тамыр" коомунан дары алынган дедиңиз, аны малга сайган айрым учурларда деле мал дартка чалдыгып калыптыр. Буга чара көрүлүп, жыйынтык чыгабы? Бул дарынын жоопкерчилиги кимге жүктөлөт?
- Жергиликтүү өндүрүштөн чыгарылган вакцина менен эмдеткен малдан сибирь кулгунасы чыккан бир нече факты катталган. Жугуштуу оорулар менен күрөшүү үчүн мамлекеттик ветеринардык кызматка акча каражаты жыл сайын өтө жетишсиз өлчөмдө бөлүнүп келген.Ушул себептен сатып алуу учурунда вакциналардын баасынын арзандыгы негизги критерий болуп кетип, көбүрөөк вакцина алууга умтулуп келгенбиз. Сапаты болсо кийинки орунда калып калган.
Быйыл кошумча 29 млн.сом өлчөмүндө каражатты өкмөттөн бөлдүрүп алдык.Бул сапаттуу вакциналарды сатып алууга мүмкүнчүлүк берди. Бүгүнкү күндө Россия, Индия, Иордания ж.б. өлкөлөрдүн өндүрүшүнөн чыккан, атайын эл аралык сертификаты бар вакциналарды алдык жана айыл- кыштактарга атайын авторефрижераторлор менен жеткирдик.
22- сентябрдан баштап эмдөө иштери жүрүп жатат. Бул иштер буюрса натыйжасын берет.
Акырында айтаарым ветеринардык кызмат жугуштуу оорулар менен жалгыз күрөшө албайт. Анткени мал анын ээсиники. Малдын эсен- соолугу үчүн мал ээси мыйзам түрүндө жооп берет. Ветеринардык кызмат менен бирдикте жергиликтүү бийлик органдары, медициналык кызмат менен бирдикте иш жүргүзүү зарыл.




Жан кейитчү маалыматтар
Адистердин маалыматтарынын айрымдарынан мисал келтире кетели. Бул башкаларга сабак болуп калаар деген ниеттебиз. 9- июлда Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн Ачы айылында ата- бала Жаныбековдор сибирь кулгунасына шектүү деп табылып, ооруканага жеткирилген. 25-июлда алар бир жаш торпокту ооруп калганда ветеринардык врачтын көзөмөлүсүз эле союп салган. Аны 5 киши союп, 85 кишиден турган 13 үй-бүлө торпоктун этин бөлүп алып жешкен. Малдын терисин базарга сатып жиберишкен. Андан кийин С.Жаныбековдун ую өлүп калган. Үй ээси анда да ветврачка кабарлабастан туруп уйду союп, терисин сыйрып базарга сатып жиберишкен, этинин анча-мынчасын айрым кишилердин итине берип, калганын көмүп салышкан. Ал эми Жаныбековдор малын базардан сатып алып, бирок ветеринардык кызматка жана айыл өкмөтүнө каттатышкан эмес. 9-июлда Жаныбековдор ооруканага кайрылган, эртеси С.Жаныбеков кайтыш болуп калган. Бул кайгылуу окуя болгондон кийин адистер ал үй-бүлө менен кезигип, оорунун канчалык коркунучтуулугу тууралуу кеп салган. Бирок ага карабастан 29-июлда алар кеселдеген дагы бир торпогун союп туруп, эки үй -бүлөгө этин таратып берген. Анын натыйжасында Жаныбековдун тууганынан экөө ооруп ооруканага жеткирилген. Бул ишти Сузак райондук прокуратурасына бердик, тергелгенден кийин Т.Жаныбековго кылмыш иши козголду.
18-июлда Багыш айылында А.Сейитова уюн союуга мажбур болгон, ал ветеринардык врачты чакырып келип көрсөткөндө, анализ алынып, ошол замат чаралар көрүлүп, малга ооруга каршы дарылар сайылды.